ЖЕТКИЛИКТҮҮ ТУРАК- ЖАЙ ПРОГРАММАСЫ ЭТАП-ЭТАП МЕНЕН ЖҮРӨТ

Кечээ Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева менен жолугушуп, “Арзан турак-жай 2015-2020” программасынын алкагында агартуу тармагынын өкүлдөрүн ипотека боюнча үй алуу маселесин талкуулашты.

Жолугушууга Билим берүү жана илим министрлигинин адистери, Бишкек шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, жана ошондой эле жогорку окуу жайларынын, кесиптик орто окуу жайларынын өкүлдөрү катышышты. Катышуучуларга МИК даярдаган слайд боюнча дагы бир жолу кеңири түшүндүрмө берилген соң, жолугушуу суроо-жооп иретинде уланды.

Суроо: Мен МИК менен иштеше турган РСК банкка барып, кандай шартта үй ала алаарыма кызыктым. Алардын мага берген түшүндүрмөсү боюнча менин алган 10 миң сом айлыгым менен мен үй ала албайт экенмин. Мисалы, менин расмий жарыяланбаган кирешелерим бар. Мындай шартта кандай кылам?

Жооп: Бул программа этап-этабы менен ишке ашырылмакчы. Адегенде эле үй алууну каалагандардын баарын үй менен камсыздоо мүмкүн эмес. Бир аз убакыт керек, күтүүгө туура келет. Эгерде кимдир бирөөнүн шарты банктын талабына шайкеш келбесе, ал кийинки этабында жеңилдетилген шартта берилүүчү социалдык турак-жайлардан алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мамлекеттик ипотекалык компания акырындап турак жай фондун түзүүнү пландаштырууда. Төлөө жөндөмү чектелүү жарандар ошол фонддун жардамы менен курулган үйлөрдү ижарага алып жашаса болот. Ал үчүн, албетте, ай сайын ижара акысыз төлөп жашай бересиз.

Суроо: Менин жер тилкем бар. Ушул программанын алкагында ссуда алып үй сала аламбы?

Жооп: Ооба, ала аласыз, бирок кечирээк берилет. Жогоруда белгиленгендей, бул этап-этабы менен каржылана баштайт.

Суроо: Кепилдик өтүүчү ким болушу керек? Үй-бүлө мүчөсү боло алабы?

Жооп: Албетте, боло алат. Бирок ал адамдын ким экендиги, анын кирешелери, айтор, ал тууралуу маалыматтар расмий изилденет. Себеби, эмне үчүн кепилдик өтүүчү болуп жатканын билүү керек.

Суроо: Аз эмгек акы алып иштегендерден тышкары, жалгыз бой, жесир адамдар бар. Алар кантет? Алар үчүн башка программа барбы?

Жооп: Биздин коомдо өзүңүздөр билесиздер бай жашагандар, орто жашагандар жана колдоого аябай муктаждар бар. Байлар, албетте, бул кызматтан пайдаланышпайт. Орто жашагандарды бай же кедей дешке болбойт. Ошондой катмардагы туруктуу жумушу, аздыр-көптүр кирешеси бар адамдар үчүн ушул ипотека ыңгайлуу болуп жатпайбы. Маселен, коммерциялык банктарга барып турак-жай алайын десеңиз, насыяны доллар менен, жогорку пайыздык ставкада беришет жана мөөнөтү ашып кетсе 5-7 жыл. Ал эми биздин программанын алкагында берилип жаткан ипотека узак мөөнөткө жана айлык пайызы 12-14 пайыз болуп жатпайбы. Буга чейин мындай программа жок эмес беле. Мен жогоруда айтып кеткендей, бул жаңы ишке киргизилип жаткан программа болуп жаткандыктан, жылдан-жылга дагы ийкемдүү шарттар түзүлмөкчү. Дагы бир жолу айта кетейин, бул программанын шартына шайкеш келбеген жарандар үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башка дагы социалдык программалары бар.

Суроо: РСК жана Айыл банктарына аябай күч келип калчудай. Катышуучу банктардын санын көбөйтүү маселесин Өкмөттүк деңгээлде чечсе болобу?

Жооп: Аябай жакшы суроо экен. Бул азыр жаңы ишке киргизилип жаткан программа болгондуктан, дагы келечекте банктардын санын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр болот. РСК жана Айыл банкы – мамлекеттик банктар. Алардын республика боюнча көптөгөн филиалдары бар. Ошондуктан алар менен иштөө оңой. Кыска мөөнөттө ыкмалары иштелип чыккандан кийин дагы 5-6 банк тартылат.

Суроо: Ала турган турак-жайлардын метр квадратынын максималдык көлөмү канча болот жана анын баасы кандай болот?

Жооп: Ипотекалык төлөм менен ала турган турак-жайлардын максималдык көлөмү жер үйлөрдүкү 150 метр квадрат, ал эми кабаттуу үйлөрдүкү – 70 метр квадратка чейин уруксаат берилет. Ал эми чарчы метринин баасын эсептей турган болсок, бул сөзсүз түрдө улуттук валюта менен эсептелүүгө тийиш. Массалык маалыматтардан көрүп, угуп жаткан чыгарсыздар, турак-жайлардын метр квадраты август айында программа түзүлүп жатканда 400-600 долларга чейин деп көрсөтүлгөн, азыр кыйла түшүп, 400-450 доллар болду. Андан тышкары биз доллар менен көрсөтпөгүлө деп жатабыз. Андыктан курулуш компаниялары менен сүйлөшкөндө метр квадратын 35-40 миң сом деп макулдашууну сунуштаар элем. Азыр үйлөрдүн метр квадратынын баасы кыйла арзандаганына байланыштуу, сиздер үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Суроо: Насыя алуу үчүн документтерди толтурганда ошол насыяга төлөнүүчү акчанын өлчөмүн эле көрсөтүү керекпи?

Жооп: Төлөнүүчү насыянын суммасын гана көрсөтөсүздөр. Бирок 10-15 пайызын күнүмдүк турмушуңузга калтыргыдай болушуңуз керек.

Суроо: Квартираларды өзүбүз тандай алабызбы?

Жооп: Ооба, өзүңүз табитиңизге жараша, каалаган жериңизден тандайсыз.

Суроо: Мугалимдер даярдаган документтер ведомство аралык комиссиядан өтөөрүнө ким кепилдик берет? Маселен, алар мугалимдин кирешесин карашат да, ал эми мугалимдин айлыгы аз. Бирок жардам берчү ата-энелери, туугандарыбыз бар дегендей.

Жооп: Ведомство аралык комиссия кирешелерди карабайт. Ал кайсы бир приоритеттерди карашы мүмкүн. Кимдер тизмеде биринчи кетиши мүмкүн? Биринчи – мугалимдер, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлердин документтери өтөт.

Суроо: Мугалимдердин көбү мурда ар кандай максаттарда майда же чоң насыяларды алышы мүмкүн. Алар кантишет?

Жооп: Мурунку алган насыяларды төлөй элек болсо, ал кантип кийинки насыяны төлөй алат? Эгерде эки кредитти төлөй турган шарты болсо, алса болот. Ипотека ала турган адамдын эч кандай төлөм карыздары болбогону өзү үчүн деле ыңгайлуу го.

Суроо: Насыяны төлөп бүткөн кезде жаш курагы 65 жашта болуш керек деген шарт бар экен. Эгерде менин жашым 60та, келинчегим жаш болсо кантет?

Жооп: 60-65 жаштагылардын балдары эбак бой жетип, 30-35 жашта болуп калды. Аларга балдары алып бергени оң го. Жаш курагы дал келбесе, туура болбой калат.

Суроо: Менин үйүм бар. Ал жолдошума катталган. Балдарымдин эч кимиси врач же мугалим болуп иштебейт. Эгерде мен мугалим катары үйүмдү кеңейтким келсе, мага берилеби?

Жооп: Ооба, үйүңүздү кеңейте аласыз. Эгерде үй-бүлөңүз чоң болсо, кеңейтүүгө укугуңуз бар. Ал эми жалгыз өзүңүз бир бөлмөлүү квартирада жашасаңыз, албетте, сиз кеңейте албайсыз.

Суроо: Региондордо иштеген мугалимдер Бишкектен үй алгысы келсе, ала алабы?

Жооп: Жок, баардыгы өзүнүн жашап, иштеп жаткан жеринен алат. Бул программа Бишкек шаарын эле эмес, ал бүткүл аймактарды камтыйт.

Суроо: Эгерде мени иштеген жеримден кыскартып коюшсачы? Маселен, жогорку окуу жайларында иштеген мугалимдер сентябрь айында ар кандай күтүүсүздүктөргө кабылышат. Сааттарын кыскартып коюшу мүмкүн же болбосо такыр эле жумуштан чыгып калышы да толук ыктымал. Ошондой шартта кантет?

Жооп: Ошондой күтүүсүз кырдаалдар үчүн кепилдик өтүүчүлөр талап кылынат.

Суроо: Бишкекте жашап, иштеп жатышкан мугалимдер Бишкектен эле алышы керекпи? Балким, арзаныраак Кант же шаарга чукул жерлерден алса болобу?

Жооп: Жок, Бишкек шаарынан эле ала алат.

Суроо: Ипотека качан бериле баштайт? Биз тизмени тапшырдык. Жообун качан алабыз?

Жооп: Азыр бул тууралуу айтуу кыйын. Жакынкы эки жума тизмелер толук такталып, аякташы керек. Бул тизме республика боюнча чогултулуп жаткандыктан, убакыт керек болуп жатат. Бир ай ичинде бардык каалоочу жарандар сунуштарын айта алышат. Андан соң Өкмөт бул сунуштарды карап чыгат да, алымча-кошумчаларды кийирет.

Мындан тышкары, МИКтин жана Билим берүү жана илим министрлигинин сайттарында бул тууралуу кеңири маалыматтар жарыяланып, улам жаңыланып турат. Каалоочулар ошол сайттардан дагы кошумча маалыматтар менен тааныша алышат.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*