Нурания КАСЫМОВА, “НУРАНИ” Балдардын инклюзивдик билим берүү борборунун директору: “БАРДЫК БАЛДАРДЫН БИРДЕЙ БИЛИМ АЛЫШЫН КААЛАЙМ”

 “НУРАНИ” Балдардын инклюзивдик билим берүү борбору эки жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кубаныч тартуулап келет. Борбор дени сак балдар менен биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга дагы таалим-тарбия берип,  ден соолугуна кам көрүп, ар тараптан колдоо көрсөтүүдө.  Учурда бул борбордо жалпы 27 бала тарбияланып жатса, анын бешөө мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

Бул борборду Касымова Нурания мындан эки жыл мурун атайын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ачкан. Себеби ал мындай балдардын жана алардын ата-энелеринин түмөн түйшүгүн, проблемаларын жакшы билет. Анткени анын дагы тогуз жаштагы небереси балдардын тырышма оорусу менен төрөлүп калган.

— Мен тогуз жылдан бери неберемдин ден соолугу боюнча чуркап жүрүп мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана алардын ата-энелеринин проблемаларын жакшы билем. Өзгөчө  акча каражаты абдан көп керектелет. Себеби каякка барба, кимге кайрылба акчасы жок ишиң бүтпөйт. Ошондон улам мен эмне үчүн өзүм көп жылдык стажы бар адам катары мага окшогон адамдарга жардам бере албайм деп ойлонуп, анан ушул ишти баштагам, — дейт Нурания Абдугапуровна.

Нурания Касымова буга чейин көп жылдар бою Бишкектеги №162 “Азем” балдар бакчасын жетектеп келген. Ал пенсияга чыгаардын алдында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бакыт тартуулоону максат кылып, ал максатына жетүүүчүн өзүнүн үйүн бузуп, кайрадан эки кабат имарат тургуза баштаган. Бирок эки кабат имарат эмес, тоок кепе куруу кыйын болуп турган кезде бир топ кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга кабылды. Анын карыз албаган таанышы калган эмес, ал тургай эки жолу кредит алганга туура келген.  Учурда экинчи кабаты толук бүтө электигине байланыштуу, биринчи кабатында гана иш алып барышууда.

—        Буюрса, жаңы окуу жылына чейин экинчи кабатын толук бүтүрөбүз деп пландаштырып жатабыз. Ушул  имаратты курууга бизге жардам берген, колдоо көрсөткөн бардык мамлекеттик, коомдук жана жеке ишкерлерге, менин мурунку кесиптештериме ыраазычылыгымды билдирем,  — дейт жетекчи.

Борбор атайын мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыкталып салынган жана жасалгаланган. Бирок мүмкүнчүлүгү чектелген балдар уктоо алдында гана башка балдардан бөлүнүп жатышпаса, башка убактарда дайыма чогуу болушат, чогуу окушат, чогуу ойношот. Уктоочу бөлмөсү болсо атайын ылайыкталып, тапчан сыяктуу жапыз жана жыгачтан жасалып, үстүнө шырдак салынган. Себеби бала каалаганындай тоголонуп, каалаганындай укташы керек.

— Бизде тарбияланып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын абалы ар кандай. Такыр баса албагандар, кыймылдай, сүйлөй албагандар да бар. Ошондуктан  алардын ар бирине өзүнчө шарт түзүп бергенге аракет кылабыз. Алар үчүн уктоочу жай өзүнчө каралган. Себеби алар тынч жана ээн-эркин укташы керек. Бул жерден бала кенен ары-бери томолоно алат жана уктап бүткөндөн кийин өзү эле түшүп кете алат. Ойноочу бөлмөдө ар биринин алдына шырдак салып коебуз. Себеби алар жерде жаткандыктан сыз өтүп калбасын дейбиз. Шырдак табигый, таза жүндөн жасалгандыктан    муздак өткөрбөйт жана аллергия кылбайт. Балдар үчүн укалоочу бөлмө дагы каралган. Себеби мүмкүнчүлүгү чектелген балдар укалоого, өзгөчө көңүл бурууга муктаж, — дейт Нурания.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кабыл алуусу, кыймылы, жөндөмү ар кандай болгондуктан, билим берүүдө дагы  өзгөчө көңүл бурулат. Алар башка балдар менен эле чогуу окушат, бирок колдонмо материалдар, көрсөтмө куралдар ар бир баланын жөндөмүнө жараша ар башка жасалат. Ар бир балага жекече мамиле кылуунун негизинде борбордун жетишкен ийгиликтери көп. Эч нерсени эсине тута албаган баланын эске тутуу жөндөмүн калыбына келтирүүгө жетишишкен. Ал бала быйыл жаңы жылдык салтанатта башка балдарга караганда эң узун ырды жаттап, айтып берген. Калемсап кармай албаган балдарга укалоонун ар кандай түрүн пайдаланып, колго кармоонун түрлүү жолдорун үйрөтүп жатып  балдарга калемсап кармап жазганды, сүрөт тартканды, муундап окуганды үйрөтүшкөн.

Борбордун жетекчисинин айтымында, мындай ийгиликтерге жетүү алар үчүн чоң жеңиш жана эмгек жамааттын кошкон салымы зор.  Себеби мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багууга жана билим берүүгө чыдамкайлык жана өжөрлүк керек.

Нурания Абдугапуровнанын алдыга койгон максатына жетишине анын жолдошу, балдары, мурунку кесиптештери дагы колуна кол, бутуна бут болуп келишет. Бала бакчадагы зарыл эмеректердин баардыгын жолдошу жасап чыкса, баласы медик болгондуктан балдардын ден соолугуна кам көрөт, кызы болсо башка бала бакчанын жетекчиси болгондуктан колдонмо материалдарды жасоодо жардам берип, ар кандай методикаларды иштеп чыгат. Неберелери болсо колунан келген майда-чүйдө иштерин жасап беришет.

— үйүбүздү  бузуп салып, борборду куруп бүткөнчө жолдошум экөөбүз кампада жашадык. Ошол учурда бизге бардык тааныштарыбыз колун сунуп жакшы жардам беришти. Өзгөчө  мурунку жетектеген бала бакчадагы кесиптештериме ыраазымын. Ар бири бош убактыларында келип колунан келишинче көмөктөшүштү. Азыр болсо карыздардан кутулуп бүтө электигибизге байланыштуу кошумча кызматкерлерди жалдай албайбыз. Ошондуктан бардык кара жумушту жолдошум менен балдарым жасашат. Керек болсо өзүм баш болуп короо-жайды шыпырып тазалап, кир-кокту жууй салам. Зарылдыктан улам улгайганда үчүнчү жогорку билим алууга туура келди. Азыр логопед дагы, дефектолог дагы, психолог дагы, укалоочу дагы өзүммүн. Ушуларды өздөштүрүш үчүн өзүмдүн канча жылдык тажрыйбамдын бардыгына карабай кайрадан окудум. Азыр дагы жакшы мамлекет бизди салыктан бошотуп берди. Салыктан бошотулгандан бери биз дагы төлөмдү азайттык. Себеби өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери материалдык жактан абдан кыйналышат, — дейт жетекчи.

Бала бакчада ар бир балага айына 6500 сомдон төлөнөт. Бул каражатка балдарга төрт маал тамак берилип, медициналык жардам, ата-энелерге кеп-кеңеш, балдардын ден соолугуна байланыштуу ар кандай кызматтар көрсөтүлөт. Болгону мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга гана кошумча миң сом алынат. Себеби аларга көбүрөөк убакыт кетип, көбүрөөк кызмат көрсөтүлөт. Негизинен борборго келген мүмкүнчүлүгү чектелген балдар алгач бир, эки айлык мөөнөткө гана кабыл алынат. Бул убакта баланын жөндөмү, мүмкүнчүлүгү, ден соолугу толук көзөмөлдөнөт. Эгерде баланы борбордон тарбиялоого мүмкүн эмес болсо, аларды атайын бала бакчага же интернаттарга берүү сунушталат.

Нурания Касымова инклюзивдик билим берүү боюнча тажрыйбалуу адис. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен мындан жыйырма жыл мурун эле иштешип баштаган. 1999-жылдары мамлекеттин тыюу салганына карабай өзү жетектеген мамлекеттик бала бакчада ар бир топко бирден, экиден мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кабыл алып, тажрыйба топтоп келген.  Билим берүү жана илим министрлигинин 480 сааттык «Наристе» программасын түзүүгө катышкан. Дасыккан адис, улуттук тренер катары бир катар тренингдерди өткөрүп, учурда Чүй облусу боюнча бала бакчалардын тарбиячыларына тренингдерди өтүүдө. Өзүнүн  борборунда дагы  ата-энелер, тарбиячылар үчүн чакан тренингдерди өткөрүп турат. Ал тургай устатчылык менен дагы алектенип, учурда эки студентке насаатчы болуп, бала тарбиялоонун бардык сырларын үйрөтүүдө.  

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*