КАЙРАН ЭЛДИН АЖАРЫ

Экинчи сабак.

 К.Баялиновдун “Ажар” повестинин идеясын  өздөштүрүүдө предметтик ички байланыштарды пайдалануунун  мааниси

IХ класста  “…адабияттын спецификасына, образдар системасына, чыгарманын мазмунуна тереӊ деп кирүүчү, …адабий процессти доор, коомдук-тарыхый мезгил менен байланышта үйрөнүү” 1 милдети коюлган соӊ, “Ажар” повестинин текстин жакшы өздөштүрүү зарыл. Мындай учурда предметтик ички байланыштар жардамга келет. 16-жыл окуясы боюнча  кыргыз адабиятынын программасына кирген чыгармаларды  окуучулардын  эсине салуунун мааниси чоӊ. Окуучулар Ы.Шайбековдун “Кайран эл” чыгармасы менен 5-класста,  А.Токтомушевдин “Какшаалдан кат”  поэмасы  менен 6-класста  таанышкан. 10-класстаА.Токомбаевдин “Кандуужылдар”, М.Элебаевдин “Узакжол” романдары, Ж.Турусбековдун “Ажалордуна” драмасыокутулат.

Адабият сабагында предметтин ички байланышын пайдалануу окуучунун чыгармада көркөм чагылган тарыхый доор боюнча билиминин уланмалуулугун камсыз кылат. Айрыкча предметтин ички байланышын тарыхый темада жазылган чыгармаларды өздөштүрүүдө мугалим, сөзсүз, эске алууга тийиш. Анткени мындай чыгармалар  окуучунун адабий билимине гана эмес, анын тарыхый аӊ-сезиминин калыптанышына да оӊ таасир берет. Натыйжада адабият сабагынын предметтик ички байланышы төмөнкү өтө маанилүү милдеттерди аркалайт:

– Бир тарыхый доорду көркөм сүрөттөөгө алган бир нече чыгарманын ортосундагы типологиялык байланыштарды табуу – ошол доор боюнча окуучулардын билимин бир бүтүндүккө жалпылоо;

– Бир доордо жашап, иштеген авторлордун ортосундагы биографиялык окшоштуктарды таанып-билүү менен окуучулар бир муун калемгерлер боюнча билимин системалаштыруу мүмкүндүгүнө ээболот;

– Бир темада жазылып, бир тарыхый доорду көркөм чагылдырган, бирок ар кайсы жанрда жазылган чыгармалар окуучунуна да бий процесстин “кыймылын” сезүүгөүйрөтөт; алардынадабий-теориялыкбилиминкалыптандырат.

Адабиятты окутуунун методикасында окумуштуулар (Г.И.Беленький, Т.Г.Браже, Л.А.Шейман, С.А.Зинин ж.б.) предметтин ички байланышы предметтер аралык байланыштан кем эмес, айрым темаларда андан да маанилүү экендигин белгилешкен. Ошондуктан кийинки мезгилде методикада бул проблема ар тараптуу изилдөөгө алынып, аны иш жүзүнө ашыруунун төмөнкү ыкмалары илимий жактан негизделди.

  • жаӊы материалды окуучулардын мурунку билимине таянуу менен түшүндүрүү;
  • окуучуларга жаӊы темага   байланышкан  мурунку темаларды кайталап келүү  тапшырмасын берүү;
  • темалар ортосундагы типтүүлүктү табуу;
  • салыштыруу жолу менен бир темадагы бир нече көркөм чыгарманын идеясын жалпылоо.

V-VI-класста адабий окуу болгондуктан, окуучулар Шайбековдун “Кайран эл”, А.Токтомушевдин “Какшаалдан кат” поэмаларынын текстин билишет. Ал чыгармалардан керектүү үзүндүлөрдү кайрадан жаттап келүү тапшырмасын айрым окуучуларга жекече тапшырма катары берүүгө болот.

Адабият сабагындагы предметтик ички байланыштын ролу жана аны  окутуу процессинде иш жүзүнө ашыруунун жолдору менен деӊгээлдери Москва педуниверситетинин профессору, белгилүү окумуштуу С.А.Зинин тарабынан  илимий-теориялык жактан тереӊ иштелди. Анын 2004-жылы “Адабият курсун үйрөнүүдөгү  предметтик ички байланыштар” аттуу темада корголгон докторлук диссертациясында адабият сабагындагы жазуучу менен окурмандын (окуучунун, мугалимдин) ортосундагы көркөм баарлашуунун (коммуникациянын) үч деӊгээлиилимий-методикалык негиздөөгө ээ болду:

  • көркөм универсалийлер деӊгээлинде;
  • тексттер аралык байланыштар деӊгээлинде;
  • жазуучулардын тарыхый-биографиялык байланыштары деӊгээлинде.

1. Көркөм универсалий – көркөм образ аркылуу чыгармада сүрөттөлгөн мезгил жана  мейкиндикте эстетикалык жалпылоого ээ болот. Ушул көз караштан алып караганда “Ажар” повестинде сүрөттөлгөн мезгил жана мейкиндик,  Шайбековдун “Кайран эл”, А.Токтомушевдин “Какшаалдан кат” чыгармаларына дал келет. Үч чыгармада теӊ эл трагедиясы Ата Журттан айла кеткенде качып, башка элде – Кытай Эл Республикасына караштуу Турпан, Какшаал аймагында сүрөттөлөт. Көркөм сүрөттөөгө алынган мезгилда, темада предметтик ички байланышты иш жүзүнө ашырууга мүмкүндүк берет.

2. Көркөм баарлашуунун тексттер аралык байланыш деӊгээли –  ар башка чыгармада бир тема, бир мезгил жана мейкиндиктеги  окуяны көркөм сүрөттөөнүн   типологиялык жалпылыктары аркылуу берилет. Адабият сабагында окуучуларды  көркөм баарлашуунун бул деӊгээлине чыгаруу үчүн чыгармалардан алынга нүзүндүлөрдүн (цитата) мааниси чоӊ.  Жогоруда аталган чыгармалардан алынган төмөнк үүзүндүлөр көркөм баарлашуунунтекстте раралык байланыш деӊгээлин камсыз кылат.

I. “Ажар” повести боюнча:

Күнөттү, айөттү, кыштүштү, турмушкыйындады. Жагууга отун, кийүүгө кийим, жешке тамак керек болду. Бирок аларды кайдан, кимден алмакчы?Тегерегиндегилер да “өлбө, жаным өлбө” деп, өздөрүнө окшоп, ач отурган качкындар. Турпандыктардан алуу үчүн бир нерсе сатмак керек. Сатмайынча алардан алуу кыйын.

ххх

Элдин бир сыпырасы жөөлөп-жалаӊдап, Какшаалдагы кыргыздарга кетмекчи болушту. Козубек да кетмекчи болду. Бирок Козубекти Сабитакун көчүрбөдү. Кыштан берки болбогон чыгымын айтып, берген бир чымчым чайы, бир ичим көжөсү болсо да доолады. Козубек анын бутуна жыгылды, жалынды, жалбарды. Акысы болсо да кечип коюшун сурады. Ага Сабитакун болгон жок.

Козубек кыйналды-кысталды, эмне кыларын билбеди.

– Ээ, катын!

– Эмне?

– Курсактын ачынан да Сабитакундуку өтүп кетти, кандай кылабыз?

– Мен кайдан билейин?

– Ажарды ага сатсак кантет? Сат деп жатат.

– Койчу!

II. “Кайран эл” поэмасы боюнча:

Караӊгы уйгур тамында,

Корголоду, кайран эл.

Баарын берип жан үчүн

Жорголоду, кайран эл.

Жазгы жамгыр мойнуна

Шорголоду, кайран эл.

Аксы, Турпан байына

Кызмат кылды, кайран эл.

Ыӊырчак менен көтөрмө,

Аркан сатты, кайран эл.

Ачкасына чыдабай

Арзан сатты, кайран эл.

III. “Какшаалдан кат” поэмасы боюнча

Заманы күйүп тарылып,

Өлгүсү, келип жарылып,

Турмуштан кечип Айшакан,

Жашынан өлүм сагынып.

Асылып жаткан жеринен

Эл келип калган жабылып.

Сүйлөштү…ишти чечишти…

Өч алды кыйнап–жетишти…

Айшакан кантсин, боздотуп,

Күч менен алып кетишти.

… “Кеч кирди”–дешип шаштырып,

Камчылап ылдам бастырып.

Чоткара “күйөө” бараткан,

Шаттанып, ачык каткырып.

“Мөрөйүм алдым”–дегендей,

Ойлобой капа кенедей.

Агыны катуу шар аккан,

Төөөркөч болуп бараткан,

Суу кечти мурун жол баштап,

Чоткара “күйөө”кашка атчан.

Дөгүрсүп жүргөн көбүӊкү,

Ал элдин канкор бөрүсү.

Кой берип тизгин, чылбырды,

Айшакан шарга–ыргыды,

Сыдырым соккон коӊур жел,

Күүгө салып ыр кылды…

Үзүлгөн гүлдөй жаш сулуу,

Жай тапты толкун аркылуу…

Акканын сууга каныбыз,

Кеткенин кубат алыбыз,

Какшаалдын калыӊ кедейин,

Туугандар эске алыӊыз!

Тексттик үзүндүлөрдөн көрүнүп тургандай, “Кайран эл” поэмасы менен “Ажар” повестинде бир мейкиндик – Турпан жөнүндө сөз болуп жаткан соӊ, эки чыгармадан алган билим бирин-бири толуктайт. Ошону менен бирге  бөтөн жердеги элдин трагедиясынын көркөм чагылышы окуучуларды чыгарманын сюжетин эмоционалдуу кабыл алууга шарт түзөт. Мындай тексттер аралык байланыштарды чеберчилик менен пайдалана билген мугалимдин сабагында окуучулар   чыгарманын текстин окубай койбой турган сезимге дуушар болууга тийиш.

 Ал эми А.Токтомушевдин поэмасынан алынган үзүндү Ажар менен Айшакандын тагдырындагы типтүүлүктү көрсөтүп, бир тарыхый доордогу кыргыз кыздарынын абалын даана көз алдыга келтирет. Натыйжада 16-жыл окуясы  боюнча окуучулардын тарыхый жана адабий  билимин бир бүтүндүккө синтездөөгө болот.

3. Көркөм универсалийдин үчүнчү деӊгээлин – үч чыгарманын авторлорунун ортосундагы биографиялык байланыштар түзөт.   Бул деӊгээл аркылуу чыгармада чагылдырылган айрым деталдардын   жазуучулардын өмүр баяндарынан алынганына  аргумент катары теманы тереӊөздөштүрүү милдетин аткарат. Айталы, Ы.Шайбеков менен А.Токтомушев бир жерде –  Кеминде туулган. Кемин менен Ысык-Көлдүн качкындары бирге Үч Турпан жерине чогуу түшкөн. Демек, үч жазуучу теӊ бирдей турмуш көрүнүштөрүнө күбө болгон. 16-жылы алардын эӊ улуусу Ы.Шайбеков 1880-жылы туулгандыктан, 36 жашка келип, жакшы-жаманды ылгап калса, К.Баялинов 15-16 жаштагы өспүрүм, ал эми А.Токтомушев 5-6 жаштагы наристе болгон. Өмүр баяндык ушул фактордун өзү эле чыгарманы аӊ-сезимдүүөздөштүрүүнүн бир нече ачкычын берет.

Биринчиден, авторлордун жаш курагына жараша алардын чыгармаларынын жазылуу мезгилин так эстеп калууга негиз бар. Анткени  Ы.Шайбеков 16-жылга чейин   Токмокко туугандарын укпай качып барып, …эки жыл окуп кат тааныган жазгыч акындардын бири. “Кайран эл” поэмасында мындай сап бар:

Ак кагазга көчүрүп,

Казал сатты, кайран эл

Кытайда “кайырчылык турмуштун айынан ак кагазга көчүрүп, казал саткандардын бири да ушул Ысактын өзү болчу.  …  “Кайран элдин” кол жазмасы бизге жеткен жок… андан бир-эки ооз ыр билбеген качкындар аз болгон”. Демек, “Кайран эл” 1916-1917-жылдары жазылган; эл аны жаттап, кайгылуу күндөрдө качкындардын көӊүл эрмеги болгон. Элдин көкүрөк дарты болгон “Кайран элди” жаш өспүрүм Касымаалы да уккан, балким, айрым саптарын айтып жүргөн. Ал эми ал кезде жаш бала Абдурасул “Кайран элдин” таасирин убагында сезбегени менен Ташкентте суу чарба политехникумунда окуп жүргөндө САКУнун алдындагы адабий ийримге катышып, окуй баштаган адабий китептеринин ичинен … “К.Баялиновдун “Ажар” повести… күчтүү таасир этип, ал өзү да “ушундай китеп жазсам” – деп дегдеп калат.

Ал эми жаш курагы боюнча Ы.Шайбековдон кийинки жазуучу К.Баялиновдун биографиясындагы биринчи сүйгөн кызы Сакып-Жамалды – 15 жаштагы кызды Айдаркан деген манап элүүдөн эчак ашкан Табылды деген байга “1916-жылы үркүндүн алдында сатып жибергени, ушундай эле кыздардын Турпанда колдон колго өтүп, бир табак талканга сатылышы жаш өспүрүмдүн сезимин жаралап, “Ажардын” сюжетин жараткан.  Сезимдеги ошол таасирди Касымаалы белгилүү билим алып, адабиятты түшүнүп калган кезинде 1928-жылы көркөм чыгармада чагылдырып, адабий чыгармачылыгында маанилүү окуяны жараткан. Бул эки жазуучунун эки чыгармасынан чыгармада сүрөттөлгөн окуясы да, образдар системасы да кескин айырмаланган А.Токтомушевдин “Какшаалдан кат” поэмасы жөнүндө айта турган кеп башка. Анткени, үркүн кезинде ал болгону 5 жаштагы наристе болчу. Ата-энеден ажырап томолой жетим калган жаш баланын өлбөстүк үчүн күрөшүп, элге кошулуп кайыр сурап жүргөнүн көргөн Кытайдагы дунган аял боору ооруп, багып алганын, аны Абдурасул өмүр өткөнчө мээрим менен “менин дунган энем – Фатме” деп, эскерип жүргөнүн сабакта окуучулардын эсине салуу ашыкча болбойт. Ал “күн көрүүүчүн байкуш дунган энем мени соодагерчилик кесибине такшалтып жүргөндө көчөдө алма сатып олтурган жеримен кыргыздар алып кетишти” – деп эскерет. Демек, ал жаш болгондуктан, эл менен бирге мекенге кайта алган эмес. 1922-жылы гана совет бийлиги жиберген балдар комиссиясы аны таап алып келген да Токмоктогу балдар үйүнө тапшырып, ошондон кийин “Абдурасул Токтомуш уулу” деген өз ысмына ээ болгон. Ошондуктан “Какшаалдан кат” поэмасынын биринчи каты  1937-жылы  басмадан чыгып, алыста калган күндөрдүн эске түшкөн элеси катары лирикалык пафос менен жазылган. Каармандын Ата-Журтка болгон кусалыгы бөтөн элде өмүр кечирүү тагдырына жоолуккан адамдын типтүү көӊүл жагдайларын берет. Поэмада “Кайран элде” берилген эл трагедиясындай же “Ажарда” сүрөттөлгөн кыйын мезгилдин окуяларын көз алдыга келтирүүгө караганда каармандын ички толгонууларына артыкчылык берүүнүн себеби, жазуучунун биографиясы менен байланыштуу экендигин түшүнүүгө болот. Натыйжада чыгармалардын жаралуу доору алардын көркөм-эстетикалык наркына түздөн-түз таасирин тийгизип турганын байкоо кыйын эмес. “Кайран эл” – ХХ кылымдагы акындар поэзиясынын 10 – жылдарына, “Ажар” профессионал жазма адабияттын  20 – жылдарына, “Какшаалдан кат” – 30 – жылдарга таандык көркөм туунду. Ошого жараша чыгармалардын композициясы, образдар системасы, идеялык-тематикалык маселелери иштелип чыккан. Демек, үч чыгарма жана ал чыгармалардын авторлорунун тагдыр таржымалы улуттук адабий процесстин тарыхы боюнча окуучуларга тиешелүү билим берүүгө мүмкүндүк берет. Үч жазуучунун бир тарыхый доордо биринин артынан экинчиси жараткан чыгармалар, аларды  чыгармачылыкка шыктандырганы тууралуу илимий адабияттардагы факт аркылуу окуучуларга адабий таасир жөнүндө  түшүнүк берүүнү талап кылат.

Жогоруда белгиленген адабият сабагындагы предметтин ички байланышы аркылуу  окуучуну жазуучу менен диалогго алып чыгуу үчүн көркөм баарлашуунун үч деӊгээлин пайдалануу, аларды адабий процесстин “эстетикалык кыймылын” же “кыймылдагы эстетиканы” сезүүгө тарбиялайт.

Окутуу процессинде предметтин ички байланышын пайдалуунун  мезгилдик хронологиясы боюнча:

1) удаалаш же уланмалуу байланыштар;

2) параллель байланыштар;

3) келечектүү (перспективдүү) байланыштар деген үч түрү кездешет.

Чыгарманын сюжетин өздөштүрүүгө негиз болгон тарыхый фактыларды, элдик турмуштун типтүү көрүнүштөрүн  предметтин ички байланышы аркылуу талдоого алгандан кийин, анын образдар системасын өздөштүрүүгө шарт түзүлөт. “Ажар” повестинде талапка ылайык деӊгээлге жетпесе да элдин эки мейкиндиктеги (кыргыз жана кытай жериндеги) коомдук катмарында жашап жаткан: бийлер, байлар, кедейлер, карыялар, эр жигиттер, аялдар, кыздардын образы берилет. Эки мейкиндикте жашоо кечирген улуттук менталиттерди салыштыруу менен окуучулардын улуттук аӊ-сезимин күүгө келтирүүчү деталдарды табууга болор эле.

Чыгарманын текстинде берилген Сабитакундун кыргыздарга жасаган мамилеси, Козубектин Ажардын тагдырына жасаган мамилеси аркылуу окуучуларды тарыхый доордун жүзүн баалоого багыттоо максатка ылайык.

“Үркүн” темасындагы тарыхый маалыматтарда кыргыз элинин тарыхый инсандары   Ыбырайым Төлө уулу менен Канат хан  бар. Аларга окуучулардын көӊүлүн буруу зарыл. Анткени ушул эле каармандар программада Х класска сунуш кылынган А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар” романында кездешет. Демек, бул инсандардын тарыхый доордогу ишмердүүлүгүнө саресеп салуу предметтик ички байланыштын келечектүү түрүн пайдаланууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан мугалим үркүн темасында жазылган тарыхый романга алгач из салган А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар” романын өз алдынча окууга окуучуларга сунуш кылганы максатка ылайык.

С

абакты жалпылоо үчүн мугалим окуучуларга Венндин диаграммасын түзүү тапшырмасы берилет да, үч чыгарманын негизги каармандары: Эл, Ажар, Айшакандын тагдыры жөнүндө ой жүгүртүп, алардын тагдырын диаграмма аркылуу көрсөтүүгө тийиш.

Венндин диаграммасынын болжолдуу модели

Үч чыгармадагы жалпылыктар жана айырмачылык

Тапшырма:

1. Үч чыгармада чагылган типтүү көрүнүштөрдү тапкыла жана анын диаграммасын түзгүлө.

2. Ажар менен Айшакандын образындагы окшоштук менен айырмачылыгын көрсөткүлө.

Үмүт Култаева,

филология илимдеринин доктору, профессор

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*