КУБАНЫЧБЕК ЖУМАЛИЕВ: ИЛИМ-БИЛИМДИН КҮЧҮНӨ ИШЕНҮҮ ЖАНА КОЛДОО КЕРЕК


Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук Илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Жумалиев 26-апрелде алтымыш жашка толот.

Ушул окуяны утурлап, “Кутбилим” кабарчысы эл өкүлү менен аны түйшөлткөн маселелер менен катар коомдук-саясий ишмердиги, жеке турмушу жөнүндө баарлашты.

Парламентаризмдин кыргыз тажрыйбасы жөнүндө

-Сиз Жогорку Кеңештеги академик наамы бар бирден бир депутатсыз. Парламентттин ишинде сиздин бул артыкчылыгыңыздын кандай маселелерди чечкенге кереги тийип жатат?
— Эми академик катары, ушул убакка чейин мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп жүргөн адам катары топтогон чоң тажрыйбамды мыйзамдарды жеткилең талдап, жакшыртып иштеп чыгууда жумшап жатам. Илимий тажрыйбаларды жана ыкмаларды колдонуу мага мыйзамдарды терең иликтеп, маңызына жеткире иштеп чыгууда абдан эле пайдалуу болууда.

Азыркы учурда биздин социалдык-экономикалык кырдаал талап кылган бир катар мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштеп жатам. Анын ичинде Социалдык маселелер боюнча комитетте бир катар маанилүү мыйзам долбоорлорун карап жатабыз.

Парламентаризм системасынын эффективдүү өнүгүү жолдорун табуу максатында илимпоз катары изденип, китеп жазууга кириштим. Биздин парламенттик системаны жакшы жолго коюп алсак, саясий кырдаалды стабилдүү кармап, экономиканы өнүктүрүп, эл турмушун жакшыртууга реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар деген ойдомун.

-Кыргызстандагы парламенттик система канчалык деңгээлде өзүн актап жатат жана бул түзүлүш кайсыл жагынан аксап жатат?

— Азыркы учурда бизде парламенттик башкаруу болуп жатат дегенге анчалык кошулбайт элем. Анткен себеби, СДПК менен “Кыргызстан” фракциясы көпчүлүктү түзүп, президент кандай багыт берсе, ошондой иштеп жатат. Президенттик аппараттын саясаты үстөмдүк болуп жатканын эске алсак, бизде азыркы башкаруу системасын президенттик-парламенттик деп айтсак туура болот.

Экономикалык кырдаалды жакшыртуу, мамлекеттик бюджетти чыңдоо боюнча көп маанилүү иштерди мурдакы өкмөт дагы, кийинки өкмөт дагы тийиштүү деңгээлде аткара албай жатат. “Кумтөр” боюнча талаш-тартыштар болуп, азыр тып эле токтоп калды. Эмне себептен токтоп калды, ким буга кийлигишти? Бул бир эле маселе.

Кумтөргө окшогон башка канчалаган алтын кендерибиз бар, тоолордо катылган толтура кен байлыктарыбыз бар. Ошол байлыкты өздөштүрүү боюнча инвесторлорду чакыралы дейбиз. Бирок жер-жерлерде аларга каршылык көп болуп жатат. Элдин кызыкчылыгына туура келбеген келишимдер түзүлүп калып жатканы ушундай каршылыктарга алып келүүдө. Жергиликтүү деңгээлдеги каршылыктар жана түшүнбөстүктөр инвесторлордун ишине тоскоол болууда.

Билим берүүдөгү көйгөлөр жөнүндө

-Билим берүү тармагында дагы чечүүнү талап кылган көп иштер бар. Сиз алардын ичинен биринчи кезекте маанилүү болгон кайсыл маселелерди бөлүп көрсөтөт элеңиз?

-“Бир Бол” фракциясы билим берүү тармагын өнүктүрүү маселелерине орчундуу көңүл буруп жатабыз. Акылбек Жапаров, Алтынбек Сулайманов менен биргелешип, маселе көтөрүп, 2200 мектепке интернетти киргизип берүүгө бюджеттен 100 млн сом бөлдүрүүгө жетиштик.

Мугалимдердин жетишпегендиги, педагогикалык кадрлардын кесиптик даярдыгынын төмөндүгү мектеп тармагындагы олуттуу көйгөй бойдон калууда.

Ушул эки көйгөйдү чечүүнүн бир жакшы жолун көрүп турабыз. Мисалы, телесабактарды мектептерге текши жеткирүү колго алынса, бул билим берүүнү жакшыртууга чоң өбөлгө болуп бермек. Республикалык телеканалдар аркылуу берилген сабактар мектептерде окуучулардын окуусунун сапатын жакшыртып, экинчи жагынан мугалимдердин дагы кесиптик даярдыгын чыңдаганга пайдалуу болмок.

Ушул идеяны ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Азыр жакшы контент түзүлүп калды, “Билим ТВ” долбоору ийгиликтүү иштеп баштады. Мындан сырткары, Россиянын алдыңкы мектептеринин жакшы тажрыйбасы бар. Ушул максатка бюджеттен 200 млн сом бөлүп берип, ар бир мектепке экиден телевизиондук класс түзүү керек деп жатабыз. Билим берүү министрлиги өз кезегинде тийиштүү буйрук чыгарып, “Кутбилим” болсо сабактардын жадыбалын жеткирип берип турушу керек. Бул алдыңкы тажрыйбаны эртең орусча мектептерге да, андан кийин өзбек тилдүү мектептерге да жеткиришибиз керек.

Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү боюнча өзүнчө бир телеканал болууга тийиш. Билим берүү системасына бир дуплексти, башкача айтканда он беш каналды билим берүү системасына бөлүп берип, Өкмөт убагында туура чечим кабыл алган экен. Жакын арада конкурс болуп, сапаттуу контент жасагандар тандалып алынышы керек.

Технологиялык мындай мүмкүнчүлүктөрдү май айынын аягында бирдиктүү сынактарды өткөрүүгө, жалпы республикалык тест сынагын тапшырууга даярдануу иштерине да пайдалансак болот.
Дагы бир максаттуу иш — окуучуларга алтынчы класстан тарта кесиптик туура багыт берип, физика, химия, математика сабактарын окутууну жакшыртып, мектеп-интернаттарын физика-математика багытында тереңдетип билим берген мектептерге айлантышыбыз керек.

Россияда Москва мамлекеттик университетинин алдында Колмогоров атындагы алдыңкы мектеп бар, ошол сыяктуу физика-математикалык багыттагы мектеп ачууну пландап жатам. Бул тажрыйбаны бара-бара бүт республикага жайылтсак болот.

-Айтмакчы, өзүңүз окуган мектеп, андагы таалим-тарбия берген мугалимдер менен байланышып турасызбы?

-Мен тоо койнундагы айылда туулуп өстүм. Төртүнчү класска чейин ушул айылдык мектепте окудум. Анаркан аттуу эжеке математиканы окутту, Багыш агай, Итибай агайлардан да окудум. Итибай агай жарык дүйнөдөн өтүп кетти, ал эми Байыш агай менен азыр да байланыштамын.

Төртүнчү класстан кийин Оштогу Терешкова атындагы мектеп-интернетта окудум. Ошол учурдагы эң жакшы мектеп-интернаттын бири эле. Химиядан Жанкорозов агай, математикадан Калчаева эжебиз сабак берди. Класс жетекчибиз Клара эжейдин, мектеп директору Ибаковдун, Райымкулов жана башка агай-эжейлердин таалим-тарбиясын алдык. Акжол агай менен Калчаева эженин кызыктуу сабактарынан улам менде физика жана математика болгон кызыгуум артып, ушул тармакка жакын өстүм. Физика, математика жана химия сабактарын биринчи кезекте окучумун. Айыл жеринде өскөндүктөн, кыргыз тили жана адабияты сабактарын деле кыйналбай окудук. “Манасты”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Эр Табылды”, “Курманбек” сыяктуу дастандарды бала кезден кызыгып окуп чоңойдук . Дилбаяндарды дагы жакшы жазчумун.
Бирок физик болушум керек, илим менен алек болом деген деген максат менен мектепти бүткөндө эле ошол учурда Рязандагы техникалык институтта оптикалык кванттык лазерлерди иштеп чыгуу боюнча адистик бар экен, ошол жакка тапшырып, бүтүп келип, илим тармагында иштеп калдым.

Илимдин реформасы жөнүндө

-Сиз илимий ишмердик жүргүзгөн Улуттук Илимдер Академиясын реформалоо боюнча коомдо талаш-талкуулар токтой элек. Бул маселеде Сиз кандай көз карашта болуп жатасыз?

-Мен жакында эле Красноярскидеги эл аралык форумга барып келдим. Андагы сөз мектептеги жана жождордогу билим берүүнү жакшыртып, ошону натыйжасында илимди өнүктүрүү менен 30-жылы жаңы технологияларды, жаңы продукцияларды алуу жөнүндө болду. Европанын бүт өлкөлөрүндө дагы илим артыкчылыктуу багыт болуп жатат. Мына бир эле мисал, илимге учурунда жакшы көнүл бурулгандыктан, Россиянын согуштук техникалары бүгүн Сирияда өзүнүн артыкчылыгын көрсөттү. Дүйнөнү дүңгүрөткөн орустун бул истребителдери тээ 70-жылдары болгон илимий изилдөөлөрдүн жемиши. Мен дагы тагдыр буюруп, 78-жылдан 83-жылга чейин Роменск шаарында прибор куруу заводу менен байланышта иштеп, көрүп калдым. Учуп бараткан аппараттарга голографиялык эске тутууну колдонуп, жогорку тактык менен аткан жетишкендикти ошол учурдагы илим изилдөөчүлөр ойлоп табышкан.

Биздин илим тармагыбыз реформалар менен жок болуп баратканы өкүнүчтүү. Мен бир гана мыйзам ченемдүүлүктү көрүп атам. УИАнын институттарын кыскартуунун ордуна, балким, көбөйтүш керек эле. Мына жогорку окуу жайларында учурунда илим секторлору бар эле, азыр алардын бирөө да калган жок. Алардын илимий потенциалы жоголду. Бир жыл ичинде Жогорку аттестациялык комиссиядан жактырылган кандидаттык диссертациялардын 70 пайызы Улуттук илимдер академиясынан болгону — илимдин ордосу кай жер дегенге кашкайган далил.

Илим тармагына Улуттук дүң продуктунун бир пайызына чейин бөлүнсүн деп мыйзамда жазылган. Ал эми иш жүзүндө 0,06 % бөлүнөт. Мына биздин илимге болгон мамилебиз.

Үй-бүлө, жубайы жөнүндө

Жеке турмушка келсек. Жалпы журтка таанымал ырчы Роза Аманова өмүрлүк жубайыңыз экенин элдин баары эле биле бербесе керек. Ырчы менен академиктин биргелешкен жашоосунун элге кандай өрнөктүү жагы бар?

-Экөөбүздүн эки балабыз бар. Улуусу он беште, кичүүсү он үчтө Экөөң физика-математика багытындагы мектепте окушат. Роза өзү өтө сезимтал жубай, үй-бүлөнүн энеси катары өзүнө тийиштүү милдеттерди камчы салдырбай жасайт. Салттуу музыка боюнча докторлук илимий ишин бүтүп калды. Бири-бирибизди түшүнүп, сыйлашып, эриш-аркак болуп жашап келатабыз. Экөөбүз тең бактылуубуз деп ойлоймун.

Достор жөнүндө

-Сиз биринчи досторду илим жолунда таптыңыз, андан кийин саясатта жана бизнесте да дос күттүңүз. Кайсы тармактын достору мамилеге бекем болот экен?

— Эң алды классташтар, экинчиден жаш кезде тапкан достор менен мамилем бар. Андан кийин илим жолунда табышкан достор эң бекем, ишенимдүү болот экен. Саясаттагы достор көбүнчө “төө минип” жүргөндө дос болуп, “жөө калганда” четтеп калышат экен. Бирок алардын ичинде деле ар кандайы бар.

Бизнесте тапкан достордун деле эч кимиси менен урушуп-талашып кеткен жокмун. Алдабай, ак иштесең, бизнестеги достор деле туруктуу болот.

Маектешкен Кубат Чекиров

2 Комментарии

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*