МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИ, ТАЛАНТТУУ ЖАМААТ

 Тарых жана маданият жылына карата Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругу менен шаардык мектептер  «Ыр кесе» шаардык маданий-музыкалык кароо-сынагын өткөрүп жатышат. Өткөн аптада Свердлов районуна караштуу №43 Ак-Бата толук эмес орто мектебинде «Ыр кесе-2016» иш-чарасында чыгармачыл мугалимдердин аткаруусунда кыргыз элинин унутта бараткан каада-салттары, үрп-адаттары көрсөтүлдү.

«Ыр кесе» таланттуу мугалимдерди аныктайт

 №43 мектептин директору    Жамалкан Исмаилованын айтымында, кыргыз элинин унутулуп бараткан каада-салтын, үрп-адатын, улуттук оюндарын, маданиятын жана музыкалык чыгармачылыгын жандандырууну, өнүктүрүүнү жана кеӊири жайылтууну, ошондой эле элдик ырларды, элдик өнөрдүүгүттөөнү, чыгармачыл мугалимдерге демилге көрсөтүүнү, алардын талантын көрсөтүүсүүчүн шарттарды түзүп берүүнү  максат койгон Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы бардык район жетекчилерине, мектеп директорлоруна «Ыр кесе» иш-чарасын уюштурууну милдеттендирген.

– Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы С. Мейрманованын буйругунун негизинде шаардык мектептердин жана мектепке чейинки уюмдардын директорлору кароо-сынакка чыгармачыл жамаатты толугу менен катыштырууга милдеттүү. Ошондой эле райондук деӊгээлде жеӊүүчү деп табылгандар тууралуу 2016-жылдын 9-мартында шаардык билим берүү башкармалыгына табыштама тапшырылат. Андан соӊ шаардык деӊгээлде жыйынтыгы чыгарылат, – дейт мектеп жетекчиси.

Аталган кароо-сынак  үч этапта өткөрүлөт. 1-этап райондук билим берүү борборлору тарабынан өткөрүлөт (20-февралдан 7-мартка чейин), 2-этап билим берүү борборлору тандаган катышуучулар үчүн өткөрүлөт (10-11-мартта) жана 3-этап Нооруз майрамына карата шаардык деӊгээлде 21-мартта бул иш-чара жыйынтыкталат.

Иш-чара өтүүдө калыстар тобу ар бир катышуучунун сахнада өзүн алып жүрүүсүн, аткаруу чеберчилигин, кийген костюмдарын, улуттук аспаптарда ойноо деӊгээлин, улуттук оюндардын тарбиялык маанилүүлүгүн, бийдин көркөм аткаруучулук деӊгээлин,  өзгөчөлүктөрүн жана командалык биримдүүлүгүн, ошондой эле акыйнек, макал-лакап, жаӊылмач  айтышууда сөздөрдүн тарбиялык маанисин тыкыр карашат.

– Ар бир номинацияга убакыт бөлүнгөн, ошол регламенттен чыкпай аткаруу зарыл. Мисалы, кыз-жигит айтышы (3-4 мин.), дастанчылык (3 мин.), музыкалык аспаптын коштоосунда жандуу үн менен ырдоо (2-3 мин.), улуттук аспаптарда ойноо (1-2 мин.), макал-лакап, табышмак, жаӊылмач айтышуу (1-3 мин.), алты кишиден турган улуттук бийди аткаруу (3-4 мин.), эрежеси менен улуттук оюнду көрсөтүү (3-4 мин.), улуттук тамак-ашты жактоо жана бир улуттук каада-салтты көрсөтүү каралган. Биз «Кыз узатуу», «Келин алуу» салттарын көрсөттүк. Менимче, чыгармачыл жамаат бизге коюлган милдеттенмени толугу менен аткарды деп ойлойм. Эӊ башкысы, «Ыр кеседе» көрсөтүлгөн каада-салттар, үрп-адаттар сабактарда да чыгармачылык менен берилип, окуучулар улуттук маданиятыбызды тереӊ изилдеп, окуп,  муундан муунга жеткирүү милдети жаштардын колунда экенин айтып туруу абзел, – дейт Жамалкан Исмаилова.

Каада-салт, үрп-адат

 Мектепке башбакканда эле кыргыздын руху, тили, дили жыттанып турду. Анткени келген конокторду улуттук кийим кийген жаш мугалимдер тосуп чыгышып, иш-чара өтүүчү чакан фойеде жасалгаланган кыргыз туш кийизин, келин отурчу көшөгөнү, сынакта каралган улуттук тамак-аштын түрлөрүн көрүп, кыргыздын муундан муунга өткөрүлүп келаткан тарыхы, маданияты, улуттук каада-салттары, үрп-адаттары борбор калаада кыргыз мектептери барда эч убакта жоголбоорун айгинеледи.

– Бул иш-чара жалаӊ эле окутуу кыргыз тилиндеги мектептерге жүктөлгөн эмес. Окутуу орус тилиндеги мектептер дагы улуттук каада-салттарды көрсөтүп, башка улуттагы мугалимдер кыргыз тилинде сүйлөп, ырдап жатышканын угуп, көрүп жатабыз,  – дейт мектеп директору.

Ошентип, №43 мектептин тарбия завучу Нургүл Исмаилова коноктор менен саламдашып алгандан кийин ар бир номинация боюнча калыстар тобун тааныштырып турду. «Күүгүмү күмүш чалган, Таӊы жаркын аткан, Бишкегимдин чет жагынан орун алган, Ак-Бата жаӊы конушунда жайгашкан, №43 толук эмес орто мектебинин жамаатынын атынан» жалындуу ысык саламын айтуу менен иш-чара башталды.

Улуттук каада-салтты көрсөтүүдө («Кыз узатуу» жана  «Келин алуу») мугалимдер илгеркидей кыздын чачын талталдап өрүп, ырларын созолонто ырдап жатышты. Ушул кезде кыздын апасы кызына төмөнкүдөй акыл-насаатын айтты (баталарды толугу менен берип жатканыбыздын себеби, мугалимдер тарбиялык сааттарда пайдаланышса деген ниет. Анткени баталарды, ырларды №43 мектептин мугалими, акын Нургүл Мамытбекова жазган).

Эселегим элиӊде,

Эркеледиӊөмүргө.

Кадам таштап барасыӊ,

Балалыктан келинге.

Кызым, кызым канатым,

Учук уулар санатым,

Бата тилеп узаттым,

Бактыӊ менен жанашкын.

Аруу асыл таӊ элеӊ,

Алдейлеген көлөкөм,

Ата-энеӊдин тилеги,

Бактылуу бол берекем.

Ал эми келин үйгө келгенден кийин, баланын чоӊ энеси бата берди.

Тапты уулум татынакай колукту,

Таалайына Аида кыз жолукту,

Ак батамды ороп коюп ичине,

Арнап койгом аппак шайы жоолукту.

Келин келди келишимдүү чүрөктөй,

Күтүп жүргөм, айлар өтпөй, күн өтпөй,

Келиниме ыйман берсе болгону,

Ичте сырды билип турса сүйлөтпөй.

Эки балам бак-таалайлуу болушсун,

Чоӊүйүмө неберелер толушсун,

Тойго келген ага-тууган, тели-теӊтуш, кудалар

Балдарыма бакыт каалап, бата берип коюшсун.

№43 мектептин ынтымактуу, чыгармачыл жамааты биринен бири калбай бардык номинациялар боюнча ташкындаган таланттарын калыстар тобуна көрсөтө алышты. Иш-чара учурунда жаш мугалимдер тажрыйбалуу эжей-агайларына түздөнүп, ар бир иш-аракеттерди аткарууда алар менен кеӊешип тургандары, «улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызааттоо» деген  кыргызга гана таандык сый-урмат көрүнүп турду. Калыстар тобуна кирген Свердлов райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Жыргал Кадырбекова менен мамлекеттик тил боюнча жетектөө адиси Элмира Токоновалар мектеп жетекчиси Жамалкан Исмаилованын мыкты уюштуруучулук сапаты бул жолу дагы иш-чараны өткөрүүдө тастыктаганын баса белгилешти.

– Мугалимдер ынтымактуу экени көрүнүп турат. Жободогу ар бир критерийлерге тыкан даярданганыӊар айтпаса деле байкалды. Менимче, мугалим сабакты кандай чыгармачылык менен өтсө, бул иш-чарага да сабактан кем эмес даярдык көрүлүптүр. Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүп жаткан иш-чара жөн эле оюн-зоокту уюштуруу эмес, унутта бараткан каада-салттарды, үрп-адаттарды жандандыруу менен аны өркүндөтүү, – деди Э.Токонова.

Мектеп кичинекей, бирок пейил кенен

 «Сакадай бою сары алтын» дегендей, мектеп жетекчиси Жамалкан Исмаилова мектеп десе ичип жаткан ашын жерге кое койгон жетекчилердин бири. Ал студенттик кезинде эле коомдук иштерге активдүү катышып, активист, жалаӊ «5» окуп бүткөн болчу. Мугалимдердин үй-бүлөсүндө тарбияланган Жамалкан келечекте ата-энесиндей мугалим болсом дегенде ак эткенде так этчү.

– Мектеп мен үчүн экинчи үйүм. Ушул окуп жаткан окуучуларыбыз келечекте өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө салым кошкон инсандар болсо экен деп тилейм. Мектеп кичинекей, болгону 198 орунга ылайыкталган. Учурда 1063 бала билим алып жатышат. Ак-Бата менен Ак-Жар конушунун балдары эшикте калбай, билим алышса экен деген ниет менен окутуп жатабыз. Дагы 300 бала №94 мектепке кетишти, ошондо дагы балдардын саны ашыкча. 52 мугалим чарчадым-чаалыктым дебей балдарга билим берип келатышат. Алар: уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары Жумаш Усубалиева, мугалимдери: Гүлнара Абыканова, Турар Токтобакова, Айнагүл Мамбеталиева, Толгонай       Кулботоева, Касиет Юсупова ж.б.у.с. Мектебибиз кичинекей болгону менен пейилибиз кенен. Болгон иш-чара чакан фойеде өтөт, – дейт мектеп жетекчиси.

Балдардын көптүгүнөн башталгыч класстар төрт сменде окушса, 5-9-класска чейин 16 класс бар, алар үч сменде окуп жатышат. Сабак эртеӊ менен 8.00 башталып кечки саат 19.30 аяктайт.  Келечекте  жаӊы окуу корпусу курулбаса дагы, кошумча корпус кошулат деген үмүттө мугалимдер иштешүүдө.

– Быйылкы жылы 9-классты үч  класс бүткөнү турат. Көбүнчөсү колледждерге, лицейлерге кетишет. Окуу корпусубуз кичинекей болгонуна карабай  балдардын сапаттуу билим алуусуна бардык шарттарды түзүп келебиз.  Маселен, «Балдарды коргоо» борбору менен көп жылдан бери иштеп келатабыз. Жагымдуу маанай түзүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча мугалимдер, окуучулар тренингдерге катышып,  сертификат алышууда.  «Теӊме теӊ» деген проект 2-класстан баштап  окуучуларды жылуу маанай түзгөнгө  жана зордук-зомбулуктан коргонууга үйрөтүп жатышат.  Ошондой эле химия, физика, информатика сабактары боюнча кабинет жок болгондуктан  Алиппе ТВ менен келишим түзүлгөн. Расписание боюнча Алиппе ТВнын мугалимдери  сабакты 20 минута беришсе, калган 25 минутаны өзүбүздүн мугалимдер улантып өтүшөт. Бир нече кабинетке коюлса жакшы болгудай, бирок биздин кендирибизди кесип жаткан баягы эле жетишпеген каражат.  Ал эми Бишкек шаары боюнча  беш мектеп «Коопсуз мектеп» деген проектиге киргенбиз. Биздин балдардын келип-кеткени көзөмөлгө алынып жакшы болуп калды, – дейт Жамалкан Исмаилова.

 

Гүлнара Алыбаева,

«Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*