ЭСЕЛЕК КУРАКТАГЫ ЭНЕЛЕРДИН УБАЛЫ КИМГЕ?

ЖК депутаттары жашы жете электер менен никеге туруу ырым-жырымдарын расмий органдарында каттоого чейин өткөргөн дин кызматкерлерине кылмыш жаза жоопкерчилигин карап жатышат. Жогорку Кеӊештин “Ата Мекен” фракциясы Кыргызстанда жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун колдоп,  мыйзам бузган дин кызматкерлерин беш жылга чейин эркинен ажыратуу сунушун айтууда.

Фракция мүчөсү, депутат Аида Салянова Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирүүнү демилгелеген. Анда каттоосу тууралуу күбөлүгү жок түгөйлөрдүн никесин кыйган молдолорду беш жылга чейин эркинен ажыратуу өӊдүү жоболор каралган.

Жоопкерчиликти жогорулата турган мыйзам керек

 Кыргызстанда буга чейин да ушуга окшош мазмундагы мыйзам долбоор даярдалган. Анда расмий каттоого турбай нике кыйдыргандарга административдик жаза колдонуу каралган болчу. Бирок долбоорду өткөн чакырылыштагы депутаттар колдобой коюшкан.

Акыркы 10-15 жылдар аралыгында же бир бүтүн үй-бүлө эмес, же биротоло ажырашкан үй-бүлө эмес абалда жашаган жаштар көбөйгөнүн айтып чыгышкан эл өкүлдөрү, мындай жагдай азыркы жаштардын үй-бүлөгө жоопкерчиликсиз жасаган мамилелеринин натыйжасында орун алып жатат деп белгилешет.

— Үй-бүлө институтун коргой турган мыйзам керек. Жоопкерчилигин сезбеген ата-энелер балдарын таштап жатышса, расмий каттоосу жок жаштар үчүн ажырашуу кеп да болбой калды. Маселен, христиандарда чиркөө кызматкерлери үй-бүлө тууралуу күбөлүгү жок нике жөрөлгөсүн жүргүзбөйт, — дейт ЖК депутаты Наталья Никитенко.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 18 жашка жете элек кыздардын 15 пайызы эрте турмуш курушат, анын ичинен бир пайызы 15 жашка чейинки куракта турмушка чыккандар. Евразия чөлкөмүндөгү 35 мамлекеттин арасында Кыргызстан 15-19 жашынан турмуш курган кыздардын саны боюнча бешинчи орунда турат.

Адистердин пикиринче, дин кызматкерлери кыйган нике республиканын никеге туруу боюнча минималдуу курагы жөнүндө мыйзамды бузуу жолу менен өткөрүлүп жатат. Бул нике кыюу ырым-жырымдары бойго жете элек жарандардын укугун да орой түрдө бузууда. Биринчиден, кыз бала өсүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилет, экинчиден, кыздар зомбулук курмандыгына кабылышып, өз жанын кыйган учурлары кийинки кездерде көп катталып жатканын белгилешет адистер. Кагаз жүзүндө катталбаган никенин эч кандай юридикалык таасир берүүчү күчү жок болгондуктан, мындай никеден жабыр тартып, колунда баласы менен жалгыз калган көпчүлүк аялдар ажырашкандан кийин балдарынын атасын же алимент төлөөгө, же каражат жагынан жардам берүүгө милдеттендире албайт.

Оозеки никеге туруунун жоопкерчилиги жок

 “Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси, психолог Чынара Термечикова эрте никеге турууга тыюу салуу керек деп эсептейт.

— Мыйзамдын кабыл алынышын күтүп отурбай эле эрте никеге туруунун кесепеттеринен арылуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташыбыз керек. Жаӊы бойго жетип келаткан улан-кыздарда турмуштук тажрыйба тургай, бири-бири менен мамиле курууга тажрыйбасы жок. Алар бул куракта кыялкеч, өзүнүн турмуштук багытын даана тактай элек болушат. Акыл-эси токтоо ой жүгүрткөн күндө да бул учурда үй-бүлө куруунун маани-маӊызын али аӊдап түшүнө беришпейт. Анткени өспүрүм курактын өзүнө тиешелүү кризистери болот. Ошондон чыга электе эле үй-бүлө куруунун маселелерин башына үйүп алып жатышпайбы.

Светтик мамлекет болгондон кийин сөзсүз түрдө Жарандык абалды каттоо күбөлүгү болушу керек. Оозеки никеге туруунун жоопкерчилиги жок болуп жатат. Айрыкча эркектердики. Аялы менен баланын тагдырына ким жооп берет? Иш боюнча мындай мисалдарды көп эле кездештирип жатабыз. Айрыкча эрте турмуш кургандарда ажырашуулар көп болууда. Ала качып кеткендердин да көбү ажырашат. Мага психолог катары көп кайрылышат. Бир мисал айтып берейин. Бул окуя Жалал-Абад облусундагы Аксы районунда болгон. Бир кызды кичинекей кезинен эле кудалап коюшуп, 9-классты аяктаганда өзүнөн 5-6 жаш улуу балага күйөөгө узатып жиберишкен. Экөө бири-бирин жактырышпаса да эки балалуу болгуча ата-энелеринин көөнүн кыя албай жашап келишкен. Кийин турмуш шартка байланыштуу күйөөсү Россияга иштеп кетип, ал жактан башкага үйлөнүп алат. Кайненелери келинин кетирбей колунда алып калышат, анткени, аларды, балдарды багышы керек. Өз эрки менен үйүнө кетип калайын десе, ата-энелери да келбе дешет. Күйөөсүнүн кеткенине жети жыл болуптур. Күйөөсү анда-мында телефон чалып, балдарынын ал-акыбалын сурамыш болот, тигил тууралуу сурап да койбойт. Кайда барат? Же кесиби жок. Ата-энесине бара албайт, башка үйү жок. Өзү арабөк жашаган келин балдарына деле мээрим төгө албайт. Азыр ал келин 30 жашка чыгып калыптыр. Жаш туруп жашоого көӊүлү жок. Биринчи баласын 17 жашында эле төрөгөн. Балдары бой жетип, өспүрүм куракка келишти. Аларга кандай тарбия бере алам, өзүм бактысыз болсом деп, зар какшап ыйласа, жанына киши тура албайт. Андыктан мыйзамдан мурда да ар бир адам өзүнүн турмушуна, келечегине, болочок балдарына алдын-ала кам көрүп, турмуш куруу сыяктуу өтө жооптуу милдетти мойнуна алуунун алдында “жети ойлонуп, бир кескени” туура, — дейт психолог Чынара Термечикова.

Бойго жете элек кыздарды сыртка чыгарууга тыюу салалы

 Ушундай эле пикирин “Умай Эне-Кут Ордо” коомдук фондунун төрайымы Салима Жороева айтат. Анын пикиринче, жаш курагы жете элек улан болобу, кыз болобу, алардын никеге туруусунун өзү эле туура эмес көрүнүш.

— Эрте никеге турууга мыйзам чегинде тыюу салып, жоопкерчиликти жогорку деӊгээлге көтөрбөсөк, кыздарыбыздын келечеги коркунучта калаары бышык. Керек болсо, бойго жете элек кыздарды никеге турууга эле эмес, үйүнөн алыс чыгарууга тыюу салуу керек. Мисалы, Өзбекстанда 18 жашка чыкпаган кыздар талаага чыга албайт. Бизде болсо чет өлкөлөргө иштегенге кетип жатышат. Жанында жакындары да жок. Ал байкуш кыздар ар кандай тагдырга дуушар болушуп, арабөк калышууда. Кыз бала – улуттун, мамлекеттин келечеги, кыз бала эртеӊки эне. Ата-бабаларыбыздын салтын эске салалычы. “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген сонун кеп бар. Эмне үчүн бүгүнкү күндө кыздардын тагдыры талкаланып жатат? Анткени аларга үйүндөгү ата-энелеринен баштап, баары-баары кош көӊүл мамиле жасашууда. Кандай ата-эне секелек кызын алыска жиберип, ушул кызым мага акча салат деп тынч үйүндө жата алат? Ал кызы акчаны кантип, кандай жол менен таап жатканы кызык эмеспи? бир жыл ичинде эле Москвада иштеп жүргөн кыргыз кыздары төрөп таштап кеткен балдардын саны канча болуп жатканын сыналгыдан көрүп, үналгыдан угуп жаткан чыгарсыздар. Бул маселе депутаттарды же болбосо бизге окшогон коомдук уюмдарды эле ойлондурбай, биринчи кезекте ошол кыз-баланын ата-энесин, жакындарын ойлондурушу керек. Анан албетте, келечек жаштарыбыздын эртеӊкисине мамлекет кам көрүшү зарыл. Анткени кыздардын жана жалпы эле жаштарыбыздын бүгүнкү абалынан бүтүндөй бир улуттун келечеги көз каранды болуп жатпайбы, — дейт Салима Жороева.

Кыргызстан минималдуу нике курагын сактоо боюнча эл аралык Конвенциянын катышуучусу болуп эсептелет. Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча БУУ Комитетинин төртүнчү мезгилдик докладында Кыргызстанда тамырланып алган патриархалдык көз караштар жана эрте никеге туруу стереотиптери сакталып калганы көрсөтүлгөн.     БУУнун Комитети жашы жете электердин никеге туруу практикасын жоюу үчүн ушундай никелердин криминалдык мааниси боюнча мамлекеттик билим берүү программаларын кеӊейтүүнү жана Жарандык абалды каттоо кызматтарынын каттоосу болбогон никенин диний ырым-жырымдарын өткөрүүгө тыюу салууну тездетүү боюнча Кыргызстанга сунуш берген.

Коомдо кеӊири талкууланып жаткан бул  көйгөйлүү маселе албетте, кечээ жакында эле чыга калган жок жана бул тема чоӊ идеологиялык иштерди жүргүзүүнү талап кылат. Мыйзам кабыл алынган күндө да анын иштөө механизми тирүү болуш керек. Көпчүлүк замандаштарыбыз белгилешкендей,  мыйзам кабыл алынышы керек жана үч жыл болобу, беш жыл болобу, мыйзам бузгандарды сөзсүз жазага тартуу зарыл. Дин кызматкерлери деле мындай мыйзамга баш ийишет. Бирок маселе ошол мыйзамды ишке ашыруу механизминде.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*