Артур БАКИРОВ: ЖАӉЫ АТТЕСТАЦИЯЛЫК СИСТЕМА ТУУРА БААЛАЙТ

Кыргызстанда быйыл областтык борборлордогу мектептердин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация сынагын тапшырышты. Бул сынак иретинде экинчи жолу өттү. Биринчи жолу Талас облусунда эксперимент түрүндөөткөн. Бирок бул дагы эле бүтүрүүчүлөрдүн салттуу экзамендерин жокко чыгарбайт. Кыргызстанда азыркы күнгө чейин мектептерде бүтүрүү экзамендерин советтик мектептин салты боюнча мектеп администрациялары өздөрүөткөрүп келатканы белгилүү. Ошол себептүү анын объективдүү болуп жатканына ишенич жок дешет.  Ошондуктан аны заманбап тест сынагы менен алмаштырууга убакыт жеткени айтылууда. Ошондой максатта өткөрүлүп жаткан мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын көп жылдан бери келаткан бүтүрүү экзамендеринен эмне өзгөчөлүгү бар экенин сурап, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук тест борборунун директору Артур Бакировго кайрылдык.

– Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга баардыгы 4879 окуучу катышты. Кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде өткөрүлдү. Өзбек тилинде окуп бүтүрүп жаткан окуучуларды дискриминация кылган жокпуз.

Башка мамлекеттерде окуу процесстерин изилдеп көрдүк. Мына мурдатан келаткан салттуу экзаменге сексен жыл болуп калды. Мугалим менен бала бир айылдык болсо, колдоп коюш керек же ата-энеси менен мамиле жакшы эле деп, же болбосо бул кошуна менен мамиле жок эле деп ачуусун окуучудан чыгарган субъективдүү көрүнүштөр болбой койбойт.

Ал эми жаӊы системаны биз абдан объективдүү  болуп берет деп ойлойбуз. 2014-жылы Дүйнөлүк банктын жардамы менен Талас областында ушул сынакты өткөргөнбүз. Анын жыйынтыгында катышкан окуучулардын он эки пайызы сынактан өтпөй калган. Андан кийин алар салттуу экзамен тапшырып эле аттестат алып бүтүп кетишти. Бул эмнени көрсөтүп жатат? Бул мектептердеги бүтүрүү экзамендери объективдүү эмес экенин көрсөтүп жатат.

Биздин тест стандарттын негизинде түзүлгөн. Окуучулар мектепте окубаган же өтпөгөн суроо тестке кирбейт. Ошол тестти үч-төрт жолу экспертизадан өткөрөбүз. Экспертизадан өткөндөн кийин дагы чакан сандагы окуучулар арасында апробациядан өткөрөбүз. Ошондон кийин гана мындай сынак түрүндө киргизип жатабыз.

– Быйыл облустук борборлордогу окуучулардын арасынан мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өтпөй калган окуучулар эмне болот?

– Алар үчүн мурдагы салттуу экзамен кала берет. Анткени быйылкы аттестация пилот катарында өтүп жатат. Кайсы сабактан өтпөй калса, ошол сабактан салттуу экзаменди тапшыра берет. Биздин баа менен макул болсо, экзаменден бошотулат.

– Аттестациядан өтпөй калган бүтүрүүчүөзүнүн мугалими же мектеп директору менен сүйлөшүп алып, мектепти бүтүрүү экзамендерин өзүнө ылайыктап тапшырып кете берет экен да?

– Ошондой болушу мүмкүн.

– Объективдүү эмес экзамен системасынын ордуна жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация качан киргизилген жатат?

– Бул материалдарды биз 20-майга чейин текшерип чыгабыз. Иш көп болуп жатат, ошондуктан жаӊы технологияларды колдонууга аракет кылып жатабыз. Муну тереӊ иликтеп, талдап чыккандан кийин гана айта алабыз. Министрликте бул системаны кийинки жылдарда бардык мектептерге киргизүү жагы каралууда. Бул маселени жогорку тараптагылар дагы колдоп жатат. Биринчи кезекте президентибиз дагы өзүнүн көзөмөлүнө алып, карап жатат.

– Бүтүрүү экзамендери  менен жогорку окуу жайларына тапшыруу экзамендерин бириктирүү жөнүндө дагы ойлоп, пикирлер, пландар айтылып келатты эле?

– Эки сынактын максаттары эки бөлөк. Биз өткөрүп жаткан сынак боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим жөнүндө аттестат берилет же берилбейт. Ал эми Жалпы республикалык тестти жогорку окуу жайына бара тургандар  гана тапшырат. Алардыкы ыктыярдуу түрдө. Ал эми биздин тест милдеттүү түрдө.

– Азыр англис тили төртүнчү класстан он биринчи класска чейин окуганына карабай, англисче такыр түшүнбөй же сүйлөбөй чыгып жаткан окуучулар көп. Мамлекет билим берүүгө жумшап жаткан каражатынын бир бөлүгү талаага кетип жатканын түшүнгөн киши барбы сиздин оюӊузча?

– Туура. Буга макулмун. Буга жооп катары мен сизге мындай маалыматтарды келтирейин. Биз өткөргөн тестти бүтүрүүчүлөр төрт сабактан: кыргыз же орус тили, математика, тарых сабагынан тапшырышат. Ал эми бешинчи сабакты окуучулар өздөрү тандап алышат. Беш миӊге жакын бүтүрүүчү кандай сабактарды тандап алганын карап көрдүк. Биринчи орунда биология, окуучулардын 27% ушул сабакты тандашкан. Экинчи орунда география – 24%, англис тили  – 19%. Мекен таануу – 12%, физика – 7%, химияны 5% тандашкан. Сегиз-тогуз сабактын арасынан англис тили үчүнчү орунда болуп жатат.  Мына ушундан дагы бир пикирге келсек болчудан. Биздин окуучу балдар дагы чет тилдерди билүү келечектүү экенин жакшы түшүнүп жатышат.

Бул жерде дагы бир маселе бар. Региондордо орус тилин билүү деӊгээли түшүп баратат. Азыр сыртка, Россияга чыгып кеткендер көп болуп жатат. Орус тилин билбеген балдар жакшы жумуш таба алышпайт. Тилди билгендер үчүн иш оӊой табыларын, жашоо да жеӊил болорун алар да түшүнүшү керек. Ошондуктан тил окутууга бөлүнгөн сааттарды кыскартпашыбыз керек.

– Анын үстүнө азыр жожго тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөр үчүн аттестаттын мааниси да кетип жатпайбы. Окуучу жалпы республикалык тесттен кайсыл сабактан тест тапшыра турган болсо, ошону эле окуп, калганын карабай коюп жатпайбы?

– Бул тогузунчу класстан башталат. Биздин максатыбыз – мектептин, ал берип жаткан аттестаттын аброюн көтөрөлү деп жатабыз. Тогузунчу класстан баштап окуучулар келечекте кайсыл окуу жайга барарын билишет. Мисалы, Медициналык академияга бара турган болсо, ал жалпы тесттен сырткары химия менен биологияны гана окуйт. Башка сабакты карап да койбойт. Анткени аттестаттын өзүн эч ким карабайт экен азыркы учурда.

Ошого карабай, кызыл аттестаттын талапкерлерин биз сынактан өткөрүп жатканыбызга быйыл беш жыл болот. Бул тестке эл да ишенип калды, мугалимдер да колдоп жатат.

Өткөн жылдагы талапкерлердин канчасы өздөрүнүн билим деӊгээлин көрсөтө алышты?

– Он жети пайызы. Бул процедураны баштаганда талапкерлердин саны үч жарым миӊ болчу. Биринчи сынактан 95 эле бала, б.а. үч пайызы эле өткөн. Жыл сайын өткөрүп жатабыз. Экинчи эле жылы талапкерлердин саны үч жарымдан эки жарым миӊге түштү. Былтыр, төртүнчү жолу бир миӊ  үч жүз эле болду. Мектептегилер да түшүнүп калышты, жөн эле жиберип, уят болуп калбайлы деп жоопкерчиликтүү мамиле кылып калышты. Бирок жыл өткөн сайын тийиштүү билим деӊгээлин тастыктаган балдардын санында өсүү тенденциясы бар.

Маектешкен

Кубат Чекиров

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*