КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ ИЛИМИЙ ЭЛЕКТЕН ӨТТҮ

Кыргызстанда биринчи жолу мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмунун жасаган иштери илимий иликтөөгө алынып, диссертациялык иш корголду. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директору Сабийра Челпакова 20 жылдык топтогон тажрыйбасын илимий тилге салып, «Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү — инсандын калыптандыруунун бир багыты» аттуу темадагы педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациялык изилдөөсүн  окумуштуулар чөйрөсү жаӊылык катары кабыл алды. Анткени мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын басып өткөн жолдору, өзгөчөлүктөрү, этаптары биринчи жолу изилденип,  тартипке келтирилип, илимий өӊүттө мүнөздөмө берилди. Иликтөө ушунусу менен баалуу экенин да окумуштуулар айтып чыгышты. Изилдөөнүн илимий жаӊылыгы жана теориялык мааниси, анын максаты, ыкмалары тууралуу  Сабийра Челпаковадан сурадык. Ошондой эле иликтөө тууралуу ойлорун Диссертациялык кеӊештин төрагасы, п.и.д. Абакир Мамытов менен изденүүчүнүн жетекчиси, п.и.д. Нурбүбү Асипова ортого салышты.

– Сабийра Мусилимовна, сиздин илимий ишиӊиздин жаӊычылдыгы эмнеде?

– Мектепте, мектепке чейин жана жогорку билим берүү дайыма мамлекеттин көӊүлүндө турат. Ал эми мектептен тышкаркы билим берүү эмнегедир көӊүлдүн сыртында калып келатат.  Андыктан Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун мисалында мектептен тышкаркы кошумча билим берүү маселесин иликтөөгө алдык. «Жети атаӊды билесиӊби?» дегендей эле, мектептен тышкаркы билим берүүнүн басып өткөн жолдоруна саресеп салдык.  Менин илимий ишимде өлкөдөгү кошумча билим берүүчү мекемелердин калыптанышынын тарыхый жана маданий өбөлгөлөрү, өсүп-өнүгүү этаптары аныкталды; азыркы учурдагы маӊызы жана өзгөчөлүктөрү, милдеттери ачылды; Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун гармониялуу инсанды калыптандыруу боюнча социалдык жана педагогикалык тажрыйбасы жалпылаштырылды; билим берүү жана тарбиялоо иштеринин натыйжалуулугун арттыруунун педагогикалык шарттары, мазмуну, формалары жана ыкмалары иштелип чыкты; мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү мекемелерде иштеген адистердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу жолдору аныкталды.

– Сабийра Мусилимовна, ар бир мезгилде, доордо мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын абалы азыркыдай беле же ага башка өӊүттө мамиле кылынчубу?

– Совет доорунда мектептен тышкаркы билим берүү тыкан иштелген методикалык жетекчиликтин алдында жүргүзүлгөн. СССР Агартуу министрлигинин жактыруусу  менен ар кандай ийримдер үчүн ар тармактагы илим адистеринин 200 ашык программалары иштелип чыккан. Дайыма ийрим жетекчилерине методикалык иштелмелер жарыяланып турчу. Балдар менен иштегенге илимий кызматкерлерден, жождордун окутуучуларынан, чыгармачыл жана техникалык интеллигенциянын өкүлдөрүнөн сырткары студенттер дагы чакырылчу.

Илимий иликтөөдө архивдик документтердин негизинде  Балдар жана өспүрүмдөр Улуттук «Сейтек»  борборунун мектептен тышкаркы билим берүүнү уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы  жана алардын өзүн-өзү ачып көрсөтө алган инсанды калыптандыруудагы ролу ачылып берилди. Илимий иште алты этап каралат.

1-этап: 1936-1940-жылдары — уюмдун жаралышы. Ушул мезгилден тартып мектептен тышкаркы билим берүүнүн отчету башталат. 1936-жылы Краснооктябрь (азыркы Тыныстанов) жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде (азыркы Улуттук китепкана) Кыргызстан обком комсомолунун чечими менен биринчи Пионер үйү ачылган. Анткени 1924-25-жылдары пионер отряддары уюшулуп, аны жетектөөүчүн пионер уюмдарын түзүү керек болгон. Пионер үйүүч бөлмөлүү имараттан туруп, анда сегиз гана адам иштеген. Бирок ар кандай чоӊ иш-чаралар өтүлүп, имараттар болгонуна байланыштуу 1937-жылы көпөс Ф.Терентьевдин заӊгыраган тамы (особняк)  Пионер үйүнө берилет. Анда жалаӊ балдар үчүн ылайыкталган эс алуучу аянтча, зоопарк ж.б. бар эле. Совет бийлиги окуучулар сабактан тышкаркы бош убактысын бекер кетирбөө максатында аларды коомдук иштерге активдүү катышуу үчүн бардык иш-аракеттерди көрүп келген. Ошентип, 1939-жылы Мичурин көчөсүндө Пионер сарайы курула баштайт. 1937-жылы  мектептен тышкаркы мекемелердин саны 32 болчу.

2-этап: 1941-45-жылдары — Улуу Атамекендик согуштагы иш-аракеттер.  Согуш башталып калып, Пионер үйүнүн курулушу токтоп калат. Ушул жылдары  балдар макулатура, темир-тесек чогултуп, Тимур отряддары уюштурулат.

3-этап: 1945-60-жылдары — өнүгүү процесси. 1949-жылы токтоп турган Пионер үйүнүн имараты кайрадан курула баштайт. Кыргыз Республикасынын 50 жылдыгына карата айыл чарба көргөзмөсүн уюштуруу үчүн атайын имарат жок болгонуна байланыштуу Пионер үйүндө бул иш-чараны өткөрүү милдеттендирилет. Көргөзмөгө алынып келинген сүрөттөр, техника  ж.б. продукциялар Пионер үйүнө белекке берилсин деген чечим чыгарылган. 1952-жылы шаардык аткаруу комитетинин төрагасы М.Койбагаров менен ошол кездеги маданият министри К.Кондучалова Пионер сарайын салтанаттуу ачышат. Имарат тарыхый, маданий жана архитектуралык эстеликке кирет. Бул сарай балдар үчүн гана курулганын баса белгилегим келет  (учурда бул имарат жалаӊ гана ижарага берилип калган. Ал эми мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери болсо жер төлөдө ж.б. жайларда ижара төлөп жашап келишет). 1957-жылы мектептен тышкаркы билим берүү уюмунун саны токсон алтыга жетсе, 1960-жылы 103 жетет.

4-этап: 1961-86-жылдары — гүлдөп турган мезгил. 1970-80-жылдары мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын гүлдөп турган чагы. Анткени ар бир райондо, шаарда, облуста Пионер сарайлары жана үйлөрү, Жаш техниктер жана Экологиялык станциялар ж.б.у.с. ачылып, 1972-жылы мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын саны 150 жетет. Ошол кезде мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин иши абдан маанилүү экенине басым жасалган. Ал эми 1980-жылдын аягы 1990-жылдын башынан баштап кайрадан анын саны төмөндөйт.

5-этап: 1987-1992-жылдары — кризис, мекемелердин саны азаят.

Союз кулап, бир кездеги пионер, комсомол уюмдары жоголуп, балдарга тиешелүү имараттар менчиктештирилип, коммерцияланышып, буга байланыштуу эӊ мыкты педагогдор башка өлкөлөргө чыгып кетишет. Республикадагы 150 мектептен тышкаркы мекемелерден жүз отуз үчүн сактап калып, ошол эле кезде анын ишин стабилдештирип кармап турууга жетиштик. 133 уюмдун ичинен алтоо республикалык деӊгээлдеги борборлор: 80 жылдык тарыхы бар Пионер сарайы (азыркы «Сейтек» борбору), Республикалык балдардын инженер-техникалык «Алтын түйүн» академиясы (быйыл 55 толот), Республикалык эстетикалык-методикалык «Балажан» борбору (быйыл 30 жылдыгын белгилейт), Экология, туризм борбору, мындан сырткары эки спорт борборлору бар. Баса, Пионер сарайынын бир топ бөлүмдөрүөзүнчө бөлүнүп, борбор болуп уюштурулган. Мисалы,  «Балажан» республикалык эстетикалык-методикалык борборунун биринчи директору Динара Чочунбаева бекитилген. Анткени ошол кездеги шаардык партиялык комитеттин секретары Роза Отунбаеванын демилгеси менен Д.Чочунбаева Грузия, Армения, Азербайжан өлкөлөрүнө барып, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин өнүгүп-өсүшү менен таанышып, тажрыйба топтоп келген. Ошол сапардан  кийин Пионер сарайынын сүрөт бөлүмүн өзүнчө “Балажан” эстетикалык борбору кылып ачышкан. Ошентип, 1986-жылдан тарта пионер уюмдары Балдардын чыгармачылык борборлоруна айланып, аны балдардын Артек лагеринде атайын  даярдалып келген адистер иштете баштайт. Мисалы, мен Артектен келгенден кийин балдар борборлорунда үч жыл методист, уюштуруучу жана тимур штабын жетектеп келдим.

6-этап: 1993-жылдан азыркы мезгилге чейин — кризистен чыгуу жана стабилдүү кармап туруу мезгили. Кризиске моюн бербеген айрым мекемелер ишин уланта беришти, энтузиаст педагогдор балдар үчүн эмгектенип, бардык күч-аракеттерин ушул убакка чейин берип келатышат.

2003-жылдан тарта мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары кошумча билим бере башташты. Бул «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдын 18-беренесинде жазылган. Андыктан кошумча билим берүү кызматы бир эле балдарга эмес, чоӊдорго да кызмат көрсөтө баштады. Мисалы, «Сейтек» борборундагы ушу секциясына 150 адам, т.а. 25 жаштан 75 жашка чейинкилер катышат.

– Мектепте деле кошумча билим берилип жатпайбы?

– Туура, бирок мектеп баланын чыгармачыл дареметин толук кандуу өнүктүрө албайт. Ал жерде кошумча билим берүү факультатив катары берилет. Анан дагы мектеп мамлекеттик стандарттан, чектен чыга албайт. Ал эми бизде бала өзү каалаган топко, ийримге кире алат, аны эч ким мажбурлабайт, т.а. эркин тандоого жол ачык. Биз мектепке карама каршы турбайбыз, болгону баланын ар тараптуу өнүгүшүнө, инсан болуп калыптанышына кам көрөбүз. Маселен, бала борборго келгенде кандай деӊгээлде келген, ортодо эмнени үйрөндү, жыйынтыгында эмнеге жетишти деген иликтөөнү алдык. Көрсө, «Сейтектин» бүтүрүүчүлөрүнүн 74% келечекте ийгиликке жетишиптир. Биздин балдар терс тенденциялардан алыс болушат: рэкетчиликке, баӊгиликке, сойкулукка жол беришпейт, анткени бул балдар борбордо бир эле бий же ырды үйрөнүшпөстөн кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын сыйлаганга, таалим-тарбиянын туу чокусун үйрөнгөнгө жетишишет. Бул нерсени биз мактануу менен айтууга акыбыз бар. «Сейтектин» балдары эл аралык фестивалдарга чыкканда Кыргызстандын намысын коргоп, алдыӊкы орундарды багынтып келатышат. Мисалы, ушу боюнча 15 алтын медаль, канча бир күмүш жана коло медалдарды жеӊип келишти. Бирок биздин дүйнөлүк чемпиондорду спортсмендердей мамлекеттик деӊгээлде кабыл алышкан жок. Дагы бир борбордун өзгөчөлүгү — балдардын туура кесип тандоосуна шарт түзөт. Ошондой эле мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында тарбияланып жаткандар коомдо өздөрүн эркин алып жүрүшөт, мектепте дагы алдыӊкы саптагы активист балдар болуп өсүшкөнүн тажрыйба көрсөтүп келатат. «Сейтекте» тарбиялангандар он жылдан кийин инструктор деген күбөлүктү алып чыгышат, кийин өздөрү топ ачып, биз менен катар эл аралык фестивалдарга катышып жатышат. Бирок биздин тарбиялануучулардын ичинде дарыгерлер, юристтер, экономисттер бар, бизден алган таалим-тарбияны хобби катары турмушунда пайдаланышат.

Кошумча мектептен тышкаркы билим берүү тармагындагы өзгөчө кызматы үчүн, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо кошкон салымы үчүн Балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык улуттук «Сейтек» борборуна 2007-жылы Кыргыз Республиксынын Президентинин Указы менен «Улуттук» деген статус ыйгарылса, 2011-жылы балдарды жана өспүрүмдөрдү маданий-эстетикалык жана руханий тарбия берүүдөгү зор салымы үчүн борбор «Даӊк» медалы менен сыйланды.

– Балдар менен иштегендердин сөзсүз педагогикалык жогорку билими болушу зарыл. Сиздерде абал кандай?

– Эӊ туура суроо. Биздин педагогдордун экиден жогорку билимдери бар: биринчиси –  өзүнүн кесиби боюнча, экинчиси — педагогикалык билим. Мындан сырткары жыл сайын биздин адистер Санкт-Петербург, Москва шаарларына барып билимдерин жогорулатып келишет. Ошондой эле борбор калаадагы И.Арабаев атындагы КМУда, БГУда, КББА билимдерин жогорулатып турушат. Баса, биздин борбордо мектепке чейинки даярдоо тобу бар. Бул жерден билим алган кичинекей бөбөктөрдүн математика боюнча билим деӊгээли 2-класстын балдарына барабар. Биз муну менен мактана алабыз.

  Абакир Мамытов,

диссертациялык кеӊештин төрагасы:

 – Орустар айткандай, өнүгүүнүн чеги жок. Жакшы жумуш экенин, бир топ маселе чечилгендигин диссертациялык кеӊеште расмий оппоненттер, жетектөөчү мекемелер белгилешти. Эгерде биз совет доорунда билим берүү системасында бир пландуу жумуш алып барып, өзгөчө проблемаларды деле сезбей каржылык, методикалык, уюштуруучулук ж.б. өӊүттө жашап келсек, эгемендүүлүккө келгенде мектептен тышкаркы уюмдардын абалы кескин төмөндөп кетти.  Булар каржыланбай өздөрү менен өздөрү болуп калышты. Ошол эле учурда рынок шартында жаӊычыл көз караш менен аракеттенип, тажрыйба топтоп, жоголуп кетпей түптөлүп, анан республикадагы бирден бир көрүнүктүү мекемелердин бирине айланды.  Изденүүчүнүн жумушунда совет доорундагы ушул мекемелердин басып өткөн жолдору, өзгөчөлүктөрү, этаптары биринчи жолу изилденип тартипке келтирилип, илимий өӊүттө мүнөздөмө берилди. Мунусу менен ал баалуу. Иликтөө алты этапка бөлүнгөн.  Жалпылап айтканда,  ар бир этаптын мазмунун, өзгөчөлүктөрүн даана көрсөтүп берди. Ошол этаптарга аналитикалык тарыхый көз караш менен кайрылсак, кайсы этапта уюмдар жакшы өнүккөн, кайсы этаптан баштап төмөндөө тенденция кеткени тууралуу системага келтирилип жазылганы – биздин жалпы педагогикага жана анын тарыхына кошулган салымдын бири. Экинчиси – рынок шартындагы иштөөнүн өзгөчөлүгү, шарттары, проблемалары боюнча  булар өздөрүнүн жон териси менен сезип, уюштуруп, ошондогу алдыӊкы тажрыйбаны тартипке, системага келтирип элге сунуштап бергени дагы өзүнчө илимий салым, илимий натыйжа деп айтсак болот.

«Сейтек» борборунун жасаган жумушу, көп кырдуулугу, өз алдынча каржы таап кеткени – бул өзүнчө табылга. Илимий иш негизинен «Сейтек» борборунун негизинде жазылды. Ошол эле учурда бул жумуш чечилбеген проблемаларды да көрсөтүп койду. Мисалы, укуктук-нормативдик жактан келгенде абдан жарды экен. Экстраполяция кылып талдап келгенде маселе бар экендигин көрсөттү. Экинчи баалуулугу – эгемендик жылдардагы тажрыйба топтогондон  сырткары чечиле турган проблемалардын жүзүн көрсөттү дагы, ошолорго басым жасоого чакырык таштады. Үчүнчү жагына келсек, илимий диссертацияны көпчүлүк учурда илимге жакыныраак,  ошонун тегерегинде жүргөн кишилер жазат, ал эми практиктер, жетекчилер, уюштуруучулар  көп тартылбайт, аралашпайт. Тарыхый өӊүттө ушундай тенденция болуп калган. Биздин изденүүчүбүздүн өзгөчөлүгү – өзү практик, жетекчи катары топтогон тажрыйбасын илимий  тилге өткөргөндүгү, ушул өӊүттө иш-аракет жасагандыгы жакшы мисал. Себеби ар бир теория практикада текшерилет.  Ар бир практикадагы жетишкендик теорияны толуктайт.  Ушул жагынан келгенде, теоретик менен практиктин айкалышы жакшы көрүнүш деп эсептеймин. Бул мисал кийинки муундагы изденүүчүлөргөөрнөк болот. Себеби теоретиктерди «тынч абалда олтуруп алып жаза берет, практиканы билбейт» деп айтышат, ошол эле учурда практиктерди «теорияны билбейт, прагматикалык ой жүгүртөт, кээде ал примитивдик деӊгээлде ой жүгүртүп калат» деп айтабыз. Ал эми чындык – экөөнүн айкалышына барып такалат. Ошондуктан практиктердин илимге тартылганы жакшы нерсе, ошол учурда теоретиктер дагы алардын жумушун көрүп турабыз. Мектептен тышкаркы билим берүү мекемелерине программалар иштелип чыкпаптыр. Ошонун жоктугу, тартиптин болбогондугу, ар ким өз алдынча кете бергендиги көрүнүп калды. Министрлик бул ишти колго алышы керек.

Бүгүнкү күндө билим берүү уюму деген түшүнүк – мыйзамдык түшүнүк. Анын тарыхы мындай: КМШ өлкөлөрүндө совет доорунда билим берүү мекемеси (учреждение) деп келгенбиз. Азыр уюм (организация) деп калдык. 2003-жылы «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамын кайрадан иштеп чыккандан бери «организация» деп атап калганбыз. Ошондуктан мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюму деп айтылат.

Эгерде коомду билимдүү, тарбиялуу балдар менен байыталы десек мектептен тышкаркы билим берүүчү, тарбиялоочу уюмдарга көӊүл бөлүш керек. Милдеттүү түрдө мектеп билимдин мазмунун берет, ал эми мектептен тышкаркы уюмдар тарбия менен алек болуш керек. КМШ өлкөлөрүнүн III съездине Белоруссияга барып калдык, бизди таӊ калтырганы мектептер балдарды беш күн окутат, алтынчы күнү бардык мектепте массалык түрдө тарбиялык иштер уюштурулат экен.  Бул балдардын патриоттуулугун күчөтүп, терс таалим-тарбиядан алыс кылат. Бизде тарбия маселеси экинчи планда калган.

Нурбүбү Асипова, 

изденүүчүнүн илимий жетекчиси:

 – Азыр ата-энелердин бардыгы балдарынын ар тараптан  ачылышын каалашат. Ошол талаптарга мектеп анчалык жооп бере албайт. Анткени мектептин өзүнүн программалары, окуу пландары, мугалимдин өзүнүн сабагы бар. Баланын ташкындаган энергиясын, жөндөмдүүлүгүн дагы бир нукка салууга мектептин чамасы жетпейт. Ошондон улам кошумча билим берүү талабы келип чыгууда. Мисалы, бала ырга, бийге, спортко шыктуу дейлик, анын баарын мектеп өнүктүрө албайт. Ошондуктан кошумча билимдин каналдары керек.  Мурда деле бул нерселер болуп келген. Бирок көпчүлүк учурда мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары министрликке баш ийүү менен алардын идеологиялык, саясий же расмий  милдеттери жүктөлүп, ошону менен бирге балдардын мүмкүнчүлүгүн ачууга  кеӊири жол ачылбай, чектелип калган. Азыр болсо ата-энелердин жардамы, коомчулуктун катышуусу менен балдардын ачылышына өтө бир жакшы шарттар түзүлүп жатат.  Жыйынтыгында, сертификат берилип жатат. Мисалы, менин неберем «Шаттык» үлгүлүү бий ансамблинде тарбия алып, бүткөндө сертификат алып чыккан. Кийин  бала бакчада бий боюнча сабак берип жүрдү, азыр болсо бий тобун ачып алды. Бул тармак дагы өркүндөйт деп ойлойм. Себеби  баары бир экономикалык коом бир орунда турбайт, экономиканын мүмкүнчүлүктөрү ашат.

Биринчи илимий жактоо буга чейин топтолгон тажрыйбалардын негизинде болду. Балдардын кошумча жашоо-тиричилигин уюштурууга, социалдашууга кошкон салымы изилдөөгө алынды. Ага коомдун катышы, ата-эненин катышуусу, укуктук-финансылык жактары изилдене элек.   Өзгөчө кадрлар менен камсыздоо өзүнчө иликтөөнү талап кылат. Ал программалар мектепти кайталабаш керек. Чыгармачылык жөндөмдүүлүгү бар балдардын психологиясын жакшы түшүнгөн кыска, узак мөөнөттүү программа болуш керек, аны алып кетүүгө, балдар менен иштей турган атайын кадрларды даярдоо маселеси турат.

Гүлнара Алыбаева,  «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*