СИРИЯДАГЫ КЫРДААЛДЫН ЭПКИНИ ЖАНА МААЛЫМАТ ДИСБАЛАНСЫ

Сирияда үч тараптуу согуш жүрүп, эл аралык коомчулук негизинен исламчыл террордук топторго каршы биригүү аракетинде. Ири кооптонууну ИЛИМ (Ирак жана Леванте ислам мамлекети) же башкача ДАИШ деп аталган куралдуу террористтик топтун согуш аракеттери туудурууда. Ошол эле кезде ДАИШ Сириянын оппозициялык күчтөрү менен да кармашууда. Ошондуктан акыркы 2 жылда Сириянын аймагы үчкө бөлүнүп, 30 пайызы гана Дамаскидеги Башар Асад баштаган расмий бийликтин көзөмөлүндө турса, жарымынан көбүрөөк аймагын  ДАИШ куралдуу тобу басып алган. Калган аймактарды сириялык оппозициялык күчтөр, түндүк-чыгыш жагын күрдтөр көзөмөлдөп турат. Согуш аракеттери тынбастан жүрүп жаткандыктан жана АКШ баштаган анти-террордук альянстын абадан сокку урууларына Россия кошулганы менен, абал чиеленген бойдон калууда.

Согуш аракеттерине абадан сокку уруу аркылуу Россиянын аралашуусу, орус бийликтеринин айтымында, Дамаскидеги бийликтин расмий кайрылуусунун натыйжасында өткөн жылдын октябрь айында башталган. Ноябрь айынын аягында абадан бомбалоо жүргүзүп, кайтып келаткан аскер учагы Түркиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер учагы тарабынан атып түшүрүлгөн. Ошондон баштап Түркия менен Россиянын ортосундагы алака кескин өзгөрүп кетти. Дүйнөлүк маалымат мейкиндиги да бул окуяга чоң көңүл бурууга аргасыз болууда. Учурда орус тилдүү маалымат агымы Борбордук Азия чөлкөмүндө көбүрөөк таралгандыктан, алар Түркия тараптын тараткан маалыматы менен расмий билдирүүлөрүнөн ашып, көбүнчө бир тараптуу маалымат басымдуулук кылууда. Орус тарап алардын аскер учагы Түркиянын чек арасын бузган эмес деп, ага далил катары атып түшүрүлгөн учактын калдыгынан табылган кара кутучанын ичинде учактын маршруту тууралуу жазылган маалыматты колдонууга аракет кылууда. Бирок ал кутуча табылгандан бери бир топ убакыт өтсө да, такталган маалымат ачык айтыла элек. Мындан же кутучада жазылган маалымат окууга жарабай калган, же ал жерде башка маалымат чыккан деп шектенсе болот. Ошол эле кезде Түркиянын расмий бийликтери бул тууралуу “эки орус аскер учагы Сириянын аймагынан чек араны бузуп өткөндө, аларды түрк аба мейкиндигинен чыгарууга болгон аракеттерге”, башкача айтканда, радар аркылуу 5 мүнөттүн ичинде 10 жолу жасалган эскертүүлөргө карабастан, түрк аба мейкиндигине кирип келишкен”. “Алардын бири Сириянын аба мейкиндигине кайрылып кеткени менен, экинчиси жооп бербестен, Түркиянын аба мейкиндигинде учуусун уланткандыктан, ал атып түшүрүлгөн” деген маалыматты түрк бийликтери ошо кезде эле тараткан. Буга кошумча Түркиянын өкмөтү “орус учактары буга чейин да бир нече жолу абадагы чекти бузгандыктан, Россиянын Түркиядагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылып, кимге таандык болсо да, түрк аба мейкиндигине кирип келген аскер учактарын атып түшүрүү тууралуу буйрук Түркиянын аба күчтөрүнө берилгени эскертилген” деп маалымдаган. Ага кошумча ошол эле билдирүүдө, түрк бийликтери “чек араны бузуулардын уланышы улуттук коопсуздукка коркунуч  катары бааланып, күчүндө бар аскер эрежеси колдонулганын” маалымдашкан. НАТО аскер блогунун толук кандуу мүчөсү катары Түркия бийлиги бул кокустук тууралуу өзүнүн уюм боюнча шериктери жана БУУнун туруктуу мүчөөлкөлөрүнүн элчилери окуя тууралуу кабардар кылынган. Түрк өкмөтүнүн билдирүүсүндө “биз бул окуяга байланыштуу абалды чиелентүү ниетибиз жок. Ошол эле мезгилде өзүнүн суверенитети менен бүтүндүгүнө коркунуч туула турган болсо, эч ким Түркиядан көз жабымды күтө албайт” деп айтылган. Бул, башка ар бир   мамлекеттей эле, Түркиянын өзүнүн бедели менен эл аралык аброюн сактоого толук кандуу укугу бардыгын жана чечкиндүүлүгүн көрсөтөт.

Муну менен бирге Түркия өкмөтү учурда орус тараптын көтөрүп жаткан маалыматтык саясатына да жооп катары билдирүүлөрдү жасады. Алардын бири  Ирак менен Сириядан террористтик топтор автоцистерналар менен чийки мунай-затын ташып, Түркия аркылуу сатылып жатат деп коюлган кинеге жооп болгон. Сирия жана Ирактын ичинде түзүлүп, эл аралык деңгээлдеги террордук уюмга айланган ДАИШ (ИЛИМ) уюму ири аймактарды басып алуусу күчөгөндө, Түркия 2013-жылы аларга каршы чыкканын билдирип, анти-террордук альянска мүчө болгонун жарыялаган. Түрк бийликтеринин билдирүүсүнө караганда, ДАИШ менен мунай-зат  соода кылынат деп таратылган маалымат эч негизсиз жана Түркияга каршы атайын уюштурулган ушактык кампания катары бааланышы керек. “Биз мындай негизсиз жарыяларды кескин четке кагабыз, өзгөчө Россия тараптан айтылып жаткан маалыматтарды”  делет билдирүүдө. Муну менен кошо эле, маалыматта “Россиянын аракети эл аралык коомчулукту Сириядагы элдин режимдин кыйноосунан жана башка чатактуу процесстерден алаксытууга багытталган иш-аракети” деп бааларын билдирген.

Түрк өкмөтү мыйзамдардын негизинде жана түрлүү текшерүү жолдору менен мунай-затты аткезчиликке жана андан өндүрүлгөн күйүүчү майлардын өлкө ичинде таралуусуна каршы аракет кылып жатканын да билдирди. Алардын бири катары 2012-жылы аткезчилик менен таралган күйүүчү майларды сатуучуларга каршы айып пул төлөө кескин көтөрүлгөнү белгиленген. Ал эми 2014-жылы мамлекеттик органдар тарабынан 21 миллион галлон (1 галлон = 3,78 литр) аткезчилик менен кирген мунай-заты кармалган.  Мунай-заты Сириядан ага турган 300 км аткездик түтүктөр жок кылынган. Мындан тышкары Түркия АКШ менен биргеликте ДАИШке каршы киргизилген проекттин тең-ата жетекчиси катары иш алып барат. БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан исламчыл террористтерди каржылоого каршы киргизилген атайын иш-чараны акчалай колдоп келет. Сириядагы абалга байланыштуу бул өлкө менен узундугу 911 км болгон чек араны көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында ал жердеги аскер күчтөрү 12 миңден 20 миңге чейин көбөйтүлгөн. Чек араны абадан күзөттөө жана операцияларды жүргүзүүнүн 90 пайызы Сирия чек арасында кылынат. Андай иш-чаралар чек араны мыйзамсыз бузууга жана аткезчиликке каршы багытталган. Буга кошумча Түркия чек араны бойлото 375 км аң казган, орнотулган тикенек зымдардын узундугу 153 км түзөт. Өтө маанилүү жерлерде узундугу 3,5 км болгон бийик дубалдар тургузулган. Чек араны бойлоп узундугу 1200 км келген атайын аскердик жолдор курулган. Бул кадамдары менен Түркия Сириядан агып келип аткан качкындарга жардам гана берип токтоп калбастан, алардан сырткары келип аткан аткезчиликке да, террордук топтордун таралышына да каршы орчундуу иштерди кылып жатканын көргөзөт.

Мындай маалыматтар негизинен түрк жана англис тилдеринде таралгандыктан, Кыргызстан гана эле эмес, бүт Орто Азия чөлкөмү сыяктуу башка мамлекеттер да толук кандуу жана ар-тараптуу маалыматка муктаждык бардыгын көргөзөт.

Кубан Абдымен,  Бишкек

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*