Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультетинин деканы, профессор Суат ЖЕБЕЖИ: «ДИН ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЖОГОРКУ БИЛИМДҮҮ АДИСТЕР ИШТӨӨГӨ ТИЙИШ»

DSC_5000DSC_5000

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде быйыл алгачкылардан болуп «Теология» адистигин 17 студент бүтүрүп чыгат. Теология факультети 2010-жылы ачылып, 2011-2012-окуу жылында алгачкы студенттерди кабыл алган. Кыргызстан эгемендүүлүктүн жылдарында диний эркиндик алды. Бирок  учурда динге жамынган экстремисттик күчтөрдүн коркунучу чоӊ болуп жатат. Ошондуктан дин тармагында агартуучулук иштери зарыл. Ал ишти аткарууда атайын адистер — теологдордун керек экендиги алдыӊкы орунга чыгууда. Ушуга байланыштуу аталган факультеттин деканы, профессор Суат Жебежини кепке тарттык.

Маектеш жөнүндө кыскача маалымат:

Суат Жебежи 40 жылдан бери билим берүү жана илим тармагында иштейт. Дин таанууга байланышкан  20дан ашуун китептердин жана окуу куралдарынын автору. Түркиянын Билим берүү министрлигинде диний билим берүү бөлүмүн жетектеген. Улуттук жана эл аралык бир нече долбоорлордо иш алып барган. Түркиянын Сакарья университетинин Теология факультетинин деканы болуп үч жыл эмгектенген

— Урматтуу Суат мырза, теология адистиги биздин коомчулук үчүн жаӊылык деле эмес. Бирок бул тармакта кесипке ээ боло тургандар эмнелерди окуп үйрөнүшөт болду экен деген суроолор туулушу мүмкүн. Окуу процесси кандай жүргүзүлөт? Кепти ушундан баштасак.

— Кыргызстандагы эӊ ири жогорку окуу жайлардын бири болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 2011-2012-окуу жылында теология факультети ачылып, 2011-жылдын сентябрь айынан баштап студенттерге билим бере баштады. Факультетте «дин таануу» жана «ислам таануу» адистиги боюнча бөлүмдөр ачылган.  Бул факультетке тапшырган студенттер азыркы учурда даярдык курсунан өтүп, түрк тилин үйрөнүү менен бирге адистик предметтер боюнча билим алып жатышат. Факультетте окутуу КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген  мамлекеттик стандарттардын негизинде түзүлгөн окуу планы боюнча кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Быйылкы жылы факультетибиз алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгаруу алдында турат.

Төрт жылдык бакалавриат программасын ийгиликтүү бүтүргөн  студент бизден магистратурада да окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Учурда «Теология» багытындагы магистратура программасында 13 студент билим алып жатат. Профессорлор-окутуучулар  жамаатыбыз тууралуу айта турган болсок, Түркия тараптан 4 PhD, профессор; 3 PhD, доцент бар. Кыргызстан тараптан 5 окутуучу, алардын ичинен 1 PhD, ага окутуучу; 2 окутуучу, 2 кенже илимий   кызматкер мугалимибиз бар.

— Теология факультетин бүтүргөн адистер кайсы жерлерде иштей алышат?

— Биздин факультеттен бүтүрүп чыккандар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн каттоодон өткөн мечиттерде, медреселерде иштесе болот. Мындан тышкары мектептерде адеп сабагын бере алышат. Биз ошол медреселерди  кыдырып чыктык. Ал жакта жакшы билим берилип жатканы менен, теология тармагындагы жогорку билимдүү  адистер жок экен. Дин адистерин Кыргызстандын жогорку окуу жайларында даярдоо керек. Азыркы убакытта болсо диний мекемелерде ар кайсы жактан билим алгандар иштеп жатат. Бул туура эмес. Теолог социологияны да, философияны да билүүгө тийиш. Ошондо гана диний карама-каршылыктарды жок кыла алабыз.

— Теолог айылда молдо боло алабы?

— Ооба, айылдын имамы боло алат. Мисалы, Түркияда диний адистиги жок адам мечитте кутба айтууга акысы жок. Бизде бардык диний мекемелерде, мечиттерде атайын диний адистиги бар гана адамдар иштешет. Кыргызстанда дагы дин мекемелеринде бул тармакта жогорку билими бар гана адис иштөөгө укук алууга тийиш.

— Биздин өлкөбүзгө теологдордун зарылдыгы канчалык деп ойлойсуз? Каалоочулар көппү?

— Советтер Союзу жоюлуп, эгемендүүлүккө жетишкен соӊ коомчулук дин эркиндигине ээ болуп, чыныгы Исламдан адашып, ар кандай агымдарга бөлүнүп, андан ары өз билемдикке берилип, күчөп да кетти. Ошондуктан динди илимий жактан коомчулукка так түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Демек, мындай шартта теологдор өтө зарыл. Былтыр факультетибизге 280 абитуриент тапшырып, алардын ичинен 35и даярдоо курсуна кабыл алынды. Бизге келип окууну каалагандардын саны жыл сайын өсүп жатат.

— Кыргызстандагы диний акыбалга кызыктыӊызбы? Бул тармакта сиз жетектеген факультеттин  аткарган иш-аракеттери кандай?

— Биз Кыргыз Республикасынын Президентинин «2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын» алкагында  «Кыргызстандагы диний абал жана диний билим берүү» аттуу долбоор алкагында диний мекемелерди изилдеп чыктык. Буга ылайык,  Кыргызстандан жана Түркия тараптан 20 окумуштуудан турган жумушчу топ түзүлүп, мечиттерди, медреселерди кыдырып, негизги маселе эмнеде экендигин аныктап  чыккан соӊ, өкмөткө бул багыттагы көйгөйлөрдү жөнгө салуу үчүн 12 сунуш киргиздик. Диний мекемелерде иштеп жаткандар кайсы окуу жайлардан билим алып келишкенине да өзгөчө көӊүл бурдук. Натыйжада илимий изилдөөнүн жыйынтыгын «Кыргызстандагы диний абал жана диний билим берүү (анализ жана сунуштар)» аттуу  китеп кылып чыгардык.

— Анан Кыргызстанда диний жагдай кандай деген бүтүмгө келдиӊиздер?

— Кыргызстанда светтик деген түшүнүк дин мамлекеттен бөлүнгөн дегенди түшүндүрөт экен. Түркия деле светтик өлкө. Бирок биз светтик дегенди башкача түшүнөбүз. Мындан биз көп пайда алдык деп ойлойм. Светтик деп динди сыртка чыгарып, бөлүп койгонго болбойт. Мамлекет бардык диндерге эркиндик берүү менен бирге дин тутунган адамдарга теӊ, сый-урмат менен адилет мамиле кылып, алардын талабына жооп берерлик саясат жүргүзүүсү зарыл. Ошондо гана ынтымакта жашаганга шарт түзүлөт.

Ар бир эл өз динине муктаж. Ошол муктаждыкты бузсак, карама-каршылыктар келип чыгат. Мамлекет динге болгон көз карашты өзгөртүп, туура көзөмөлдөөгө жетишиши зарыл. Өлкөдө ар ким ар кандай диний  жамаатта, агымда билим алып, туура эмес таасирде жүрбөөгө тийиш. Кыргызстандагы азыркы абал Түркиядагы 50 жыл мурунку абалга окшош экен. Бизде бир убакта Сулайманчы менен Нурчу жамааттарынын бири-бирине болгон душмандык мамилелерин айта кетсем ашыкча болбос. Ошондуктан мектептерде, коомчулукта туура түшүндүрүп, билим бериш үчүн университеттерде татыктуу адистерди даярдап беришибиз керек. Ал эми адамдар көп учурда дин жагынан билимдүү адамдарга ишенип, ошолорду ээрчийт эмеспи.

Кыргызстанда ислам дининин ар кандай агымдары, уюмдары жана жамааттары бар. Аларга каршылык көрсөтсөӊ ого бетер таасирдүү болуп кетишет. Ошондуктан биз элге дин багытында туура билим берип гана аларды жеӊип чыга алабыз. Түркияда деле Кыргызстандагыдай исламдын ар кандай топтору бар. Бирок алар бул жактагыдай таасирдүү эмес. Анткени ал жакта 100дөн ашык теология факультеттери иштеп жатат. 800гө чукул дин тармагында билим берүү мекемелери ачылган. Мектептерге дин сабактар киргизилген. Ушундан улам жалпы эл ар кандай агымдардын таасиринде калбайт.

— Кыргызстан светтик өлкө экенин жакшы билесиз. Ушул светтик өлкөдө «Манас» университетинин  Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарчасынын  аймагына чоӊ мечит курулуптур. Муну кандайча түшүнсө болот?

— Бул мечит бир эле «Манас» университетине эле эмес, жалпы коомчулукка да тиешелүү. Мында жума күндөрү төрт миӊге чукул адамдар келип, намаз окушат. Мечит биздин университетте теология факультети бар үчүн курулду деп да айтаар элем. Себеби, мечит теология факультетинде окуган студенттер теориялык билимин практикалык окуу ишине айкалыштыра алганга зор көмөк бере алат. Экинчиден, мечитти чоӊ жана кооз кылып курдук. Мунун архитектурасында кыргыз, түрк калкынын, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн маданий баалуулуктары чагылдырылган.

— Сиздердин университеттен окуп, теолог адистигин алгандар жумушсуз калат деп ойлобойсуздарбы?

— Кыргызстанда бүгүнкү күндө 70 медресе бар. Ал жакта 500 адам иштеп жатат. Алардын  дээрлик көпчүлүгүнүн дин тармагында жогорку билими жок. Эгер өкмөт медреселерде жогорку билими бар гана адистер сабак бере алат деген чечим чыгарса, теология факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калмак эмес. Тескерисинче, аталган кызмат орундарын толтуруш үчүн «Манас» университети бир канча жыл бою теологдорду окутуу жаатында тынымсыз иштей бермек. Азыркы шартта деле теология адиси жумушсуз калбайт деп ишендирип кетким келет.

— Теология адистиги боюнча билим берүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасына токтоло кетсеӊиз?

— Бул адистик илгертен бери келе жаткан иш. Европада диний билим берүү орто кылымда башталган. Түркияда 1876-жылы алгачкы университет ачылганда курамында теология факультети болгон. Бирок университеттеги теология факультети окуу жайдан бөлүнгөн. Көп өтпөй ортодогу карама-каршылыктардан улам бул факультет жабылып калган. Кийин Осмон империясы кулап, Түркия Республикасы түзүлгөндөн кийин, 1924-жылы бул факультет кайра ачылып, билим бере баштаганда светтик мамлекеттин ишине дин аралашпашы керек деген каршы ойлордон улам кайрадан жабылууга дуушар болгон. Ошондон 20 жыл өткөн соӊ, коомчулук светтик деген түшүнүктү туура эмес кабылдагандыктарын моюнга алышып, теология боюнча билим берүү кайрадан уланып, лицейлер, медреселер ачылып, мектептерде диний билим берүүгөөтүшкөн. Осмон империясынын убагында деле медреселер көп болгон экен.

Осмон империясында диний окуу жайларында математика, медицина, укук өӊдүү светтик билимге байланышкан илим тармактары да тереӊдетилип окутулган. Бирок кийин илим тармактары өзүнчө бөлүнүп, дин жаатында окугандар жалаӊ динди гана окуп калышып, илим менен иши болбой, коомго коркунуч жарата баштаган. Дин тармагындагы адис бир гана динди билсе ага кызмат кыла албайт. Динге кызмат кылыш үчүн илимдин тармактарын да билүүгө милдеттүү. Буга жогорудагы мен айткан тарыхый окуялар толук күбө боло алат.

— Акыркы суроо. Мен сизден эмнелерди сурабай калдым, Сиз эмнелерди айтпай калдыӊыз?

— Дүйнөдө ар кандай согуштар болууда. Андан көбүнчө мусулмандар жабыркап жатышат. Мунун баары диний сабатсыздыктан келип чыгат. Сиз байкап көрсөӊүз, Түркия мындай согуштарга катышпайт. Анткени мамлекет динге болгон мамилени туура чечип, таасирин аӊдап, динге болгон билимди тереӊдетип берген. Түркиядагы эл өз динин жакшы билет. Ал эми ар кандай үчүнчү күчтөрдүн, Түрк элинин динине байланышпаган маселелери болушу мүмкүн. Кыргызстанда дин мамлекеттин колунда эмес, калктын колунда болуп жатат. Медреселер мектептердей эле Билим берүү министрлигинин карамагында болуш  керек деген ойдомун.

Мен медреселерди кыдырып жүрүп, анда иштеп жаткандардын мекенчилдигине ыраазы болдум. Бирок алар сырттагы ар кандай булактардан колдоо таап турушат. Молдолор элге иштешип, кадимкидей айлык алышса неге болбосун. Акырында айтаарым, Кыргызстандын эли диний араздашууга барбай, ар дайым тынчтыкта, тилектештикте жашашын каалаймын.

Аӊгемелешкен:

Майрамбек Токторов,

«Кутбилим»

4 Comments

  1. hello , i have a iphone 3g replaced outer cases glass etc, put all back together and checked over several times then powered up apple logo came up done master reset , i got itunes music symbol and usb lead showing on screen ,downloaded software for itunes on pc but when phone is connected to pc via usb cable pc doesnt reaconize phone, is this expensive to repair or have i just downloaded wrong software or something

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*