ТИЛДИ ДЕӉГЭЭЛДЕП ОКУТУУ

Редакциядан: Бул темада казак тилиндеги илимий баяндаманы жакында электрондук почта аркылуу алдык эле. Биздин тилди деӊгээлдеп окутуу жаатында иштегендер бул эмгектен пайдалуу идеяларды табышы мүмкүн деп, бир келкисин которуп, жарыялап коюуну туура таптык.

 

Казак тилин деӊгээлдеп окутуу маселеси

 

Тилди көп баскычтуу деӊгээлдеп үйрөтүүнүн илимий-методологиялык жана методологиялык негизин иликтегенде, мамлекеттик тилди окутуунун инфратүзүмүн өркүндөтүү мезгил талабы экендигин эске алабыз.

Казакстан Республикасынын жалпы билим берүүчү орус тилдүү мектептеринде окуган окуучуларга казак тилин үйрөтүүнү көздөй турган; тилди өздөштүрүү деӊгээлдери менен ченемдерин аныктай турган; окуу-усулдук комплексинин ченемдик белгилерин, башкы максат-милдеттерин аныктай турган; ар бир деӊгээлге тиешелүү лексика-грамматикалык минимумдар менен билим мазмунун, анын өлчөмдөрү менен талаптарын камтый турган; казак тилин өздөштүрүүнүн башкы ыктарын белгилей турган мамлекеттик маанидеги окуу-усулдук комплексинин даярдалышы азыркы кездеги өзөктүү иш болууда.

Казак тилин деӊгээлдеп окутуунун өзектүүлүгү тилди деӊгээлдеп окутуунун негизги багыттарын айкындоого, анын предмет катары өзгөчөлүктөрүн иликтөөгө, мамлекеттик тилдин коомдогу ролун күчөтүүгө, тилдик билим мазмунунда улуттук, жалпы адамзаттык жана мамлекеттик баалуулуктарды ырааттуу жана толук кандуу өздөштүрүүгө, билим менен тарбиянын жаӊы парадигмаларын илимий-усулдук жагынан айкалыштыра билүүгө байланыштуу.

Казак тилин деӊгээлдеп окутуу:

• окуучулардын казак тилин өздөрүнүн муктаждыгына, талабына, жөндөмүнө карай үйрөнүшүнө мүмкүндүк жаратат;

• мамлекеттик тилдин катнаш функциясын түрдүү чөйрөлөрдө жүзөгө ашырат;

• казак тилин турмуштун ар кайсы жааттарында (тиричилик, окуу, эмгек, адабий, маданий, экономикалык, өндүрүштүк) колдоно билүүгө жол ачат;

• тил үйрөнүүчүнүн турмуштук кырдаалдарга байланыштуу оюн оозеки, жазма сабатын өнүктүрүшүнө мүмкүндүк берет;

• казак элинин рухий маданиятын башка элдерге тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет;

• окуучуга курчап турган чөйрө жана келечектеги жарандык коомго шайкеш коомдогу карым-катышты өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин казак тили теориясы менен методикасы кафедрасынын тилчи окумуштуулары менен өлкөбүздөгүөзгө тилдүү мектеп-лицейлерде иштеген мугалимдер авторлошуп республикадагы жалпы билим берүүчү орус тилдүү мектептердин 1-11-класстарында казак тилин деӊгээлдеп окутууга арналган стандарт, типтүү программа жана окуу-усулдук комплекс даярдалды.

Тил үйрөнүүнүн эл аралык үлгүлөрү менен европалык тил эталондорун жана дүйнөлүк мейкиндиктеги тилдик билимди баалоо ыӊгайларын эске алып, Казакстанда үзгүлтүксүз билим берүү тутумунда (бала бакча – мектеп – колледж – ЖОЖ – ЖОЖдон кийинки билим: магистр, докторант – мамлекеттик кызматкерлер) казак тилин деӊгээлдеп окутуунун өзүнчөүлгүсү сунушталды.

Жөнөкөй деӊгээл А 1

Баштапкы билгилик

Негизги деӊгээлА2

Босого алдындагы билгилик

Ортоӊку деӊгээлВ1

Калыпташкан билгилик

Ортодон жогорку деӊгээлВ1+

Тереӊдете калыпташкан билгилик

Жогорку деӊгээлВ2

Кесипке шайкеш тереӊдетилген орто билгилик

Жетик деӊгээлВ2

Кесипке шайкеш тереӊдетилген

толук билгилик

С1

Кесипке шайкеш тереӊдетилген

жетик билгилик

С1+

Кесипке шайкеш тереӊдетилген

эркин билгилик

 

Казак тилин деӊгээлдеп окутууга арналган жалпы билим берүүчү орус тилдүү мектептердин 1-11-класстарын камтыган стандарт көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй:

Үзгүлтүксүз билим берүү баскычтары Класстар Деӊгээллер Игерим   аталыштары
Башталгыч мектеп 1-4 А1 карапайым деӊгээл 1-класс А1 Баштапкы жеӊил билгилик

2-класс А1.1 Баштапкы орто билгилик

3-класс А1.2 Баштапкы толук билгилик

4-класс А1+ Баштапкы жетик билгилик

Негизги мектеп5-7А2 негизги деӊгээл5-класс А2.1 Калыпташуу алкагындагы орто билгилик

6-класс А2.2 Калыпташуу алкагындагы толук билгилик

7-класс А2+ Калыпташуу алкагындагы жетик билгилик

Жалпы орто мектеп8-9В1 орто деӊгээл8-класс В1 Калыпташкан толук билгилик

9-класс В1.1 Калыпташкан жетик билгиликЖогорку класстар10-11В1+ ортодон жогору деӊгээл10-класс В1.2 Тереӊдетиле калыпташкан толук билгилик

11-класс В1+ Тереӊдетиле калыпташкан жетик билгилик

Жалпы билим берүүчү орус тилдүү мектептердин 1-4-класстарына арналган окуу-усулдук комплекс ар класска арналган окуулуктан, мугалимдин колдонмосунан (методика), жазуу дептерден, дидактикалык материалдан жана лексикалык минимумдан (сөздүк) турат. Ал 5-11-класстардын окуу-усулдук комплекси окуулуктан, мугалимдин колдонмосунан (методика), дидактикалык материалдан, лексикалык минимумдан турат.

1-4-класс окуу-усулдук комплекси жөнөкөй деӊгээлди, 5-7-класс негизги деӊгээлди, 8-9-класс орто деӊгээлди, 10-11-класс ортодон жогору деӊгээлди камтый келип, 1-4-класстар – «Тилашар», 5-7-класстар – «Бойтумар», 8-9-класстар – «Тил Орда», 10-11-класстар – «Алдаспан» деп аталат.

Карапайым деӊгээлдин («Тилашар» 1–4-класстар) идеясы – «Мектептин тили боло албаган тил мемлекеттин тили боло албайт» /Х. Досмухамедулы/. Негизги деӊгээлдин («Бойтумар» 5 – 7-класстар) идеясы – «Окутуу окуулуктан турмушка карай эмес, турмуштан окуулукка карай жүрүүгө  тийиш» /Ж. Аймауытов/. Орто деӊгээлдин («Тилорда» 8 – 9-класстар) идеясы – «Мугалим аз үйрөтсүн, окуучу көп үйрөнсүн» /Я. Коменский/. Ортодан жогору деӊгээлдин («Алдаспан» 10 – 11-класстар) идеясы – «Маданияттуу тил гана баркталат» /Р. Сыздык/.

Казак тилин деӊгээлдеп окутуунун базалык-ченемдик документтеринин – Тил стандарты менен программалары, окуулуктары менен окуу-усулдук комплексинин коммуникативдик максатка багытталган орток принцип негизинде даярдоонун билим сапатын арттыруунун маанилүү таянычы катары мамлекеттик тилдин кеӊири колдонулушун камсыздайт.

Ошондуктан бул документтер тутумдуу, өз ара шайкеш иштелип чыгышы керек.

КР жалпы билим берүүчүөзгө тилдүү мектептеринде «Казак тили» предметин деӊгээлдеп окутууга арналган тил стандарты – Казакстан Республикасынын үзгүлтүксүз билим берүү жаатындагы мамлекеттик стратегияны жүзөгө ашыруучу; билим мазмунунун негизги багыттарына ылайык казак тилин деӊгээлдеп окутуунун методологиялык негиздерин; парадигмаларын, принциптери менен эрежелерин, тил билүү деӊгээлдерин аныктай турган; тил үйрөнүүчүлөрдүн ар деӊгээл боюнча жетишүүсү көздөлгөн билим мазмунунун көлөмүн, окуу жүктөмүн жана билим, билгичтик, көндүмдөргө коюлган талаптарды, сүйлөө көндүмдөрүн баалоонун көрсөткүчтөрү менен өлчөмдөрүн аныктай турган; тил үйрөнүүнүн европалык, эл аралык баалоо ыктарын иликтеп, талдап, Казакстан Республикасынын өзгөчөлүктөрүнө шайкеш максат-милдеттерди белгилей турган, аларды коммуникативдик-функционалдык өӊүттөн айкындай турган базалык-ченемдик документ.

Стандарт иштеп чыгууда тилди өздөштүрүүнүн эл аралык үлгүлөрү менен европалык тил эталондору, билимди баалоонун дүйнөлүк усулдары каралды. КР үзгүлтүксүз билим берүү баскычтарында тилди окутуу маселелери иликтенип, талкууланды. Ошентип, Казакстанда мамлекеттик тилди деӊгээлдеп окутуунун багыттары айкындалды.

 

ОРАЗБАЕВА ФАУЗИЯ ШАМСИ КЫЗЫ,

КР УИА корреспондент-мүчөсү, педагогика илимдеринин доктору,

Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык  университетинин профессору

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*