ОшМУ – ТАЛАНТТАРДЫН ТАПТООЧУСУ ЖАНА КОЛДООЧУСУ

Искусство – бул улуттун жүзү. Искусство аркылуу мамлекеттин экономикасын, саясатын көрүүгө мүмкүн, керек болсо улуттук идеологиянын өзөгүн түзөт. Искусстводо улуттук аӊ-сезим, басып өткөн улуу тарых, түркүн тагдырлар, оомал-төкмөл дүйнө булардын баары сахнада рол жараткан актердун кыймылында, музыканын ыргагында, кыл калемдин шилтеминде жашайт. Искусствого мамиле ар доордо ар түрдүүчө, ошол мезгилдеги эл жакшыларынын руханий деӊгээлине байланыштуу болгон. Бул процесс бүгүн да адамзат коомунда өкүм сүрүп жатканы белгилүү. Азыркы учурда башка мамлекеттерге салыштырмалуу кыргыз искусствосунда ийгиликтерге караганда бир топ өксүктөр бар экени алаканга салгандай көрүнүп турат. Элибизге руханий иммунитет жетишпей турган учурда, арка-бел болор театр, филармонияларыбыз коллективдүү иш-чаралардан куржалак калып, жеке ырчылардын акча табуучу майданына айланды. Маданият кызматкерлеринин деӊгээли төмөндөп бараткандай сезилет. Кыргызга Рыспайды, Жолболдуну берген Ош университети руханий маданияттын деӊгээлин көтөрүүгө аракет кылууда.

Үмүттөр акталды

 Кеп оролу келгенде айта кетүү керек, ОшМУнун искусство факультети учурунда өзүн-өзү багалбай калды деген шылтоо менен жоюлган. 2011-жылы педагогика жана дене тарбия факультетинин курамынан бөлүп чыгып, ар беш жылда бирден талант таптап чыкса факультет өзүн-өзү актаганы ошол деген принцип менен ушул жолго барганбыз. Кудайга шүгүр, ошондогу биринчи курска кабыл алынган улан-кыздар бүгүн Оштун сыймыгына айланып, кыргызга белгилүү таланттардан болушту. “Атын атаса куту сүйүнөт”  дегендей, ырчы болот элем деп Баткенден келген Нуртилек Абдигапаров, Алайкуудан келген Элбарчын Калилова менен Марсиана Дарманбек кызын, жаш обончу-ырчылар Каныбек менен Элтурандын ысымын ким тааныбайт?! Бул аты аталган таланттар факультетте таалим алышып калды. Алар өз кезегинде университеттин бүтүрүүчүсү катары сыймыктанышса, университет да ушундай таланттары менен сыймыктанып келатат.

Искусствону колдоону  инсандык парзым деп түшүнөм

         2012-жылы искусство факультетинин профессору Букарбай Иметовдун жана  белгилүү обончу, доцент Эгемберди Талиповдун 60 жылдык мааракелерин уюштуруп өткөрдүк. Агайлардын атына жакшы сөзүбүздү айтып, окуу жайдагы көп жылдык эмгегин баалаганга аракет кылдык. Аксакал агайларга удаа эле Искусство факультетинин доценттери Бекболот Абдувалиев менен Манас Кожомжаровдун 50 жылдык мааракесин, Жеӊиш Мойдунов, Роза Шүкүралиеванын чыгармачылык концерттерин да жамаатыбыздын колдоосу менен жогорку деӊгээлде өткөрүлдү. Бул факультетте иштебесе дагы, университеттин атын таанытып, ушул жерден өсүп-өнгөн маданияттын мыкты кызматкерлери Таалай Турдубаев, Нурзат Айдаркулова, Айпери Кулбаевалардын Ош шаарында отчеттук концерттерине жамаатыбыз чогуу барып, колдоп келдик. Обончу Түмөнбай Колдошовдун жеке концерти Ош жана Бишкек шаарларында өткөрүлдү. Искусство факультетинин таланттуу студенттери Нуртилек Абдигапаров, Элбарчын Калилова, Марсиана Дарманбек кызынын тушоо кесүү концерттери ректораттын демилгеси, колдоосу астында уюштурулган. Мына 8-апрель күнү Эламан Жалаловдун “Жаз жана муза” аттуу жеке чыгармачылык кечесин өткөрдүк. Биз жогоруда аты аталган таланттарды материалдык жана моралдык жактан колдогонубузду айтып коелу, анткени күлүктү да колдоп, сүрөгөндө күлүк болот тура! Биздин колдоо таланттарды таптап, демине дем кошот деп ойлойбуз.

Бүгүн университетте элибиздин сыймыгы болгон залкарлар иштешет. КРнын Эл артисттери Жолболду Алыбаев, Фахридин Баяковдордун атын бийик урмат менен айтууга болот. Мындан эки-үч жыл илгери Жолболду Алыбаев ырларымды жаздырып, алтын фондго өткөрсөмбү деген оюн айтканда, биз дароо колдоорубузду айтып, жардам бердик. Мындай залкардын ырларын кийинки муунга калтырууга көмөктөшүү биз үчүн да сыймыктуу. Бул кишилердин университеттин эшигинен кирип-чыгып турганынын өзү жаштарга чоӊ тарбия!

Университеттин 75 жылдык мааракесине утурлай дагы бир жакшы саамалык ишке ашырылды. Искусство факультетинин доценти, ардактуу агайыбыз Мамат Арынбаев “ОшМУнун орошон таланттары” деген көлөмдүү китебин чыгарды. Кезегинде ОшМУдан окуп, бүгүн кыргыз маданият майданында үзүрлүү эмгектенип жатышкан обончулардын ырлары, нотасы менен китепке топтоштурулду. Агайдын бул демилгесин колдоп, китептин чыгымдарын төлөп, университеттин фондуна өткөрдүк. Бул тарыхый факт.

Кыргызда “ат алгыча жабдык ал” деген жакшы нарктуу сөз бар. Аныӊ сыӊары, өнөрлүү балдарыбыздын убактылары эски аспаптарды оӊдоп, түзөө менен өтпөсүн деп, “Жаштык” эстрадалык тобуна гитара, ударник, ж.б. музыкалык аспаптарды, “Үмүт” фольклордук тобуна болсо аккордеондорду алып бердик. “Салтанат” фольклордук тобунун формаларын жаӊылап, чет өлкөлөргө барып келүүсүнө көмөктөшүүдөбүз. Бүгүн Искусство факультетинин талаптарын толук аткарып бүттүк десек да болот, эми ыкшоолонбой астейдил иштөө гана керек. Биз колдоочу жерде колдоп, сүрөп келатабыз, анткени, таланттуу адамдарга ушундай колдоо керектигин жакшы билебиз.

Университет жалаӊ эле музыканттарга колдоо көрсөтөт турбайбы деп ойлоп жатсаӊыз керек? Эки адистиктин окутуучуларына да, студенттерине да бирдей колдоо көрсөтөбүз, колубуздан келишинче дем-шык бергенге аракет кылабыз. Сүрөтчүлүк өнөр-искусствонун негизги бир тармагы. Эгер баарыбыз сүрөтчү болгондо же сүрөт искусствосун жакшы түшүнгөндө, жашообуздун палитрасы башкача болмок. Адамдардын бири-бирине болгон мамилеси жакшырмак, жашообуз жомоктогудай болбосо да баалуулуктар сакталып калса керек эле.

Университет ар бир сүрөтчүнүн персоналдык көргөзмөсүнө, конкурстарга катышуусуна мүмкүнчүлүк жаратып берүүдө. Мисалы, 2013-2014-жылдары Бишкек шаарында КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү Мамыралы Эшбаев, Кимия Төрөгелдиева, Зура Турдубаевалардын персоналдык көргөзмөсү уюштурулду. 2013-жылы Республикалык жаш дизайнерлер конкурсунда Зуура Турдубаева жана Акинай Кушбаковалар биринчи орунду жеӊип келишти. Буларга өз кезегинде көӊүл бурулуп, жамаатыбыздын ийгилиги деп кубанганбыз.

2015-жылы бир топ сүрөтчүлөрүбүздү атайын Ысык-Көлгө жөнөттүк, анын жыйынтыгы катары декабрь айында Мамыралы Эшбаев, Исмаил Урманов, Кубанычбек Мамарийимов, Абдибали Марипов, Мирлан Мамытовдордун Ысык-Көл облусундагы Кажы-Сай айылындагы “Пленэрдик чыгармалардын көргөзмөсү” аттуу сүрөт көргөзмөсү искусство факультетинде уюштурулду. Ушул эле көргөзмө 2016-жылдын февраль айында “Тарых жана маданият жылына” карата Ош шаарында Т.Садыков атындагы облустук көркөм сүрөт музейинде өткөрүлдү.  2015-жылы Умид Тешебаев жана Мирлан Мамазаировдун “Жаз палитрасы” аттуу персоналдык көргөзмөсү Ош облустук Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде болду. Бул персоналдык көргөзмөгө жамаатыбыз менен барып катышып, жакшы сөзүбүздү айтып, сүрөтчүлөрүбүзгө ийгиликтерди кааладык.

К.Төрөгелдиева, З.Турдубаева сыяктуу таланттуу дизайнер-сүрөтчүлөрүбүздү кандай конкурс болбосун окуу жайдын атынан катышуусуна шарт түзүп келүүдөбүз. Жакшы саамалыктарды, пайдалуу идеяларды ар дайым колдоп, турмушка ашырганга жан үрөп иштеп жатабыз. Жакында сүрөтчүлөрдү колдоо максатында ОшМУнун окуу корпустарын сүрөткө тартуу боюнча конкурс жарыяладык. Жаш-кары дебей сүрөтчүлөрдүн баарын катыштыруудабыз, курулуп жаткан имараттар, жасалып жаткан иштер кагаз бетине түшүрүлсүн, ОшМУнун жаӊырган бейнеси тартылсын. Курулуп, пайдаланууга берилген жаӊы окуу корпустары сүрөтчүлөрдүн көзү менен баалансын, коомчулукка ОшМУну даӊазалоо менен бирге өзүнүн чыгармачылык дараметин көрсөтсүн.

Өткөн окуу жылында башкы корпустун алдында 3000 студент Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгына карата хор ырдашты. Россиянын Мамдумасынан келген депутаттар жана биздин Жогорку Кеӊештин депутаттары катышты. Кан майданды эстеткен ырларды хордун аткаруусунда уккан депутаттар көзүнө жаш алды, кошулуп ырдашты. Мындай салтанаттуу хор, балким, биздин мамлекетте биринчи жолу болсо керек. Ошол жөрөлгөнү улай, башкы корпустун алдында айкелчилердин фестивалын өткөрсөк деген жакшы идеябыз бар. Бул аянтта скульпторлор чыгармачылык менен иштешип, аягында жасалган эмгектердин презентациясы болот.

Ырас, искусство факультети жөнүндө сөз болуп калгандан кийин, сөзүмдү жакшы кабар менен бүтүрөйүн. Келерки окуу жылынан баштап, искусство факультетинин жаӊы имаратын салып баштайбыз. Ордолуу Ошубуздун чок ортосунда кыргыз музыкасы жаӊырып, музыканын ыргагында сүрөтчүлөрүбүз сүрөт тартышсын. Ал жаӊырган музыкалар, тартылган сүрөттөр эртеӊки күндүн тарыхына айлансын!

Каныбек ИСАКОВ,

ОшМУнун ректору, профессор

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*