САБАКТЫН КҮНГӨЙ-ТЕСКЕЙИ

Көпчүлүк ата-энелер капчыктагы тыйынды чыгарбай санаганы менен “жаӊы кыргыздар” коомдук көз карашты  билим алууга буруп, бала-чакасын акы төлөп окута башташты. Анан калганыбыз (ата-энелер) кейип-кепчип жүрүп бир топ кечигип, акыры алардын жолун жолдойбуз. Бирок убакыттан утулабыз да. Мезгил билим тарапка да рынок агымынын дөӊгөлөгүн Түрк лицейлеринде (1993-94 жылдар) эчак эле айланта  баштаган. Азыр натыйжасын бүт коомчулук көрүп турушат. Биз алигиче моюнга албай келатпайбызбы. Табияттын өнүгүү жолу жалгыз рынокко өтүүдө турат. Качан гана ата-эне менен мугалимдин (мектептин) ортосунда акча чуркай баштаганда кызматташуу мамилеси күчүнө кирет, жоопкерчилик эки тарапта теӊ жогорулайт. Сабактын сапатына жол ачылат. Убакыт келет. Өтүүгө баарыбызды мезгил мажбурлайт. Ошондуктан биз жаӊы коомду курууну кааласак, ал замандын куруучулары болгон мугалимдерге жакшы маяна берип, заманбап багыт менен  даярдап, “жаӊы мектептин” ички дүйнөсүн жаӊыча куруп башташыбыз керек.

САБАКТЫН ӨНҮГҮШҮ

 Үстүртөн сабактын жалпы өнүгүү процессине көӊүл буралы. Сабактын психологиялык жактан уюштурулушу — бул окутуу процессинде, анын түрүнө карабастан төмөнкү ырааттуулукту сакташы оӊ. Алар: механикалык уюштуруу эмес психологиялык жагдай (уюштуруу, контакт). Окуучунун ой жүгүртүүсүн сабактын жүрүшүндө жипсиз жетелөө. Бул — сабактын негизги ички психологиялык мотивациясы (окуучунун билим алууга болгон керектөөсүн пайда кылууга жетишүү), сабакта окуучунун өз алдынча ишмердүүлүгүн, көндүмүн  камсыздоо, аны калыптандыруу. “Жаӊы мектеп” эффективдүү натыйжага жетиш үчүн, сабактын ички мүнөзү окуучунун өз алдынча ишмердүүлүгүн өнүктүрүү нугуна салып, ал жаӊы формалар, методдор менен кыймылга келиши керек. Албетте, сабактын мүнөзүн мугалим менен окуучу биргеликте жагымдуу жагдайда кызматташтык түзүшүп, мугалимдин кесиптик көсөмдүгүнүн ийкемдүү жетекчилигинин таасири менен жаӊы багытка же билим дүйнөсүнө буруп, көз караштарын өзгөртүшөт. Андыктан азыр сабактын түпкү натыйжасын өзгөртүүгө жаӊыча мамиле, өзгөчөөзгөртүүчү, жаратмандык көз менен караган мугалимди табуу, ишмердигин андан ары өнүктүрүү жана кайра  даярдоо зарылдыгы пайда болду. Анткени кайсы жерде сабак тууралуу сөз болсо, ал жерде мугалим, анын ички потенциалы жөнүндө сөз болбой койбойт.

ОКУУЧУНУН ПСИХОЛОГИЯСЫН  КАНТИП БАШКАРАБЫЗ?

 Билим берүүдө биз эки нерсени чаташтырып келебиз. Алар окуучунун билим алууга болгон  ички керектөөсү (талабы) менен окутуунун технологиясы. Башкача айтканда, билим алууга окуучунун ички даярдыгы (керектөөсү) барбы, жокпу, аны эске албастан, чү дегенде эле окутуунун түрдүү техника, технологияларын пайдаланып баштайбыз. Окуучуну сабактын максат, маӊызын өздөштүрүүгө багыттап кызыктыруу, даярдоо  (уюштуруу) маанилүү. Ал кээде мугалимдин эсинен чыгып калат. сабактын уюштуруу бөлүгү дегенде ушул моментти түшүнүүбүз керек. Албетте, мугалим илимий билимге, тажрыйбага ээ, бирок психолог-дидакт болушубуз тийиш. Анткени сабакта биз окуучунун психологиясын ийкемдүү башкаруубуз лаазым. Себеби: биз окуучунун психологиясын башкаруу аркылуу таалим-тарбия беребиз. Андыктан педагог болуу мугалимге аздык кылат. Арийне, таалим-тарбия берүүдө психология илими дидактиканын башкы каражаты, негедир аны эстен чыгарып коёбуз. Ал психологиялык контакт, ошол эле учурда сабактын мотивациясы, экинчи окуучунун сабактын максатына  жетиш үчүн мугалим пайдаланган каражат (инструмент). Андан кийин гана  окуучунун ишмердүүлүгүн машыктырууга жана калыптандырууга жол ачылат.

ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАГДАЙ ЖАНА ИШМЕРДҮҮЛҮК

 Маселен: жөнөкөй эсептен, суроодон же көркөм-образдуу сүйлөмдөрдөн, адамдар ортосундагы психологиялык кырдаалдардан улам кичине өзгөчөлөнгөн, татаалыраак, кызыктуураак эсептерди (суроону), кырдаалдарды, окуяларды  сунуштап, чеги менен окуунун жүктөмдөрүн көбөйтүп отуруу максатка ылайыктуу, ал окуу процессинде кызыгууга, өнүгүүгө алып келет. Окуучунун сабакка болгон кызыгуусу, өз алдынчалуулугу, чыгармачылыгы, эӊ негизгиси ишмердүүлүгүөнүгөт.  Башкача айтканда, окуучунун билим алууга болгон кызыгуусун, зарылдыгын, ички керектөөгө айландыруу менен окуучунун ишмердигин, жөндөм-чеберчилигин арттыруу негизги милдет. Качан гана окуучунун жогорку талаптары ички зарылдыкка ээ болсо, анда ички дүйнөсүндө керектөө пайда болот. Бу шартта ал билим алганга даяр, кудурети жетет, б.а. маалыматты кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул ыкма же психологиялык жагдай окуучунун ишмердүүлүгүн калыптандырууга, өздөштүрүүнү жогорулатууга шарт түзүп берет. Окуучунун ишмердүүлүгүн окутуунун ар кандай технологиясынын жардамы менен материалдын теориясын өздөштүргөн соӊ, практикалык тапшырмалар, көнүгүүлөр, мисалдар, суроо-жооптор, тесттер, маселелер, бышыктоолор аркылуу машыктыруулар менен ишмердүүлүктүөнүктүрүүгө болот. Туура, биз бул процессти баарыбыз билебиз, бирок бул алгоритм көп учурда сакталбай калат. Башкача айтканда психологиялык контактты аттап өтүп, окутуунун технологиясын пайдаланып киребиз. Билим берүүнүн алгоритми же калыптандыруунун өнүгүү, ырааттуулук мыйзам ченеми бузулуп, ката кетирип жатабыз. Бардык биз аткарчу кара жумуштардай эле, билим берүүнүн да өзүнө тиешелүү алгоритми бар. Эгерде бул алгоритм бузулса, окуучунун кабыл алуусу, өз алдынча ойлонуусу, иштөө жөндүмүнө (ишмердүүлүккө) ээ боло албай калат. Одоно айтканда, тамакка адамдын табити, көӊүлү жок болгонуна карабай ич эле ич, же эле же  деп шыкай бергендей эле кеп болот. Окутуу процессинде да дал ошондой система жок, ирээтсиз кырдаалды түзүп коюп жатабыз. Бу жагдайда окуучу ал жаӊы маалыматты кабыл алып же аш кылып сиӊире албайт. Себеби мындай ырааттуулук (алгоритм) бузулган шартта билимди кабыл алуу (ички керектөөгө) ички талапка али эгедер эмес. Андыктан окуучунун билим алуу боюнча биринчи кезекте ички керектөө-талабын өнүктүрүү жана ал сапатка ээ кылуу максатында окутуунун технологиясын пайдалануу менен ой жүгүртүүнү машыктырып, ишмердикти көндүмгө айландыруу керек. Бирок аӊ–сезимдин сыйымдуулугун эске албай окуу жүктөмүнүн деӊгээлин азайтып, же ашыкча көбөйтүп жиберсек, ал процесстен чыгып калышыбыз да мыйзам ченемдүү көрүнүш.

ДЕН СООЛУК, АЛГОРИТМ, ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА ИШМЕРДҮҮЛҮК

 Ишмердүүлүккө машыктыруунун, кызыктыруунун чеги бар экени да көз жаздымдан алыс кетпеши зарыл. Анткени бардык максаттардан бийик болгон окуучунун ден соолук маселеси, ага байланыштуу билим сапаты да жатат. Ошондуктан сабактын ырааттуулугунун жүрүшүндө да, ой жүгүртүүдө, кабыл алуу процесстеринде ден соолуктун өйдө-төмөнкү мыйзам чектерин сактоого тийишпиз.

Акыл эмгеги да күч эмгегине окшош, бирок өзгөчөлүгү бар. Ал окуучунун ой-жүгүртүүсүн башкаруунун татаалдыгында, ошондой эле ой жүгүртүү  илимий билимди, тажрыйбаны, көп түйшүктү талап кылгандыгында. Ошондуктан окуучунун кабыл алуусун ийкемдүү башкара албагандык, психологиялык контакттын туура эмес уюштурулушу,  б.а. сабактын алгоритминин бузулушунан, технологияны пайдаланууда кызыгууну  ишмердүүлүккө карай жетелей албаган чеберсиздиктен  келип чыгат. Мындай шартта окуучулар сабакта чарчап, сабактын эффективдүүлүгү, билим сапаты төмөн болушу мыйзам ченемдүү.

Мындай караганда технология менен бирге сабакта окуучунун кабыл алуусун жетелөө негизги орунду ээлейт, ага биз дайыма эле маани бере бербейбиз. Албетте, сабак механикалык жумушка үстүртөн окшош болгону менен ал өтө оор эмгекти талап кылат.

Биринчи, окууга болгон ички керектөө же турмуш-жашоо зарылдыгы пайда болушу шарт. Ошол себептүү окуучуну алдын ала билим алууга болгон ички каалоону, ички ниетти  пайда кылуу, андан соӊ технологиянын жардамы менен сабакта ишмердүүлүктү калыптандыруу зарыл. Адамдын ички каалоосу — ишмердикти, натыйжаны жаратуунун негизги кыймылдаткыч күчү. Технологияны ырааттуу колдонуу ишмердүүлүккө жол ачат. Спортто да ушундай эле ыкмалар пайдаланылат. Мисалы, жаш спортсменге: «сизди келечекте эл аралык мелдештер, спорт аркасында алыскы мамлекеттерге саякаттоо, спорттук ийгиликтер, сыйлыктар, Кыргызстандын атагын чыгаруу, өзүӊдү эл аралык деӊгээлге таанытуу күтүп жатат», — деп (мотивация), ж.б. даярдоо менен  үзгүлтүксүз эмгектенүүгө көндүрүүнү (ишмердүлүккө) калыптандыргандан кийин машыгууну жөнөкөйдөн татаалды карай жаӊы эффективдүү технологияны пайдаланып, спортсмен менен машыктыруучу бирге кызматташат. Убакыт өткөн сайын жүктөмдөрдү организмдин көтөрүмүнө жараша көбөйтүү маанилүү, анан ийгиликтер келет. Биздин сабакта да ушундай эле жагдай (алгоритм) мыйзам ченемдүү. Бул механикалык күч менен акыл эмгегин салыштыруу. Албетте, акыл эмгеги күч эмгегине салыштырганда кыйла татаал өзгөчөлүгү бар экени чын. Сабакта эффективдүү технологияны ыӊгайына карата, өз орду менен пайдалануу, акыл калчоо педагогикалык кылдаттыкты талап кылат. Жогорку процесстерди басып өткөн соӊ гана мугалим жана окуучу сабактын технологиясын эффективдүү пайдалана алышат. Биздин милдет окутуу процессинде кыска убакытта натыйжалуу жыйынтыкка жетишүүгө (развивающий метод обучения) умтулуу. Биз айтып жүргөн окутуунун технологияларын (интерактивдүү, проблемалык, эвристикалык ыкмаларды пайдаланып интеграциялоо ж.б.) озуп окутууга мүмкүнчүлүк түзчү каражаттардын милдеттерин гана аткарып калышат.  Эми окуучуда ишмердүүлүктү системалуу жолго салуу, билим берүү жөнөкөйдөн татаалга, бирок ашыкча жүк кылбастан, кызыктуу, таанып билүү жөндөмдүүлүктү арттыруучу кайчы суроолор, мисалдар, маселелер, тапшырмалар (мотив) менен жипсиз өнүгүүнү жетелеп жүрүү милдети калат. Сабактын технологияларын жогорку чеберчилик менен  пайдаланып, ишмердүүлүктүөнүктүрүүнү сабактын жүрүшүндөгү анын мазмун-маӊызы аркылуу иш жүзүнө ашыруу максатка ылайык. Сабактын башкы мотиви ушул  деп эептейм. Албетте, бул ат көтөргүс түйшүк, бирок ал биздин иш. Акылды, адамдын ой жүгүртүүсүн башкаруу, чоӊ чыгармачылыкты, талыкпас эмгекти талап кылары түшүнүктүү. Бирок окуучунун жан дүйнөсүнө кирген мугалим үчүн кызыктуу. А биз ушундай кесипти тандаганбыз. Арийне, адам менен иш алып баруу баарынан татаал, жоопкерчиликтүү. Аларды Аалам жана адам таанууга, алардын сырларын ачуу, көркөм дүйнөсүн калыптандыруу кызыктуу да, жоопкерчиликтүү да. Эмгек акынын аздыгына карабай мугалимдерди баланын ажайып жан-дүйнөсү, таза сезимдери  арбап алган… Биздин алдыбызда дагы дөӊдөр, ашуулар бар, бирок агай, эже деген назик жылмаюулар, үзүлбөгөн үмүттөр, руханий канааттанууну жарата берет…

ДҮЙШӨН СУЛТАНКУЛОВ,

КББАнын ага окутуучусу 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*