ОЛИМПИАДАНЫ ТҮП-ТАМЫРЫНАН ӨЗГӨРТҮҮ КЕРЕК

Бишкекте өткөн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында он предмет боюнча күч сынашкан  323 окуучунун ичинен 105  терең билимин көрсөтүп, жеңүүчү болушту.

1-орунду багындыргандар планшет, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин 1-даражадагы диплому менен сыйланышты. 2-орунга чыккандар смартфон жана 2-даражадагы диплом менен сыйланышса, 3-орунду камсыз кылгандар баалуу китептер жана 3-даражадагы дипломго татыктуу болушту. Олимпиаданы өткөрүүүчүн республикалык бюджеттен 320 млн. сом бөлүнгөн. Сыйлыктарды билим берүү жана илим министринин орун басары  Нурмамат Эсенкулов тапшырып, окуучуларды алгачкы ийгиликтери менен куттуктады. Быйылкы олимпиаданын өзгөчөлүгү — дүйнөлүк деӊгээлдеги тапшырмалар берилип, ал купуя сакталды.

Нурмамат Эсенкулов, билим берүү жана илим министринин орун басары:

 –  Республикалык олимпиадага өлкөбүздүн жети облусунан жана эки шаарынан эӊ мыкты окуучулар келип катышты. Командалык биринчилик боюнча Бишкек шаарынын командасы 360 упай топтоп биринчиликке чыкты, экинчи орунга 300 упай топтоп ысыккөлдүктөр, үчүнчү орунду 270 упай менен Баткен облусу багындырды.

Жыл сайын миӊден ашык  окуучулар билим таймашына катышып келатат. Дегеле адам баласынын жашоосу атаандаштыктан турат эмеспи. Ошондуктан ийгиликке жетүүүчүн талыкпаган эмгек, чыдамкайлык, өжөрлүк жана татыктуу  даярдык үчүн саяпкер жана ыӊгайлуу шарт керек. Ошондуктан окуучулардын жеӊишин камсыз кылган мугалимдерге, ата-энелерге чоӊ ыраазычылык билдирем. Ар бир мектепте, анын ичинде айыл мектептеринде окуучулардын кызыгуулары боюнча өз алдынча системдик билим алуу зарыл. Керектүү чарбачылык иштерди иштеп чыгуу жагдайы үчүн министрлик тарабынан бир кыйла күч-аракеттер жумшалып жатат.  Бүгүнкү күндө окуучулардын кошумча билим булактарынан өз алдынча  ой жүгүртүү менен пайдаланууга эӊ оболу мектептерди компьютердик техника менен  жабдуу жана интернет булагына кошуу маселеси турат. Электрондук окуу усулу дагы алгылыктуу деӊгээлде жүрүп жатат. Айтып коюу керек, быйылкы жылы өкмөт тарабынан каражат каралып, республикабыздын 1000 ашык мектеби интернетке кошулат. Экинчи кубанычтуу кабар, жакында И.Раззаков атындагы КТУда физика, математика мугалимдеринин слету болот. Ошондой эле өлкөбүздө быйылтан баштап физика-математика багытындагы сегиз жаӊы мектеп ачылат. Мен ойлойм, бул келечекте интеллектуалдык потенциалдын түзүшүнө салым кошот. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгына карабастан жылда жүздөн ашык жаӊы мектептер курулуп жатат, ошондой эле былтыркы жылдан баштап  бюджеттин эсебинен биздин мектептер капиталдык ремонттон өтө баштады. Эгерде биз ыӊгайлуу жакшы шарт түзсөк, биздин мугалимдердин, окуучулардын маанайы дагы ачык болуп, жакшы ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм.

Жыйынтыктарды чыгардык, бул жакшы жетишкендик, бирок мен чиновник катары эмес, өз оюмду айтып койгум келет. Мындан ары  1-, 2-, 3-орундарды алгандарды өздөрүнүн тандап алган адистигине тестирлөөсүз (ЖРТ) өтүшүн моралдык колдоо деп ойлойм. Анткени жакшы математик мыкты тарыхчы, адабиятчы  болбой калышы мүмкүн, ал эми бул республикалык деӊгээлге чыккан бүтүрүүчү сөзсүз түрдө – биздин каймагыбыз. Экинчиден, саяпкер болбосо күлүктөр марага жетпейт, мыктыларды даярдаган мугалимдерге дагы  материалдык жана моралдык жактан колдоо үчүн ар кандай сыйлыктар берилиши керек. Себеби мугалим бир гана окуучуну даярдабастан, ошол мектептин, райондун, керек болсо облустун кадыр-баркын көтөрүп, өлкөгө салым кошуп жатат. Бул жеӊүүчүлөр эл аралык олимпиадада Кыргызстандын намысын талашат. Ошондуктан Жобого ушул пунктту киргизүү керек деп эсептейм. Эгерде биздин бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларга өтсө, чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайлардан билим алса, алар  Кыргызстандын баркын бардык жерде көтөрүшөт.

MG_6519Төлөбек Абдырахманов,

олимпиаданын уюштуруу комитетинин төрагасы:

 – Олимпиаданын өзгөчөлүгү – быйыл Кыргызстандын төрт жогорку окуу жайы: Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМУУ, И.Раззаков атындагы КТУ, Кыргыз-Түрк “Манас” университети  жана Билим берүү академиясы олимпиаданы өткөрүүнү мойнубузга алдык. Колдон келишинче адилет, таза, жогорку деӊгээлде  өткөрүлдү. Олимпиаданы өткөрүүгө мен биринчи жолу катышып жатам. Ошондуктан көп чечүүчү маселелер бар экенин жон теримен өткөрдүм.  Эгерде биз Кыргыз Республикасында мектеп окуучуларынын олимпиадасын жакшыртабыз десек, анда аны түп-тамырынан бери өзгөртүү керек. Эӊ биринчи, олимпиаданы өткөрүүнүн Жобосун жаӊыдан иштеп чыгуу зарыл. Анткени Жободо көп такталбаган маселелер бар экен. Ырас, бизге милдеттендирилгенден кийин башкача өткөрсөк болот эле, бирок бекитилип калган Жободон чыга алган жокпуз. Бирок олимпиаданын 3-турунан кийин Бишкек шаарынын айрым белгилүү мектеп директорлору, билим берүү министри менен бирге сүйлөштүк. Буюрса, Жобону иштеп чыгуу маселеси кийинки жылда аткарыла турган болуп калды. Жободогу айрым кемчиликтерди айта кетсек,  мисалы үчүн, биринчи  орунга эки бала бирдей балл алып калса кандай чечилиш керек экени такталбаптыр, ошондой эле профилдик мелдешке кете турган бала базалыкка түшүп калган болсо, аны кандай которуу жөнүндө дагы эч нерсе жок, же олимпиададан алып салуу керекпи, же баллын алып салыш керекпи, айтор, чечилбей калган маселелер бар. Ошондой эле эл аралык олимпиадага кете турган балдарды тандап алууда да мүчүлүштүктөр жок эмес. Андыктан дүйнөлүк олимпиадага тандап алуу турун да башкача кылуу керек экенин министрге айттым эле. Эмдиги жылы Жобону кайра оӊдоп жазып, ошого жараша шарт түзүп, жаӊы технологияларды пайдаланып,  видеокөзөмөлдөрдү орнотуп ж.б.у.с. аркылуу өтүү зарыл.  Же болбосо Кыргызстандагы олимпиадалык кыймыл башка өлкөлөргө салыштырмалуу жылдан-жылга артта кала берет. Быйыл апелляцияга канча окуучу катышса баары эле киришти. Кээ бири жазган ишин жөн эле көрүп алуу үчүн кирсе, кээ бирөө чын эле өзүнүн билимин тастыктап, коркпой-үркпөй белгилүү окумуштуулар менен талашканга чейин барышты. Чындыгында билимин көрсөтө алышкандар болду. Апелляцияда өзүм турдум, көп учурда окуучу тарапка тарттым. Себеби талаш маселелер көп, маселени бир эле формула эмес, башка ыкма менен чечсе болот. Бирок жыйынтыгы туура чыгып жатат. Мен айттым, «ошого жүрөгү даап келип, университеттин профессорлору менен талашып жатканы үчүн, окуучулардын үмүтүн өчүрбөй, упайын бериш керек» дедим. Анткени жаштар кийинки жашоосунда да укугун коргоп алганга үйрөнүшү зарыл.

Жалпысынан олимпиадага 320 млн. сомдун тегерегинде каражат бөлүндү. Биз анын бир топ бөлүгүн үнөмдөдүк, анткени эл аралык олимпиадага бара турган балдарга мурда каражат бөлүнчү эмес экен. Бул жолу биз интеллектуал балдарыбызды дүйнөлүк олимпиадага  алып барууга каражатты калтырып койдук.

DSCN8194Айдан Тынаева,

Бишкек шаарындагы №56 мектептин 10-классынын окуучусу, англис тили боюнча жеӊүүчү, 2-орун:

 – Мен шаардык олимпиадада 1-орунду жеӊип алгам. Менин байкоомдо, республикалык сынак шаардыктан эч кандай айырмасыз өттү. Ошондой эле тестирлөө, англис тилинде окуу, түшүнүү, укканды кайра айтып берүү, эссе жазуу болду. Экинчи күнү бир минута даярданып, үч минутанын ичинде келген тема боюнча баарлашуу болду. Экинчи турдан кийин өзүмдүн жыйынтыгымды билген соӊ, апелляцияга арыз жаздым. Анткени жазуу учурунда бир-эки ката кетиргем, аны оӊдоо керекпи деп координатордон сурасам, оӊдогонго болбойт деп жооп берген эле. Кийин мен калыстар тобуна кирип, ошол маселени айтсам, оӊдогонго болмок экен. Демек, сынакка кирүүнүн алдында окуучуларга кандайдыр бир түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экен.

Кыял Токторбаева, эне, Балыкчы шаары:

 – Менин балам Султанбеков   Темирлан тарыхтан биринчи орунду алды. Былтыр 10-класстан келип, анда дагы 1-орунду жеӊип алган. Ошондуктан быйыл олимпиадага эркин катышканга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биринчи күнкү таймашта бир кыз алдыга чыкты, экинчи күнү дагы ошондой болуп калды. Ошондо Темирлан апелляцияга арыз жазып, калыстар тобуна кирип беш саат бою өзүнүн туура жооп бергенин тастыктай алды. Балам тарых сабагын окутуу боюнча программа жазып чыккан, мектептин ичинде музей уюштурган. Темирлан кыргыздын тарыхын абдан жакшы билет. Эл аралык сынактардын катышуучусу. Билим берүү академиясына тарых китебинде  айрым фактылар туура эмес берилгени тууралуу каттарды жазып келген. Калыстар тобу акыры баланын шагын сындырбай макул болуп, 1-орунду беришти.

Бакыт Боркоев,

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин химия инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент – химия сабагы боюнча республикалык методикалык комиссиянын жана республикалык олимпиаданын калыстар тобунун төрагасы:

 – Жалпысынан Кыргызстан боюнча 37 окуучу (10 – жана 11-класс, «базалык» жана «тереӊдетилген») химия сабагынан республикалык олимпиадага катышышты. Олимпиаданын жыйынтыгы абдан тереӊ жана кылдаттык менен тастыкталды.

Окуучулардын республикалык олимпиадасы жөнүндө Жобосуна ылайык, ар бир катышуучу алган баллына жараша өзүнүн классы боюнча республикалык денгээлде 1-, 2-, 3-орундаргаээболушту.

Быйылкы (III регионалдык, IV республикалыктурдун) олимпиаданын негизги өзгөчөлүгү – химия сабагынан бардык тапшырмаларды купуя даярдоо технологиясын колдонгондукта болду. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тажрыйбасын пайдаланып, атайын түзүлгөн республикалык методикалык комиссия тарабынан тапшырмалар түзүлдү жана жооп баракчалары менен бирдикте олимпиадалык китеп түрүндө университеттин басмаканасында көбөйтүлүп, атайын пакеттерде сактоо камсыздандырылды. Бул китепти колдонуунун негизгимаксаты – дүйнөлүк олимпиададагы метод боюнча – олимпиаданын катышуучулары кошумча бир да башка барак пайдаланбасы үчүн каралган.  Ал пакеттер калыстар тобунун, көзөмөлдөөчү топтун жана окуучулардын көзүнчө ачылып таратылып берилди. Өз кезегинде олимпиаданын катышуучулары өз көздөрү менен көрүшүп: «тапшырмаларды ачып, бирөөгө берип ийди, таратып ийди», – деген божомолдорго бөгөт коюлду деп ойлойм.

Экинчиден, мазмуну жана деӊгээли боюнча республикалык олимпиаданын тапшырмаларын дүйнөлүк деӊгээлде (Дүйнөлүк олимпиадалардын акыркы он беш жылдык тапшырмаларын карап чыгып) түздүк. Бардык класстарга (10 – же 11- класс, «базалык» же «тереӊдетилген» деп бөлбөй) бирдей тапшырма берилди. Себеби бул республикалык олимпиаданын жеӊүүчүлөрү мыкты деп табылып, дүйнөлүк олимпиадада Кыргызстандын намысын эл аралык аренада коргойт. Ошондуктан биздин республикалык олимпиада дүйнөлүк олимпиадалардын деӊгээлинде өтүшү керек болчу.

Үчүнчүдөн, олимпиаданын катышуучуларынын деӊгээлдери министрлик, жергиликтүү билим берүү органдары, окуучулар, мугалимдер жана дүйнөлүк олимпиадага даярдагандар үчүн да ойлонто турган маселе. Себеби базалык мектепте окугандардын деӊгээли, орто эсеп менен эки-үч эсе төмөн болуп жатат. Лабораториялык иш боюнча эксперимент жүргүзүүдө элементардык тажрыйбалары жок. Бул көрсөткүчтөр жалпыбызды канчалык деӊгээлде мектептерде химия сабагын окутуп жатабыз дегенди билдирет. Маселен, өткөн жылдарда базалык мектептен 1-орунду алгандар дүйнөлүк олимпиадага катышуучулардын арасында эӊ төмөнкү баллдарды алышты. Ошондуктан мектептерде факультативдик курс, кружокторду ачып мектептен тышкары атайын программа менен олимпиадаларга даярдануу (кышкы жана жазгы окуу, университеттер бирдикте келишим түзүү менен иштөө) жүргүзүлүшү керек.

Олимпиадага даярдалып жаткан окуучу жана даярдаган мугалимдерге мотивация (кошумча акы контракттык түрдө,  демөөрчүлөрдү тартуу ж.б.) түзүү зарыл. Ошондуктан 2016-жылы Эл аралык олимпиадаларга улуттук команданын курамын түзүүдө жалпы топтогон балл (рейтинг) боюнча тандалды. Быйылкы химия боюнча окуучулар арасындагы республикалык олимпиадада биринчи орунду (11 – “тереӊдетилген” класстын арасында жана жалпы топтогон балл (рейтинг) боюнча) Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк лицейинин 11-классынын окуучусу – Маметов Дооронбек, 2-орунду Базарбаев Баяман (10 – “тереӊдетилген” класстын арасында 1-орун), 3-орунду Автандил Саиддин (10 – “тереӊдетилген” класстын арасында 2-орун), 4-орунду (11 – “тереӊдетилген” класстын арасында 2-орун) Өзбеков Азизбек ээледи. Жогорудагы окуучулардын жетишкендиктерине аларды даярдаган мугалими Жалалов Айбектин эмгеги өтө зор.

Дагы бир орчундуу олимпиададагы жумуш – апелляция маселеси. Өткөн жылдардагы кемчиликтерди, талаш-тартыштарды жоюу максатында калыстар тобу теориялык турдан кийин бардык кайрылган окуучуларды (24 окуучу) кабыл алып жумуштарын чогуу талкуулап, суроолорун канааттандырды. Алардын катарында Баяман Базарбаев өзүнүн жоопторун тогуз кишиден турган калыстар тобуна кайрадан тастыктап бере алды жана мурдагы алган упайынын үстүнө упай коштурду.

Келерки жылдардагы олимпиадаларды өткөрүү боюнча бир канча сунуштарыбыз бар: региондордон 1-3-орунду алган окуучулар республикалык олимпиадага катышууга укук алса, олимпиадага даярдануучу резервдин сапаты жогоруламак. Анткени бир мектептен бир класстан эки же үч күчтүү окуучу болсо регионалдык квотадан чыга албай ал окуучунун кызыгуусу жоголот.

Жакында, 2-8-майларда, Москва шаарында КМШ, Европа жана Азия мамлекеттеринин (30дан ашуун) окуучуларынын арасында химиядан Эл аралык Менделеев олимпиадасы болот. Андан кийин июль-август айларында дүйнөлүк (110дөн ашык өлкө) олимпиада өтөт. Жеӊүүчүлөр ошол олимпиадаларга катышуу үчүн кайрадан даярданууга убакыт абдан аз бөлүнүп калат экен. Ал эми даярдануу программанын көлөмү абдан чоӊ жана татаал. Бул программа эл аралык олимпиаданын уюштуруу комитети тарабынан декабрь айында улуттук команданын жетекчилерине жөнөтүлөт. Ошондуктан кийинки жылдарга окуучулар арасында олимпиаданы эрте баштоо зарыл. Мисалы, мектептерде – сентябрда, райондук деӊгээлде – октябрда, облус жана шаарларда – ноябрда, ал эми кышкы каникул учурунда республикалык олимпиаданы өткөрсөк, эл аралык олимпиадага даярдаганга беш-жети ай убакыт болмок.

Дүйнөлүк деӊгээлде өткөн химиялык олимпиадада биринчи, экинчи, үчүнчү орун деп бөлүштүрбөйт, ал жакта рейтинг боюнча жогорку балл алган 10% алтын медаль, андан кийинки 20% күмүш медаль, 30% коло медаль деп берилет. Мына ушундай методду республикалык деӊгээлде өткөн олимпиадаларда колдонсок, сынакка катышкан активдүү, таланттуу көп окуучуларыбыздын эмгеги татыктуу бааланып, алар үчүн чоӊ стимул болмок.

Республикалык, дүйнөлүк олимпиаданын жеӊүүчүлөрүн багыты боюнча экзаменсиз эле  жогорку окуу жайына кабыл алынуусуна шарт түзүү жана дүйнөлүк олимпиадада медаль алгандарга кызыл аттестат жана алтын сертификат конкурстан тышкары берилишин чечүү керек.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

2 Комментарии

  1. Мен ото наразычылыгымы билдирем 10кл английский боюнча откон олимпиадага менин иним катышып келди , ошону менен бирге шаагы сынып окууга болбон кызыгуу жонотуп ооруп калды эмне учун акыйкат каралбайт ош областынан баржокто акча акча дагы деле акча чечет

  2. 320 миллион акчага ар бирине алтын берсеңер дале болот.. Барган балдар жакшы тамак жебедик деп кайтышты го.323 окуучу 320 миллион Ошто айтышты го 2000миндей окуучуга 60 мин гана акча сарпташкан.. сыйлыктарды да берген. Эми не деп актанышат…..

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*