КӨП ТИЛДҮҮ МЕКТЕП СЫНАГЫ (толугу менен)

Министрликтин буйругу

Көп тилдүү билим берүү боюнча ресурстук-методикалык борборлорду аныктоо үчүн билим берүү уюмдарынын арасында сынак өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасындаэтностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо Концепциясын, 2014-2020-жылдарга Мамлекеттик тилди жана тил саясатын өркүндөтүү программасын, 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын, Кыргыз Республикасында Көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүү концепциясын ишке ашыруу жана көп тилдүү билим берүү программаларынын туруктуулугун камсыздоо, ошондой эле мектептерге методикалык жардам көрсөтүү максатында,

БУЙРУК КЫЛАМЫН:

  1. “Көп тилдүү мектеп – ийгиликке карата жол!” сынагы мыкты методикалык иштелмелерди жана ресурстук-методикалык мектеп-борборлорду аныктоо үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары – Министрлик) жана БУУнун Балдар фондунун өнөктөш долбоорунун алкагында көп тилдүү билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан билим берүү уюмдарынын арасында өткөрүлсүн.
  2. Көп тилдүү билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан мектептердин арасында “Көп тилдүү мектеп – ийгиликке карата жол!” сынагынын Жобосу бекитилсин (1-тиркеме).
  3. Курамы 9 адамдан турган Сынак комиссиясы түзүлсүн (2-тиркеме).
  4. Сынака катышуу үчүн билим берүү уюмдары, педагогдору 2016-жылдын 10-апрелинен 30-апрелине чейин Сынак комиссиясына билдирмелерин тапшырышсын.
  5. Сынакка катышуу үчүн билдирмелерди тапшырган билим берүү уюмдары, педагогдор 2016-жылдын 1-майынан 20-майына чейин Сынак комиссиясы тарабынан катталсын, сынакка тапшырылган материалдар баалансын, көп тилдүү билим берүү боюнча ресурстук-методикалык борборлор жана тиешелүү номинациялар боюнча жеңген педагогдор аныкталсын.
  6. Сынакты уюштуруу боюнча маселелер коомдук бирикме “Социалдык интеграциялоо борборуна” (Бишкек ш., Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустары), КБ «ИРЭТ» (Ош ш., Ош облусу), КФ “Синтон” (Жалал-Абад облусу), КБ “Айжан” (Баткен облусу) жүктөлсүн.

7. Шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү сынакты уюштуруу боюнча көмөк көрсөтүшсүн.

8. Сынакты өткөрүү боюнча чыгымдар БУУ Тынчтык куруу фонду колдогон “Көп түрдүүлүктөгү биримдик” долбоорун ишке ашырып жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду эсебинен төлөнсүн.

9. Пресс-кызматы сынак жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жайгаштырсын.

10. Сынак тууралуу кулактандырууну жана жыйынтыкталган материалдарды «Кутбилим» гезитинин башкы редактору Чекиров К. гезитке жарыяласын.

11. Буйруктун ишке ашырылышын өзүм көзөмөлдөйм.

Статс-секретарь                                                                Шадыханов К.Т.

 О проведении конкурса среди образовательных организаций для определения ресурсно-методических центров по многоязычному образованию

В целях реализации Концепции укрепления единства народа и межэтнических отношений в Кыргызской Республике, Программы развития государственного языка и совершенствования языковой политики на 2014-2020 гг., Стратегии развития образования в Кыргызской Республике на 2012-2020 гг., Концепции поликультурного и многоязычного образования в Кыргызской Республике и для обеспечения устойчивости программ многоязычного образования и оказания консультативно-методической поддержки пилотным школам,

ПРИКАЗЫВАЮ:

  1. В рамках партнерского проекта Министерства образования и науки Кыргызской Республики (далее – Министерство) и детского фонда ООН (ЮНИСЕФ) «Единство – в многообразии»  провести конкурс «Многоязычная школа-путь к успеху» среди пилотных организаций, внедряющих многоязычное образование, для определения лучших методических разработок и школ – ресурсно-методических центров.
  2. Утвердить Положение «О проведении конкурса «Многоязычная школа – путь к успеху!» среди пилотных школ, внедряющих программы многоязычного образования» (Приложение 1).
  3. Создать Конкурсную комиссию в составе 9 человек, согласно Приложению 2.
  4. Образовательным организациям, педагогам пилотных районов и городов представить в Конкурсную комиссию заявки для участия в конкурсе в период с 10 по 30 апреля 2016 г.
  5. Конкурсной комиссии провести регистрацию образовательных организаций и педагогов, подавших заявки на участие в конкурсе, оценить конкурсные материалы, определить ресурсно-методические центры по многоязычному образованию и лучшие методические разработки по соответствующим номинациям в период с 1 по 20 мая 2016 года.
  6. Организационные вопросы проведения конкурса возложить на общественное объединение «Центр социальной интеграции» (г. Бишкек, Чуйская, Нарынская, Иссык-Кульская области), ОО «ИРЭТ» (г.Ош и Ошская область), ОФ «Синтон» (Джалал-Абадская область), ОО «Айжан» (Баткенская область).
  7. Городским и районным отделам образования оказать содействие в организации  конкурса.
  8. Расходы на проведение конкурса отнести за счет ЮНИСЕФ, реализующего проект «Единство – в многообразии», поддержанный Фондом миростроительства ООН.
  9. Пресс-службе разместить информацию о конкурсе на сайте Министерства образования и науки Кыргызской Республики.
  10. Главному редактору газеты «Кутбилим» Чекирову К. разместить в газете объявление о конкурсе и опубликовать итоговые материалы.
  11. Контроль над исполнением приказа оставляю за собой.

Статс-секретарь                                                        Шадыханов К.Т.                                                     

Согласовано:

Заместитель министра                                                Ашымбаева Т.А.

Заместитель министра                                                Эсенгулов Н.Ж.

И. о. начальника УГКС                                                       Чотбаева Г.

И. о. заведующий ОПО                                                        Омельченко К.С.

Приказ вносит:

Главный специалист УОМП                                      Абылкасымова Г.М.

1-тиркеме

“Көп тилдүү мектеп – ийгиликке карай жол!”

 (сынак жобосу)

 1. «Көп тилдүү мектеп – ийгиликке карай жол!” сынагы (мындан ары Сынак) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Социалдык интеграциялоо борборунун жардамы менен жана Кыргыз Республикасындагы БУУ Тынчтык куруу фонду жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун финансылык колдоосу менен өткөрүлөт.

Сынак Кыргыз Республикасындаэтностор аралык ынтымакты камсыз кылуу, элдин биримдигин чыңдоо Концепциясын, 2014-2020-жылдарга Мамлекеттик тилди жана тил саясатын өркүндөтүү программасын, 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын, Кыргыз Республикасында Көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүү концепциясын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп жатат.

2. Сынактын максаты: билим берүүпроцессинин илимий-методикалык камсыздоосун жакшыртуу жана көп тилдүү билим берүү программаларына өтүү шарттарында педагогдун кесиптик-инсандык өнүгүүсүнө түрткү берүү.

 Милдеттер:

–   көп тилдүү билим берүү программалары менен иштеген мыкты чыгармачылык топторду аныктоо;

–   көп тилдүү программаларын ишке ашырып жаткан мектептерде окуу процессин камсыз кылуу үчүн методикалык иштелмелердин банкын түзүү;

–    көп тилдүү билим берүүнү андан ары илгерилетүү үчүн ар бир пилоттук райондун деңгээлинде ресурстук-методикалык борборлорду аныктоо;

–    пилоттук мектептердин ишинин жыйынтыктары жана жетишкендиктери жөнүндө коомчулукка маалымат берүү.

3. Сынакты өткөрүү шарттары

3.1. Ресурстук методикалык-борборлорду аныктоо үчүн сынакка катышууга төмөнкү пилоттук райондордун жана шаарлардын мектептери чакырылат:

Облус Район/шаар
Баткен Лейлек, Кадамжайрайондору
Жалал-Абад  Жалал-Абад ш., Сузак, Ала-Бука райондору
Нарын Кочкор району
Ош Ош шаары, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокатрайондору
Чүй Аламүдүн району
Ысык-Көл  Каракол шаары

3.2. Методикалык иштелмелер сынагына катышууга Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан 56 пилоттук мектептин педагогдору чакырылат.

3.3. Методикалык иштелмелер сынагы төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

–   предметти жана тилди айкалыштырып окутуу (CLIL) методикасынын негизинде сабактын мыкты методикалык иштелмеси;

–   экинчи тил сабагы боюнча методикалык иштелме;

–    класстан тышкаркы иш-чаранын методикалык иштелмеси;

–    окуу материалдары (иш баракчалар, дидактикалык карточкалар (колдонуу боюнча методикалык комментарийлери ж.б. менен)

4. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлоо

4.1. Сынактын жыйынтыгы боюнча 12 мектеп аныкталат, алардын базасында ресурстук методикалык борборлордун өнүгүүсү колдоого алынат. Мектептер төмөнкү жабдуулар менен камсыздалат: мультимедиялык проектор, лазердик мультифункционалдык принтер, А3 форматындагы ламинатор. Команданын потенциалын өнүктүрүү боюнча тренингдер жана консультациялар өткөрүлгөндөн кийин, тандалган мектептер “Мектеп – көп тилдүү билим берүү боюнча ресурстук методикалык борбор” сертификатына ээ болот.

4.2. Методикалык иштелмелер боюнча ар бир номинациянын ичинде 5 жеңүүчү аныкталат. Алар сыйлоо фондунан диплом жана баалуу белектер менен сыйланышат.

5. Сынакты өткөрүү тартиби жана мөөнөтү

5.1. Конкурска катышуу үчүн билдирмелер жана керектүү иш-кагаздар 2016-жылдын 10- апрелинен 30-апрелине чейин кабыл алынат.

5.2. Билдирмелерди кароо жана сынактык материалдарды баалоо 2016-жылдын 20- майына чейин өткөрүлөт.

5.3. Жыйынтыктарды чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо 2016-жылдын 31-майында аяктайт.

5.4. Сынакты координациялоо, материалдарды чогултуу жана анализдөө пилоттук региондордо Социалдык интеграциялоо борбору (Бишкек ш., Чүй, Нарын, Ысык-Көл облусу), “ИРЭТ” КБ (Ош ш., Ош облусу), “Синтон” КБ (Жалал-Абад облусу), “Айжан” КБ (Баткен облусу) тарабынан көп тилдүү билим берүү боюнча эксперттерди жана тиешелүү райондор жана шаарлардын райондук/шаардык билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен жүргүзүлөт.

5.5. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген билдирмелер Сынак комиссиясы тарабынан каралбайт жана кайтарып берилбейт.

6. Документтерге коюлуучу талаптар

6.1. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү материалдар талап кылынат:

–   билдирме (“Мектептин билдирмеси”, “Методикалык иштелмелер боюнча сынакка катышуу үчүн билдирмеси” формасын караңыз, билдирменин электрондук формасы www.edu-resource.net сайтында жайгашкан);

–   көп тилдүү билим берүү боюнча ресурстук-методикалык борборлорду аныктоого сынакка катышуу үчүн мектептин портфолиосу («Көп тилдүү мектептин портфолиосу» формасын караңыз);

–   методикалык номинацияга катышуу үчүн методикалык иштелменин толук баяндамасы (Методикалык номинацияларга катышуу үчүн билдирме формасын караңыз).

6.2. Мектептин портфолиосу жана методикалык иштелмелер сынак материалдарынын баалоо критерийлерине ылайык бааланат.

 7. Сынак материалдарын кабыл алууну Социалдык интеграциялоо борборунун координаторлоруЖапарова Э. и Тологонова А. жүргүзүшөт.Дареги: Бишкек ш., К. Тыныстанов атындагы көчө, 257, 215-кабинет. Телефондор: 0312 62-12-27, 0770 594-495 жана 0776 700-375; e-mail: csipmail@gmail.com.

Сынак материалдарынын формалары, ошондой эле конкурс жобосунун орус тилиндеги тексти гезиттин жана Социалдык интеграциялоо борборунун сайттарына жайгаштырылды:

www.kutbilim.journalist.kg

www.edu-resource.net.

Формы конкурсных материалов и русский текст объявления о данном конкурсе размещены на сайтах нашей газеты и Центра социальной интеграции:

kutbilim.journalist.kg

www.edu-resource.net

Мектеп билдирмесинин формасы

  1. Мектептин жайгашкан жери, анын ичинде областтын, райондун, шаардын/айылдын, айыл өкмөтүнүн аталышы.
  2. Билим берүү мекеменин толук расмий аталышы.
  3. Почта дареги, телефону, e-mail, сайттын дареги (бар болсо).
  4. Билим берүү мекеме жетекчисинин аты-жөнү (толук) жана  байланыш телефону.
  5. Көп тилдүү билим берүү боюнча чыгармачылык топтун жетекчисинин аты-жөнү (толук) жана  байланыш телефону.
  6. Мектепте окутуу жүргүзүлгөн тил (тилдер).
  7. Көп тилдүү билим берүү программадагы максаттуу тил/тилдер.
  8. Көп тилдүү билим берүү боюнча чыгармачылык топтун мүчөлөрүнүн саны жана курамы (алардын кызмат ордун, функционалдуу милдеттерин белгилөө керек)
  9. Көп тилдүү билим берүү программаларды ишке ашырып жана пландаштырган  мугалимдердин саны жана курамы
  10. CLIL  методикасы жана экинчи тилди окутуу  методикасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунда окуган мугалимдердин саны жана  аты-жөнү.
  11. CLIL  методикасы жана экинчи тилди окутуу  методикасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсунан  өтүүгө муктаж  мугалимдердин саны жана  аты-жөнү.
  12. Мектеп базасында өтүлгөн көп тилдүү билим берүү боюнча усулдук иш чаралардын тизмеси                а) мектептеги мугалимдер үчүн         б) башка  мектептердин мугалимдери үчүн.
  13. CLIL методикасы  жана экинчи тилди окутуу методикасы боюнча түзүлгөн усулдук иштелмелердин тизмеси.
  14. Көп тилдүү билим берүү боюнча окуу-методикалык  материалдар  менен камсыз болушу:    –  максаттуу тилдеги окуу китептери,  – сөздүктөр, пилоттук предметтер боюнча маалымат адабияттар;  – көрсөтмө куралдар ( макеттер, таблицалар, схемалар, иллюстрациялар, портреттер ж.б.);  –  көрсөтмө жана таяныч тилдик материалдар;  -иштелип чыккан жумушча баракчалар (предметниктер үчүн);  – дидактикалык материалдар, маселе, көнүгүү, мисалдар жыйнактары ж.б.
  15. Мектептин техникалык  каражаттар менен камсыздалышы:  – аудио-жана видеокаражаттары;   ОТК (телевизор, магнитофон, проектор, интерактивтүү такта ж.б);  –     компьютер жана компьютердик окуу каражаттары (мультмедиалык китептер, билимди текшерүүчү  программалар ж.б.)

Мөөнөтү ________________________

Билим берүү мекеменин мүдүрү _________________ /Аты-жөнү/

Көп тилдүү билим берүү боюнча чыгармачылык топтун жетекчиси ___________/аты-жөнү/

Көп тилдүү билим берүү программасын  ишке ашырып жаткан мектептин портфолиосу  

  Портфолионун мазмуну

  1. Көп тилдүү билим берүүнүн  максаттарын  камтыган мектептин көп тилдүү билим берүү модели  (схеманын үлгүсү тиркелет)
  2. Көп тилдүү билим берүүнүн максаттын камтыган  мектепти өнүктүрүү боюнча  стратегиялык планы
  3. Көп тилдүү билим берүү боюнча мектептин окуу планы  (пилоттук класстар, пилоттук предметтер)
  4. Көп тилдүү билим берүүнү ишке ашыра баштагандан бери  болгон өзгөрүүлөр:

-мектепте көп тилдүү чөйрөнү түзүү;

-мугалимдердин кызматташтыгы;

-пилотук мугалимдерге колдоо көрсөтүү стратегиялары;

-ата-энелер жана жергиликтүү коомчулук менен кызматташуусу.

  1. Пилоттук  предметтер жана тилдер боюнча окуучулардын   билим сапаты жөнүндө маалыматтар.
  2. Жаңы ыкмаларды пайдалануу менен сабактардын методикалык иштелмелеринин банкы:

– CLIL методикасы боюнча  (ар бир пилоттук предмет боюнча 3-төн кем эмес иштелме);

– экинчи тилдин методикасы боюнча   (5-тен кем эмес иштелмелер).

  1. Аталган программада иштеген педагогдордун ишин  демилгелөө боюнча административдик иш-чаралардын кыскача баяндамасы.
  2. Ресурстук борбор катары башка билим берүү долбоорлор жана программалар боюнча мектептин иш тажрыйбасы.  Жогорку окуу жайлары жана квалификацияны жогорулатуу  мекемелери менен кызматашуу  тажрыйбасы.  Педагогикалык адистик боюнча студенттер үчүн практиканы жүргүзүүгө катышуу.

Кыргыз Республикасынын _____________областындагы__________районунун _________мектебинде       көп тилдүү  билим берүү моделинин схемасы

Эрте чөмүлүү (1-4-класстар)

Т1 де окутулуучу предметтер

Т2де окутулуучу предметтер

Формалары: жарым-жартылай, эки жактуу же

Орто  чөмүлүү (5-7-класстар)

Т1 де окутулуучу предметтер

Т2де окутулуучу предметтер

Формалары: жарым-жартылай, эки жактуу же толук тилге чөмүлүү

Көп тилдүү билим берүү модели

Кеч  чөмүлүү (8-9-класстар)

Т1 де окутулуучу предметтер

Т2де окутулуучу предметтер

Формалары: жарым-жартылай, эки жактуу же толук тилге чөмүлүү

Кеч  чөмүлүү (10-11-класстар)

Т1 де окутулуучу предметтер

Т2де окутулуучу предметтер

Формалары: жарым-жартылай, эки жактуу же толук тилге чөмүлүү

“Көп тилдүү мектеп – ийгиликке карай жол!” методикалык  иштелмелеринин сынагынына  (номинацияларды көрсөтүү керек)  катышуу үчүн

Билдирме

“Көп тилдүү мектеп – ийгиликке карай жол!” методикалык  иштелмелер боюнча сынагына катышуу үчүн  төмөнкү маалыматты берүү керек:

  1. Сынакка катышуучунун аты-жөнү (толук)
  2. Сынакка катышуучунун иштеген жери ( мектептин толук аталышы, мектептин коду, шаар/айыл, район, область)
  3. Байланыш телефондор
  4. Электрондук дареги
  5. Педагогикалык  стажы
  6. Предмет
  7. Класстары
  8. CLIL методикасынын негизинде предмет боюнча иштелмелердин саны (предмет боюнча мугалимдер үчүн), коммуникативдик методдун негизинде (филологдор үчүн)
  9. Публикациялары: аталышы, качан жана кайда чыккан (эгер бар болсо)
  10.   Кызматташуунун формалары:

– предмет боюнча мугалим үчүн филологдун аты-жөнүн көрсөтүү керек;

– филолог үчүн предмет боюнча мугалимдин аты-жөнүн көрсөтүү керек.

Мөөнөтү_________________  Билдирүүчүнүн колу :

Макулдашылды:

Билим берүү уюмдун мүдүрү:_________________ / Аты-жөнү/

Окуу-методикалык-иштелмелерди жасалгалоо боюнча  талаптар

  1. Методикалык иштелме: көлөмү чектелбейт; титулдук бетте иштин аты, автор жөнүндө кыскача маалымат көрсөтүлөт (аты-жөнү, мектеп, кызмат орду, предмети).
  1. Текстин форматы: шрифт Times New Roman (кегль 12), интервал1.5.
  1. Бардык сынак материалдар басма жана электрондук түрдө тапшырылат. Методикалык иштелме максаттардын, милдеттердин, мугалимдин жана окуучунун ишмерлигин көрсөтүүсү менен ишинин  жүрүшүнүн түшүндүрмөсүн камтуусу зарыл. Ар бир тапшырмага мугалимдин комментарийлери: тапшырманын максаты, тапшырма менен иштөөнүн өзгөчүлүктөрү, тапшырманы аткаруунун баалоо критерийлери. Сынактын катышуучусунун каалоосу менен тиркеме катары ар кандай кошумча материалдар көрсөтүлсө болот (сабактын видеожазмасы, окуучулардын иштери, слайд-программа ж.б.)

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*