“САНЖЫРА” БОРБОРУ ЖОЖ МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУДА

 «Санжыра» борборунун директору, жазуучу Асыкбек Оморов жакында Каракөл, Жалал-Абад, Ош, Кызыл-Кыя, Баткен, Сүлүктү шаарларында жайгашкан жогорку окуу жайларында иш сапарда болуп, кыргыз санжырасын тактоо боюнча жүргүзгөн изилдөө иштери менен тааныштырып, бул ишке мугалим илимпоздорду тартуу маселелерин сүйлөшүп келди.

– Сиз кыргыз санжырасын эле эмес жалпы эле түрк тилдүү элдердин тарыхын тактоо боюнча бир топ изилдөөлөрдү жүргүзүп келатканыңызды билебиз. Түштүктөгү жогорку окуу жайлардын мугалимдери сиздин изилдөөлөргө кызыгып, сиздин фонд менен кандай кызматташып жатат?

– Мен түштүктөгү жождордо болгон жолугушууларымда Хакасия Республикасынын Н. Ф. Катанов атындагы мамлекеттик университеттин профессору т. и. д. Виктор Яковлевич менен бирдикте түзүп жаткан “Хакасча-кыргызча-орусча тарыхый-этнографиялык сөздүк”  жана “Аттила” деген илимий-популярдуу чыгармам  жана Түштүк Сибирь жана Монголия аймактарынын топонимдик жер-суу аттары тууралуу сөздүктүн жарыкка чыгарылаары тууралуу айтып бердим. “Санжыра” борбору эки жылдан бери кыргыз элин жана арабызда жашаган аз улуттарды дагы ынтымакка чакыруу максатта кыргыздын санжырасынын 40 томдук тарыхын жазууга киришкенбиз. Бул үчүн республикабыздын ар бир калктуу пунктун кыдырып, анда жашаган ар бир уруунун түтүн сандарын жана башка улуттардын да түтүн сандарын тактоо аракетин көрүүдөбүз. Биз буга чейин Баткен облусунун 212 кыштагын, Таластын 93, Чүйдүн  417, Көлдүн  188 кыштагын толугу менен изилдеп, уруу сандарын тактап бүттүк. Эми алдыда Нарын, Ош, Жалал-Абад облустары калды. Буларды, буюрса, 2016-жылы бүтүрөбүз деген ойдобуз.

Андан сырткары Евразиянын 22 мамлекетинде байыркы замандардан бери ар кандай тарыхый окуяларга байланыштуу калып жашап жаткан кыргыздар бар. Алардын дагы тарыхый-санжырасын чогултуп жазуу, тактоо дагы биздин милдет болуп саналат. Буга чейин биздин илимий-тарыхый талаа экспедициябыз Евразиянын ондон ашык мамлекеттеринде болуп, баалуу тарыхый, архивдик, музейлик жана археологиялык материалдарды алып келгенге үлгүрдүк.

Мына ушул максатта түштүк аймакты жылына  бир эле жолу эмес, бир нече жолу кыдырып иш алып баруудабыз. Республикабыздын аймактарынын тарыхы менен санжырасын изилдеп, ар бир айылдагы кыргыз уруулары менен башка улуттардын санын тактоодо жер-жерлердеги жогорку окуу жайлардын окумуштуулары, мугалимдери бизге чоң жардам көрсөтүшүүдө.

Ушул жогоруда айтылган иштердин патенттик автору жана демөөрчүсү – коомдук ишмер Рустам Маманов. Ал өз каражат эсебинен келечекте жазыла турган 40 томдук тарыхый-санжыра китептерине 45 млн сом бөлүп берүүдө. Бул иштер Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясын түптөөдө негизги багыттардын бири болуп саналат. Ушул багытта биз азыркы учурда эл арасында кээ бир тарыхка кызыккан адамдардан тарыхый булактарды чогултуунун үстүндө да чоң иш аракеттерин жасап жатабыз. Учурдан пайдаланып, эгерде кимде ким мурунку ата-бабаларынан бери жазып келе жаткан кызыктуу санжырасы болсо бизге кайрылса болот.

– ОшМУ түрк тилдүү элдердин тарыхы боюнча дагы бир катар изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан эле. Ошол изилдөөлөрдүн маанисин кандай баалайсыз?

– Туура, ОшМу Түркиянын “Диянет” фонду бөлгөн каражат менен түрк тилдүү элдердин  мурунку тарыхын изилдөө боюнча дагы иштерди алып барып жаткан экен. Серахси туурасындагы маалыматтарды топтоо жана эксперттик кызмат көрсөтүү да колго алынып жатыптыр.

 ОшМУнун демилгесин ТИКА колдоого алып, Өзгөн шаарындагы караханиддерден калган мунара, күмбөз жана анын комплексин реконструкциялоо жана сүрөттөрүн топтоо иш-чаралары жүрүп жатат.

– Ош мамлекеттик университетиндеги илимий ишмердиктин натыйжаларына жана жалпы эле окуу-материалдык базаны өнүктүрүү тажрыйбасына кызыгып көрдүңүзбү?

– Чынында ОшМУда жетишкендиктер көп экен, мен жакындан таанышып көрүп, көңүлүм толду. Мисалы, Түркиянын “Диянет” фонду менен бирдикте 1993-жылы Борбордук Азиядагы алгачкы теология факультети ушул ОшМУда ачылып, бүгүнкү күнгө чейин 500гө жакын студент окуп чыгыптыр. Өткөн эле окуу жылында отуздан ашуун окутуучу жана 70тен ашуун студенттер Түркияга жөнөтүлгөн экен. Ушул аталган бардык иштерге Түркия өкмөтүнүн түрк тилдүү мамлекеттер жана бир тууган элдер башкармалыгынын башчысы Кудрет Бүлбүл мырза тарабынан чоң колдоо көрсөтүп жатыптыр.

ОшМУ ошондой эле Кастамону университети менен тыгыз иш алып барууда. Түркия университетинин профессорлору ОшМУга келишип, атайы лекция, семинарларды уюштурушкан. Аталган университет студенттер менен окутуучуларды алмашып окутуу, Түркиянын мамлекеттик дипломун берүү жана азык-түлүк инженериясы боюнча адистиктерди ачуу жөнүндө келишимдер түзүлгөн. ОшМУ Кытайдын жогорку окуу жайлары менен дагы жакшы кызматташтыкты өнүктүрүүдө.

ОшМУнун студенттерге көргөн камкордугу да көңүлүмө толду. Алыстан келген студенттерге жатакана берилет, андан сырткары 50 орундуу студенттик профилактория иштейт. Бул жерде студенттер айына 500 сом гана төлөшөт, бирок ошонун ичинде үч маал бекер тамак ичишет. Андан сырткары медициналык текшерүү, дарылоо иштери бекер жүргүзүлөт.

ОШМУга чет мамлекеттерден келип окуган студенттер дагы көбөйүп жатыптыр. Чет элдик студенттердин сандык көрсөткүчү боюнча республикада биринчи университет десек жаңылбайбыз го.

Эң башкысы, ОшМУнун кулачы жайылып, жаңы окуу имараттары дүркүрөп курулуп жатат. Алардын айрымдарын ОшМУ өз эсебинен салып жатат, инвесторлордун эсебинен курулуп жаткандары да бар экен.

Өзгөн медициналык колледжи  жаңы имаратка көчтү, Финансы-юридикалык колледжинин имараты жаңы салынды. ОшМУнун стоматологиялык поликлиникасы жаңы курулду. Андан сырткары,  Эл аралык медицина факультетинин, Конфуций институтунун, Эл аралык медициналык факультетинин, искусство факультетинин окуу корпустары  жаңы салынууда жана Интеллектуалдык борбор курулууда.

Конфуций институтунун курулушу үчүн тышкы инвестиция катары каралган 800 миң АКШ доллары жаңы жылдын алдында ОшМУнун эсебине келип түштү деп угуп, абдан кубандым.

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын ичинен жалгыз гана ОшМУ жаңы  окуу корпустарын  салып, аларды заманбап талапка жооп бере тургандай архитектуралык кооздук менен курууга жетишип жатат. Ректору Каныбек Исаковдун жакшы иш аракеттерине биз баарыбыз колдоо көрсөтүп, керек болсо өкмөттүк жогорку сыйлыктарга көрсөтүү сунушун беришибиз керек.

Маектешкен  К. Асангазы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*