КЫРГЫЗ ТАРЫХНААМЕСИНИН БАШТООЧУСУ

Кыргызстандын көрүнүктүү тарыхчысы Бактыгулов Жумадил Сапалович тирүү болгондо үстүбүздөгү жылдын 24–апрелинде 80 жашка толмок. Кыргызстандын тарых илиминин өнүгүшүнө, жогорку квалификациялуу тарых сабагынын мугалимдерин даярдоо ишине опол тоодой эмгек сиӊирген окумуштуу–педагогду эскерүү аны менен чогуу эмгектенген кесиптештеринин жана окуучуларынын ыйык парзы.

Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы  Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети) тарых факультетин 1976–жылы бүтүрүп жаткан студенттер Жумадил Сапалович менен ушул жылы таанышкан элек. Анткени бул киши Тарых факультетинде 1965–1974–жылдары иштеп, анан илимдер академиясына которулган экен. Жумадил агай ошол жылы бүтүрүүчүлөр тапшыра турган мамлекеттик экзамендик комиссиянын төрагасы болуп келиптир. Ошол кезде агай Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда кафедра жетектеп иштеп жүргөн экен. Мамлекеттик экзамендердин жүрүшүндө Жумадил Бактыгулов ар бир бүтүрүүчүнүн жоопторун кунт коюп угуп, тактоо ирээтинде суроолорду берип отурганы эсимде. Көрсө кыраакы педагог бүтүрүүчүлөрдүн ичинен илим жолуна түшө тургандары барбы деген максатта бизди сындан өткөрүптүр. Бүтүрүү экзамендери аяктаганда, артыкчылык диплому менен аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүөзүнө чакырып алып, келечек пландарыбыз жөнүндө сурамжылап, окумуштуулук жолго үгүттөгөн эле. Мен университетти бүтөрүм менен ошол кезде өтө натыйжалуу иштеп жаткан Кыргыз Совет энциклопедиясынын башкы редакциясына илимий редактор болуп иштеп калдым. Ал кезде жүздөн ашык адис редакторлор эмгектенген Энциклопедиянын башкы редакциясы азыркы Ак үйгө жакын жайгашкан “Киргизия” деп аталган ресторандын экинчи кабатында болчу. Редакцияда бир жылдан ашыгыраак иштеп калгам. Бир күнү түшкү дем алуу маалында Панфилов паркында басып жүрсөм, ошол жерден Жумадил агай жолугуп, жөн жайымды, кайда иштеп жүргөнүмдү сурап,  “илим жолуна түшүү жөнүндөгү менин сунушумду ойлондуӊбу?” – деп калды. Мен макул экендигимди айттым. Агай дароо эле:  “Сен   айылда  чоӊойгон  экенсиӊ, айыл   турмушун   жакшы    билесиӊ, ошондуктан “Кыргызстандын айыл калкынын азыркы мезгилдеги материалдык жана  маданий турмушу” деген тема боюнча материал чогултуп, талдап иштеп көрчү”, – деди.

Ошентип Жумадил Сапалович мени илим жолуна Панфилов атындагы эс алуу паркындагы жолугушууда 1977–жылы 17–сентябрь күнү салган. Агай мага ошондо туура тема тандап берип, илим изилдөө ишине багыттаган экен. Агай аныктап берген маселени изилдөөгө башотум менен киришип, агайдын жетекчилиги менен адегенде кандидаттык диссертация коргодум. Кийинчерээк ушул эле маселе боюнча докторлук диссертация коргоп, бир нече илимий монографияларды жаздым. Жумадил агай салган илим жолум байсалдуу болуп,  ондогон окуу китептеринин автору болдум. 2006–жылы Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясына корреспондент–мүчө болуп шайландым, ондогон илимий монографияларды жазып, жыйырмадан ашык илимдин кандидаттарын, докторлорду даярдап, 2008–жылы “КРнин илимине эмгек сиӊирген ишмер” деген ардак наамга жетиштим. Ушул жетишкендиктеримдин башатында ардактуу насаатчым Жумадил Бактыгулов тургандыгын эч качан унутпайм.

Жумадил агайдын жетекчилиги менен кандидаттык диссертация жазып жүрүп, жакындан таанышкан кезде агайдын Тажикстанда төрөлгөнүн уккам. Бирок эмне үчүн ал жакта төрөлгөнсүз? – деп батынып сурай алган эмесмин. Мунун чоо–жайын мен жакында эле “Рух кенчи” деп аталган гезиттин 2016–жылдын февраль айындагы эки санына жарыяланган “Чынгыш ажы” деп аталган макаладан окуп билдим. Бул макалада агайдын ата–теги,  алардын тагдыры баяндалган экен. Макалада Жумадилдин  чоӊ атасы Чынгыш ажы деген  адам учурунда Нарын чөлкөмүндөгү кадыр–барктуу инсандардын бири болгондугу айтылат. Кезегинде ажыга барып, көптү көрүп билген адам катары Чынгыш ажы 1916–жылдагы улуттук–боштондук  көтөрүлүштө падыша бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чөлкөмдөгү элди Кытайга качырбай, жазалоодон сактап калган экен. 1920–жылы ноябрда Нарын шаарында офицер Кирьянов менен бай соодагер Бондарев Совет бийлигине каршы уюштурган козголоӊду басууда да Чынгыш ажы кызыл аскерлерге көмөк көрсөтүп, аларды азык–түлүк, жылуу кийим менен камсыз кылуу ишин уюштуруптур.

Тилекке каршы, Чынгыш ажы Кеӊеш өкмөтүнүн бай–манаптарды куугунтуктап, мүлкүн конфискациялоо, аларды  Кыргызстандан көчүрүү саясатынын курмандыгы болгон. Тарыхта 1929–жылы февраль, март айларында эл ичинде кадыр-баркы бар, салыштырмалуу бай жашаган 44 үй–бүлөнүн мал–мүлкүн тартып алып, Россиянын Оренбург шаарына сүргүнгө айдаганы белгилүү. Оренбург облустук мамлекеттик архивинде Кыргызстандан айдалган 44 “бай-манаптардын” үй–бүлөлөрүн кошкондо 319 адамдын тизмеси сакталып турат. Алардын ичинде  Чынгыш ажы да үй–бүлөсү менен катталган. Архивде Чынгыш ажы 1929–жылы 5–февралда камакка алынып, мал–мүлкү конфискацияланган. Протоколдо Чынгыш ажынын төрт бөлмөлүүүйү, 2 боз үйү, 22 жылкысы, 16 уйу, 8 төөсү алынгандыгы жазылган. Оренбургка айдалганда Чынгыш ажы 81 жашта болгон. Мүмкүн анын карылыгы эске алынганбы, 1931–жылы кеч күздө ага  өз жерине кайтууга уруксат берилген. Мекенине кайтып келгенден кийин да Чынгыш ажы кулак катары куугунтукта жүрүп, 1934–жылы кайтыш болгон.

Чынгыш ажы кыраакы адам катары Садыр, Максүт, Акбагыш, Алсеит аттуу 4 баласына билим берүүгө аракет кылган. Натыйжада Чынгыш ажынын уулдарынын баары билимге ээ болуп, элине кызмат өтөгөн. Мисалы, уулу Акбагыш 1921-1927–жылдары эле Казак мамлекеттик агартуу институтун артыкчылык диплому менен бүтүрүп, Нарында, Фрунзеде, Ноокат районунда мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеп, бир катар аӊгемелерди да жазган. Алсеит да агасы окуган институтта окуган.

Биз сөз кылып жаткан Жумадил агайдын чоӊ атасы Максүт. Максүттөн Бактыгул, Бактыгулдан Жумадил. Эмне үчүн Жумадил агай Сапалович болуп калгандыгын туугандарынан тактасам, Чынгыш ажыдан жалгыз иниси Сапал жаш кезинде каза болуп, анын ысымы өчүп калбасын деп Бактыгул ата өз балдарын Сапаловичтер деп жаздырыптыр.

Жумадил агайдын атасы Бактыгул Фрунзедеги педтехникумду (азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин базасы) бүтүрүп жатып, өзү  менен бирге окуган Асем аттуу кызга үйлөнөт. Ошол кездеги агартуу министрлигинин жолдомосу  менен жаӊыдан педагогдук кесипке ээ болгон жубайлар Тажик ССРиндеги кыргыз мектебине иштөөгө жөнөтүлгөн. Бактыгул мектепте директор, Асем мугалим болуп үзүрлүү эмгек сиӊиришкен. Айта кете турган жагдай, Асем эне да тектүү жердин, тактап айтканда, солто элинин чоӊ манабы Байтик баатырдын тукумунан экен. Экономика илимдери  боюнча Кыргызстанга белгилүү окумуштуу педагог Муса Рыскулбеков Жумадил Сапаловичтин эӊ жакын таякеси болуптур. Бактыгул ата Тажикстанда иштеп жүрүп Жумадил, Асан, Yсөн (экөө эгиз), Кусеин, Эркин аттуу беш балалуу болот. Тилекке каршы, 1946–жылы Бактыгул катуу ооруга чалдыгып, ушундан улам Нарынга кайтып келе жатып, Фрунзеге жеткенде кайтыш болуп, сөөгү кайын журту жашаган Чоӊ Ташка коюлат. Боюнда бир бала калган Асем эне Нарынга барып көз жарып, алтынчы уулуна Нарынбек деп ат коюшат. Ошентип, Жумадил агай 10 жашында атасынан айрылып, балдардын улуусу катары инилерин өстүрүүдө энесине чоӊ таяныч болуп, турмуштун кыйынчылыктарын башынан кечирип, түшүнүктүү, намыстуу, эмгекчил, адамгерчиликтүү болуп чоӊойот. Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы ошол кездеги күчтүү мектептен билим алып, аны 1956–ж. үлгүлүү жүрүш–турушу, жалаӊ “беш” деген баалар менен бүтүрөт. 1957–жылы  Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине кирип, аны артыкчылык диплом менен аяктайт. Жаш адистин  илимге дилгир экендигин байкаган белгилүү профессор Б.М.Зима Жумадил агайды аспирантурага кабыл алып, ага Кыргызстанда көчмөн жана жарым көчмөн калкты отурукташтыруу маселесин изилдетип, кандидаттык диссертация жаздыра баштайт. Ж.Бактыгулов аспирантуранын мөөнөтү бүтө электе эле, 1965-жылы диссертациясын ийгиликтүү коргойт. Анын ишин Өзбекстан ССРнин илимдер академиясынын академиги И.Додонов, Казак ССР илимдер академиясынын корреспондент–мүчөсү Е.Бекмаханов, Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуу–тарыхчылары С.Илясов, А.Хасанов ж.б. эӊ жогору баалашат. Илимдин жаш кандидаты катары Жумадил агай өзү бүтүргөн факультетте педагогдук ишмердигин баштайт. 1970–жылы ага доценттик окумуштуулук даража ыйгарылат. Ийгиликтерге шыктанган Жумадил Сапалович Кыргыз мамлекеттик университетинин  ректоратынын колдоосунун натыйжасында СССР Илимдер академиясынын Тарых институтуна изденүүчү (соискатель) катары кабыл алынып,  илимий ишине жетекчи катары СССРдеги көрүнүктүү окумуштуу–тарыхчы В.П.Шерстобитов дайындалат. Докторлук диссертациясынын үстүндө иштөөүчүн Жумадил агай 1974–1976–жылдары Кыргыз ССР илимдер академиясында ага илимий кызматкер болуп иштеген. 1975–жылы ал “Кыргыз айылындагы социалисттик курулуш” деген темада  докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Бул иши да оппоненттери: Казак ССРнин илимдер академиясынын корреспондент–мүчөсү Г.Ф.Дахшлейгер, Өзбек ССРнин илимдер академиясынын корреспондент–мүчөсү Р.Х.Аминова, Кыргызстандын белгилүү окумуштуу–тарыхчылары тарабынан эӊ жогору бааланган. Ж.Бактыгуловдун докторлук диссертациясы, анын негизинде жарыяланган илимий монографиясы Жумадил агайдын тарыхый талдоо жүргүзүүнүн татаал ыкмаларын дыкат өздөштүргөн, тарых илиминин кайсы гана маселеси болсо да кылдаттык менен чечмелей турган таланттуу окумуштуу экендигин көрсөткөн. 1976–жылы Ж.Бактыгулов Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун марксизм–ленинизм кафедрасын жетектей баштаган. Ал эми 1978–жылы  Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетине караштуу Партия тарыхы институтунун директорунун орун басары болуп дайындалган. Бул кызматта иштеген мезгилде ал өзүн чоӊ илимий кызматкер, жөндөмдүү уюштуруучу катары көрсөткөн. 1978–жылы ага профессор окумуштуулук наамы ыйгарылат. Ушундан кийин ал педагогдук жана илим изилдөө иштерин айкалыштырып, чыгаан  окумуштуу–педагог катары Кыргызстанга, Орто Азияга, Казакстанга, союзга таанылган. Ж.Бактыгулов өзүнүн илимий дареметинин күчү менен Кыргызстандын байыркы доордон соӊку мезгилдерге чейинки тарыхынын ар түрдүү маселелерин изилдеген. Натыйжада Кыргызстан тарыхына арналган 500гө жакын эмгек жараткан. Алардын 150дөн ашуунунда  Кыргызстандын Советтик доорго чейинки тарыхы чагылдырылган. Окумуштуунун калеминен 30дан ашуун илимий монография, 10дон ашуун көлөмдүү окуу куралдары жаралган. Кыргызстан тарыхынын тарыхнаамасын жазуу боюнча Жумадил  Сапаловичке ушул кезге чейин бир да тарыхчы–окумуштуу жете элек десек эч жаӊылышпайбыз. Бул маанилүү жана татаал маселе боюнча Ж.Бактыгулов көлөмдүү төрт китеп жазган. Тарыхнаамага арналган китептеринде профессор Кыргызстандын тарыхына арналып жазылган окумуштуулардын жүздөгөн эмгектерине тереӊ талдоо жүргүзүп, электен өткөрүп, ар бирине объективдүү баа берген. Бул эмгеги үчүн биз: “Жумадил Бактыгулов – кыргыз тарыхнаамасынын атасы болгон”, – деп атасак толук жарашат.

Ж.Бактыгулов 1983–жылдан өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик университеттин тарых факультетинин Кыргызстан тарыхы кафедрасын жетектеди. Ата Мекенибиздин тарыхы боюнча Кыргызстандагы базалык кафедранын жетекчиси, залкар окумуштуу катары Жумадил агай Кыргызстан тарыхын өлкөбүздүн окуу жайларында окутуунун мамлекеттик стандартын аныктоо,  окуу программаларын, окуу китептери менен окуу куралдарын түзүү ишинин башатында турду. Ошондуктан Ж.Бактыгуловду Мекенибиз – Кыргызстан тарыхы окуу жайларында окутуу ишинде өзгөчө зор эмгек сиӊирген, бул багытта нечен кылымдар боюу былкылдабай жаткан дыӊды бузган тарых илиминин баба дыйканы болгондугун Кыргызстандын бир дагы тарыхчы танбайт деген ойдомун. Ж.Бактыгулов Кыргызстандын алдыӊкы тарыхчы–окумуштуусу катары тарых боюнча фундаменталдуу жыйнактарды, энциклопедиялык ондогон басылмаларды даярдоо ишине да жигердүү катышкан. Бири кем дүйнө деген ушул экен, Ж.Бактыгулов педагогдук жана окумуштуулук даремети күч алып, өтө натыйжалуу иштеп турган учурда 2000–жылы  64 жаш курагында жүрөк оорусунан күтүүсүздөн каза болду. Кыргыз илими залкар окумуштуусунан айрылды. Бирок анын ишин андан билим-тарбия алган ондогон окуучулары улантып келебиз…

Эгемендүүлүктүн шартында Кыргызстан тарыхы бардык окуу жайларда милдеттүү түрдө окутула баштап, бул сабак үчүн жаӊы муундагы окуу китептери жазылды. Бул иш менен алектенип жүргөн окумуштуу–педагогдордун дээрлик бардыгыбыз Жумадил агайдын окуучуларыбыз. Биз даярдаган окуу китептеринин көпчүлүгү агайыбыз жазган окуу куралдарынын негизинде жаралган. Учурда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында, атайын кесиптик билим берүүчү жана орто мектептерде окутулуп жаткан Кыргызстан тарыхынын негизин Ж.Бактыгуловдун концепциясы түзөт. Демек, агайыбыз өзүнүн талыбаган, натыйжалуу эмгеги менен өзүнө түбөлүк эстелик калтырды.

Шүгүрчүлүк дейли, Жумадил агайдын артында төрт уулу, бир кызы калган. Алар да атасына татыктуу болуп өсүп жетилишти. Алды элине кызмат кылып, кичүүлөрү жогорку билим алууда. Улуу баласы Бактыгулов Шерадил учурда белгилүү эксперт-политолог болуп элге таанылып калды. Мидил өлкөбүздүн коопсуздугун коргоо тармагында эмгектенген полковник, Бактыгулова Канайым Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы жана Монголиядагы ыйгарым укуктуу элчиси, кичүү уулдары Мурадил менен Эдил Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жалаӊ бешке окуган студенттер.

Эмне дейбиз, кыргыздын “Аккан арыктан суу агат” деген накыл сөзүнүн калети жок экендигин ушул макалада айтылгандар айгинелеп тургансыйт. Өмүрү жана ишмердиги өрнөк агайыбызды эскерүү менен анын жүздөгөн окуучулары агайыбызга чоӊ ыраазычылык билдирип, ага таазим кылабыз.

Өскөн Осмонов,

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент–мүчөсү, КРнин илимине эмгек сиӊирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор.    

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*