ФЕРГАНАЛЫК ТҮРКТӨРДҮ ТАЛАШУУНУН ТАРЫХЫНАН

Ирегелеш өзбек калкынын Шералы Жураев ысымдуу арген үндүү ырчысы менен бир курдай дүйүм даам жайылган дасторкон үстүндө итабар убакытка баарлашып калдым.

Чынымды айтсам, көңүлүмө түйүп жүргөн бир кептин учугун жандырып билмекке ынтызарлыгымдан улам, ыңгайын таап, жанына атайы жакындап барган элем. Анткени, асакелик атактуу абабыздын түп насили “түрк” уруусунан болоорун тээ илгериде кулагым чалып, эшиткеним бар эле. Кудай жалгап, ошол кептин чын-төгүнүн өзүм үчүн тактап алуунун, болгондо да ашулачынын өз оозунан угуунун оңтою келип турду ошентип.

Оболу “кыргыз баласы” экенимди билип, кыса-кыса кол алышып таанышкан соң Шералы аба саамга ойлонуп турду да, Алай тууралуу кеп салып калды бүйүрүмдү кызытып. Алыскы Алай тоолорунун мен эзели болуп көрбөгөн күр жайлоолорун бирден эргип санап, бала чагынын бир үзүмү ак жалтаң аскалардын, көк жалтаң зоокалардын койнундагы шалба-шибердүү өтөктөрдө өткөнүн эстеп ийди. Көрсө, жай сайын сүрө-сүрө мал айдап, көчүп-конуп жайлоого чыгышчу экен.

Гүлдүү чайнектеги демделүү көк чайдан алдыбыздагы көк чыныга утур кап ортолото куюп коюп, жайбаракат маашырлана ууртап, кыйлага кобурашып отурганыбызда, жана бир ыңгайын келтирип, сөздүн нугун ал кишинин тек-жайына бурдум. “Асакеден болом” – деди аксакал. “Опей, акетай, асакеликтериң чылгый эле “түрк” деген түптүү эл болот эмеспи?” – дейм. “Ооба, ооба, мен дагы түркмүн” – деди жарыктык киши тайсалдабай. “Түрктүн ичинен кимиси болосуңар?” – дейм кадаланып сурап. “Калтатаймын” – деди аксакал. “Атаганат!” дедим ичимен армандуу. Жообун көңүлүмө түйүп койдум. “Кыргызстандын Өзбекстан менен чекаралаш райондорунда да “түрк” деген эл жашайт. Жыш жашайт. Силерден айырмаланып, алар “өзбек” деген атты туташ чанып, “кыргыз” да эмеспиз дешип, кыргыз бийликтеринен “түрк” деген көөнө атын кайтарып берүүнү талап кылышууда” – дедим. Ак эткенден так эте “өзбегим эле өзбегим” деп, өмүр бою өпкө-жүрөгүн садага чаап ырдап калган атактуу ырчы:“Билем, билем” – деп башын ийкегиледи. Экөөбүз тең жана бир саамга унчукпай, көк чайдан жарыша ууртап калдык.

Чокусуна ала допу кондурган башын утур-утур ийкегилеп калганында, аксакалды эмне түркүн ой каптады билбейм, Ферганалык түрк калкынын, түрк боордошторунун келечек тагдыры эмне деген сары санааны чектирди, аны да билбейм, а бирок маган:“Атаңгөрү, Жусуп Абдыракмановдун акылын айныбай укканыбызда, Шералы Жураев азыр кыргызча ырдап жүрмөктүр” деген ой кетти. Дагы бир жолу ичимен кайрып, “Атаганат!” дедим. Анткени, көк жыттанган эски документтерден өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында болуп өткөн бир окуянын таржымалы тууралуу окуганым – улуттук мамлекеттүүлүктү түптөөнүн тарыхый озуйпасы моюндарына илинген саясий ишмерлердин бир кылка муунун кызыл чеке түшүрүп талаштырган мындай бир факты эске түшүп, ошол фактынын тегерегиндеги каңырык түтөткөн окуялар элестеп кетип жатпайбы.

1924-жыл. Борбор Азияда улуттук жиктелүү процесси капыл-тапыл башталып, аймакты эзелтеден жердеген чоң-кичине элдердин курамынан азыркы алты улутту: казак, өзбек, кыргыз, түркмөн, тажик, каракалпак улуттарын айрым уюштуруу жана алардын идирек-кудуретине чактап өз мамлекеттик түзүлүштөрүн аныктап берүү долбоору жүзөгө кызуу ашырылып жаткан кез. Аталган алты улуттук түзүлүштүн чектерин ажыратып, чек араларын аныктап берүү иши татаал, өтө машакаттуу болгону белгилүү. Ошонун ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын аныктоо өзгөчө түйшүк менен коштолгон.

Маселенин тамыры менен табияты мындай эле: келечекте “өзбек” жана “кыргыз” деп аталчу эки улуттун жайгашкан жерлерин ой-тоодон бери аралата аныктоодон сырткары, Фергананы байырлаган майдараак элдердин, атап айтканда, же өзбекке кошуларын билбей, же кыргызга кошуларын билбей, эки ортодо арабөк калган Ферганалык түрктөрдүн, кыпчактардын жана башка майдараак элдердин тагдыры талаш жаратып калат. “Өзбекстан” долбоорунун көсөмдөрү өктөө чыгып, “түрк-мүрк”, “кыпчак-сыпчак” дегизбей эле, баарын туташ “өзбек” же “көчмөн өзбек” деп атоону сунуштайт. Сунуштамак турсун, жүйөсү өтүп, Москваны ынандырып да ийишет. Саал мурдараакта эле жоголуп кете жаздап аман калган, эми өлүп-тириле өжөрлөнүп атып “автоном облус” деген статуска араңдан илинген кыргыздарың алардын жүйөсүнө көшөрүп көнбөйт. Автоном облустун жетекчилери кыпчакты да талашып, түрктөрдү да талашып, ал ортодо каракалпакты да талашып, ансыз да чиеленген маселени андан-ары ырбатат.

Ошол учурда “автоном облустун” башатында Сыдыков-Абдыракмановдун мууну тургандыктан, 1924-жылкы улуттук жиктелүү учурундагы эл талаш, журт талаштын башында да ушул кишилер турган деп эсептейм. Учурунда Азия менен Европаны бирдей аралап, бирдей дүңгүрөтүп, не бир замандарды баштан кечирген кайран кыпчак этносунун так жыйырманчы кылымдын ирегесине жеткенде өз ураанын чакырууга алы калбай деми сууп, үн катып өз таламын айтууга чамасы жетпей ындыны өчүп, жүдөңкү тартып, эми кара-кыргыз автоном облусу менен Өзбек ССРинин талашына кантип түшкөнүн кыябы келгенде жазаарбыз, бирок бул саам түрктөрдү талашуунун таржымалына көбүрөөк токтолууну эп көрүп турам.

Ошол жылдарга тиешелүү архивдик документтерди аңтарып калган адис катары айтпадымбы, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын ажыратуу өзгөчө түйшүк менен коштолгон, ал эми улуттук жиктелүү деген иш-чараны баштап алган Москванын айласын гана куруткан. Түйшүктүн масштабын ушундан билиңиз, кыргыз жетекчилери жалаң эле “түрк маселесине” байланыштуу Араван, Булак-Башы, Мархамат, Маняк, Кулу деген болуштарды бирин калтырбай, элестүүрөк айтканда, азыркы эле Анжиян менен Фергана шаарларынын арасын бүтүн бойдон өткөрүп берүү маселесин кабыргасынан коюп, кыйлага чейин Өзбекстандын айткан-дегенине ынабай коёт. Эмесе, ушул аталган болуштардын ар биринин тегерегинде айтылган эки тараптын жүйөлөрүнө айрым-айрым токтололу.

Оболу кыргыз облусунун жетекчилери этностук азчылыктарды дүңүнөн “өзбек” деп атай салууну макул таппай, “ата-жотодо жок андай жосунду кайдан тапкансыңар” деп нааразы болгондон, мындай жүйөсүн каршы коёт:“түрктөр жашоо образы боюнча кыргыздарга жакын эл жана өзбектер менен эч кандай байланышы жок” (Кыргызстандын Мамлекеттик Борбордук архиви. 20-фонд. 1-каттоо. 93-иш кагазы. 100-бет). Акыйкатында ошондой эле. Жарым көчмөн турмушта жашап, мал чарбачылыгы менен алектенген түрк уруулары материалдык маданияты жагынан да, рухий маданияты жагынан да кыргыздарга жакыныраак болчу. Аралаш жайгашкандан, айыл-кыштактары да, жаздоо-жайлоолору да чогуу болуп, өз ара интеграциялык жараяндын кучагында камыр-жумур жашап жатышкан.

Кыргыз облусунун жетекчилеринин жогоркудай жобону айтып, Москвага дейре угуза айгай салышына түрктөрдүн жүүнү тирүү урууларынын да чырылдап чыгышы себеп болгон. Колу жеткен жерлерге чейин кат ташташып, үнү угулган жерлерге чейин арызданып барышкан түрктөр кыргыз боорлору менен чогуу болууну жакташкан. “Турмуш-тиричилиги бир-бириникинен анчалык деле айырмаланбаган түрк менен кыргыз калкы тарыхый жактан таламдаш болгондон улам Кыргызстанга кошулууну өтүнүүдө,” – деген билдирүүнү окуйбуз архивдин жедеп саргайган эски кагаздарынан (Кыргызстандын Мамлекеттик Борбордук архиви. 20-фонд. 1-каттоо. 418-иш кагазы. 50-барак).

Маселен, Булак-Башы болушун алалы. Мындай аталыштагы жер азыр да бар. Өнүп-өөрчүп отуруп, азыр район статусуна ээ. Намангандан жыйырма чакырым алыста. Мына ушул жердеги түрктөр менен кыргыздарды чогуу алып санаганда калктын токсон пайызын түзөөрүн бетке кармаган кыргыз жетекчилиги Булак-Башыны олку-солкусуз Кыргызстанга кошууну өтүнөт. Булак-Башынын түрктөрү да ушуга көнгөн. Ал турсун Москвага, туура эле Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетине арыз жолдошкон. Бирок 1925-жылкы жаңыча усулдагы эл каттоого ылайык “түрк” аттуунун баары өңчөй “өзбек” деп каттоого алынат дагы, “кыргыздар жашаган айылдар азчылыкты түзөт” деген бүтүмдүн негизинде Булак-Башы болушу Өзбекстанга бириктирилген.

Мархамат болушун мисалга тарталы. Азыр ал жер “Мархамат району” деп аталат. Кыргызстандын Араван району менен чектеш. Кара-кыргыз облусун жетектегендердин эсебинде болуштун калкынын 80-85 пайызын түрк менен кыргыз түзгөн. Ошондуктан Мархамат болушун Кыргызстанга кошуу маселесинде эки анжы ой болушу мүмкүн эмес деп санашкан.

Кулу болушундагы жагдай дагы ушундай. Адегенде облус жетекчилиги болуштун кыргыздар жашаган ондон ашуун кыштагын гана кошууну суранган. Бирок Ош округун билген кызматкерлер болуштун калкы чылгый эле түрк менен кыргыз экенин көзгө сайып көрсөтүп, чогуу санаганда “80 пайызга, айрым жерлеринде 100 пайызга” жетээрин аныктап чыгышкан (Кыргызстан Мамлекеттик Борбордук архиви. 21(жашыруун)-фонд, 2-каттоо, 26-иш кагазы, 38б- барак).

Тилекке каршы, Булак-Башынын мисалындай эле, Мархамат менен Кулудагы бир тууган түрк жана кыргыз калктарын чогуу кароо, аларды күчтөп ажыратпоо өтүнүчү Москвадагы үлкөн лөктөрдүн көңүлүнө илинбей калды, 1925-жылкы чукул эл каттоонун жаңычыл ыкмасы колдонулуп, түрк калкынын аты заматтын ичинде “өзбек” деген атка алмаштырылды дагын, Кыргызстанды Мархамат менен Кулу болуштарынан түңүлттү. Түрк калкын кошо түңүлттү. Артынан Маняк болушу да өтүп кетти.

Араван болушу тууралуу кеп өзгөчө. Анткени, ушу бүгүнкү күндөрү да Кыргызстандын айрым жетекчилери чала сабаттыгынан улам тилинен жаңылып, райондун улуттук курамы же андагы этностук жагдай тууралуу кеп козголгондо оозуна келгенди оттоп жүрүшкөнүнө күбөбүз.

Араван болушу бир-эки жылдын ичинде эле бирде Кыргызстанга, бирде Өзбекстанга өткөрүлүп, туруктуу статусу аныкталбай, элди да, бийликтерди да кыйнады. Ошондо кыргыз жетекчилиги мынамындай жүйөнү келтирип, айтканынан кайтпай койгон: болушта 4000ге жуук кожолук болсо, анын 1257иси – кыргыздардыкы, 616ысы – түрктөрдүкү, 1467иси – өзбектердики. Калганы – тажик, уйгур, лөлүлөр. Башкача айтканда, кыргыздар менен түрктөр көпчүлүктү түзүшөт дагы, өзбектер Аравандын 37 пайызын эле түзөт (Кыргызстан Мамлекеттик Борбордук архиви. 21(жашыруун) – фонд, 2-каттоо, 26-иш кагазы, 38б-барак). Мына ушундай аргументтерди келтирүүнүн натыйжасында гана Кыргызстан жетекчилери талашкан тараптарды кепке-сөзгө келтирип, Араванды эптеп кайрып алууга жетишкен. Албетте, кыргыздар менен чогуу болууну көздөгөн түрктөрдүн каалоо-тилеги да маселенин оң чечилишине көмөк болгон.

Деген менен, автоном облусунун Жусуп Абдыракманов баштаган жетекчилери канчалык күч үрөшсө да бир тууган түрк калкынын негизги массасын Кыргызстанга кошо алышкан эмес. Ошентип, Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетине чейин арыз артынан арыз жөнөтүп, канчалык какшанышса деле болбой урматтуу Шералы Жураевдин ата-бабалары кыргыздарга кошула албай калышкан экен. Ал эми, кошулганда кандай болмок? Анда, Шералы акебиз кыргызча-түркчө аралаштырып, заңкылдап ырдап жүрмөктүр. Атактуу ырчы менен маңдай-тескей отурчумда тээ илгери болуп өткөн окуяны ойлоп-эстеп ийгеним ушундан.

Түрк калкынын кийинки тагдыры кандай болду? Өзбекстан тарабында калгандарды билбейм, бирок Кыргызстан тарабында калгандар тууралуу кандай кам көрдүк? Арадан ондогон жылдар өттү. Баягыда чырылдап-ызылдап калып калган түрк элин эстеген советтик этнографтар (асыресе, Я.Р. Винников) элүүнчү-алтымышынчы жылдары Ош облусун аралап көрүшөт. Ошондо алар дагы эле “түркпүз” деп көшөргөн элди көрүшкөн. Паспортунда “өзбек” деп жазылышканы менен, “түрк” атынан түңүлбөй жүрүшкөнүнө күбө болушкан. Бирок Абдыракмановдордун мууну талашып алган элди боорго тээп, Советтик Кыргызстандын бийликтери аларды күчтөп “өзбек” деп жаздырууну кийинки жылдары деле уланта беришти.

Күчтөп жазуу эгемен заманда деле уланып жатканына өзүм да күбө болдум. Эл каттоодон кийинки мезгил болчу, Араван жакка жумуштап барган элем. “Төө-Моюн” деген каналдын жээгинде турсам, кетмен-айрыны арта көтөрүнгөн, аял-эркеги аралаш үч-төрт киши келип калды жаныма. Аркы-теркини кобурашып турдук. “Эл каттоо купулуңарга толдубу?” – деп кызыктым. “Түркпүз десек, кыргыздар бизди түк укпай койду”, – деди улуурагы эки көзүн жылтыратып. Чоң акимчиликтин кишисинен бетер ак көйнөк кийинип, көз айнекти тартынып, колума булгаары папке көтөрүнүп турсам, ушул киши арыз-муңубузду угат, жеткирчү жерге жеткирет деген үмүттө айтты окшойт.

 

Арслан Койчиев,   “Кутбилим” гезитинин баяндамачысы

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*