АКЧА ЧОГУЛТУУДАН ЧЫККАН ЧЫР

Редакциядан: Ата-энелерден мектепке каржылык жардам алуу кандай жүргүзүлүшү керек? Бул ишке катардагы мугалимдерди тартпай эле койсо болбойбу? 30 жыл мектепте иштеген мугалимдин жумуштан кетирилишинин себеби эмнеде? Ушул жана башка орчундуу суроолордун анык жообу 24-февралда өтө турган сотто белгилүү болот окшойт. Азырынча мектеп турмушуна кайдигер карабаган окурмандардын назарын каршылаш эки тарап келтирген жүйөлөргө бурабыз.

Өз оюн айткандар жумуштан айдала береби?

 Урматтуу редакция!

«Кутбилим» гезитинин 2015-жылы 2-октябрда жарык көргөн М.Сыдыковдун «Деректир коомдук бирикмени өз кызыкчылыгына пайдаланып келген» аттуу макаласына каршы тарап жообун да окуп, «эч убакта болгон эмес», «бардыгы жалган» жана башка актанган сөздөрдү эки деректир биригип сүйлөшүп алышканбы деген ой туулат. Муну айтканым, 2010-жылы Бишкектеги №49 орто мектебинин төрт мугалими жана ата-энелер жазып чыккан элек. Ошондо деректир Молдакунова Р.А. чындыкты бетке айткан биология мугалими Айнагүл эжени эч эскертүүсү жок эле жумуштан бошотуп салган. Деректирдин ошол убактагы жосунсуз жоруктары үчүн ага сөгүш жарыяланып, республикалык, шаардык профсоюздар комитетинин өкүлдөрү келип ынтымакка келтирип кетишкен эле. Бирок 2011-жылдан тарта Молдакунованын баягы адаттары кайра башталды.

Мен башталгыч класстардын мугалими болуп 1985-жылдан бери, ушул №49 мектепте 1997-жылдан бери иштеп келген элем. 2015-жылы февраль айында деректирдин мага жасаган жосунсуз жоруктарынан улам катуу стресс алып, 15 күн эмгекке жараксыз баракчасында жүрүп келдим.

Эмгек өргүүсүнөн келгенде мектептин ремонт иштерине толугу менен катышабыз, кээде кечки саат 5-6ларга чейин иштейбиз. Класстык фондунун эсебинен (ар окуучудан 500 сомдон) кабинеттин жана коридордун терезелерин пластик кылып жаӊыртканбыз.

Мектептин деректири менен көбүнчө “бала окутамбы же акча чогултамбы” деген темада келишпестиктер болуп келген. Мисалы, сентябрь-октябрда сакчылардын бир жылдык эмгек акысын ар бир баладан 400 сомдон чогултуп берүүбүздү талап кылат, ал эми сакчылар болсо бат-баттан алмашып, окуу жылынын аягында көрүнбөй эле калат.

Деректир ай сайын ар бир окуучудан 250 сомдон жыйнагыла деп чогулуштарда талап коёт, жакшы чогулта албаган мугалимдерди окуучуну тургузуп сабак сурагандай сурап чыгат. Акчаны жакшы чогултуп берген мугалим «эӊ жакшы», ал эми акча чогулта албаган же чогулушта өз оюн, сунушун ачык айткан мугалим анын душманы жана коллективди бузган бузуку болуп эсептелет.

Жалпысынан бир жылда ар окуучудан орто эсепте 4000 сомдон ашуун акча чогултабыз.

Ырас, ата-энелердин кыйласын нааразы кылып, өзүбүз да кыйналып чогулткан акчанын бир бөлүгү ремонтко, керектүү буюмдарды сатып алганга ж.б. туура эле сарпталат. Бирок ай сайын мугалимдерди күчкө салып, окуучулардан жыйнаттырган 250 сомго эмнелер жасалып жатканы жөнүндө ата-энелер да, биз, мугалимдер да маалымат ала албайбыз.

Жалпы ата-энелер чогулушун өтөрдө «ызы-чуу салбагандарды» чакыртып,  баарын чечип коет, мунун азабын биз тартабыз, «деги акчага тоёсуӊарбы?!» деген ачуу сөздөрдү угабыз. Мыйзамга туура келбесе да, окуучулардын укугун тебелеп, акча чогултууга мажбур болобуз.

1-класска окуучуларды кабыл алууда сөзсүз түрдө 5000 сом талап кылганын угуп жүрөбүз. Кийинки жылдары «Бай түшүм» банкына төктүрүп калышты.

М.Сыдыков жазган деректирдин коррупциялык схемалары, камкорчулардын акчасын жекече тескегендиги, сүйлөгөн сөздөрү коёндой окшош экендиги мага көп нерседен кабар берди.

«Акты ак деп, караны кара» дегеним үчүн мектептин деректири 2015-жылдын 7-сентябрь күнү эртеӊ менен эрте саат 7.30да жумуш күнү баштала электе эч эскертүү бербестен туруп, 2010-жылы Айнагүл эжени кандай бошотсо, мени да статьяга такап жумуштан бошотуп койду.

Азыркы деректирлердин адатыбы, мага окшогон эки мугалимди 2015-жылы 15-октябрда министрликтин мектептер башкармалыгына кабыл алууга барганда кездештирдим: канчалаган ата-энелер акча төгө албагандыктан балдары мектептен чыгып калганын айтып зар какшап келишиптир.

Мектеп тутумун мындай деректирлерден тазалай турган башчылар бар болду бекен?

Мугалимдерди акча чогултуу ишине аралаштырбаса абдан жакшы болот эле.

Мектеп деректирлери эмне деген шумдуктарды жасап жаткандарын райОНО, горОНО дегендер аябай мыкты билишет. Бирок майлап-сүттөп министрге көрсөтүп жатышат!

Көп балалуу, шарты начар үй-бүлө, жетим балдардын таламын талашып, акчаны аз чогултуп, деректир менен келишпестиктер болуп, оорулуу болуп кала жаздаганым аз келгенсип, 30 жылдык стажымды эске албастан туруп жумуштан бошотуп койгонун кандай түшүнсө болот?

Ата-энелер менен бирдикте, мен стресс алгандан кийин тиешелүү органдарга кайрылуу жазып, чындыкты издегенибиздин жыйынтыгы ушул болду. 2015-жылы 15-сентябрда келген комиссия мүчөлөрү (ОНОлор, акимдин орунбасары, шаардык профсоюз, акыйкатчынын өкүлдөрү) мектептин деректирине сөз берип, мени чакыртпастан туруп, мени болушунча жамандаганга жол беришти.

Жөнөкөй адамдарды, балдарды чын дилинен сүйүп билим-тарбия берген мугалимдердин үнүн уккан башчылар бар чыгар!

Динара Сапарбаева,

18 жылдан бери № 49 мектепте иштеп келген башталгыч класстар мугалими

Субординацияны, мектептин уставдык талаптарын сакташ керек

Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин №83 статьясынын 6-пунктунун «а» пунктчасына ылайык жүйөлүү себептерсиз ишке келбегендигине байланыштуу жумуштан бошотулган Д.Сапарбаеванын арызы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирем.

Д.Сапарбаева бошотулганга    чейин №49 орто мектебинде 1 «л», 2 «л»-класстарынын мугалими болуп иштеген.

2015-жылдын февраль айында биринчи классынын окуучуларын практикантка таштап, өз иштери менен мектептен чыгып кеткен. Мен мектепте ички көзөмөл учурунда бул иштин үстүнөн чыгып, практикант кыздан сураганда: «Эжей балдарды мага таштап кетти, орус тил мугалими келсе сабак болот, болбосо – тарата бер деп айткан», – деп жооп берди.

Башталгыч класстардын окуу бөлүм башчысы менен бирдикте кызматтык териштирүүдө ал: «Менден деле суранган жок», – деди.

Практикант кыз телефон аркылуу билдирсе керек, териштирүү учурунда Д.Сапарбаева келди, ага милдеттерин эске салып, окуучулардын сак-саламаттыгы, коопсуздугу үчүн класс жетекчи жооптуу экенин кайталап, оозеки эскертүү бердим.

Ушул эле февраль айында өзүм билемдикке салып туугандарынын кызын биринчи класска буйруксуз эле отургузуп койгон, маалымкатты катчынын милдетин аткаруучудан алдоо жолу менен жаздырып алган.

2015-жылы 24-март күнү ишке себепсиз чыкпай койгон, түшүнүк кат жаздырып, бир күнү табелден өткөрүлгөн эмес, акт түзүлүп, буйрук чыгарылган.

25-март күнү III чейректин жыйынтыгы боюнча, педкеӊешмеден «сени менен башка жерде сүйлөшөм» деп классы боюнча отчетту бербестен чыгып кетет. Субординация, этика, мектептин уставдык талаптары кайрадан одоно бузулат.

27-мартта мен, деректир, мектептин этика комиссиясына Д.Сапарбаеванын жүрүм-туруму эмгек тартибин, уставды бузган кадамдарын кароо боюнча кайрылдым. Ал этика комиссиясына да диктофон менен келип орой мамилесин көрсөткөн. Өзүнүн жумуштагы кемчиликтерин башка нукка буруп, эки классынан 20 чакты ата-энени уюштуруп, адвокат жалдап деректирди дискредитациялоо ишин баштайт.

Бул түзүлгөн топ болгон инстанциялардын баарынын окуу-тарбия иштери эмес, ата-энелердин камкорчулар бирикмесинин ишине көӊүлүн бурат, болгондо да деректир акча чогултуп жатат, деректир иштетпей жатат, баарынын укугун бузуп жатат деген мазмундагы каттарды мугалим өзү да жазат, ата-энелерди да өзүнчө жаздырат, пресс-конференцияларга чыгышат, деректир окуучуну сабады деген жалаа менен дагы 8-ГОМго кайрылышкан. Кайрылууларында максаттарын ачык көрсөткөн, күч менен болсо да деректирди кызматтан кетиребиз деп.

2015-жылдын мартынан бүгүнкү күнгө чейин төмөнкү инстанцияларга кайрылышкан: Генпрокуратурага, Ички иштер министрлигинин 5-башкармалыгына, финполицияга, «Азаттык», «Би-би-си», «Марал» радиолоруна, «Кабар», «Акипресс» маалымат агенттиктерине, НБТ, НТС телеканалдарына, Бишкек шаарынын мэрине, КР Акыйкатчысына, Билим берүү жана илим министрине, Өкмөт башчысы Т.А.Сариевге, Президентке.

Фискалдык органдардын баары келип, мыйзам бузуулар жок, көрсөтүлгөн фактылар далилденген жок деген баа беришкен. Алган жоопторуна канааттанбай жаӊы окуу жылынын башында арызчылар кайрылууларын күчөтүшкөн. Мектепке биринен сала экинчи комиссия, кайра-кайра маалымат каражаттарынын өкүлдөрү каттап турган, анткени №49 мектепте мугалимдер, ата-энелер митингге чыкканы жатат деген жалган маалыматтарды радио, теле аркылуу таркатышкан.

Келген текшерүүчүлөр мектеп окуу жылына даяр экендигине, окуу-тарбия процесси талапка ылайык жүргүзүлүп жаткандыгына ынанып кетип жатты.

Д.Сапарбаева 2015-жылдын 25, 26-август күндөрү себепсиз ишке чыкпай койгон, бул тууралуу актылар түзүлүп, өзү түшүнүк кат жазып берген.

Бул факт боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, шаардык профсоюз менен макулдашылып жүйөлүү себептерсиз ишке келбегендигине байланыштуу жумуштан 2015-жылы 7-сентябрь күнү бошотулду, буйрук менен таанышкан, эмгек китепчеси колуна тапшырылган, комиссиянын катышуусунда эмгек акысын толугу менен алган.

2015-жылы 9-сентябрда Д.Сапарбаева Биринчи май райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Бүгүнкү күнгө чейин беш отурум өттү, кийинки отурум 24-февралга белгиленди.

Роза Молдакунова,

№49 орто мектептин деректири

Ата-энелер эмне дейт?

 Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна 149 орто мектептин ата-энелери жазган кайрылуудан:

Сапарбаева Динара Усуповна окуу процесси жүрүп жаткан учурда окуучуларды таштап коюп кетип калган учурлары болбогонун жакшы билебиз.

Сапарбаева Д.У. 149 орто мектепте көп жылдан бери татыктуу билим берип, ата-энелердин урмат-сыйына ээ болгон эжекелерден эле. Анын кайра мектепке келип иштешин окуучулар менен бирдикте күтүүдөбүз.

27 ата-эненин колу коюлган.

Бетти даярдаган Ж.Турдубаев

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*