БОРИС КУБАЕВ: БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ЭКСПОРТТУК ПОТЕНЦИАЛЫБЫЗ ЧОӉ

Билим берүүдөгү заманбап маалымат технологиялары институтунун ректору Борис Кубаев Кыргызстан жогорку билим берүү тармагындагы ири потенциалды пайдалануу менен миллиондогон доллар пайда таба алат деп жатат.

-Советтер Союзунун билим берүү системасы эң күчтүү болгон. Ал эми союздун ичинде Кыргызстан биринчи үчилтикке кирген. Союз таркап кеткен менен Кыргызстанда биз жогорку окуу жайлардын потенциалын жоготпой келатабыз, кудайга шүгүр. Ошол себептүү, бизде жогорку билимди экспорт кылууга бардык мүмкүнчүлүк бар. База десе база бар. Мугалимдерибиз, ырас, бир-эки мууну карып, пенсияга кетүүдө. Бирок алардын ордун басып жаткан жогорку даярдыктагы жаш адистерибиз да көп. Үчүнчүдөн, лабораториялык базабыз сакталып турат. Китепканалык базабыз чоң. Окуу жайларыбыз бүт баары жаңы муундагы компьютердик техника менен камсыз болду.

Мен айрым бир убакыт Испанияда иштегем. Бул өлкөдө 62 мамлекеттен 145 миңдей студент келип окуп жатат. Карачы масштабын. Биз өзүбүздүн өлкөбүздө бул жагына жакшы көңүл бурбай жатабыз. Экинчиден, мен баса белгилеп айтып кетейин “Демократиялык жунгли” жөнүндө. Чет мамлекеттен келген студенттер аудиторияга келгенче виза, каттоо, милиция менен байланышкан машакаттуу маселелерди чече албай, кайтып кетип жатышат.

Биз ойлонуп туруп, бул ишти аткарып турган бир ыңгайлуу структураны түзгөнүбүз жакшы. Биринчиден, бул интеллектуалдык жагынан өнүккөн өлкө катары жакшы атыбызды чыгарат, аброюбузду көтөрөт.Экинчиден, билим берүү тармагы өз ичинен кайнап, өзү бышып жатса, анын сапаты көтөрүлбөйт. Ал эл аралык деңгээлде интеграция болгондо гана сапаттык жагынан жаңыланат, жакшырат.

Мына азыр алеки саамда эле Лондон, Токио менен байланышып жатышат. Жаңы технологиялар эл аралык, мамлекет аралык байланыштарды да жаңы деңгээлде өнүктүрүп жатат. Ошондуктан, биз да четте кайдыгер карап турбай, бул процесстин алдында кетишибиз керек.

Каржы-экономикалык жагына келгенде, мен коркпой эле, эсептебей эле айтайын, кээ бир тармактар берип жаткан каражатты билим берүүнүн экспорту үч-төрт эсе көп берет. Мунун чыгымы дээрлик жок.

Азыркы убакта Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кайсыл өлкөлөрдөн келип окуп жатышат? Дагы кайсы өлкөлөрдө Кыргызстандын жогорку окуу жайына тартыла турган потенциал бар?

– Менин оюмча азыр медицина тармагына көп келип жатат: Индиядан, Пакистандан, Афганистандан, Иран, Кытайдан. Биз Европа менен иштебей жатабыз. Бул жактан да тартууга болот. Менимче, илим-изилдөө маселелери боюнча келбей койбойт. Биз үчүн Россия эң чоң рынок болуп эсептелет. Анын үстүнө тилден маселе жок. Россия менен эмнеге иштебей жатабыз? Эмне үчүн Россиянын жогорку окуу жайларынын жетекчилери бизге февралда, мартта эле келип, биздин балдар арасында тест сынагын өткөрүп, аларды кабыл алдык деп каттап кетип жатат. А биз эмнеге отурабыз? Оозду ачып, “алма быш, оозума түш” деп отурабыз. Аракет кылбасаң, берекет болбойт. Ошондуктан Кыргызстандын жогорку окуу жайына келе турган потенциал абдан чоң.

-Жогорку окуу жайлардын рейтингин чыгарган изилдөөлөрдө Кыргызстандын жогорку окуу жайлары тизмеге илинбей калып жатпайбы. Анан кантип келет чет өлкөдөн кыргыз окуу жайларына?

-Бул жерде күнөө өзүбүздө. Өзүбүз аракет кылбай жатабыз. Кээ учурда мындай изилдөөнү жүргүзүп жатканда суроо сурашса , жооп бербей да жатабыз. Дагы кайталап айтайын, биздин окуу жайлардын потенциалы абдан чон. Аны пайдалануу керек. Биринчи этапта жылына он миң студентти чет мамлекеттен чакырып окууга жетишсек болот. Биздеги элүү үч жогорку окуу жайынын баары эмес, отузун эле алалы, алардын ар бири бир миң баладан алып окута алат. Тил шылтоо эмес. Тилди үйрөткөн усулдук ыкмалар азыр көп. Мисалы, биздин институт жаш окуу жайы, ошого карабастан миң баланы окутуп бере алабыз. Алты ай тилди окутуп даядрасак, төрт жыл эмес, төрт жыл алты ай окуйт экен. Азыр биздин электрондук китепканада эле жети миң китеп бар которулуп, дискте даяр турат. Үч ай ичинде индуспу же полшалыкпы, ким болбосун окутуп коебуз.

Маектешкен Кубатбек Чекиров

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*