БИЙ БАЛДАРДЫ МАДАНИЯТКА КАЛЫПТАНДЫРАТ

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору Тарых жана маданият жылына карата жылда өткөрүлүүчү «Бийдин да дили бар» аттуу республикалык мастер-классты быйыл эл аралык семинарга айлантты. Беш күнгө созулган семинарга өлкөбүздүн булуӊ-бурчунан 60 чукул хореографтар катышты. Бул иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги, кыргыз-түрк «Манас» университети менен бирдикте өткөрүлүп, семинардын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.

Сабийра Челпакова,

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук

«Сейтек» борборунун директору:

 – Булиш-чараныөткөргөнүбүзгөбыйылоналтыжылдынжүзүболду. Жылда белгилүү инсандарга байланыштырчубуз. Быйыл Тарых жана маданият жылына арнадык. Семинарда Түркия, Кытай мамлекеттеринен келген балетмейстерлер, хореографтар сабак беришет. Быйыл жыйырмадан ашык катышуучу Жалал-Абаддан, Оштон, Баткен облусунан келишти. Жети-сегиз жылдан бери келген жетекчилер дагы бар. Анткени бул сабакта алар билимин гана өркүндөтпөстөн, бири-бири менен таанышып, тажрыйба алмашышат. Айтмакчы, кыргыз-түрк «Манас» университети катышуучуларды керектүү материалдар менен камсыздады, ошондой эле окуу жайдын базасында акыркы күнү түрк бийи боюнча сабак өтүштү.

Көксал Абдурахман,

кыргыз-түрк “Манас” университетинин музыка

бөлүмүнүн ага окутуучусу:

 –  Менин оюмча, бийдин да дили бар. Бий аркылуу бир улуттун каада-салты, үрп-адаты  көрсөтүлөт. Улут болуш үчүн биринчи тили, дили, анан маданияты болуш керек. Маданияты жок элдин – келечеги жок. Аталган семинарды экинчи жылы «Манас» университети менен бирдикте өткөрүп жатабыз. Биринчи жылы мен өзүм семинарга катышып, бир топ ыкмаларды үйрөндүм эле. Быйыл болсо семинардын катышуучуларына түрк бийин үйрөттүм. Ректорубуз Себахаттин Балжы мырза материалдык жактан жакшы колдоо көрсөттү. Билим берүү жана илим министрлиги, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору менен келишим түздүк, ошонун негизинде иш аткардык. Келечекте дагы чогуу өткөрүү максатыбыз бар.  Семинардын биринчи күнүндө Зарылбек Молдобакиров кыргыз бийинин тарыхын кызыктуу айтып берди. Анысыӊарындай биздин дагы түрк бийлеринин түрү бар. Бийдеги ар бир кыймыл-аракет мааниге ээ.

Зарлык Молдобакиров,

К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын «Хореографиянын режиссура» кафедрасынын башчысы, доцент:

 –  28 жылдан бери этнобийдин тарыхы тууралуу изилдөө жүргүзүп келгем. Дүйнөдөн өтүп кеткен дөө-шааларыбыздын бирөө дагы кыргыз бийинин тарыхы  тууралуу китеп жазышбаптыр. 28 жылдан бери көтөрүп жүргөн «Кыргыз этнофольклор бийинин тарыхы» деген китеп жазып жатам. Кыргыздар дегеле бийге көӊүл бурушкан эмес, оозеки чыгармаларга чоӊ маани беришкен. Көрсө, аян берген тубаса бийчилер болгон экен. Маселен, манасчылар аян аркылуу манас айтып калышса, төкмө акындар, жазуучулар дагы аян алып жазышат, бийчилер деле аян аркылуу бийлешчү экен. Аян бий деген бар. Саймалуу-Ташта бийдин элементтери, кыймылдары даана сүрөттө турат.  Семинардын катышуучуларына кыргыз бийинин тээ Манастан бери келатканын айтып, мисалын кино аркылуу көрсөтүп, «Жаз» ансамблинин балдарын алып келип, сынма, талма, дервиш ж.б.у.с. бийлердин ар бир кыймыл-аракетин үйрөттүм.

«Жалгыз терек токой болбойт» дегендей, мен жалгыз болуп жатам. Сунушум:  этнофольклор мектебин ачуу керек. Мындай мектептер бардык мамлекеттерде бар. Эл аралык маанидеги семинарда кыргыздын үрп-адатын чагылдырган этнобийлердин тушоосун «Сейтек»  борбору кести. Анын жетекчиси С.Муслимовага ыраазычылык билдирем.

Пайзила Маматов,

Лейлек районундагы «Баластан» балдардын чыгармачылык борборунун ийрим жетекчиси:

 –  Зарлык Молдобакиров жараткан бийлерин көрдүк. Сахнадагы жана тойдогу  бийлердин айырмасы  асман менен жердей. Ошондуктан профессионалдык деӊгээлдеги бийлерди элге таратсак. Анткени ал бийлерди ата-бабабыз бийлешкен. Мисалы, кыргыз бийин өзүбүз көрбөйбүз, аны чет мамлекеттен келгендер абдан кызыгуу менен кабыл алышат.

Мен дагы кыргыз бийине басым жасап үйрөтөм. Анткени тарыхты билишибиз керек. М.Асылбашев агайдан окугам. Ал кишинин өзүнүн ыкмасы бар эле бий үйрөтүүдө. Көбүнчө манжалар менен иштегенге үйрөтчү. Р. Уразгельдиевдин китебин окуп чыккам.  Китепсиз бий коюуга болбойт. Аймактагы хореографтар үчүн профессионал бийчилер менен иштөө, бий үйрөнүү биз үчүн табылгыс кенч. Анткени бий үйрөтүү тууралуу окуу куралдар жокко эсе.

Айнура Абдрахманова,

Токтогул районундагы Балдар чыгармачылык

борборунун жетекчиси:

 – Семинарга  жетинчи жолу келип жатам. Мен хореограф эмесмин, кесибим музыкант. Бирок бийге кызыкканым үчүн «Сейтекке» жыл сайын келип, бийлерди үйрөнүп, бий тобун ачып алдык. Жылда жаӊы идеяларды алып кетебиз. Аз күн болгондуктан экөөбүз келгенбиз, бирөөбүз бир бөлүгүн үйрөнсөк, экинчибиз башкасын үйрөнөлү деп.  Анткени убакыт кыска, ошол аралыкта бардык берилген сабактарды алып калсак деп аракеттендик.  Маселен, «Кавказдын карышкырлары» бий тобунун жетекчилери Иса Алиев менен Любовь Кирдин «Лезгинканын негиздери» деген сабагы өтө кызыктуу болду. Ошондой эле Зарлык агайдын сабагы таасирлүүөткөнүн айтып кетүү парз.

Айжан Нурматова,

Бакай-Ата районунун  Д.Дүйшөбаев атындагы орто мектебинин бий ийриминин жетекчиси:

– Жети жылдан бери ийримди жетектейм. Бийге 30 окуучу катышат. Көбүнчө кыздар. Биринчи жолу келдим. Мага абдан жакты.  Хореограф болсом дагы көп нерсени билбейт экенмин. Этнобийдин, кыймыл-аракеттердин аттарын эми билдим.  Беш күн биз үчүн абдан аз.  Анткени бир бийди бир жыл коебуз. Кыргызстандын тарыхын бий аркылуу биле баштадык. «Сейтек» борборунда бардык шарттар бар экен. Үлгүлүү «Жаш кыял», «Шаттык», «Байчечекей», «Ак Шоола», «Улыбка» ж.б. бий топторунун костюмдары көздүн жоосун алат. Тарбиялануучуларынын тартиптүүсү баарыбызды кубандырды. Биз дагы беш күндө алып кеткен билимибизди жеринде пайдаланабыз.

Асылгүл Турсунбаева,

Кербен шаарындагы М.Токтоболотов атындагы  балдар борборунун бий ийриминин жетекчиси:

 – Семинарда ар бир кыймылдын эрежесин үйрөндүм. Ден соолугубузга, акыл-эсибизге кайсы кыймылдарды жасаш керек экенин үйрөндүк. Негизинен абдан көп аракет, күч, көп кыймылдашыбыз керек экен. Балдарга бийди интернеттен алып үйрөтчүмүн. 60 баланы тарбиялап жатам, төрт тобум бар. Манас айтып жатып кыргыз бийлеринин  кыймылдарын аткарган балдарым бар. Мен үчүн бул семинар табылгыс кенч болду. Рухум байып, мурдагыдан да бийге кызыгуум артты.

Елена Шатлинская,

 Ош шаарындагы «Келечек» балдар чыгармачылык

борборунун ийрим жетекчиси:

 – Мен Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуп жүргөндө эле Р.Уразгелдиев ар тараптуу өнүккүлө деп «Сейтек» борборуна алып келе берчү. Ошол убакыттан бери бул борборду мен жакшы билем. Жыл сайын өткөрүлүүчү мастер-класска катышам. Анткени ал жерден бардык бийлер тууралуу кенен маалыматтар берилет. Андан сырткары, бийдин бардык кыймыл-аракеттери практика жүзүндө көрсөтүлөт. Жылдан жылга өзгөрүп, көп жаӊы ыкмаларды үйрөнүп, окуу куралдар менен камсыз болуп жатабыз. Мындан сырткары, тажрыйба алмашуудагы чоӊ сабак болуп жатат.

Жылдыз Турдали кызы,

Алай районунун Гүлчө айылындагы Адышев

мектебинин хореографы:

 – Балдарга эстетикалык тарбия бергенге аракет кылып жатабыз. Келечекте аткара турган иштерибиз көп. Биздин ачылганыбызга бир эле жыл болду. Түрк бийлерин өзүбүз ойлоп чыгып, кыймыл-аракеттерин окшоштурчу элек. Бирок бул семинарда түрк окутуучу даана түрк бийлеринин тарыхы менен үйрөттү. Мен үчүн жагымдуу окуя болду.  Эркек балдарга кыймылдарды кантип үйрөтүү керек экенин тереӊдеп үйрөндүм. Үйгө барганда башка улуттун  бийлерин чыгарганга аракет кылам.

Жазгүл Абдрахманова,

 К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун хореографы:

 – Төртүнчү жолу келип жатам. Жеке топ ачып алгам. Тыныстанов атындагы университетте дагы бийден сабак берем. «Сейтектен» алган билимимди тереӊдетип үйрөнөм, ал бир жылга чейин жетет. Бир жыл келбей калсам бир нерсе жетишпей, керек болсо музыка тандай албай калам. Жаӊы идеялар жок болгондо жумуш жүрбөй калгансыйт. «Сейтек» борборунун жетишкендиктерине карап кызыгам, үлгү алып ошондой болгубуз келет.

Светлана Кудинова,

Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы облустук лицей-интернатынын хореографы:

 – 30 жылдык тарыхымда «Славяночка» жана Т.Сатылганов атындагы облустук лицей-интернатында «Назик» бий ансамблдерин уюштургам. Региондордо балдарды маданиятка тартуу кыйын, алар түнт келишет. Мен жыл сайын «Сейтекке» келип көп нерселерди үйрөнүп кетем. Былтыр, мисалы, аскер бийлери көбүрөөк болгон. Быйыл болсо лезгинка, кытай, түрк бийлерин белгилүү балетмейстерлер үйрөтүштү. Кытай бийин кытайлык хореограф, түрк бийин түрк хореограф ж.б.у.с.  үйрөтүштү. Семинарда алган жаӊы ыкмаларды, жаӊы бийлерди сөзсүз айылга барып көрсөтөбүз. Бул бизге абдан керек. Анапа шаарына мен ансамблимди алып баргам. Ю.Бобковдун «Ырдайлы кыргыз ырларын» сынагына катышып, байгелүү орунду жеӊип алганбыз. Өкмөт атайын машина сыйлыкка берген, айылдарды кыдырып, концерт коюу үчүн. Биз дагы «Сейтек» борбору сыяктуу чет өлкөлөргө чыгып, Кыргызстанды даӊазалагыбыз келет.

Үмүт Байгабылова,

Панфилов районундагы И.Кожомкулов атындагы орто мектептин тарбия завучу:

 –  Мектепте «Нуска» бий тобун түзгөм. Кыргыз бийлерин коем, чындыгында профессионалдык деӊгээлде эмес. Ошондуктан семинарга келип, аз убакыт болсо дагы  бий жагынан билимимди өркүндөтүп алайын дедим. «Нуска» тобунда 20 бала тарбияланышат. Өзгөчө бийге кыздар ийкемдүү. Семинар менин көзүмдү ачты. Көрсө, мен эч нерсе билбейт экенмин. Бийдин тарыхын, кыймыл-аракеттердин аттарын биринчи жолу уктум. «Элдик тренаж. Кыргыз бийи», «Кыргыз элдик бийи: Сезим ыргактары», лезгинка, түрк, кытай бийлери тууралуу ачык сабактарга катышып, практикада ал бийлерди кандай кыймыл-аракеттер менен бийлөө керек экенин үйрөндүк. Биз окуучуларды тартипке чакыралы десек, сөзсүз түрдө аларды маданиятка, тарыхка сугарышыбыз зарыл. Искусствого жакын балдар эч убакта рэкетчиликке, уурулукка ж.б.у.с. терс нерселерге барышпайт. Биздин максат — кыргыздын маданиятын балдарга таанытуу менен бирге аларды чет өлкөлөрдөгү сынактарга катыштыруу. Бул жагынан алганда «Сейтек» борборунан үлгү алышыбыз керек. Ошондуктан  «Сейтек» борбору биздин районго келип, мастер-класс өткөрүп беришсе, кызыккан көп балдар бийге жазылышат эле.

Гүлнара Алыбаева,

«Кутбилим»

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*