Рысбек ЭШМАТОВ АЙТМАТОВДУН АДАБИЙ ТҮШТӨРҮНӨН

Чейрек кылымдык эмгек

 Редакциядан: Жакында адабиятчы Рысбек Эшматовдун “Адабий түштөрдүн көркөм табияты (ХХ кылымдын 50-80-жылдары)” аттуу китеби жарык көрдү. Чейрек кылымга жакын изденип, философия, психология, адабият таануу жаатындагы З.Фрейд, К.Юнг, Э.Фромм, Х.Борхес, М.Бахтин, К.Леви-Строс, С.Аверинцев сыяктуу ири окумуштуулардын бул темага тиешеси бар эмгектерин казып окуган, далай томдорду кымбатына карабай сатып алып, дайыма ала жүрүп тереӊ түшүнүүгө умтулуп келген автордун мээнети колуна тийиптир. Чыӊгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев, О.Айтымбетов, М.Апышевдей кыргыз жазуучуларынын чыгармаларындагы адабий түштөрдүн ордун, аткарган кызматын Р.Эшматов ар тараптан иликтеп, эстетикалык табиятын илимий негизде талдап чыгыптыр.

Кыргыз адабиятында изилдөөчүлөр буга чейин адабий түштөргө башка багыттагы эмгектеринде учкай гана кайрылып келген эле, эми атайын ушул темага арналган алгачкы эмгек жаралып отурат. Бул китеп филологдорго эле эмес, көркөм чыгармаларды жетик түшүнүп кабылдоону каалаган жалпы окурман журтуна да кызыктуу болот деп ишенем. Эмесе, залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун чыгармаларындагы түштөр боюнча бир-эки келкини окуп коюӊуздар. Китепти “Нуска” китеп дүкөнүнөн же автордун өзүнөн сатып алсаӊыздар болот.

… Ч. Айтматовдун «Деӊиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» повесть-притчасындагы Орган карыянын деӊиз мейкининде жүрүп жан адамга айтпаган жан сырдашы – Айым-Балык жөнүндөгү кумарлуу түшүн эстеп эӊсөөсү – анын туулганда эле каны менен кошо берилген, эл арасына сиӊип кетип айтылган Айым-Балык жөнүндөгү аӊыз-аӊгемени эстутумуна кайрадан түшүрүшүнө көмөкчү болот. Анткени Аткычх абышканын кайталанып келүүчү ошол түштөрүндө – кыялдуу, образдуу түш дүйнөсүндө Айым-Балык жөнүндөгү сюжеттик мотив – мифологиялык модель чөгүп жатат. Архетиптик мүнөздөгү ошол онейростук ассоциативдүү мотив аркылуу этиологиялык маӊыздагы мифологиялык көөнө сюжетти да, кыял-фантазиялуу келген психологиялуу көркөм түштөрдөгү көрүнүш-образдарды да акырында жана башында Орган карыя өзү турган айбаттуу мухиттеги аргасыз таканчыгы – кайыктагы төрт адамдын амалсыз тагдырларын баяндаган жомоктук “реалдуу” сюжетти да автор түш аркылуу бир түйүнгө байлап, ошол үч бирдиктүү сюжеттик элементтерди адабий түш аркылуу бири-бирине чынжырлаштырып, айкалыштырып, байланыштырып отуруп токуп, чыгарманын көп маанилүү идеялык-эстетикалык жагдайынан кабар берип турган көп катмарлуу дүйнөсүн – композициялык конструкциясын жараткан. Бул өз кезегинде чыгарманын баяндоосуна полифониялуу ыргак тартуулайт. …

«…Ала-Дөбөттөгү» сүрөттөлгөн мезгилдин бир учу (болочокко) бизге, биздин күндөргө багытталып турса, бир учу (артка кайрылып) алмуздак доорлордогу алгачкы башталмалардан болгон көөнө мезгилдерди чапчып турат (чын-чынына келгенде, төрт адамдын кайыктагы тагдырларын баяндаган жомоктук сюжетте сүрөттөлгөн мезгил – тумандуу мейкиндик –учу-кыйыры жок чалкыган эле мухит, чексиздик (абсолюттуулук) чыгармадагы көркөм көрсөтүлгөн мезгил-мейкиндүүлүк координаттары башка нерселердин эсебинен байып-кеӊейет). Кылымдар кыйырларын камтып өткөн мындай кеӊ-кесири туюнтулган мезгил-мейкиндүүлүк образдарына автор мифо-онейростук, онейро-мифологиялык, онейро-«реалдуулук» (жомоктук) сюжеттик элементтердин бири-бирине утурлай жылган ушундай укмуш байланыш-катыштары аркылуу ээ болуп жатат. …

«…Ала-Дөбөт» жомогунда адам айдыӊ деӊизде жүрүп, жүгүрүк ой-кыял дүйнөсү менен Жаратканга теӊтайлашып, өзүн Деӊиз менен Теӊирдин туушканындай сезип кеткен аларга теӊата абалын жазуучу автордук баяндоо аркылуу мындайча көркөм туюнткан: «Кыйырсыз кудурет менен бетме-бет отурганда калтылдак кайык үстүндөгү адам дараметсиз бир бечара экенин Орган жакшы билет. Бирок адамдын ою бар да, ал ошонусу менен улуу, ою менен Деӊиз-Теӊир ортосундагы эки танапка жетип турат, табийгаттын түбөлүктүү кыйырына ою менен жетип, ою менен ааламдын тереӊине да, бийлигине да тутумдаш. Ошол себептүү адам руху деӊиздей тереӊ, көк теӊирдей түпсүз, анткени анын акыл-оюна чек жок. Бирок адам өлсө, кийинки адам андан илгерирээк ой жүгүртөт, андан кийинкиси дагы илгерирээк, ошентип түбөлүккө кете бермек… Ушул кыйын акыйкат гана абышканын сыздаган жанын жай алдырат». …

“… Ала-Дөбөт» жомогунда Орган карыянын да өз турмушуна байланышкан аяндуу түшү аркылуу алдыдагы тагдырын (келер чакты) көзү ачыктык менен көрө билүүсү тегин жеринен эмес. Өзүнүн өнөгөлүүөмүр-тажрыйбасында өзүн-өзү ичкериден курчутуп, бүлөп, жетилтип отуруп, ушунча бийик деӊгээлге чейин көтөрөөркүндөтүп келген өзгөчө жан – табиятынан башкача жаралган адам: каармандын бул жагдайын философ-адабиятчы К. Ибраимовдун сөзү менен айтканыбызда, ошол көрүнүшү менен Орган карыя калктын жалаӊ гана ошол туштагы табигый жана социалдык жашоо жагдайын туюнтуп турган адаттагы эмпириялык мүнөздөгү жалаӊкат каармандан эмес. Ал, чын-чынына келгенде, өзүнүн түпкү чыгыш теги, үлкөн өмүр-тажрыйбасы менен Ала-Дөбөт аймагындагы деӊиз кезип, деӊиз карап жашаган Айым-Балык уруусунун уӊгулуу тарыхын жана санжыргалуу салт-санаасын үзбөй улаган универсал кейипкер. …”

… адабий түштө бир эле мезгилде бир нече хронотоптук көрүнүш-белгилердин агымы ширелишкен абалда өтөт. Көркөм түштөрдөгү ошондой кызыктуу жагдайларды Ч. Айтматовдун чыгармаларынан кездештиребиз. “Кылым карытар бир күндөгү” Эдигей тушуккан психологиялык жагдай – Зарипаны кыйып кете албай …, жиндеп кеткен Каранарды айласыз издеп чыккан Эдигей Коспандын үйүнө келип, анын төрүндө конок боло отуруп, Эрлепестин мукамдуу ыр-күүлөрүн эшитип жатып, жаралуу жүрөгү ашыглык уусуна ого бетер малынып, ого бетер күчөп, сыздап ооруп чыккандан кийин, жатар алдында ойлору такаат бербей, уйку-соонун ортосунда калып кыйналган кызыктай психологиялык абалынан чыккан “уйку-соолуу түшү” аркылуу психологиялык мезгил-мейкиндиктердин ошондой көрүнүштөрү көркөм туюнтулуп-сүрөттөлөт. …

Ал эми Эдигейдин түшүндөгү субъективдүү мезгил-мейкиндиктер бир топ ар кыл жана ар түрдүү, өзгөчөлүү. Ошону менен бирге метаморфозаларга да бай – башында (Сары-Өзөктө, Коспандын үйүндө) уйку-соонун ортосунда жаткан Эдигей бир маалда эле караса, Арал деӊизинде жүрөт (бул – түштөгү субъективдүү биринчи мейкиндик), анан бала күнүндөгүдөй болуп деӊизге боюн урат (бул – ошол эле мейкиндик, бирок мезгилдик жактан Эдигей бала күнүнө түшүп калып жатат). Акчардак болуп кайкып учуп (Эдигей алды менен балага, андан кийин акчардакка айланды), толкундуу деӊиз үстүндөгү ээндикте каалгып, кубанып жүрөт (мына ушул аба мейкининде каалгып-илинип турган жери – түштөгү экинчи субъективдүү мейкиндик). Эрлепестин ыр-күүсү кулагына үзүлбөй жаӊырат, Раймалы аганын бактысыз сүйүүсүн даӊазалаган ыр-күү жаӊырат (түштөгү кулакка угулган үн, добуш – ассоциативдүү образ, алынган үн – маалымат кейипкердин күндүзгү жашоосунан, азыркы абалынан алынып жатат: үндөр көбүнчө көрүнгүс мезгил-мейкиндиктерден кабар берип, туюнтуп турат. Үн, символдук жактан чечмеленгенде, мезгилдердин байланышын билдирет). Анан Эдигей негедир алтын мекрени коё берип жатат (жээк – мейкиндик; символдук жактан чечмелегенде, аяндуу түш – Эдигей Зарипадан айрыларын – сүйгөн адамын алтын мекре сындуу каалаган эркиндигине коё берерин түшүндө Эдигейдин бейаӊ дүйнөсү биринчи билип жатат) – салмактуу солкулдаган алтын мекрени деӊизди көздөй алып барат (демек, кургак мейкиндиктен тайыз жээк аркылуу чалкыган деӊизди көздөй – бир мейкиндиктен экинчи бир мейкиндикти көздөй өткөзүп жатат). …

АКИМДИН ДАГЫ БИР ЖЕӉИШИ

 Эки жыл мурда “Ак Илбирс” киносыйлыгынын негиздөөчүлөрү жарыялаган кыргыз киносу жөнүндөгү талдоо макалалардын “Ракурс” конкурсунда баш байгени «Кутбилим» гезитине чыккан эссеси менен жеӊип алган Аким Кожоев ушул күндөрү дагы бир бийиктиккө көтөрүлдү. «Калемгер» адабий клубунун «Жаӊы ысымдар, жаӊы мүмкүнчүлүктөр» аттуу аӊгемелер сынагынын соӊку айлампасынын жыйынтыгында калыстардын тандоосуна ылайык Аким «Хоспистин тургундары» аӊгемеси менен биринчи орунду жеӊип алды.

Конкурс Кылычбек Исамамбетовдун демилгеси менен өтүп жатат. Бул жарыштын өзгөчөлүгү – эч кайда жарыялана элек, демек, жаӊы аӊгемелер аталган адабий клубдун ФБ барагына автору көрсөтүлбөй жарыяланат. Экинчи орунга татыктуусу окурмандардын добуш берүүсү менен тандалат. Мисалы, бул ирет көпчүлүк добушка Низамидин Мурзаев ээ болду.

2014-жылы жердешим Акимди жеӊиши менен куттуктап жазганымдан бир келкини бир аз толуктап кайра чыгарып коюуну туура таптым:

«Аким Кожоевди студент кезинен бери жакындан тааныйм. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн соӊ, туулган жерине – Жерге-Талга барып, кыргыз тили мугалими болуп иштеген, алыскы тоолуу айылда мектеп ачкан. Кошуна республикадагы кыргыз мектептер үчүн Тажикстандын тарыхы боюнча окуу китепти которгон (тилекке каршы, Душанбедегилер чыгарышкан жок). 90-жылдарда жарандык согуштун азап-тозогун баштан кечирген качкындар жөнүндө 2000-жылы жарык көргөн “Война и мир глазами беженцев” аттуу жыйнактын негизги автору, “Ажыдаар” деген китебин чыгарган. Былтыр “Жаӊы Ала-Тоо” журналында “Күзгү” аӊгемеси жана «Өлүм» повести жарык көргөн. Улуу акын Алыкул Осмонов, Соӊ-Көл чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаева жөнүндөгү мыкты эсселеринен, улут аралык мамилелер, чет жактагы кыргыздардын социалдык-маданий абалы, келечек тагдыры тууралуу публицистикалык макалаларынан тышкары, Акимдин кыргыз жана орус тилдериндеги азырынча эч каякта жарыялана элек көркөм чыгармалары да бар.

Аким Кожоевдин аӊгеме, повесттеринин негизинде жакынкы жылдарда кино тасмалар тартылып, эл аралык адабий жана кинематографиялык конкурстардын да жеӊүүчүсү болуп, кеӊири таанылып кетсе, мен эч таӊ калбас элем, анткени анын чыгармачыл дареметин, талантын билем, дайыма изденип, көп окуп, дүйнөлүк классиктердин тажрыйбасын тынбай үйрөнүп жатканын көрүп жүрөм».

Аким үмүттү актап, чыгармачылыкта жаӊы ийгиликтерге жетише баштады. Бош убактысында котормо менен алектенет, мисалы, «Дүйнөлүк көркөм маданият» аттуу абдан мазмундуу китепти кыргызчага мени менен чогуу которушту.

Ырас, бул аӊгеме («Кутбилимдин» сайтына да жарыялайбыз) А.Кожоевдин эӊ мыкты аӊгемеси эмес – ушул конкурстун талабына көлөмү сыйбаган, ошондой эле мурда жарык көргөн мындан алда канча жакшы иштелген новеллалары бар. Акимдин чыгармачылыгын өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз алдыда. Орус тилиндеги повесттери, аӊгемелери эл аралык конкурстарга жибериле элек, бирок чоӊ жарышка түшсө, байгелүү болоруна көзүм жетип турат.

Жолдош ТУРДУБАЕВ,  адабиятчы.

• Книжная полка

ДИАЛОГ ПИСАТЕЛЯ И ФИЛОСОФА ВО ВРЕМЕНИ

 (О философских гранях произведений  Чингиза Айтматова)

В монографии член-корреспондента НАН КР, доктора философских наук, профессора Тендика Аскарова «Поиски абсолюта – творческое кредо Чингиза Айтматова» (Б., 2010) изучаются произведения писателя при помощи диалектических принципов, категорий и положений таких как: восхождение от абстрактного к конкретному, единство и борьба противоположностей и т. д.

Роман “Когда падают горы” характеризуется исследователем как завещание великого художника слова. По мнению автора, писатель из самых простых фактов, событий в повседневной жизни, при помощи художественных средств и обобщений, создает высшие эстетические, художественные явления.

Одним из особенностей, присущих произведениям Ч. Айтматова, исследователь отмечает следующее: «Айтматов, взяв сюжетом романа обыденное, превращал его в высокое. И весь идейно-художественный стержень романа, его творческий пафос покоится на ясной диалектике единства высокого и обыденного, патетического и приземленного. Это одно из существенных черт индивидуального творческого почерка кыргызского романиста».

Близок к данному мнению высказывание Мухтара Ауэзова: «Повесть Чингиза Айтматова “Джамиля” психологична, естественна, изящна и проста. Оно приятна правдивостью душевных состояний, тонко подмеченных и сдержанно, выразительно, даже порой коротко обрисованных».

Профессор Т. Аскаров утверждает, что диалектические категории внутренного и внешного способны выражать “моменты отражения” не только социальной сферы, но и “конкретных моментов” человеческих взаимоотношений.

Надо заметить, казахский писатель Муктар Ауэзов в статье “Путь добрый”, опубликованной в 1958 году, пишет следующее: «Самое отрадное, и скажем прямо, необычное для киргизской прозы заключается у Айтматова в обрисовках людей, в показе их отношений как бы изнутри». Говоря о присущем повести “Джамиля” внешнем, М. Ауэзов пишет: «Событий в повести немного, и с героями также происходят внешне как будто не очень большие перемены. Однако, то что происходит, совершается как незаурядное, запоминается читателю, волнует его».

Как говорили древнекитайские философы: “Кто способен к удивлению – тот мудрец”. Удивление, восторг и гордость за отечественного писателя стали для студента Т. Аскарова своеобразной внутренней предпосылкой для становления его в последующем известным кыргызским философом.

  Козубай Аблазов,

с.н.с. Института философии и политико-правовых исследований НАН КР 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*