ЖАӉЫ СТАНДАРТ ИШ БИЛГИЛИККЕ ЖОЛ АЧАТ

Мурда маалымдалгандай, Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо” долбоорунун алкагында башталгыч класстын мугалимдерин, башталгыч мектептин окуу бөлүм башчыларын жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерин окутуу башталды. Билим берүү сапатын жакшыртуу максатын көздөгөн бул окууларда алар мамлекеттик билим берүүнүн жаӊы стандартын окуп-үйрөнүшүүдө.

Тренингдин жүрүшү тууралуу катышуучулар төмөндөгүдөй ой бөлүшүштү:

Гүлжан Мамытова, окутуу боюнча адис:

– Бул тренинг башталгыч класстардын мугалимдери, окуу бөлүм башчылары, райондук/шаардык бөлүмдөрдүн адистери үчүн багытталган. План боюнча 11,500 мугалимди камтыйт. Бирок баары бир учурда башталбайт. Окутуулар үч фазанын алкагында ишке ашырылмакчы. Сиздер күбө болгон биринчи фазанын катышуучулары – январь айынын аягында Бишкек шаарынын жалпысынан 92 агартуучу адистери үчүн өткөрүлдү. Бул окууларды мугалимдерге тоскоол болбошу үчүн каникул убагында өткөргөнгө аракеттендик. Калган аймактардын адистери үчүн жазгы каникул учурунда болмокчу. Анда 3,5 миӊ адисти камтышыбыз керек. Кийинкиси август-сентябрь айында өткөрүү пландалууда.  Андан кийинки жылы үчүнчү фазасы болот.

Жалпы максаты – билим берүүнүн сапатын өзгөртүү. Ал үчүн билим берүү тармагына жаӊы киргизилген мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча жаӊы нормативдик укуктук документтер, андан тышкары предметтик стандарттарды тереӊдетип окутуу зарыл болууда. Бизде мугалим үчүн кесиптик стандарттар жок. Бирок биз бул үчүн жакшы тажрыйбасы бар чет өлкөлөрдүн мисалдарын келтирип пайдаланабыз. Мындан тышкары бизде өткөн “Айылдык билим берүү” долбоорунда мугалимдер үчүн иштелип чыккан компетенциялардын деӊгээлдери бар. Ал документтер бизде Ысык-Көл, Таласта апробациядан өтүп, пайдаланылып жатканына күбөбүз.

Мугалимдердин айтымында, тренинг аларга жагып жатат, кызыктуу деп белгилешүүдө. Долбоордун максаты – Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо. Ушул тармактагы аракеттерибиздин баарын орчундуу нерселерге багыттап жатабыз.

Предметтик стандарттар КББАнын окумуштуулар кеӊешинде каралган, бирок коллегияда каралган эмес. Мугалимдер менен ал стандарттардын долбоорлорун талкуулап, толуктап, жаӊы сунуштарыбызды киргизгенге үлгүрөбүз деп ойлойм.

Долбоордун иштелмелеринин баары кийин министрликте, мектептерде пайдалансын деп КББАнын методикалык усулдук борборлордун региондогу, институттун кызматкерлерин тренер катары окутуп, натыйжада 54 тренер камдадык. Алардын баары модулдарды тереӊөздөштүрүштү. Азыркы беш күндүк тренингден өтүшкөн мугалимдер жер-жерлерге барганда бул жерден үйрөнгөндөрүн башка кесиптештери менен бөлүшүп, талкуулашат. Мартта ушул эле мугалимдер кайра чогулушуп, теориялык алган билимдерин практикада кандай пайдаланышкандары тууралуу бири-бири менен ой бөлүшөт.

Жаӊы стандарт мугалимди дагы, окуучуну дагы компетенттүүлүккө багыттап жатат. Жаӊы стандарттын талабы боюнча жалаӊ эле билим тажрыйбасына эмес, мугалимдин ишине, кесибине болгон мамилесин өзгөртүшү керек. Азыр мугалимдин ишинин натыйжасы олимпиада, отличниктердин санына жараша бааланбашы керек. Азыркы максаттар ченемдүү, конкреттүү, объективдүү болушу керек. Предметтик стандарттарда күтүлгөн натыйжаларга ылайыктап, мугалим өзүнүн ишин ченей алат. Биз мугалимдин ишин жеке окуучунун жетишкендиктерине карап баалабай, анын бардык окуучуларга теӊ көӊүл буруп, алардын илгерилөөсүн байкап, баалап? жетишкендиктерине ,бирдей көӊүл буруп жатканына карап баалаганыбыз туура.

Шарипова Лариса Романовна, Бишкек шаарындагы №49 орто мектептин башталгыч классынын окуу бөлүм башчысы:

– Менин эмгек тажрыйбам 44 жыл. Ушундай тренингдерге көп катышам. Биз үчүн новатордук идеяларга бай ушундай кызыктуу тренингдер эӊ зарыл. Балдарды окутуу, түрткү берүү, жаӊы доорго ыӊгайлаштыруу боюнча жаӊы көз караштар, жаӊы ыкмалар көп. Анткени биздин педагогикада азыр ушул нерселер жетишпей жатат. Мугалим балага үйрөткөн билим жана тажрыйбаны ал турмушта иш жүзүнө ашыруусу жана ошого ыӊгайлашуусу зарыл. Азыр балдар тап-такыр башка. Акыркы эле 10 жылдын ичинде кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын жакшы билесиздер. Кээде окуучу мугалимден да көбүрөөк билген кырдаалдар кездешүүдө. Ошондуктан мугалим жеке эле талап койбой, балага өз оюн айтууга, көз карашын билдирүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек. Мугалим окуучуну багыттоочу, алдыга сүрөөчү жана активдүүлүккө жеткирүүчү болуу менен ага анализ жүргүзүүгө, өз ой-пикирине баа берүүгө толук шарт түзүүгө милдеттүү.

Элмира Калназарова,

Бишкек шаарындагы №77 орто мектептин башталгыч класстын мугалими:

– Менин билим берүү айдыӊына келгениме 27 жылдын жүзү болду. “Кылым жашасаӊда, кылым бою окуп үйрөнүп жетише албайсыӊ” демекчи, ушундай тренингдер мугалимдер үчүн аябай пайдалуу. Мен Кыргызстандагы жүздөгөн жөнөкөй мектептерде иштеген мугалимдердин катарына кирем. Кыргыз тилинде окуткан мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор, көрсөтмө куралдар тартыш, жок десек да болот. Мугалимдин биртике айлыгы көрсөтмө куралды даярдоого жумшалып кетет. Тарбиялык саатты даярдоо үчүн материалдарды Интернеттен издеп таап, кыргызча которуп көп күч жана убакыт жумшайм. Анткени компетенттүү окуучуну тарбиялаш үчүн тиешелүү технологиялык жабдуулар зарыл деп ойлойм. Мисалы, биздин мектепте окуучулар үч нөөмөттө окушат. Балдардын социалдык деӊгээли да ар түрдүү. Биркласстагыбалдардынсаны 30-40 балагажетет. Мындайшарттажаӊыталаптардыналкагындаишалыпбарууөтөтатаал. Биз балдардын, алардын ата-энелеринин социалдык абалына шек келтирип алуудан сак болушубуз керек. Мугалим, окуучу, ата-эне деген үчилтик тыгыз байланышпаса, иштин натыйжасын көрүү кыйын. Бала, ата-эне жана мугалимдин ортосунда түшүнбөстүк кырдаал жаралбаш керек. Жаӊы стандарт боюнча ата-энени ийкемге келтирип, мектеп менен кызматташууга үндөгөн ыкмаларды табууга болооруна көзүм жетет. Биз баланы эле эмес, ата-энени да тарбиялаганга, көз карашын өзгөрткөнгө аракеттенишибиз керек. Ата-эне чогулуштан качпай, тескерисинче, чогулуш качан болот деп кызыккандай деӊгээлге жетишибиз зарыл. Ал үчүн түрдүү ыкмаларды колдонобуз. Балким концерт, доклад уюштурабыз. Ата-энеде кызыгууну пайда кылуучу мектепке жакындашуу ыкмаларын издейбиз. Маселен, мен өзүм колдонуп жүргөн тажрыйбамды колдонуп,  ата-энелер үчүн жагымдуу концерт уюштурам.

Тарбия башаты үйдөн башталат. Тилекке каршы, ата-эне үйүндө баласына жетишерлик көӊүл бурбайт. Ата-эне үйдө биринчи баласына шарт түзүп бериши керек. Биз, мугалимдер окуучулардын үйдөгү социалдык, психологиялык кырдаалын да эстен чыгарбашыбыз зарыл. Биздин мектептин директорунун талабы боюнча мен бир жумада үч-төрт окуучунун үйүнө барып, үй шарты менен таанышам. Алдын-ала эскертип коем да, сөзсүз барып жолугушуп, ата-энелери менен баарлашам. Себеби баланын үйдөгү абалын беш колдой билишибиз керек. Класстагы балдардын күчү менен үйүндө материалдык абалы оор балдарга жардам беребиз. Бизде мындай мисалдар арбын.

Акылгүл Абыканова,

“Себат” билим берүү мекемесинин башталгыч мектебинин методисти, башталгыч классынын мугалими:

– Жаӊы стандарт билим берүү системасынын мазмунун, максатын жана милдеттерин коомдун өзгөрүшүнө ылайык келгендей түп тамырынан өзгөртөт. Менин жеке көз карашымда, азыр коом алдыга кетти да, ал эми билим берүү системасы артта калып жаткандай. Анткени билим берүү системасынын мурдагы стандарты азыркы жаш муундарды заманбап даярдоо талабына жооп бере албай калды. Ошол себептен дүйнөлүк мониторингде артта калып жатпайбызбы. Биз, мугалимдер, реформа башталып жатканына сүйүнүп жатабыз. Эӊ негизги максат – билим берүү стандартынын мазмунун учур талабына шайкеш өзгөртүү. Мурда окуучулар алган маалымат менен гана чектелип калчу. Алар алган маалыматын келечекте өзүнүн керегине жараша пайдалана албай калышканын турмуш өзү көрсөттү. Көпчүлүк мугалимдер да маалыматты эмне үчүн берип жатканыбызды түшүнчү эмеспиз. Көрсө, балага маалымат таратуу жетишсиз экен. Биз аны келечекте кырдаалдарга жараша пайдаланып кетүүсүнө кам көрүшүбүз керек тура. Мисалы, биз ураалап, билимин алтын медалга баалаган окуучу келечекте өз алдынча ой жүгүртпөй, чектелүү болуп, баа үчүн гана окуп келгени билинип калды. Ал эми начар окуган окуучуларыбыздын көбү коомдун өзгөрүшүнө жараша ыӊгайлашып, турмушта өз ордун таап кетишти.

Биз бул тренингде жаӊы стандартты, анын максатын, принцибин окуп билдик. Базистик окуу пландын жаӊы багыттары менен коомго ылайык өзгөртүлүп жатканын көрдүк. Пландын программалары, окуу методикалык комплекстери менен тааныштык. Ошону менен бирге бул стандарт боюнча келечекте компетенттүү инсанды кантип тарбиялайбыз, кантип калыптандырабыз деген сыяктуу суроолорго жооп алдык. Анын алкагында ченемдик документтер менен таанышып, тренингде талкууладык.

Мамстандартты ишке ашыруунун кыймылдаткыч күчү – биз, башталгыч класстын мугалимдерибиз. Биз ошол фундаментти өзүбүзгө сиӊире алганда гана компетенттүү инсанды тарбиялай алабыз. Ошол эле учурда окуу процессин керектүү методикалык окуу каражаттар менен жабдый албасак, окуучуларга ыӊгайлуу чөйрөнү түзүп бере албасак, окуучуларга жеткире албайбыз.

Айзада Пазылова, Бишкек шаарындагы №14 орто мектептин башталгыч класстарынын мугалими:

– Менин болгону бир жарым жылдык тажрыйбам бар. Азыр да жогорку окуу жайында билим алууну улантуудамын. Андыктан бул тренинг мен үчүн өтө кызыктуу болду. Талкуу учурунда тажрыйбалуу мугалимдердин ой-пикирлерин, сунуштарын угуп, көп нерселерди үйрөндүм. Анткени теория менен практиканын айырмасы асман менен жердей болот экен. Менин жеке баамымда, жаӊы стандарттардын алкагында иштөө жаш адистерге оӊой болчудай. Жогорку окуу жайларында башка стандарттар боюнча окутуп, анан мектепке келгенде башка стандарттарды үйрөтүп, абалды татаалдаштырбай эле, балким жаӊы стандарттарды жогорку окуу жайлардан баштап эле киргизсе туура болоор беле деп ойлойм.

Педагогикалык колледжде окуган билимимди ушундай тренингдер менен толуктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатканыма аябай кубанычтамын. Адегенде мага аябай эле оордой сезилген, бирок бара-бара кызыгуум артты. Айрыкча, класстагы жакшы окуган саналуу балдар менен эле чектелбей, сабакка бардык балдарды тартып, ар биринин шык-жөндөмүн ачууга багытталган жаӊы мамлекеттик стандарт боюнча иштөө кызыктуу. Маселен, бир окуучу математика боюнча эсеп чыгара албаса, анын сүрөт тартуу же оозеки сабактарынан жөндөмү сөзсүз болот эмеспи. Эӊ башкысы изденип иштөө керек экендигин түшүндүм. Албетте, жөнөкөй мектептерде техникалык каражаттардын жетишсиздиги өзүнүн таасирин тийгизбей койбойт. Бирок каалоо болсо, колдогу телефондон деле керектүү материалдарды таап алса болот. Мен кесиптештериме, айрыкча, жаш адистерге чыдамкайлык жана оптимисттик маанай каалап кетким келет. Эӊ негизгиси, изденүү менен токтолбой иштей берүү керек.

 

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*