БАЙКООЧУЛАР ӨЗ ИШИН БАШТООГО ДАЯР

Жети дубандан тандалып алынган байкоочулар республикадагы 200 мектепте мугалимдин ишине байкоо жүргүзүшмөкчү.

1-февралдан 25-февралга чейинки аралыкта өтүүчү ал байкоо иштерин Бүткүл дүйнөлүк банк каржылаган “Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо” долбоорунун алкагында Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган тренингдин катышуучулары ишке ашырышат. Алар мамлекеттик билим берүү стандартынын “Педагогикалык практикага обзор жүргүзүү” деп аталган мугалимдин класстагы ишин байкоочу куралды пилоттоштурууну жүргүзүү максатын көздөшүүдө.

Мугалимдин ишине байкоолор башталгыч класстын мугалимдери, директорлордун орун басарлары жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери үчүн жаӊыланган предметтик стандарттар боюнча даярдалган тренингдин материалдарына ылайык жүргүзүлөт.

“Педагогикалык практикага обзор жүргүзүү” куралы башталгыч билим берүүчү мугалимдерге окутуунун сапатын жакшыртууга, анын таасирдүүлүгүн байкоого жардам берүү максатында пилоттук негизде ишке ашырылууда. Аталган куралдын дизайны байкап-өлчөөчү эки тармакты өзүнө камтыйт: биринчиси –  окутуу жана баалоо, ал эми экинчиси – окутуу чөйрөнү уюштуруу.

Адистердин баамында, азыркы учурда биздин өлкөдө мугалимдердин ишин формативдөө, жыйынтыктоо, тандап баалоодо бир кыйла тажрыйба топтолгон. Бирок ага карабай, мугалимдин ишин баалоо системасында баалоо критерийлери стандартташтырылган эмес жана аны так байкап-ченөөгө мүмкүн болбой, эреже катары мугалимдин өзүнүн макулдугу жок эле ишке ашырылып келген. Мугалимдердин ишин баалоонун жыйынтыгы негизинен аттестациялоо жана пландык текшерүүлөр үчүн гана пайдаланып жүргөнү да жашыруун эмес. Ошондуктан баалоо иши биз күткөн окутуунун сапатын жакшыртууга салым кошо алган жок десек да болот.

Жогоруда белгиленген тренинг учурунда байкоочу адистер башталгыч билим берүүнүн жаӊыланган предметтик стандарттары, изилдөөнүн принциптери жана методологиясы менен таанышып, мугалимдин класстагы ишин баалоочу куралды пайдалануунун түрлөрүн жана ошондой эле класска байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгын анализдөөнү практика жүзүндө көрсөтүштү.

Мугалим-тренерлер байкоо куралынын бир катар артыкчылыктарын белгилешүүдө. Алардын баамында, окуучу үчүн мугалимдин жардамы менен алган билимин жакшыртууга, тажрыйбасын арттырууга ыӊгайлуу өбөлгө түзүлөт. “Байкоо учурунда мугалим өзүнүн күчтүү жана алсыз жагын көрө алат, бул болсо анын өз ишмердүүлүгүн өз алдынча жакшыртууга жардам берет” дешет тренерлер.

DSC_2779   Динара Султанова,

  Байкоо куралын пайдаланып иштөө укугуна ээ болгондордун бири, Талас районундагы Жумагул уулу        Алымкул атындагы орто мектебинин англис тили мугалими:

– Бул тренингде мугалимдин класстагы ишин байкоочу жаӊы куралды окуп-үйрөндүк. Мугалимдин практикасы албетте, окуучу менен тыгыз байланышта. Биз мурда калыптанган ыкма боюнча окуучуга эстеп калуу, жаттоо ыкмасы боюнча окутуп келсек, эми жаӊы инновациялык ыкмалар боюнча иш алып барууга, тагыраак айтканда, ошол деӊгээлден өйдө чыкканга, класстагы кырдаалга анализ жүргүзүүгө, окуучунун билимин синтез кылганга жана баа бергенге үйрөндүк. Беш күндүк тренинг аябай мазмундуу болду. 30 жылдык тажрыйбам деле аз эмес болгонуна карабай,  көп нерсеге үйрөнүп, өзүмө көп жаӊы ачылыштарды алдым. Мугалимдин ишин байкоочу курал мугалимдин билим деӊгээлин аныктоо менен бирге, билгенин окуучуга жеткире алабы же жокпу, кыскасы, бардык жүрүм-турумун, иш-аракетин баалаганга дагы көп жардам берээринде шек жок. Анткени азыркы стандарт баланын өзүнө багытталган, баланын кабыл алуу жөндөмүнө, өзгөчөлүгүнө басым жасалган курал десек болот. Мисалы, мен өзүмдүн билгенимди окуучуга үйрөтүп, үйрөткөнүмдү андан кайра сурап алчумун, башкача айтканда, волейбол деп аталган ыкма боюнча иш алып барчумун. Азыр болсо жалаӊ билим эмес, класстагы абал, мугалимдин ишти уюштуруусу, мугалим кырдаалды кантип баалайт деген сыяктуу окуучу менен окутуучунун ортосундагы психологиялык мамилеге байкоо жүргүзүлөт. Алдыда мугалимдерди аттестациялоодо дагы ушул ыкма көп жардам берет деп ойлойм.

DSC_2787  Нурис Качкымбаев,

  Токтогул районундагы М.Нургазиев атындагы орто мектептин директору:

– Мурда мугалим басымдуу түрдө “үйрөтөм”, “көрсөтөм” деген максатты көздөчү. Эми сабакта “окуучу үйрөнөт”, “окуучу көрөт” деген максатты коебуз. Мугалимдин класстагы ишин баалоочу жаӊы курал окуучулардын маалыматтык компетенттүүлүгү, социалдык компетенттүүлүгү кантип жогорулап жатканына байкоо жүргүзөт. 2014-жылы жаӊы мамлекеттик стандарт кабыл алынганы белгилүү. Мамлекеттик жаӊы стандарт боюнча диагностикалык баалоо, калыптандыруучу баалоо жана жыйынтыктоочу баалоо деген баалоонун жаӊы түрлөрү киргизилген. Мисалы, диагностикалык баалоодо окуучунун ал-акыбалына, билимине алдын-ала байкоо жүргүзөбүз. Андан кийин аны калыптандырып формага салуу каралат. Эгерде туура калыпка сала алсак, туура формативдик баалоо жүргүзө алсак, окуучу жогору көздөй кетет, эгерде андай болбой калса, өсүш болбойт. Демек, формативдик баалоодо биз кандай жакшы иш жүргүзсөк, окуучунун деӊгээли ошого жараша болот. Ошого жараша жыйынтыктоочу баалоону чыгарабыз. Андан кийинки кадамыбызды да ошол жыйынтык тастыктайт.

Биз байкоо жүргүзүү учурунда мугалим сабакты кандай уюштуруп жатат, туура багыт берип жатабы же жокпу, максатты туура койдубу же жокпу, сабак максатына жеттиби же жокпу, ушунун баарын байкайбыз. Ал үчүн эки же үч сабакка кирип байкоо жүргүзүү зарыл болгондуктан, биз бир күндө эки сабакка кирели деген жыйынтыкка келдик. 1-февралдан баштала турган байкоо ишинде мен катышкан топ Токтогул районунун ичиндеги, Каракөл, Таш-Көмүр шаарларындагы жана Аксы, Ала-Бука райондорундагы мектептерге барып байкоо жүргүзүп, жыйынтыгын чыгарып, отчет даярдайбыз.

цвDSC_2792 Динара Даутова,  супервайзер:

– Маалымат катары айта кетсем, байкоочуларды тандоо үчүн башталгыч класста иштөө практикасы бар мугалимдер арасында конкурс жарыяланган эле. Бул долбоор 2-класс үчүн багытталгандыктан, 2-класстагы стандарттарды колдонууну билген мугалимдерди тандап алдык. Долбоорго катышууга 80ден ашык резюме түшкөн. Белгилүү критерийлердин негизинде 20 мугалим иргелип алынып, пилотко катышууга туш келди тандоо принциби боюнча 200 мектеп тартылган. Натыйжада ар бир байкоочуга 10дон мектеп туура келди. Алар байкоочу катары 10 мектепке барышып, 2-класстын окуучулары менен мугалимдин карым-катнашына байкоо жүргүзүшөт. Көбүнчөсү мугалимдин өзүн алып жүрүүсүнө басым жасалат. 2018-жылдын январь айына пландалып жаткан экинчи раундда биринчи раунддун жүрүшүнө катышкан класста кандай динамика болду, өсүү болдубу же жокпу деген сыяктуу салыштыруу анализи жүргүзүлмөкчү. Байкоочулардын берген маалыматтарынын негизинде жаӊы стандарт кандай деӊгээлде колдонулуп жатканы боюнча жыйынтык чыгарабыз.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

4 Комментарии

  1. Elaine-when you said “I will be buying her book. I have no idea the format for the book, but I know a good writer when I read one. Words move me. Spin me. Challenge me and speak to the deepest need within me. And when a writer can do that with just a few sentences, it catches my breath and enlivens my spirit with a passion for the read.” that is how I feel about your writings! Your words challenge me and inspire me. I expect nothing less when I stop by here.You are a blessing! You are be!utiful!aIn His Graces~Pamela

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*