Ажар РАИМКУЛОВА, КУУнун педагогика кафедрасынын башчысы: ”ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДАЙБЫЗ”

Ж. Баласагын атындагы  КУУнун педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ажар Раимкулова Орусиянын табигый илимдер  академиясына мүчө-корреспондент болуп кабыл алынды. “Атамекендик илимдин алтын фонду” Улуттук программасынын алкагында ал жетектеген кафедра атамекендик билим берүүнүөнүктүрүүдөгү салымы үчүн “Орусиянын алтын кафедрасы” аттуу дипломго жана төш белгисине татыды. Ошондой эле Ажар Раимкулова

М. В. Ломоносов атындагы медаль менен да сыйланды. Сыйлыктары менен куттуктап, Нооруз майрамынын алдында Ажар Раимкулованы кепке тарттык.

– Жогорку билим берүү системасында кандай жаӊылыктар бар?

– Кыргызстандын жогорку окуу жайлары бүтүндөй Болон системасына өттү.  Мамлекеттик жаӊы стандарт боюнча компетенттүү мамиленин негизинде иш алып барып, ошол багытта бүгүнкү күндүн талабына ылайыктуу адистерди даярдап жатабыз. Буга чейин билим берүү системасында билим, ык, машыгуу болсо, азыр компетенттүү мамиленин негизинде гумандаштыруу,  демократизациялоо ишке ашырылып жатат. Эӊ башкысы, жаӊы китептер жарыкка чыгууда.

– Педагогика багытында кандай китептер жарыкка чыкты?

– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен азыркы күндө педагогика жана социалдык-илимдер багыттарында жаӊы китептер чыгып жатат. Мисалы, “Жогорку мектептин педагогикасы”, “Жалпы педагогика”, “Этнопедагогика”, “Педагогикалык чеберчиликке жүз кадам”  ж.б. Мындан тышкары билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын демилгеси менен гранттын негизинде окуу китептерин бекер чыгаруу жана  ар бир окуу жайга 500 китеп чыгарып берүү күтүлүүдө.

– Педагогикалык кадрларды даярдоодо кандай иш-аракеттер бар?

– Биздин кафедра негизинен болочок мугалимдерди  үч багытта даярдап жатабыз: башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, социалдык педагогика жана жаштар менен иштөөнү уюштуруу.  Быйыл жаӊы 2016-2017-окуу жылына карата гранттык негизде 70 орунга абитуриенттерди  кабыл алабыз.

– “Жаштар менен иштөөнү уюштуруу” адистиги кандай критерийлердин негизинде ачылды?

– Жаштар менен иштөөдө туура жана так саясатты түзүү мамлекеттик бийликтин  маанилүү бир бөлүгү, ошондой эле  жаштар саясатында эӊ олуттуу жана көп эскертилген көйгөйлөрдүн бири – жаштардын социалдык кепилдиги, алардын укугун коргоо, жумуш менен камсыз болуусун жана билим алуусун, алардын  чыгармачылыгын ишке ашырууга кепилдиктерди түзүү болуп саналат.

Бул адистикке ээ болгон бүтүрүүчү келечекте бул тармактарда иштесе болот: мамлекеттик органдардын аткаруучу бийлигинде жаштар менен иштешүү бөлүмүндө, ЖОЖдун жаштар иштери боюнча комитеттеринде,  жаштар уюмдарында.

– Мугалимдик кесипке жаштарды тартуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

– “Башталгыч мектептин педагогикасы жана методикасы” жана “Социалдык педагогика” багыты мугалимдерди даярдоодогу маанилүү профилдердин бири жана азыркы коомго керектүү кесиптердин бири десем ашыкча болбостур. “Мугалим – мөмөлүү дарак” дегендей, Кыргыз Республикасынын келечегинин маанайын ушул адистиктин өкүлдөрү түзөт. Бул адистикте окугандар Кыргызстандын татаал саясий-экономикалык өзгөрүүлөрүнөөзүнүн салымын кошот деген ниеттебиз.

Бул адистикке ээ болгон бүтүрүүчү келечекте жаӊы типтеги окуу жайларда: колледж, лицей ж.б. профилдик мектептерде иштей алышат. Мындан тышкары  жакында эле Билим берүү жана илим министрлиги  “Жаш педагог” уюмун ачуу боюнча буйрук чыгарды.  Биз ошол заматта эле кафедранын жамааты мектеп мүдүрлөрү менен жолугуп, атайын келишимдерди түзүп иш алып бара баштадык.

“Жаш педагог” уюмунун бирден бир максаты – келечекте мыкты педагог болом деген мектеп окуучулары менен жолугуп, төмөндөгүдөй тарбиялык иш-чараларды өткөрүү:

1. Педагогикалык кесипке киришүү  (тааныштыруу лекциясы);

2. “Мугалим-мөмөлүү дарак” деген темада тарбиялык иш;

3. Жаӊы технологияларды колдонуп  «Атактуу педагогдорду» айтып, окуучулардын билим деӊгээлин өркүндөтүү (презентация);

4. «Менин сүйүктүү мугалимим» деген темада дилбаян жазуу;

5. “XXI кылымдагы жаш педагогдун коомдо ээлеген орду» аттуу тегерек стол уюштуруу;

6. “Окуучуларды тайпаларга бөлүп, интернет тармагынан алынган социалдык роликтер менен иштөө” аттуу командалык оюн уюштуруу жана башкалар.

– Мугалим  кесибинин  ээлери кандай сапаттарга ээ болушу керек?

– Мугалимдик кесиптин профессиограммасынын негизин инсандык сапаттар түзөт эмеспи. Мугалим инсан деген түшүнүккө таандык сапаттарга эгедер болушу керек,  айтсак: балдарды сүйүү, моралдык туруктуулук, чыгармачыл деӊгээлде ой жүгүртүү, социалдык активдүүлүк, өзүн-өзү башкара билүү, байкоо, педагогикалык такт, чынчылдык, тышкы келбетинин тыкандыгы, табышкерлик, эрктүүлүк, баарлашуу чеберчилиги, өзүн-өзү сындоо, окуучуларга жана өзүнө карата талап коюу ж.б.у.с.

Мугалим аталган сапаттарга ээ болуу менен бирге тарбия ишинин методикасын жана негиздерин билиши керек. ХХI кылымдын ээлерин даярдоого багыт алган мугалим дүйнөдө болуп жаткан глобалдык проблемаларды  түшүнө    билиши зарыл, компьютердик технологиянын негиздерин, башкаруу психологиясынын техникасын өздөштүргөндө гана ал келечектин ээлерине тарбия бере алат. Өзүнүн предметинин окутуу методикасын билүү менен чектелбестен, анатомо-физиологиялык, гигиеналык, психолого-педагогикалык билимдерге ээ болушу зарыл.  Адабият, искусство, этика, эстетика, укук, саясат жөнүндө да билими болууга тийиш. Азыркы күндө кадырлуу жана таасирдүү мугалим деген түшүнүктөр пайда болууда. Болочок мугалим бул түшүнүктөргө ээ болуу максатында төмөнкү белгилерге ээ болушу зарыл: коомдо болуп жаткан кубулуштарга компетенттүү мамиле жасаган; өз тармагы боюнча абдан билимдүү; окуучулар менен, айлана-чөйрөсүндөгү адамдар менен гумандуу мамиле түзө алган; башкаларга жардам берүүгө ынтызар; ишенимдүү мамиле жасап сезимтал болгон; өз ийгилигинин стратегиясын түзө билген; өнүктүрүүгө даяр жана аракет кылган; окуучунун муктаждыгына карата кызмат кыла алган;  бардык нерсеге маани берген; жүрүш-турушу олуттуу жана үлгүлүү уюштургуч, лидер жана ишти жакшы билген адис.

– Италия жана Германия мамлекеттеринин жогорку окуу жайларына стажировкага барып келиптирсиз, ошол жөнүндө айта кетсеӊиз?

– 2012-жылы Батыш Германиянын Дортмунд шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринде болдум. Ал жерге Техникалык университеттин педагогика жана социология факультетинде иштеген профессор Рената Хинцтин чакыруусу менен (ДААД) барган элем. Анткени Германиялык кызмат уюмунан грант утуп алгам. 2013-жылы Италиянын Больцано шаарында өткөн  чоӊ конгресске катыштым. Бизде илимий байланыш багытын өркүндөтүү максатында ушундай  иш-чаралар өткөрүлүп турат. Андан тышкары Казакстандын бир нече университеттери менен илимий байланыштабыз. Мисалы, 2015-жылы Астанадагы Гумилев атындагы Евроазиялык университетте Эл аралык илимий конференцияга кафедранын аспиранты Туратбек кызы Жазгүл экөөбүз катышып келдик.

– Сиз жетектеген кафедра Орусиянын  “Алтын кафедра” деген наамына татыды жана өзүӊүз М.В.Ломоносов атындагы медаль менен сыйландыӊыз. Ошондой эле Орусиянын табигый илимдер академиясына мүчө-корреспондент болдуӊуз. Ушулар тууралуу кыскача айтып өтсөӊүз.

– Бул сыйлыктардын артында көп илимий байланыштар жатат: жаӊы илимий чөйрөдөгү байланыштар, эл аралык илимий конференцияларга макалаларды жөнөтүү, эл аралык конгресстерге катышуу ж.б.у.с.  биздин Кыргызстандын окумуштуулары илимий макалаларын Орусиянын илимий журналдарына чыгара алышат. Жыйынтыктап айтканда, бардык жактан өсүп-өнүгүүгө ээ болобуз деген ойдобуз.

Айжигит Абдыкаары уулу,

Рахат Дүйшөбай кызы

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*