АЙДАНАНЫН АТАСЫ КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТЫП КЕЛДИ

 Жаӊы зеландиялык 14 жаштагы Айдананын атасы Саймон Дженкинс тоолуу өлкөбүздүн агартуу тармагын алдыга жылдырууга зор салым кошкон. Жакында кадырлуу конок Ак-Өргөдө англис тилин үйрөнүп жаткан жаш өспүрүмдөр менен жолугуп, кызыктуу маек куруп берди.

Жаӊы Зеландия дегенде кивилерди элестет

 Майрам күндөрү дасторконго коюлчу жашыл түстөгү кычкыл даамдуу киви эмес,  канатсыз куштардын катарын толуктаган киви аттуу ажайып куш Жаӊы Зеландиянын улуттук символу болуп саналат.

– Биздин өлкө Австралияга чукул жайгашканы менен, кызыгы бир да жапайы жырткыч жок. Ошон үчүн болсо керек, киви кушу кош канаттын жардамынан эбак эле баш тартышкандай. Бирок. таӊ калычтуусу, алар сыртынан олдоксон көрүнгөнү менен ушунчалык кыймылдуу келет. Узун тумшуктары менен токойду зыяндуу курт-кумурскалардан арылтышат. Алардын аты  дагы бир өсүмдүккө берилген. Ал – киви. Кытайдыкынан айырмаланып, биздеги кивинин көлөмү да чоӊ, даамы да мыкты, – дейт Саймон мырза сүрөттөн өз үйүнүн жака-белинде өскөн киви дарактарын  окуучуларга көрсөтүп.

Ваннадагы суу кантип айланат?

 «Билгенден биле элегиӊ көп» демекчи, Жаӊы Зеландияда ваннадагы саркынды суу таптакыр башка багытта айланат. Бул суроого жооп издеп, башыбыз катты.

– Эки өлкө бири-биринен канчалык ыраак жайгашканын ушундан эле билсе болот. Силерде ваннадагы саркынды суу саат жебеси менен айланса, бизде саат жебесине каршы айланат. Анткени Кыргызстан Жер шарынын өйдө жагында, биз ылдыйында жайгашканбыз. Бизде силердегидей жашыл жайлоолор жок. Бирок беш-алты метрлик толкундар бар. Ошондо серфинг тепкенди аябай жакшы көрөм, – дейт кадырлуу конок.

Ийгиликтүү болом десеӊ, китеп оку

 Кесиби боюнча мугалим Саймон мырза китеп окууну айрыкча баалайт.

– Китепти үзүлүп окуйм. Айтматовдун бардык китептерин болбосо да, айрымдарын   англис тилинде окуп чыктым. Не деген улуу жазуучу! Ар бир чыгармасы өзүнчө дүйнө! Ушундай акылдуу китептердеги катылган ойду кээде түшүнүү кыйын. Ошон үчүн азыркы жаштар кичинекей кезинен китепке жакын болуп, ата-энелеринин, мугалимдеринин көмөгү менен китеп окуу көндүмдөрүнө ээ болушу керек.  Бул абдан маанилүү жана жооптуу милдет, – дейт билим берүү маселелери боюнча эл аралык кеӊешчи Саймон Дженкинс.

Кыргызстанды сүйсөӊ, жүрөгүӊ менен сүй

 Жумушу боюнча Саймон мырза көптөгөн өлкөлөрдү кыдырган. Бирок анын Кыргызстанга болгон сүйүүсүөзгөчө. Ушул жерде иштеп жүрүп кыздуу болду. Бир кыз менен бир уулунан кийинки кызына Айдана деп ат койгондо, келинчеги Жанет Дженкинс да ылайык көрдү. Азыр ошол кызы он төрттө. Айдана көп нерселерге шыктуу, таланттуу өспүрүм.

– кызым Интернеттен Кыргызстан тууралуу маалыматтарга көбүрөөк кызыгат. Айдананын бактысына Жаӊы Зеландияда да кыргыздардын анча чоӊ эмес диаспорасы бар, – дейт атасы.

Устаттан шакирт өтүптүр

 Саймон Дженкинс Кыргызстанда он жылдан ашуун эмгектенип, далай пикирлеш досторду тапты, эчен жергиликтүү жаштарга өз иши менен үлгү болду.

– Кыргызстандын мектептеринде эӊ сонун мугалимдер иштешет. Алар башкысы жаӊылыкка жакын.  Жакшы идеяны жолдо калтырышпайт. Жаштарычы? Илим менен билимге  ушунча ачык жана дилгир. Мындай сапатты көп жерден жолуктура албайсыӊ. Мен IFESте ушундай жаштардын бир тобу менен чогуу иштешип калдым. Азыр Чынара Күмөнова ЮНИСЭФте, Гүлнур Абыталиева АКСЕЛСте иштейт. Биринен бири калышпаган алдыӊкы адистер. Дагы бир шакиртим Кеӊеш Сайназаров жаштарды диний экстремизмден оолак болууга чакырган долбоорду жетектейт. Кеӊештин жасап жаткан  иши Кыргызстан үчүн абдан керек деп ойлойм. Жаӊы Зеландияда да Бангладеш, Пакистандан келген мигранттардын эсебинен мечиттердин саны көбөйүп баратат. Менин үйүмдүн жанында да мечит бар. Бирок бизде кыздар 14 жашынан хиджаб кийишет. Силерде биринчи класстан кийишкенин көрдүм. Бул албетте, ойлонуучу маселе, – дейт Саймон Дженкинс акөргөлүк балдарга кайрылып.

А. Алибеков,  «Кутбилим» 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*