БАЛДАРГА МЭЭРИМ ТӨККӨН КУРОРТ

Ак-Суу курорту Кыргызстандын бардык областтарынан мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдар үчүн жашоого үмүт жандырган дарылоо мекемеси болуп саналат. Анын союз учурунда салынып, көптөн бери каралбай келген үч кабаттуу имараты азыркы убакта четинен ондолуп ремонт болуп жатат. Жакын арада сууну тазалоочу жабдыктар салынып бүткөрүлөт.
Азыркы учурда Ак-Суу курортунда 130 баланы кабыл алып дарылай турган базасы бар. Бирок чынында бул жерге келип дарыланууга муктаж болгон балдар мындан да көп экени талашсыз.

Ошол эле учурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жетиштүү жардам көрсөтүү үчүн заманбап медициналык жабдуулар, аппараттар жетишпейт. Өкмөт жана жергиликтүү бийлик органдары бул медициналык мекемени реконструкциялап, материалдык-техникалык базасын чыңдоого жетиштүү каражат кароого көңүл бурушу зарыл.

Created with Nokia Smart CamБалдардын реабилитациялык ооруканасында башкы дарыгер болуп 1982-жылдан бери Байыш Бейшенбаев эмгектенет. Ал 1975-81-жылдары Ташкенттеги Орто Азия медицина институтун окуп бүтүргөн.
Байыш Бейшенбаев өзүнүн бейтаптарын өтө кылдаттык менен караган дарыгер. Анын кызматынын натыйжалуу болушуна дайыма өмүрлүк жубайы Чынара дем-күч берип турат. Ал дагы өз кесибин мыкты билген дарыгер.

Ак-Суу курортунда иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин камкор мамилеси балдарды мээримге бөлөп турат. Мээрман айымдар Дамира менен Гульмиранын, укалоочу Мээримдин өз кесибине берилгени жана ишин так аткарганы оорулуу балдардын жакшы болуп кетишине чоң өбөлгө болууда.

Таалайбек Оролбаев, БГУнун студенти

5 Комментарии

  1. Hello Heather,The beret was the only clue that the victim was Jewish – pretty thin evidence, I agree. We know that the attacker was acting alone, that he did not shout ‘Allahhu-akbar’ or ‘convert, Jew, or die’.’ The article has nothing much else to go on, except the story that Jewish hysteria is (understandably) mounting with each successive incident. Don’t forget that in addition to the murders mentioned, on 16 May 2003 Al-Qaeda bombed Jewish sites in Casablanca.

Добавить комментарий для kreditkarte ohne schufa mit kreditrahmen Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*