БАЛДАРГА ЗОМБУЛУКТУ БИРГЕЛЕШИП ТОКТОТОЛУ!

 Бишкек шаарындагы “Келечек” жаӊы конушунун тургундары үчүн №87 орто мектепте өткөн тренинг балдарга көрсөтүлүп жаткан зордук-зомбулукту токтотуу маселесине арналды. Ал Европалык Биримдик жана DCA Central Asia тарабынан каржыланган “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмесинин колдоосу менен ишке ашырылды. Ушул эле теманы камтыган окуулар буга чейин №46 орто мектепте өткөн. Адистердин байкоосунда, балдардын 33 пайызы зордук-зомбулукка үй-бүлөсүндө туш болсо, 17 пайызы мектептен кабылышат. Кейиштүү көйгөйгө көбүнчө ички, тышкы миграциянын агымы менен топтолгон жаӊы конуштардын тургундары кабылып жатышкандыктан, бул маселени талкуулоо үчүн мына ушул аудитория  тандалып алынган.

Жаӊыл Исанова,

“Келечек” жаӊы конушундагы №87 мектептин директору:

 — Биздин мектеп 2006-жылы ачылган. Учурда 1850 окуучу бар. Биз мектеп турмушуна байланыштуу иш алып барган ар түрдүүӨкмөттүк эмес уюмдар, Балдарды коргоо фонддору ж.б. мекеме-уюмдар менен тыгыз кызматташып келатабыз. Алардын бири “Балдарга карата зомбулукту токтотолу!” долбоорунун алкагында “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө коомдук фонду өткөрүп жаткан тренингдер. Мындай окуулар мугалимдерге, айрыкча ата-энелерге аябай керектүү. Биздин мектептин окуучуларынын басымдуу көпчүлүгүн алты жаӊы конуштун тургундары түзөт. Ата-энелердин көбү жаштар. Жаш болгондон кийин алардын турмуш шарты да оор. Көпчүлүгүнүн туруктуу жумушу жок. Мындай шартта балдарга көбүрөөк залал келип калат экен. Ар бир үй-бүлөдө алды 4-5тен бала бар. Ата-энелери сыртка иштегени кетишип, жакындарынын колунда калган балдар да арбын. Алардын үйдөгү шартына өзгөчө кылдат карайбыз. Класс жетекчилери балдардын ата-энелери, жакындары жана жаӊы конуштун көчө башчылары менен бирдикте иш алып барышат. Мен бул жерде ошол көчө башчылардын ишине өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Себеби алар өздөрүнө белгилүү болгон маалыматтарды бизден жашырбай, биргелешип чечүүгө дайыма демилге көтөрүп турушат. Бизде да үй-бүлөсүндө кыйын кырдаалга кабылган окуучулар жок эмес. Алардын бири мындан эки жыл мурда ачыкка чыккан. Апасы Россияга иштегени кеткен кызды таэжеси ырайымсыздык менен үтүккө күйгүзүп, кордогону аныкталган. Жабыр тарткан баланы “Учкундагы” кароосуз калган балдарды багуучу жайга убактылуу жайгаштырганбыз. Азыр анын апасы келип, жашоосу бир нукка түшүп калды.

Балдар ата-энеси ажырашкан учурда өзгөчө жабыр тартышат. Буга бир мисал. 6-класстын бир окуучусу мектепке көп келбей, сабак калтырып, келсе да маанайы пас жүргөнүн байкаган класс жетекчиси сураштырып отуруп, анын үй-бүлөсүндөгү кырдаал чатак экендигин билген. Апасы башкага турмушка чыгып кетип, жаӊы үй-бүлөсүнө кызын батыра алган эмес. Атасында калган кызды бирде чоӊ энеси, бирде өгөй энеси карап калган. Бирок ата-энесинин расмий никеси жок болгондуктан, кыздын фамилиясы энесиникине катталып, мыйзам боюнча атасы алууга акысы жок экен. Кыздын оюн уксак, өз энесинен көрөөгөй апасынын колуна барууну каалайт. Натыйжада аны атасы документтерин алгыча балдарды багуучу жайга жайгаштырдык.

“Ооруну жашырсаӊ, өлүм ашкерелейт” демекчи, биз канчалык кыйын болсо да, оор кырдаалдарды жашырбай, тескерисинче, аны оӊ жагына биргелешип чечип алууга аракеттенишибиз керек. Ал үчүн мугалимдер, ата-энелер жана коомчулук баланын турмушуна кайдигер болбой, активдүү аралашып иштегени туура деп ойлойм.

Чынара Термечикова,

“Данакер” коомдук фондунун жетекчиси, психолог:

 — Бул тренингдер “Балдарга карата зомбулукту токтотолу!” деп аталган долбоордун алкагында “Балдарды коргоо борборунун” колдоосу менен өткөрүлүп жатат. Бишкектеги №46 мектептеги тренингдерди кошкондо жалпысынан 16 тренинг өткөрдүк. Мында негизинен төрт тема камтылды. Биринчиси: “Ата-эненин позитивдүү жүрүм-туруму – ата-эненин жеке үлгүсү” деп аталып, мында зомбулуксуз жүрүм-турумдун модулу талкууланды. Экинчиси: “Күчтүү ата-эне – күчтүү бала” деп аталат. Аталышы айтып тургандай эле, ата-энеси күчтүү болсо, баласынын күчтүү болушуна шарт түзөт. Балдарга күчтүү дем бере албаган, багыт бере албаган ата-энелер алсыз, себеби, күчтүү ата-эне гана балдарына багыт бере алат. Балага кечке эле куру акыл насаат айта бербей, өзүүлгүлүү болуп, мамиле курганды үйрөнүшү керек. Анан гана акыл-кеӊештерин айта алат. Үчүнчүсү: “Жаӊжалдуу үй-бүлөдөгү баланын акыбалы”. Мында катышуучулар үй-бүлө деген эмне, зомбулук деген эмне деген темада баарлашып, анын: баланын дене боюна залака келтирүү, моралдык-психологиялык зордук-зомбулук, сексуалдык зордук-зомбулук жана балага карата кайдигер мамиле деген төрт түрү менен таанышты. Кээ бир ата-эне балага какыс-кукус кылып койсо болот деген туура эмес ойдо жүрүшкөнүн айтышты. Анан төртүнчүсү: «Баладагы зордук-зомбулуксуз жүрүм-турумду калыптандырууда ата-эненин, мектептин ролу” деп аталды. Мында катышкан ата-энелер мектепте кандай зордук-зомбулук болушу мүмкүн экендигин, мугалимдер аны кантип байкашы керек, бала үйгө келгенде маанайы кандай болот деген сыяктуу жагдайларды талкуулашты. Бул жерде айтылгандай, ушундай жагдайларды байкаш үчүн баланын ата-энеси, мугалимдер өтө кыраакы болушу керек.

Ата-энелер өз көйгөйлөрүн ортого салышып, бизден кеп-кеӊеш сураган учурлары да болду. Алар аягында атайын калышып, үйүндөгү кай бир кырдаалдар менен бөлүшүштү. Ушундан улам балдар эле эмес, ата-энелер да психологдун кеӊешине өтө муктаж экендигине ынандым. Тренингдин жүрүшүндө дагы бир байкаганым: ата-энелердин учурдагы жалпы маселеси – балдардын компьютерге, уюлдук телефонго көз карандылыгы, өспүрүм курактагы балдардын үйүнөн качышы. Адистер белгилешкендей, ата-эне баланы жаш курагына жараша муктаждыктарын канааттандырып турушу керек. Айрыкча өспүрүм курактагы балдардын сексуалдык энергиясы күчөп жаткан учурунда аларды спорт оюндарына тартуу сунушталат. Бул учурдун кризиси – баланын “мен чоӊ кишимин” деген көз карашын колдоп, ага чоӊ кишидей мамиле кылуу туура деп эсептелет.

Айдай  Монуева,

мектептин социалдык педагогу:

 — Иштегениме аз эле убакыт болду. Жаш адис катары айтаарым, ушундай тренингдер аябай пайдалуу. Ата-энелер да түрдүү темаларды камтыган окууларга муктаж экендиктерин айтышууда. Алардын пикиринче, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу дайыма эле керектүү маалыматтарды окуп-үйрөнө алышпайт. Балдар менен иштөө бир чети аябай кызыктуу, бир чети аябай жооптуу. Биз, мугалимдер, балдардын жүрүм-турумуна өтө кылдат көӊүл бурушубуз керек. Ата-энелер деле балдары сыяктуу ар түрдүү. Көбү жаш ата-энелер. Алыскы аймактарга салыштырмалуу шаар ичиндеги мектеп болгону менен шаар ичиндеги башка мектептерде окушкан балдардан айырмаланып турушат. Биздин балдар аябай активдүү. Ыр жазган таланттуу балдар аябай көп. Ырдагандар андан көп. Ар түрдүү иш-чараларды уюштурууда сценарийлерин өздөрү түзүшүп, жаӊы нерселерди үйрөнүүгө умтулуп турушат.

Тренинг учурунда ата-энелер менен кантип иштөө керек, балдарга мамилени кантип түзүү керек деген кырдаалдарды талдап, өзүм үчүн көп жаӊы нерселерди үйрөндүм.

Айзада Осмоналиева,

27 жашта:

 — Бул мектеп менен биздин үй-бүлөнүн байланышы аябай жакшы. Бир тууган иним 1-класста окугандан баштап ата-энелердин жыйналыштарына келип жүрчүмүн. Быйыл ал 10-класста окуп жатат. Ушул арада бизде мектептин жетекчилиги, мугалимдери менен тыгыз мамиле түзүлдү. Кандайдыр бир маселе жаралса, тартынбай келип айтабыз. Себеби, ата-энелер менен мугалимдердин ортосунда жакшы мамиле калыптанган.

Учурда менин кызым менен сиӊдимдин кызы окуйт. Ата-эне катары тренингге катышканымдын мен үчүн пайдасы чоӊ болду. Балабыздын жан дүйнөсүн, сезимдерин аӊдап сезбейт турбайбызды деп ойлоп калдым. Мектептин, мугалимдердин таасири баланын келечегине чоӊ таасир этет экен. Мен окуган мектеп, андагы мугалимдердин мага жасаган мамилесинен улам, мектепти эртерээк эле аяктап кеткенге шашкам. Бул мектептеги абалды көрүп, өкүнүп калам. Эгерде ушул мектептин мугалимдериндей мугалимдерге туш болсом мектепти толук аяктап, бир кесиптин ээси болмок белем, ким билет.

Мен айрыкча мектептин завучу Майрам Зарлыкова, башталгыч класстын мугалими Айнагүл эжелерге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Алар ар бир окуучунун өзү, анын үй-бүлөсү тууралуу кеӊири маалыматта болуп, кызыгып, жакшы мамиле түзүүгө жетишкен.

Сүйүн Курманова,

“Данакер” коомдук уюмунун кызматкери:

 — Бул долбоор учурдун таалуу маселесин кармап жатат. “Балдарды коргоо борбору” демилге көтөрүп, Евросоюз эл аралык долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан бул долбоор 30 айга эсептелген. Анын максаты – Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун бардык түрүн жоюуга көмөктөшүү менен балдардын жана ички мигранттардын коомчулугунда зомбулукка каршы чыдамсыз мамилесин калыптандыруу.

Бул маселе сөзсүз түрдө жергиликтүү коомчулук, ата-эне, мугалимдер менен биргеликте жүргүзүлүшү керек. Коомдо болуп жаткан социалдык-экономикалык кыйынчылыктар, жумушсуздук, ички-тышкы миграция, аракечтик, сырткы коомдогу чыӊалуулар үй-бүлөгө кирип, аларга терс таасир тийгизип жатат. Адамдар өзүнүн бактысыздыгына башкаларды күнөөлөп, анын себебин кимдир бирөөдөн издей берет экен. Маселен, күйөөсү аялын, аялы күйөөсүн күнөөлөйт. Бактысыздыгын баласынан көргөндөр да жок эмес. Буга акыркы учурдагы өз балдарына мыкаачылык мамиле жасагандар мисал. Баланы “ашка жүк, башка жүк” сезишип, баласынын баалуулугун жоготуп бараткандай. Себебин социалдык, экономикалык кыйынчылыктардын үй-бүлө институтуна тийгизип жаткан оор кесепетинен көрүүгө болот.

Үй-бүлөлүк ажырашууларга, ата-эне ымыркайын таштап кетип жатканына миграциянын таасири чоӊ. Мындан 20-25 жыл мурда академик Турар Койчиевдин “миграциянын кыйратуучу күчү бар” деп айтканы аргасыздан эсиме түшөт.

Бүгүнкү замандаштарыбыз улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун “Кылым карыткан бир күн” романындагы каармандардын кейпин кийип жаткан жокпу? Бүгүн биз ошолор менен жолугуп жаткан жокпузбу деген кооптонуу сезими да пайда болбой койбойт. Айтканым, өткөндө бирөөнүн кол телефон менен сүйлөшкөнүнө күбө болуп калдым. Анын: “Апаӊды унуткан жоксуӊбу? Апаӊдын аты – Венера” дегенин угуп, үрөйүм учту. Көрсө көп жылдан бери Россияда иштеген Венеранын балдары таенесинин колунда тарбияланышат экен. Бала апасынын атын унутпаса да затын көрбөй жатпайбы. Ал ыйлаганда сооротпосо, бооруна кыспаса, бөлөк өстү болгону ошол да. Пластилиндей ийилчээк баланы кандай түзүп алаары ата-эненин колунда. Баланын 80 пайызы үй-бүлөдөн калыптанат. Адамдардын акыл-эсинде 90-жылдарда көргөн кыйынчылыктардын саркындысы калып калгандай. Көр-тирликтин айынан талкаланып майдаланган аӊ-сезимибизди биргелешип кайра калыбына келтиришибиз керек деп ойлойм.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*