КЫРГЫЗСТАНДЫН XIII-XV КЫЛЫМДАРДАГЫ МАДАНИЯТЫ (7-класс)

Сабактын максаты: Ар кайсы цивилизациялардын саясий, социалдык-экономикалык  жана маданий мурастарынын маани-маӊыздарын ачып көрсөтүү. Отурукташкан жана көчмөн элдердин дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымдарын аныктай билүү, элдердин улуу журт которууларын, Улуу Жибек Жолунун жана географиялык улуу ачылыштардын бүгүнкү темага тийгизген таасирин, ички, тышкы миграциянын күчөшүнүн себептерин билүү жана  эс тутумунда маалымат калтыруу.

 Сабактын милдети:

А) Билим берүүчүлүк:              

Тарыхты жана тарыхый эстеликтерди үйрөнүү, жалпы адамзаттык руханий байлыктардын маанисин түшүнүү, элибиздин жалпы дүйнөлүк тарыхый жараянда катышып, дүйнөлүк маданият казынасына кандай даражада салым кошуп жатканын билүү.

Теманын актуалдуулугу азыркы күндө Борбордук Азия элдеринин ичинде Кыргызстандын калкы башынан дүйнөлөштүрүү (глобалдаштыруу) жараянын өткөрүп жатат. Бул жараянда биз улуттук жана аймактык, касиеттерибиз менен сапаттарыбызды сактап калып жана аларды өркүндөтүү менен гана мындан ары өз алдыбызча өнүгө аларыбызды далилдөө.

Б) Билимин өркүндөтүүчүлүк:

Окуучуларга тарыхый маданий мурастарды сактоодо  ой жүгүртүүсүн  калыптандыруу, оюндагыны кенен айта билүүсүн өстүрүү, сабаттуулугун  өнүктүрүү менен алган маалыматты эске сактап калууга көндүрүү.

В) Тарбия берүүчүлүк:

Маданий жана руханий байлыктарыбызды, дөөлөттөрүбүздү туура пайдалануу жана келечек урпактарга жоопкерчилик менен өткөрүп берүүгө тарбиялануу.

Сабактын формасы: Сабак менен байланышкан тарыхый эстеликтерге экскурсия сабагы.

Сабактын тиби: Ык-машыгууларды, билимди комплекстүү колдонуу.

Колдонуучу усулдар:

1. Сөз усулу: аӊгеме, айтып берүү, түшүндүрүү.

2. Көргөзмөлүүлүк усулу: Тажрыйбаларды, натуралдык обьектилер, тартылган сүрөттөр, көргөзмө куралдарды демонстрациялоо.

  1. Суроо-жооп, байланыш чынжырчасы, инсерт.

Предмет аралык байланыштар:  Адеп, философия, социология, кыргыз тил, сүрөт (көркөм өнөр), кол өнөрчүлүк, музыка, эмгек, дене тарбия.

Сабактын жабдылышы: Ватман, маркер, кагаз, скотч, скитер, карточкалар, окуу куралдары, плакат, магниттүү доска, электрондук сүрөттөр, слайд, улуттук маданиятты чагылдырган сүрөттөр, диск, түстүү кагаз.

Күтүлүүчү натыйжалар:

— маданий өнүгүүнүн башталышын аныкташат;

— маданий жана руханий маданияттарды айырмалашат;

— боз үйдүн жасалгаларын жана ат жабдыктарын билишет;

— баалуулуктарды сактоого үйрөнүшөт;

— көз караштарын далилдүү, чыгармачыл менен ойлонууну өздөштүрүшөт;

— өз жергеси дүйнөдөгү эӊ байыркы тарыхый шаар экендигин  таанышат;

— башка бирөөнүн жообун угуп, аны сыйлоого машыгышат.

Сабактын жүрүшү:

а) Уюштуруу учуру. Сабактын башында окуучулар ар кимиси өздөрүнө балл чогултуп, ким канчалык көп карточка чогултса, ошол окуучу жакшы баа алышын айтып, эскертүү.

1. Алтын эреже

2. Темага саякат (күтүү дарагы, мээ чабуулу).

3. Класс эки топко бөлүнөт:

1) “Боз үй” борбору. Бул борбор бүгүнкү сабакта той өткөрөт. Ар бир борбордун өзүнүн эмблемасы, суроо-жооптору болот. Бир жагында боз үйдүн, экинчи жагында бешиктин сүрөтү тартылган куржун столуна коюлат. Бешик —  жакшы адеп, тарбияны бешиктеги баладан башта деген максат менен тартылган. Куржундун ичинде темага тиешелүү суроолор, оюндар, макал-лакаптар, табышмактар болот.

2) “Аргымактар”  борбору – Улак чабыш оюнун ойношот. Бул борбордун столунун үстүндө, бир жак бетинде аргымактын сүрөтү, экинчи жагында калпактын сүрөтү түшүрүлгөн куржун болот. Калпак — бул кыргыз экендигин дүйнөгө таанытуу, баш кийим кыргызда эӊ улук экендигин далилдөө.

4. Окуучуларга тема боюнча таркатма материалдар таркатылат.

б) Тема боюнча суроо-жооптор менен иштөө.

 е) Ар бир окуучу жана  борбор чогулткан баллы боюнча бааланат.

  • Бул эки борбордогу жарыштардын жыйынтыгы, упайлары  магниттүү же маркер доскага  белгиленип турат.

• Ар бир окуучуну же борборду улуттук фигуралар (оймо чиймелүү карточкалар, темага тиешелүү эстеликтердин бөлүкчөлөрү менен) же комуз, боз үй  ж.б менен баалоо.

Окуучуларга таркатылуучу материалдар:

Кыргыздардын байыркы мезгилдеги жана орто кылымдагы маданияты. Байыркы таш балбалдар, архитектуралык эстеликтер, кыргыздардын турак жайы, кийим кечеси

            Балбал таштар

Балбал таш курман болгон жоокердин элесине арналып орнотулган. Балбал коюу жөрөлгөсү Кыргызстандын аймагында VI кылымдан тартып тарай баштаган. Алтайда, Тувада, Монголияда балбал таштар чыгышты карай, ал эми Кыргызстандагылар Батышка карай коюлган. Алгачкы балбалдарда эркектин гана сүрөтү чегерилсе, кийинкилеринде аялдардын кейиптери да кездеше баштаган. Айрым таштарда адамдын жүзү гана түшүрүлгөн. Кээ бирлеринде адамдын кебетесинен тышкары куралдар да тартылган. Мындай белгилер соӊку коло, алгачкы темир доорлорундагы «бугу таштарга» мүнөздүү. Ал «бугу таштар» б.з.ч. II-I миӊ жылдыкта орнотулган.

Архитектуралык эстеликтер

 Орто кылымдагы көрүнүктүү эстеликтерге — Ала-букадагы Сафедбулак шаары, Шахвазин күмбөзү, 11-12-кылымга таандык Өзгөн архитектуралык комплекси, Токмоктогу Бурана мунарасы кирет. Караханилердин доорунда Баласагын, Суяб, Ош, Өзгөн, Көчнарбашы, Ат-башы ж.б шаарлар гүлдөп өнүгө баштаган. Мусулмандарга тиешелүү мунаралуу мечиттер, будпараснестариан дининин жайлары да кездешет. Азыркы учурда Кочкор, Суусамыр, Жумгал өрөөндөрүнөн жана Нарын суусунан,  бассейндеринен отузга жакын эстеликтер табылган. Баласагын караханийлерге чейин эле мусулман шаары катары белгилүү болгон. Караханийлер доорунда ал көп жыл байтак шаар болуп турган. Ал доордо шаарлардын борбордук бөлүгү кооздолуп, сыйынуу жайлары салынган. Баласагындагы  ошондой монументалдык курулуштардын бири – Бурана мунарасы.

Байтак Кашкарга көчүп кеткенден кийин Баласагын соода тоому катары кызмат кылган. Каракытайлар анан монголдор басып алгандан кийин шаар мурдагыдан бузула баштаган. Бирок монголдор аны талкалаган эмес, тескерисинче, бул шаарды Гобалык (Жакшышаар) деп, кайра жаӊыча атап алышкан. Шаар XIII-XIV кылымдарга чейин жашаган, бирок бул мезгилде анын мааниси мурдагыдай болбой калган. Шаардагы турмуш акырындап солгундай берет жана эл шаарды таштап кете баштайт. Курулуштары урандыларга айланып, шаар XV кылымда өзүнүн жашоосун биротоло токтотот. Бир кезде караханийлердин ордо шаары болгон Баласагындын аты унутулат. Анын себеби али айкын боло элек.

Археологиялык казуулардын негизинде Баласагын шаар калдыгында 4 зыяраткана, мончо, турак үйлөр жана суу түтүктөрүнүн жана башка курулуштардын калдыктары табылган. Азыр ал Бурана археология-архитектуралык музей-комплекси. Анын аймагы 36га шаар урандысынан турат. Бул аймакты курчап жаткан байыркы сепилдин планы төрт бурч формада, дүйнө жактарына багытталып курулган. Чептин ичиндеги имараттар бышырылган жана камкыштан курулган. Ортодо турган чалдыбардын чыгыш жагында дөбөлөр жайгашкан. Анын үстүнөн турак жай жана мүрзөлөр табылган. Ал XI кылымга таандык, ал Орто Азия аймагында ушундай типте курулган алгачкы мунаралардын бири.

Архитектуралык эстеликтерден Бурана шаар калдыгы жана Өзгөн күмбөзү гана сакталып калган.

Кыргыздардын маданияты, турак жайы, кийим кечеси

 Кыргыздардын турак жайлары көчүрүлмө жана туруктуу болуп экиге бөлүнөт. Көчмөнчүлүк жана жарым көчмөнчүлүк мезгилде негизги турак жай боз үй болуп, көчмөндөрдүн бүткүл турмушу ошондо өткөн. Боз үйдүн кире бериш оӊ тарабы эпчи жак деп аталып, мында тамак-аш, идиш-аяк сакталат. Сол жагы ээр жак деп аталып, ал эркектерге тиешелүү аӊчылык буюмдары жана ат жабдыктары турат. Үйдүн ички жана сырткы жасалгалары анын ээсинин таптык абалын күбөлөп келген.

Мал чарбачылыгы басымдуулук кылган жерлерде кийим-кечектер үйдө даярдалган материалдан: жүндөн, териден, жука кийизден, койдун, төөнүн жүндөрүнөн токулган таарларынан тигилген. Үйлөнүү той үчүн кымкап чапанды сатып алууга бир төө жибек, чапанга эки кой беришкен. Жумшак ийилген териден кандагай шымдарды жалаӊ байлар кийишкен (аш тойлордо, оюн тамашаларда), аялдар белдемчи, чапан, тон кийишкен. Кыздардын баш кийими тебетей, үкү топу болгон. Күйөөгө чыгаарда кооздолгон шөкүлө кийишкен. Аялдардын баш кийими элечек болгон.

Археологиялык материалдарды жыйноого  үйрөнүү

Аймак таанууну үйрөтүүүчүн мугалим өлкө жана өлкө таануу эмне экенин, аны кайсы адабияттардан окуп, билүү, кайсы булактардан пайдалануу мүмкүндүгүн, музей экспонаттарын, архив документтерин кантип үйрөнсө болорун билүүсү, археология жөнүндө жакшы маалыматтарга ээ болуусу зарыл.

Уйгур жазуусу

 Орхон-Енисей жазуусу XI кылымга келип, өз күчүн жоготту. Анын ордун уйгур жазуусу ээледи. Уйгур жазуусу согд жазуусунун негизинде түзүлгөн. Археологиялык казууларда табылган уйгур жазуулары Кулан-Сай жана Терек-Сайдагы тоолордо (Талас өрөөнү) табылган жазуулар буга мисал боло алат. Уйгур эстеликтери негизинен Караханийлер дооруна туура келет.

Араб жазуусундагы эстеликтер

 Кыргызстан мейкиндигинде араб жазуусунда аткарылган эстеликтер арбын. Негизинен бул эстеликтер кайрак таштарга жазылган. Ошондой жазууларды байыркы мүрзөлөрдөн азыр да жолуктурса болот. Араб жазуусу Орто Азияга VII кылымда ислам дини менен кошо келген жана мейкиндикте кеӊ таралган. Буга Өзгөн жана Манас күмбөзүндөгү жазуулар далил болот. Ушундай жазуусу бар эстеликтер Кадамжайдын Карадаванынан, Ноокат капчыгайынан, Ноокаттын Абшыр-Сайынан, Каракулжанын Кыз-мазар жана Уч-капталынан, Кара-Балта капчыгайынан табылган. Алардын көпчүлүгү Ош шаарынын музейине тапшырылган. Кийинки мезгилдерде араб графикасындагы жазуу эстеликтери Өзгөн өрөөнүнүн тоолорунан жана Кара-Суу районунун Папан өрөөнүнөн К.Ш.Табалдиев тарабынан табылып изилдөөдө.

«Тамга Таш» Тибет жазуусу

 Ар түрдүү жазуулардын башка мейкиндиктерге таралышында негизинен дин чоӊ мааниге ээ болду. Кыргызстанга будда дини кирип келген доордо ушул диндин өкүлдөрү аска таштарга Будда сүрөтүн тартышкан. Ошондой эле, диний имараттарында тибет жазууларын жолуктурса болот. Мисалы, ушундай жазуулар Ысык-Көл районунун Чоӊ-Сары-Ой айылындагы үч ташта кездешкен. Ысык-Көлдүн тегерегиндеги айыл жана дарыя “Тамга” деп аталганы бекеринен эмес. Себеби дунгандар жашай турган ушул мейкиндикте чоӊ таш  болуп, жергиликтүү эл аны Тамга деп атайт. Будданын сүрөтү тартылган асканы казак окумуштуусу Чокон Валиханов Иле дарыясынын боюнан 1856-жылы жолуктурган. 1897-жылдын 26-сентябрында ушул эле жазууну  Н.Н.Пантусов сүрөткө тартат.

Эпиграфикалык эстеликтерге таштагы, металлдагы, жыгачтагы, сөөктөгү, айнек жана чопо идиш-буюмдардагы жазуулар кирет.  XIX кылымдан тартып өз алдынча илим катары калыптанган. Байыркы эпиграфикалык  эстеликтер аркылуу жазуунун каарманынын ысмы, окуя учурундагы жашы, социалдык мүнөздөмөсү, мураска алган же кийин ээ болгон титулу, уруусу, этнонимдер, душмандары, союздаштары, туугандашкан топтор, топонимдер, географиялык маалыматтар, жазуунун каарманынын сиӊирген эмгеги, эрдиги, уруулук тамгасы жөнүндө маалымат калтырылат. Кагаз жүзүндөөздөрү калтырган тарыхый маалыматтары кыйла чектелүү болгондугуна карабастан, таштагы калган жазуулар бабаларыбыздын тарыхын реалдуу инсандар ысымдары, алардын каганаттын саясий турмушундагы ролу жөнүндө маалыматтар менен толуктап келе жатат. Кыргыз тарыхынын орто кылымдар мезгили үчүн Орхондо, Енисейде, Таласта, Кочкордо табылган байыркы түрк тилдүү калктар калтырган таштагы байыркы руникалык эстеликтеринин мааниси зор. Алар байыркы түрк, байыркы кыргыз тилинде жазылган. Орто кылымдар үчүн араб, согд тамгалары менен жазылган эпитафиялык (надгробный) эстеликтердин мааниси зор. Алар араб, согд тилинде же түрк,  фарсы тилдеринде араб тамгалары менен жазылган.

 

Т.Мадазимова,

Өзгөн районундагы №12 Р.Коӊкошев атындагы орто мектеби

1 Kомментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*