Ипотека: МУГАЛИМДЕРГЕ АРЗАН ТУРАК-ЖАЙ АЛУУ ҮЧҮН МАМЛЕКЕТТИК НАСЫЯ БЕРИЛЕТ

Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак-жай менен камсыз кылуу, жарандардын турак-жайга муктаждыгын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Арзан турак-жай 2015-2020» программасын (мындан ары Программа) ишке ашыруу боюнча “Мамлекеттик ипотекалык компаниясы” ачык акционердик коому (мындан ары МИК) түзгөн. Бүгүнкү күнгө карата МИК тарабынан «Арзан турак-жай 2015-2020» программасына катышуучуларды тандоонун критерийлери, ипотекалык насыянын шарттары жана социалдык турак-жайдын стандарттары иштелип чыгылган. Бул долбоор Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын www.gik.kg сайтына жайгаштырылып 2016-жылдын 11-февралына чейин коомчулуктун талкуусуна коюлган. Бирок бул иш кагаздарынын долбоорун бардык эле мугалимдер окуй алган жок. Анткени алыскы айылдарга дагы эле болсо интернет булагы жете элек. Ошондуктан көптөгөн мугалимдер редакцияга кайрылып, мамлекет тарабынан берилчү насыянын жол-жобосун билип берүүнүөтүнүшүүдө. Ошол себептен биз Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилигине кайрылдык.  МИКтин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нуржигит Усенакун уулу мугалимдерди тынчсыздандырып жаткан бир топ суроолорго жооп бергенге аракет кылды.

– Нуржигит мырза, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын түзүү максаты эмнеде жана өкмөт ага кандай иштерди милдеттендирди?

– Бардыгыбызга маалым болгондой, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын максаты — мамлекеттеги турак-жайга муктаж болгон адамдардын суроо-талабын канааттандыруу. Бул багытта Мамлекеттик ипотекалык компания бир топ иш-чараларды алып барууда. Бүгүнкү күндө келечектеги турак-жай менен камсыз болуу үчүн ипотекалык насыяларды алуучуларды тандоо критерийлери, алуучу насыялардын шарттары жана ошол насыяга алына турган турак-жайга коюлган талаптар иштелип чыгып, коомчулукта талкууланып жатат.

– Бул программанын катышуучусу кандай талаптардын негизинде тандалып алынат? 

– Азыркы убакта – Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Жер-жерлердеги мамлекеттик башкаруу органдары ипотекалык насыяларды алуучулардын тизмесин тактайт. Ал тизмелер баштапкы этапта: Билим берүү, илим жана жаштар, Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүгүү министрликтеринин кызматкерлеринин арасында тандоо жүргүзүлөт, албетте, иштелип чыккан критерийлерге жана талаптарга ылайык. Ошондой эле катышуучунун каржылык абалы өнөктөш-банктын талабына ылайык келиши зарыл. Ошентип жер-жерлерде такталган тизмелер Ведомстволор аралык комиссияга жөнөтүлөт. Ал жерден регион жана министрликтер боюнча тиешелүү квоталарды аныктаган соӊ тизмелер Мамлекеттик ипотекалык компанияга келип түшөт. МИК аталган критерийлердин жана башка талаптардын негизинде түзүлгөн тизмелерди топтоп, тиешелүү түрдөөнөктөш-банктарга каржылоо үчүн жөнөтөт. Ал жерден банктардын шарттары боюнча катышуучулардын документтери текшерилет, эгерде алардын шарттарына жооп бере турган болсо  каржылоо үчүн төлөй турган сумманы бөлүп беришет.

– Нуржигит мырза, катышуучунун алгачкы төлөмү канча пайызды түзөт жана насыя канча мөөнөткө берилет?

–  Алгачкы өздүк салым алына турган турак-жайдын баасынын 10%дан  кем болбош керек. Бул дүйнөлүк тажрыйба. Жер-жерлерге барып жыйындарды өткөргөндө, бул сумманы төккөнгө мүмкүнчүлүк бар экенин жолугушууга келгендердин көпчүлүгү айтышууда.  Бирок кээ бир адамдардын азыр шарты болбой калышы мүмкүн. Ага биз насыя берүүнүн башка механизмин иштеп чыгып, сунуштаганы турабыз. Бул турак-жай аманат кассалары, анын максаты – бир нече турак-жайга муктаж адамдар топтолуп, ортодогу бир айда төлөй турган сумманын өлчөмүн аныктап, ай сайын топтун шарттарына жараша өздөрүнчө кандайдыр бир сумманы топтошот. Керектүү сумма топтолгон сайын, топтун мүчөлөрү тиешелүү жетпеген акчасын насыя катары алып, өзүнүн муктаждыгын канааттандыра бермекчи. Андан сырткары дагы башка мүмкүнчүлүктөрдү карап жатабыз. Берилүүчү ипотекалык насыялардын пайдалануу мөөнөтү 15 жылга чейин, суммасы 3 млн. сомго чейин берилет, үстөк жылдык пайызы турак-жай алуучунун алгачкы өздүк салымына жараша – 12-14 %.

Өкмөт башчы Темир Сариев 1-2-3 бөлмөлүү батирлерди куруу пландалып жатканын айтты эле маалымат каражаттарында. Аталган Программанын негизинде турак жайлардын 1 чарчы метринин баасы 37 500 сомдон ашпашы керек жана алар болжолу 12 пайыздык ченем менен берилет деген эле. Айтсаӊыз, насыя алуучулар Өкмөт башчы айткан курулчу үйлөрдөн алышабы же шаардын ичинде курулуп, саталбай калган компаниялардын кымбат үйлөрүн алышабы? Батирдин 1 кв.метринин баасы канча болуш керек?

– Биз үй таркатпайбыз. Биздин максат — ошол үйгө болгон муктаждыкты канааттандыруу. Анын ичинде ипотекалык насыяларды берүү. Насыяны алуучу жаран кайсы жана кандай үйдү сатып алат ал ар бир кардардын өзүнүн ыктыяры. Биз бул турак-жайды аласыӊ деп мажбурлабайбыз. Эгерде насыя алуучу адам кв.м. көрсөтүлгөн суммадан төмөн тапса ала берсин. Белгилей кетчү жагдай, алына турган турак-жай аталган социалдык турак-жай талаптарына туура келиш керек, анын ичинде баасы жана жалпы аянты боюнча. Эӊ башкысы, насыя алган адамдын каражаты насыяны кайра төккөнгө жетип, андан сырткары  күнүмдүк оокатына дагы каражат калыш керек.  Анын баары эсептелинип чыгып, алуучунун шартына, мүмкүнчүлүгүнө жараша насыя берилет же берилбейт деген акыркы тыянакты банк чыгарат. Себеби, насыяны кайра кайтаруу түйшүгү ошол банктарга жүктөлгөн.

– Демек, февралда биринчилерден болуп мугалимдер, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлер алышат экен. Ал эми үйгө муктаж болгон башка жарандар кантет?

– Алгачкы этапта бул Программага Сиз айткан жарандардын катмары кирмекчи. Бул биздин биринчи кадамыбыз, кийинки кадамыбыздан баштап Программанын катышуучуларын кеӊейткенге аракеттерди жасап жатабыз.

– Акча жыттанган жерде ортомчулар көбөйөт эмеспи. Мугалимдер алданып калбаш үчүн, коррупцияга бөгөт коюу үчүн кандай механизмдер иштелип чыккан?

– Жакшы иштер башталганда, тилекке каршы, коомчулукту иренжиткен иштер болбой койбойт. Ошондуктан ар кандай ортомчуларга бөгөт коюу үчүн биз жер-жерлерди кыдырып, коомчулук менен жолугуп, так маалыматтарды берип, ошондой эле жеринде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирдикте тизмелерден бери тактап жатабыз. Турак-жай комитеттеринин жетекчилери катары, айыл өкмөтүнүн, райондун, облустун жетекчилеринин бирден-бир милдети – адилеттүү, ачык-айкын тизмелерди түзүү болуп саналат. Аталган жетекчилер биринчи кезекте айкын, таза тизмелерди түзүүгө кызыкдар, себеби алар эртеӊки күнү тизмеге кирген ар бир адам үчүн жооп беришет.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан-турак жай 2015-2020” Программасына катышуучуларды тандоо шарттары жана тартиби жөнүндө

УБАКТЫЛУУ ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо мамлекеттик турак-жай программасына катышуучуларды (мындан ары – катышуучу) тандоо тартибин жана шарттарын аныктайт жана бул боюнча тандоонун критерийи аныкталат, ошондой эле аларга карата субъекттердин милдеттерин жана укуктарын аныктайт.

2. Бул Жобонун максаты болуп:

– катышуучуларды тандоо шарттарынын, критерийлеринин жана тартибинин укуктук негиздерин түзүү;

– катышуучуларды негизги тандоо шарттарын, критерийлерин жана тартибин аныктоо;

– катышуучуларды тандоо шарттарын, критерийлерин жана тартибин аныктоо жана колдонуу боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аныктоо.

1. Негизги түшүнүктөр

3. Катышуучу – мамлекеттик турак-жай программасына катышкан, Кыргыз Республикасынын жараны.

Катышуучуларды тандоонун критерийлери – мамлекеттик турак-жай программасына катышкан  Кыргыз Республикасынын жарандарына болгон талаптар.

Арзан турак-жай – мамлекеттик турак-жай программасында аныкталган талаптарга жооп берген турак-жай.

Өнөктөш-банк – мамлекеттик ипотекалык уюм менен келишим түзгөн жана аны менен мамлекеттик турак-жай программасы боюнча кызматташкан банк.

2. Катышуучуларды тандоо

4. Катышуучуларды тандоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаардык мэриялар тарабынан жашаган жери боюнча жана бюджеттик уюмдар тарабынан иштеген жери боюнча аталган Жобонун 1 тиркемесинде келтирилген тандоонун критерийлерине ылайык жүргүзүлөт.

Бул Убактылуу жобонун 2-тиркемеде көрсөтүлгөн ипотекалык кредиттөө шарттарына ылайык тандоонун критерийлери, арыз берүүнүн тартиби жана башка шарттары мамлекеттик ипотекалык уюмдун сайтында жарыяланат.

Катышуучуларды тандоо жана тизмени бекитүү процесси коомчулукка ачык жана айкындуу болушу керек, катышуучулардын тизмеси кезектүүлүк тартибине жараша жарандарга жана коомчулукка ачык болушу керек.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаардык мэриялардын жана бюджеттик уюмдардын жетекчилери күбөлөндүргөн тизмелер, Программаны ишке ашыруу процессин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлгөн Комиссияга (мындан ары – Комиссия) жиберилет. Катышуучуларды туура тандоо жана тизмесин түзүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаардык мэриялардын жана бюджеттик уюмдардын жетекчилери жооп тартат.

6. Комиссия катышуучулардын тизмесин карап чыгып, кезектүүлүгүнө, приоритеттигине жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, шаарлар мэрияларына жана бюджеттик уюмдарына такталган квоталарга ылайык мамлекеттик ипотекалык уюмга жиберет.

7. Мындан ары мамлекеттик ипотекалык уюм менен банк-өнөктөштөр ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууда аныкталган 3-тиркемеге ылайык социалдык турак-жайдын стандарттарына, ошондой эле өнөктөш-банктын ички кредит саясатынын талаптарынын жана шарттарынын негизинде өнөктөш-банктар катышуучулардын арызын кароо жүргүзүлөт.

8. Жактырылган катышуучуларга өнөктөш-банктар тарабынан алардын ички процедураларына ылайык ипотекалык насыя берилет.

9. Өнөктөш-банк менен арыз берүүчүнүн ортосунда бардык тиешелүү документтер таризделгенден кийин, өнөктөш-банктар мамлекеттик ипотекалык уюмга тиешелүү арызды беришет.

10. Мамлекеттик ипотекалык уюм өнөктөш-банктын арызын карап чыгып, мамлекеттик ипотекалык уюм менен өнөктөш-банктар ортосунда кол коюлган Генералдык макулдашууда көрсөтүлгөндөй мөөнөт аралыгында каржыны которуп берет.

11. Мамлекеттик турак-жай программа боюнча каражат алган катышуучулардын тизмеси мамлекеттик ипотекалык уюмдун сайтында жарыяланат.

 

Тиркеме 1

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

“Арзан турак-жай 2015-2020” Программасына катышуучуларын тандоонун критерийлери

1. Насыянын төлөмү бүткөн учурда жашы 21ден 65ке чейинки Кыргыз Республикасынын жараны.

2. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлери, учурдагы иштеп жаткан ордундагы жалпы стажы бир жылдан кем эмес жана жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес, бюджеттик мекемелер тапшырган тизме боюнча.

3. Жашаган жери боюнча жарандар, жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу органдарынын тизмеси боюнча.

4. Артыкчылык укуктар берилүүсү мүмкүн:

– Көп балалуу үй-бүлөлөргө;

– Мамлекеттик же коомдук милдеттерин аткаруу учурунда, аскердик кызмат абалында, адам өмүрүн куткаруу учурунда, коомдук тартипти сактоо учурунда курман болгон (каза болгон) үй-бүлөлөргө;

– Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө.

1. Катышуучуларга сөзсүз талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

– жеке менчик турак-жайы жок, же турак-жайды чоӊойтуу зарылдыгы болсо;

– Программага катышууга арыз бергенге чейинки акыркы үч жылдын ичинде кыймылсыз мүлк менен жарандык бүтүмдөр болбогон учурда;

– катышуучунун финансылык абалы банк–өнөктөштүн талабына ылайык келсе.

6. Катышуучунун ипотека боюнча алгачкы төгүмүүчүн өздүк салымы 10% (эгерде алгачкы төгүмдүн төлөөөлчөмү 10% дан 20% га чейин болсо, ипотекалык насыянын пайыздык ставкасы жылына 14% болот; төлөөөлчөмү 20% дан 30% га чейин болсо, ипотекалык насыянын пайыздык ставкасы жылына 13% болот; төлөөөлчөмү 30%  болсо, ипотекалык насыянын пайыздык ставкасы жылына 12% болот).

7. Банк–өнөктөштүн талабына ылайык терс насыялык маалыматтын жок болуусу.

8. Ипотекалык насыя боюнча кепилдик өтүүчүнүн сөзсүз болуусу.

9. Ипотекалык предметтин сөзсүз камсыздандырылышы.

Тиркеме 2

Ипотекалык насыянын шарттары

№ п/п Параметрлери “Жеткиликтүү ипотека” моделинин параметрлерине шарттар
Насыя алуучунун тиби

(максаттуу топ)

1-тиркеменин критерийлерине ылайык келген жарандар
Катышуучу Насыянын акыркы мөөнөтү бүткөн учурда жашы 21-65-теги Кыргыз Республикасынын жараны
Насыянын максатуу багыты Кыймылсыз турак-жай сатып алуу
Берүүнүн формасы Эсепке которуу жолу менен накталай эмес
Берүүнүн мөөнөтү Банк – өнөктөштүн сын-пикирлери жок болгон учурда, документтин толук пакетин тапшыргандан тартып 15 күнгө чейин кармап туруу сунушталат
Насыянын валютасы Кыргыз сому
Насыянын өлчөмү 3 000 000 сомго чейин
Насыянын мөөнөтү Насыянын максималдуу мөөнөтү 15 жылга чейин
Насыянын өлчөмүн аныктоонун критерийлери КРУБнын талаптарына банк-өнөктөштүн ички ченемдик документтерине ылайык
Комиссиянын түрү жана өлчөмү Насыяны башкарууга бардык комиссиянын жана башка кошумча жыйноолордун жоктугу. Ипотекалык насыя алуу үчүн келишимди каттоо жана тариздөө үчүн, ошондой эле камсыздоо боюнча чыгымдарды катышуучу көтөрөт
Күрөөгө коюлган мүлктү камсыздоо Катышуучу тарабынан милдеттүү түрдө күрөөнүн предметин (сатып алынган кыймылсыз мүлктү) мүлктүк камсыздоо. Ипотеканын предмети насыя алуучу тарабынан сатып алынган кыймылсыз мүлктүн наркынын суммасын ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтү бүткөнчө күрөө кармоочунун пайдасына жоготуп алуу тобокелчилигинен же бузулуудан камсыздандырылуусу керек
Төлөөнүн тартиби Катышуучу менен түзүлгөн насыяны төлөөнүн графигине ылайык, насыяны жана пайызды төлөө ай сайын жүргүзүлөт
Толук же толук эмес мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн шарттары Насыяны толук же толук эмес мөөнөтүнөн мурда төлөгөн  комиссия алынбайт
Насыяны реструктуризациялоонун шарттары Процедура банктын ички талаптарына ылайык. Ипотеканын предметин алмаштырууга болбойт. Насыяны реструктуризациялоо үчүн комиссия алынбайт
Пайыздык ставкалар Алгачкы төгүмдүн өлчөмүнө жараша 12-14 %. №1 Тиркемени кара
Пайыздарды эсептөөнүн тартиби. Насыяны пайдалангандыгы үчүн пайыздарды эсептөө, насыя алуучу насыяны банктан алган күндөн тартып жана календардык ар бир айдын аралыгында, бир айга күнүнүн фактылык саны тең келген, насыяны толук кайтарып бергенге чейин жүргүзүлөт. Пайыздарды эсептөө учурунда бир жылдагы күндүн саны 360 күнгө барабар болот деп эсептелет
Насыяны камсыздоо Ипотекага алынган турак-жай
Кепилдиктер Сөзсүз түрдө, бир адамдын кепилдиги керек, кепилдик берүүчү үчүн  сөзсүз түрдө төмөнкүлөр болушу керек: ай сайын тастыкталган  киреше ( айлык акы жөнүндө справка, же кирешени тастыктаган башка документтер)
Мониторинг Банк – өнөктөштүн талаптарына ылайык

 

Тиркеме 3

 

Социалдык турак-жайдын стандарттары

 

Социалдык турак-жайдын стандарттары

 

Эскертүү
Ипотеканын предмети болуп батир же жер участогу менен турак үй болушу мүмкүн Укукту белгилөөчү документтер, техникалык паспорт
Жер участогу: күрөө берүүчүнүн менчик укугунда болушу, калктуу пункттардын категориясындагы жерлерге кириши, чек арасынын болуусу (чек аранын жайгашкан жеринин сүрөттөлүшү, чек аранын чекиттеринин координаттык мүнөздөмөсү), жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат Укукту белгилөөчү жана жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтер
Ипотеканын предмети болуп ипотекалык насыяга алынып жаткан турак-жай болушу мүмкүн Катышуучунун тандоосуна карата
Күрөө берүүчүнүн ипотека предметине болгон менчик укугу кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарымдуу орган тарабынан катталышы керек. (бул болсо укукту белгилөөчү документтер менен, менчик укук жөнүндө мамлекеттик күбөлүк ж.б. менен тастыкталат) Ипотеканын предмети мурдакы ээсинин менчигинде болушу керек (биринчи жактын, ишеним кат менен эмес) Укукту белгилөөчү документтери Мамлекеттик каттоодон катталган
Ипотеканын предмети адамдар жашаганга жарактуулугу, банктын кызматкерлери тарабынан бааланат жана турак-жай жана анын шарттары банктын минималдык шарттарына ылайык келүүсү керек Банк – өнөктөштөрдүн баалоочуларынын баалоо актысы
Ипотеканын предмети техникалык паспортто көрсөтүлгөн техникалык параметрлерге толук төп келиши керек, ал эми бардык кайтадан пландалгандар чиймеде көрсөтүлүшү керек жана мыйзамдаштырылган болуусу керек Укукту белгилөөчү документтер, техникалык паспорт
 Ипотеканын предмети насыя алуучу тарабынан сатып алынган кыймылсыз мүлктүн наркынын суммасын ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтү бүткөнчө күрөө кармоочунун пайдасына жоготуп алуу тобокелчилигинен же бузулуудан камсыздандырылуусу керек Ипотеканын предметин сөзсүз түрдө камсыздандыруу
Көп батирлүү үйлөрдөгү батирдин жалпы аянтына болгон талап 70 чарчы метрден ашпашы керек.

Турак үйлөрдүн аянтына болгон талап – турак үйлөрдүн жалпы аянты 150 чарчы метрге чейин

Укукту белгилөөчү документтер, техникалык паспорт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

10 Комментарии

  1. здравствуйте, я хотела бы узнать во первых документы куда сдать, во вторых влияет ли прописка, например у меня городская прописка но живу в г.Кара Балта и хочу там приобрести дом или квартиру,как быть? заранее спасибо

  2. Саламатсыздарбы? Мугалим болуп иштейм. Ошондо арызды МЭРИЯ га тапшырат экенбизда э, очередке туруп анан алабызбы? Кененирээк маалымат берип койосуздарбы?

  3. саламатсынарбы мен мугалим болуп иштейм ипотекага там алсамбы дегем бирок жер алып каалагандай там салып квартирант киргизсемби деп чечтим эле .ошондо мен документтерди топтоп кайсыл органга алып барам жана канча кундо берилет

  4. А эгерде залогго коюга уй жок болсо Жана алдын ала толонуучу пайызы жок болсо ала албайбызбы? Мисалы менин азыр 10% пайызды толой албайм Жана мага эч Ким уйун кепилдикке коюп бербей жатат.

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*