УЛУТТУК БИЛИМГЕ ӨМҮРҮН АРНАГАН ИНСАН ЭЛЕ

 

04603 end

2016жылдын 4апрелинде Турчанинова Галина Исаевна  дүйнө салды. Аны  Бишкек шаарында гана эмес,  республиканын  булуң-бурчундагы  педагогикалык  коом  жакшы таанычу, баалоочу, сыйлоочу. Ал  бардык  өмүрүн  улуттук  билимди  өстүрүп, өнүктүрүүгө жумшаган.

Г.И.Турчанинова 1959-жылы  Кыргыз улуттук университетти аяктагандан кийин эмгек жолун Фрунзе шаарындагы  №13  орто мектепте  математика мугалими болуп баштаган. Алты жыл куруучулардын техникумунда  директор  болуп иштеген, андан соң  сегиз жыл  Фрунзе шаардык билим берүү башкармалыгын, кийинчерээк  Республиканын  балдар фондун  башкарып келген. Анын  кол алдында  бардык мектептердин жана бала бакчалардын куруулары  жүргүзүлгөн. Г.И.Турчанинованын колу жок бир да объект  эксплуатацияга берилген  эмес.

1994-жылдан 1997-жылга чейин ал Тышкы иштер министрлигинин сектор башчысынын  милдетин аткарса, 1997-жылдан ардактуу эс алууга чыгып,  бирок ошол эле кезде  коомдук  билим  берүү фондун башкарат.

Элдик билим берүүгө кошкон зор салымы үчүн Галина Исаевнага  “Кыргызстандын  эмгек сиңирген мугалими” наамы берилген, Эмгек Кызыл Туу Ордени менен жана башка медалдар менен сыйланган.

Акыркы жылдары  Галина Исаевна  балдардын жана өспүрүмдөрдун улуттук “Сейтек” борборунда Камкордук Кеңешинин төрайымы  болуп иштеген.  Аны бардык мугалимдер, балдардын ата-энелери, окуучулар  сыйлашкан. Балдардын жана өспүрүмдөрдун улуттук “Сейтек” борбору  Турчанинова Галина Исаевнанын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл  айтышат. Биздин жүрөгүбүздө анын жаркын элеси дайыма  сакталат.

 

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун жамааты.   

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*