МИЛЛИОНДОГОН АКЧАЛАРДЫ КИМ УУРДАДЫ?

Сузак райондук билим берүү бөлүмүндөгү миллиондогон бюджеттик акчалардын уурдалышы боюнча райондук соттун иши аягына чыкты.  Соттун чечими менен Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн мурунку башчысы Наби Режавалиев ишине кош көӊүл мамиле кылгандыгы үчүн 400 миӊ сом айып, башкы бухгалтердин орун басары Алтынбек Исмаилов кызмат абалынан пайдаланып, документтерди жасалмалаганы үчүн 500 миӊ сом айып төлөй турган болду. Борборлоштурулган эсепкананын башкы эсепчиси  Акмал Артыков 14 жылга, кассир Болот Макамбаев 10 жылга эркинен ажыратылды  жана тергөө жүрүшүндө мыйзамсыз пайдаланылган чыгым акчалар жарым-жартылай өндүрүлгөндүктөн, айыптуулар 9,7 миллион сомду төлөөгө милдеттендирилди.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн каржы тармагын өткөн жылы жай айларында Эсеп палатасынын түштүктөгү аймактык бөлүмү эки этапта текшерген. Текшерүүдө 2014-жылы жалган ведомость түзүлүп жана акчаны алгандардын кол тамгасы жасалмаланып он миллион алты жүз миӊ сомдон ашык акча кассадан негизсиз алынгандыгы аныкталган. Эсеп палатасынан маалымдагандай, текшерүүнүн экинчи этабында 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгы текшерилген. Анда дагы ушундай эле олуттуу мыйзам бузууларга жол берилип,  төрт миллион сом мыйзамсыз чыгымдалгандыгы аныкталган. Натыйжада бир жарым жылда 15 миллион беш жүз кырк миӊ сомдон ашуун акчаны максатсыз пайдалангандыгы үчүн Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн төрт кызматкеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон.

Айыпталуучулар соттун чечимине нааразы

 Эркинен ажыратылган башкы эсепчи менен кассирдин ага-туугандары соттун чечимине нааразы болуп, кайрадан облустук сотко кайрылышты. Он жылга эркинен ажыратылган кассир Болот Макамбаевдин атасы Жунушалы Макамбаевдин айтымында, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги анын уулунун тажрыйбасыздыгынан пайдаланып кеткен жана ага жалган жалаа жабышууда.

– Менин балам отуз жашка чыга элек жаш адис. Эмгек жолун ушул мекемеден жаӊы баштап жаткан. Анын ишке орношконуна сегиз ай гана болгон. Биз айтканды кыла бер дешип жетекчиси менен башкы эсепчиси баламдын жаштыгынан жана сабатсыздыгынан пайдаланып кетишти. Соттун чечимине караманча каршыбыз. Себеби кассир эч качан башчынын жана башкы эсепчинин колу коюлмайынча бир тыйынды бирөөгө бере албайт же өзү ала албайт.  Албетте, кайсы бир деӊгээлде баламдын деле күнөөсү бар, аны толук 100% актай албайм, бирок эмне үчүн жасалма ведомость түзүп, жасалма кол коюп жаткандар жазаланбайт да, бери жактагы аткаруучулар соттолушу керек. Ал тургай бир жолу башкы эсепчи менен бөлүмдүн жетекчиси мен үйүмө алып кетем, сен үйүӊө алып кетесиӊ болуп акча талашып кабинетинен мушташып да кетишиптир. Анан акырында келип экөө теӊ суудан кургак чыгып жатышат. Бирөөнүн агасы депутат болсо, бирөөнүн агасы Эсеп палатасынын коллегиясынын мүчөсү. Натыйжада кабырга жеген камалып, жилик менен баш жегендер бошоп кетти. Же акчасы жок, же таанышы жок биз ушинтип сыздап калдык. Ал тургай соттун мындай чечимине облустук прокуратура  дагы каршы чыгып, апелляция берди, – дейт Жунушалы Макамбаев.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн мурунку башчысы Наби Режавалиев болсо өзүн бул кылмышка эч кандай тиешеси жок деп эсептерин жана өзү жетектеген мекемеде мынчалык акчанын уурдалып жаткандыгын билбегендигин айтты.

– Бул акчаларды мен билген эмесмин. Башкы эсепчи сотто эмгек акыдан үнөмдөлгөн акча болчу деди. Мен бир канча жолу башкы эсепчиден үнөмдөлгөн акча барбы деп сураганда, ал эч кандай акча үнөмдөлбөй эле турат деп жооп берген. Ал тургай мектеп директорлорунун, акимдин орун басарынын катышуусу менен өткөрүлгөн жыйында, аппараттын жыйынында  дагы эч кандай үнөмдөө жок деп маалымат берген. Директорлор корпусунан түзүлгөн комиссия текшергенде дагы эч кандай кынтык табылган эмес. Алар дагы чын эле үнөмдөлгөн акча жок экен деп ынанып калышкан. Мен өзүм педагог болгондуктан эсеп-кысапты жакшы түшүнбөйт экем, – дейт Наби Режавалиев.

Н.Режавалиевдин айтымында,  сотто башкы эсепчи бул акчаларды өзү алып алгандыгын мойнуна алган жана ал акчаларды жетекчилери менен бөлүшкөндүгүн, бирок эч кандай күбөлөрдүн жоктугунан аны далилдей албай тургандыгын айткан.

– Сотто башкы эсепчиден бир айда алган эмгек акыӊ тогуз миӊ сом болсо, бир жылда кырк миӊ долларга үй алыптырсыӊ, ага акчаны кайдан таптыӊ, бул акчалардын мыйзамсыз экендигин билдиӊ беле дегенде, ал акчаларды өзү алып жүргөндүгүн мойнуна алды. Жетекчилер менен бөлүшчүмүн, бир жетекчиге машина алып бергем деди. Кассир бала тажрыйбасы жок, жаш адис болчу. Ал болсо мен айтканды кыла бересиӊ дегенинен мен анын айтканын жасап жүргөм, мынчалык акча желип жатканын билген эмесмин деп айтты. Мен бир жолу эмгек акы таркатылган күнү кечинде жумушка барып калып, башкы эсепчинин кассадагы акчаларды үйүнө алып кетип жатканын көрүп калып экөөбүз катуу урушканбыз. Ошондо сенин агаӊ Жогорку Кеӊеште депутат болсо, мени министр шайлаган, мени иштен министр гана ала алат, бул акчага мен өзүм жооп берем деген. Эми азырынча бул иш боюнча жыйынтыктуу сөз айтуу кыйын. Себеби иш жогорку сотко чейин жетиши мүмкүн. Акыркы чекитти соттор гана коет, – дейт Н.Режавалиев.

Бөлүнгөн каражаттарды ким көзөмөлдөйт?

 Буга чейин билим берүү мекемелеринде мугалимдердин көп суммадагы акчасын уурдаган кылмыш болгон эмес. Коомчулук мекемелердин эсеп-кысабына болгон көзөмөлдүн начардыгынан улам миллиондогон акчалардын уурдалышына жол берилүүдө деп эсептеп, тийиштүү адистер көзөмөлдү күчөтүүүчүн дагы башка механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын айтышууда.

Негизинен мугалимдердин эмгек акысын төлөө райОНОлордун берген маалыматы боюнча жүргүзүлөт. Жыл башында ар бир билим берүүчү мекеме  райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө (башкармалыктарына) класстардын, балдардын, топтордун, бөлүнгөн сааттардын санын, мугалимдердин стажын, сабак жана сабактан сырткаркы иштердин, эмгек акыга кошумча берилүүчү акчалардын баардыгын тизмектеп тарификациялык тизме, башкача айтканда, штаттык расписание түзүшөт. Анын негизинде мектептеги эмгек акынын фонду түзүлөт. Ал маалыматтар Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгына жөнөтүлөт. Бул башкармалык келип түшкөн маалыматтардын негизинде бир жылга смета түзүп, райОНОлордун эсебине счет ачат.  РайОНОлордун борбордук бухгалтериясы ачылган эсеп боюнча эмгек акыны бөлүштүрүп, маалыматты банкка жөнөтөт. Банк ошол маалыматтын негизинде акча бөлөт.

– Республикада 2000 мектеп бар. Биздин башкармалык ар бир мектепти текшере албайт жана ал башкармалыктын функциясына кирбейт. Ошондуктан акча каражатынын туура жана максаттуу пайдаланышы райОНО жетекчилеринин мойнуна жүктөлгөн. Алар ар бир тыйынга, түзүлгөн сметага керт башы менен жооп беришет. Биз болгону райОНОлордун берген маалыматы боюнча счет ачып беребиз, алардын сарпталышын Эсеп палатасы көзөмөлдөйт, – дейт Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы Асель Рыскелдиева.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө (башкармалыктарына) бөлүнгөн каражаттын системасын Билим берүү жана илим министрлигинин ички аудит бөлүмү текшерүүгө милдеттүү. Бирок бул бөлүмдөүч эле адис иштегендиктен республикадагы бардык мекемелерди текшерип чыгууга чамалары жетпейт.

– Республика боюнча жети жүзгө жакын мекеме, андан сырткары эки миӊ мектеп, жогорку окуу жайлары, дагы башка мекемелер бар. Үч киши алардын баарын текшерип чыгууга эч мүмкүн эмес. Эсептөө палатасы жыл сайын бардык билим берүү мекемелеринин финансылык каражатын текшерет. Бул орган жыл сайын текшерип жаткандыктан кайрадан алардын үстүнөн текшерүүнүн кажети деле жок. Анын үстүнө биздин бөлүм билим берүү мекемелеринин каржылык системасын гана текшерүүгө милдеттүү, ал эми бөлүнгөн каражаттын сарпталышын Эсептөө палатасы көзөмөлдөйт, – дейт ички аудит бөлүмүнүн башчысы Джолдошев Бактыбек.

Джолдошев Бактыбектин айтымында, 2014-жылы министрликтин ички аудити тарабынан бул райондун мектептерин жана билим берүү бөлүмүнүн каржылык иштерин текшерүүүчүн атайын комиссия жөнөтүлгөн. Бирок ошол учурда билим берүү бөлүмүн Эсеп палатасы текшерип жаткандыктан ички аудит мектептерди гана текшерген.  Ал комиссия дагы райондогу бир катар мектептерден олуттуу мыйзам бузууларды аныктап, тийиштүү чаралар көрүлгөн.

Кандай чара көрүлүүдө?

 Сузак райондук билим берүү бөлүмүндөгү акчалардын уурдалышы боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында дагы каралып, тийиштүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине сөгүш жарыяланган. Ушундай мыйзам бузуулардын дагы кайталанбашы үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жаӊы жетекчисине бир катар тапшырмалар берилген. Учурда башчынын милдетин аткаруучу Токтогулов Дүйшөналы кетирилген кемчиликтерди жоюу жана коррупциянын алдын алуу боюнча бир топ иш-аракеттерди жасап, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана ар бир мектептин каржы системасын катуу көзөмөлгө алууда.

– Мен 2014-жылдын август айында жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалгам. Жетекчилик кызматка жаӊы келгенде эле бул райондогу абалды түшүндүрүшүп, кыска мөөнөттө жөнгө салуу тапшырмасы берилген. Райондо жалпы 109 мектеп бар. Алардын баардыгын текшерип, ар бир класстын, окуучунун санын тактадык. Бирок, тилекке каршы, азыр мен дагы, менин орун басарым дагы, башкы эсепчибиз дагы милдетин аткаруучу болгондуктан көп иштерди бүтүрө албай жатабыз. Бирок ошого карабастан бир катар чараларды көрдүк. Мурунку жетекчилер кетирген кемчиликти дагы кайталабаш үчүн райондогу бардык мугалимдердин эмгек акысын банктан карточка менен ала турган кылдык. Андан сырткары, ар бир мектептин эсеп-кысап жагын катуу көзөмөлгө алып, мектептерге түшкөн бир сомду дагы каттаттырып жатабыз. Башкы эсепчилик кызматка Базар-Коргон районунун тажрыйбалуу башкы бухгалтерин алып келдик. Күн сайын жыйналыш өткөрүп жатабыз. Мугалимдердин эмгек акысын берүүдө ачык-айкындыкты камсыз кылуу үчүн баарын электрондоштурдук. Ал мага дагы, башкы бухгалтерге дагы, кассирге дагы жеткиликтүү. Жасалып жаткан иштер боюнча 10-апрелде жыйынтык чыгарып, министрликке отчет беребиз, – дейт Токтогулов Дүйшөнаалы.

Былтыркы тийиштүү органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдөн Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн башка дагы бир катар мекемелердин  каржылык иштеринде мыйзам бузуулар бар экендиги аныкталган. Ошондон кийин Билим берүү жана илим министрлиги дагы көзөмөлдү күчөтүп, бир катар чараларды көрүүдө.  Биринчи эле ар бир райОНОнун чыгымдарынын сметасы текшерилип, кылдат анализ жүргүзүлгөн. Андан сырткары түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, нормативдик-укуктук актылар жарыяланды.  Жакында эле бардык билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктардын) жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүп, кетирилип жактан кемчиликтер боюнча кенен маалымат берилип, сметаны туура түзүүнүн жолдору үйрөтүлдү. Андан сырткары апрель-май айларында  Дүйнөлүк Банктын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жардамы менен бухгалтерлер жана финансисттерди окутуу үчүн тренингдерди өткөрүү пландаштырылууда.

– Кемчиликтердин бардыгы адистердин нормативдик-укуктук актыларды билбегендигинен жана кесиптик деӊгээлинин начардыгынан улам болууда. Ошондуктан мындай иштердин дагы кайталанбашы үчүн окутуучу-семинарларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Бюджетти туура түзүүнүн, каржылоону туура жүргүзүүнүн жолдорун кадам артынан кадам кылып көрсөткөн инструкцияны иштеп жатабыз.  Андан сырткары көзөмөлдү күчөтүүүчүн министрликтин тиешелүү кызматкерлеринин ишин дагы күчөтүп жатабыз, – дейт Асель Рыскелдиева.

Чолпон Кийизбаева,

«Кутбилим»

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*