РЕКТОР ШАЙЛОО: ЫРЫ МЕНЕН ЧЫРЫ

Жыл жаӊырары менен Кыргыз улуттук агрардык университетинде ректорлук кызматка шайлоо боло тургандыгы жарыяланды. Шайлоо 1-февралда өтөт. Жетекчилик кызматка ат салышуу үчүн беш талапкер каттоодон өттү. Окуу жайды буга чейин жетектеп келген, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Рыспек Нургазиев, Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун башкы илимий кызматкери, ветеринария илимдеринин доктору, профессор  Салыков Руслан, ушул эле окуу жайдын окумуштуу катчысы, айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент Асаналиев Абдыбек, Кыргыз-Орус Славян университетинин автомобиль унаа кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты, доцент Советбеков Болотбек жана Агрардык университеттин унааны башкаруу жана ташууну уюштуруу кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Болотов Эркинбай жетекчилик үчүн ат салыша турган болушту. Талапка ылайык, шайлоодо эӊ көп добуш топтогон үч талапкердин тизмеси Өкмөткө сунушталат, Өкмөт талапкерлердин тизмесин карап чыгып, татыктуусун бекитет. Бирок буга чейинки жогорку окуу жайларда болуп өткөн шайлоолордон улам коомчулукта ар кандай нааразылыктар жаралып, ректорлорду шайлоонун жобосуна өзгөртүү киргизүү талабын коюшууда.   

Чырга айланган шайлоолор

 Ректорлорду шайлоодон баш тартып, кайрадан дайындоого өтүү демилгеси Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректоруна шайлоо өткөндөн кийин көтөрүлгөн. Бул шайлоодо эӊ көп добуш топтоп, биринчи орунга чыккан талапкер жетекчилик кызматка дайындалбастан, эмгек жамааттын 10%га жетпеген ишенимин алган талапкердин дайындалып калышы себепкер болгон. Ошол учурда Өкмөттүн мындай чечимине нааразы болгон тараптар эмне себептен мындай чечим кабыл алынып калгандыгын коомчулукка жана эмгек жамаатка түшүндүрүп берүүсүн талап кылышкан.

— Эмне себептен биздин эмгек жамааттын добушу эске алынбай калды. Эмне үчүн ортодогу чоӊ ажырымга карабай үчүнчү орундагы талапкер ректорлукка дайындалып калды? Эмгек жамааттын добушу эске алынбагандан кийин шайлоонун канчалык зарылдыгы бар? Эгерде мындай боло турган болсо ректор шайлоонун жобосуна өзгөртүү киргизип, ректорлорду биротоло шайлайлык же биротоло Өкмөт бекитсин, — деген талабын коюшуп, Президентке, Өкмөткө жана Жогорку Кеӊешке ачык кайрылышкан.

Жобо өзгөрөт, талап күчөйт

 Бул маселе былтыр ноябрь айында Жогорку Кеӊештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин кезектеги жыйынында каралып, ЖОЖдордо ректор шайлоо бир катар терс көрүнүштөр менен коштолуп келгенин белгилеген депутаттар, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунушташкан. Мындай негиздемелерге кошулган билим берүү жана илим министри Элвира Сариева мыйзам долбоорун колдоого алып, бирок министрлик шайлоо принцибинен баш тартпастыгын, Өкмөттүн токтомуна ЖОЖ жетекчилигине талапкерлерге болгон шарттардын критерийлери киргизилерин билдирген.

Натыйжада “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын токтом долбоору иштелип чыгып, өткөн жылдын 9-сентябрында Өкмөттүн атайын сайтына жайгаштырылып, талкууга коюлган. Бирок талкуулоо мезгилинде долбоорго карата сунуш-пикирлер түшкөн эмес. Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөндөй, “улуттук” статусу бар жогорку окуу жайлардын ректорлугуна талапкерлерге карата коюлган талаптар күчөтүлөт жана жетекчиликке талапкерлер жашыруун добуш берүү менен шайланат. Бул долбоор  Өкмөт тарабынан жактырылып, өткөн жылдын 28-декабрында Жогорку Кеӊештин кароосуна жиберилген. Мыйзам долбоору жактырылса, илимдин доктору илимий даражасы менен профессор илимий наамы, же болбосо ардактуу жана илимий наамы бар адистер гана “улуттук” статусу бар окуу жайлардын жетекчилик кызмат ордуна шайлоого катыша алышат.

Бүгүнкү күндө республикада “улуттук” деген статусту алып жүргөн төрт жогорку окуу жайы бар: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы жана Т.Садыков атындагы Көркөм сүрөт улуттук академиясы.

Жетекчи тандоонун кайсы жолу биздин коомго туура келет?

 Жогорку окуу жайлардын ректорлорун дайындоо эки жол менен жүргүзүлөт. Алгач эмгек жамааттын ой-пикирин эске алуу үчүн шайлоо өткөрүлөт. Шайлоодон жеӊип чыккан үч талапкердин ичинен татыктуусун Өкмөт башчысы бекитет. ЖОЖго жетекчи тандоонун бул эки жолунун уникалдуулугу – эмгек жамааттын дагы, Өкмөттүн дагы тандоо укугуна ээ болгондугунда. Себеби жетекчи, биринчиден, эмгек жамаат менен иштешет. Андыктан эмгек жамаат татыктуу жетекчини өзү тандап алышы керек. Экинчиден, окуу жай мамлекеттик болгондуктан, Мамлекет тарабынан дагы көзөмөлдөнүп турууга тийиш.

— Ректорлорду дайындоонун бул жолунун деле жакшы жактары бар. Себеби, биринчиден, биз демократиялык шартта жашап жаткандыктан эмгек жамааттын дагы пикири менен эсептешишибиз керек. Бирок эмгек жамааттын 80% добушун алган талапкерди калтырып коюп, болгону 10% жетпеген добуш менен 3-орунду алган жетекчини дайындап койгондун өзү туура эмес. Ошондуктан шайлоонун жобосуна 50% жогору добуш алган талапкер дароо дайындалсын деген толуктоо эле киргизип койсо туура болмок. Анан ар бир Өкмөт алмашкан сайын ар кандай кылып өзгөртө бербешибиз керек. Жогорку окуу жайларда реформалардын жүрбөй жаткандыгынын дагы бирден-бир себеби ушул, — дейт Кыргыз экономикалык университетинин ректору Төлөбек Камчыбеков.

Бирок ошол эле учурда шайлоо жолун эмес, дайындоо жолун тандоону талап кылгандар дагы бар.  Себеби шайлоо, биринчиден, эмгек жамааттын ынтымагына доо кетирип, ыркын бузуп жатса, экинчиден, эмгек жамааттын добушу эске алынбай калууда.  Андыктан ректорлорду шайлоодон такыр баш тартып, дайындоо жолун гана тандап алуу керек дешет айрым жогорку окуу жайлардын эмгек жамааттары.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин мурунку ректору Дуйшеналиев Туратбек азыркы иштеп жаткан жобону такыр туура эмес кабыл алынып калган деп эсептейт. Себеби шайлоо системасы  демократиялык жол деп эсептелгени менен тескерисинче эмгек жамааттын ынтымагына доо кетирип, бөлүнүп-жарылууга гана алып келүүдө.

— Биз азыр эки жолдун бирин гана тандап алышыбыз керек. Себеби шайлоонун азабынан эмгек жамаат бөлүнүп-жарылып калгандан кийин дайындоонун эмне кереги бар. Мамлекеттик окуу жай болгондон кийин, мамлекеттин саясатын жүргүзүп жаткандан кийин ректор дайындалышы керек. Шайлоо жолу өзүн актай алган жок. Жетекчини  Өкмөт  башчысы дайындаса, биринчиден, эмгек жамаат эч качан  бөлүнбөйт, ич ара жаман сөздөр айтылбайт. Экинчиден, өзүнүн алын билбей мен иштей алам деп көкүрөгүн чапкылай бергендерге бөгөт коюлат. Эгерде жетекчи Өкмөт тарабынан дайындалса анын интеллекттик  деӊгээли, илимий даражасы, жөндөмү бардык жактан каралып, анан татыктуусу тандалмак. Анан ректор сөзсүз түрдө окуу процессин билген, илимий даражасы жогору, интеллекттүү адам болушу керек, — дейт Дуйшеналиев Туратбек.

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бир катар жетекчилери жана окутуучулары дагы бул жобону жокко чыгаруу зарылдыгын айтып, Президентке, Жогорку Кеӊештин төрагасына, Өкмөт башчысына жана редакцияга ачык кат жолдошкон. “Окуу жайлардын жамааттары демократиялык негизде ректорду шайласа, анда эмне үчүн Өкмөт башчысы каалаганын дайындайт? Эгерде Өкмөт башчысы дайындаса, анда демократиялык шайлоонун кандай зарылчылыгы бар?”, — дешкен эмгек жамаат, бул кырдаалдан чыгуунун эки жолун сунуштаган. Биринчи сунушта талапкерлерди тандоо, алардын тазалыгын аныктоо боюнча мамлекеттик атайын топ (комиссия) түзүү керектиги айтылса, экинчисинде, талапкерлердин арасында адепсиз, паракорлукка жана башка ыплас ишке аралашкандары болсо атайын комиссия аларды шайлоого катышкандан четтетүү зарылдыгын белгилешет.

 Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*