АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКАСЫНЫН БАКАЙЫ (Профессор С. Байгазиевдин эмгектери мугалимдердин көзү менен)

   Жазган эмгектери изилдөө болобу, макала болобу, китеп болобу, бир ирет жарык  көрүп, ошол боюнча илимий журналдын бетинде же китепкананын текчесинде чаӊ  басып кала бербей, эл аралап, мугалимдерге, тарбиячыларга, жаштарга жетип, жактырууга ээ болсо, окуу–тарбия практикасында керектелип окулуп, колдонулуп жатса, анда мындай окумуштууну бактылуу дебегенде эмне демекпиз. Ошондой бактылуу окумуштуулардын бири — профессор Советбек Байгазиев десек жаӊылышпайбыз. Чынында эле анын ысымын билбеген республикада мектеп жок. Бир эле анын жаралган күнүнөн тарта, жаштар арасында популярдуулукка ээ болуп, 1990-жылдардын башынан бери мектеп окуу программасына кирип, окутулуп келе жаткан айтылуу “Иниме кат” китебин эстесек, айтылган ойдун чын экени ырасталат. Башка фактыларды айтсак да арбын. Маселен, Кыргыз Республикасынын эл мугалими Аман Сманбаевдин атактуу профессордун “Нурмолдо – XIX кылымдын агартуучусу жана даанышман педагогу” аттуу эмгегин окуп чыгып, “С. Байгазиев жазган Нурмолдонун педагогикалык мурасын ар бир мектепте, ар бир методикалык бирикмелерде талкуулоону, үйрөнүүнү, өздөштүрүүнү” сунуш кылган (“Кутбилим”, 14.07.2006). Ал эми мына бул фактыларды да эстей кетсек артыкбаш болбостур. Мисалы, 2015-жылы министрликтин сунушу менен республиканын мектептерине таратылган С. Байгазиевдин “Ак калпак кыргыз калкынын рухий–адептик маданиятынын асыл дөөлөттөрү” аттуу китеби жөнүндө Жалал–Абаддан педагог Ибраим Чотов мындай деп жазат: “Кыскасы, окурман катары айтарым: ар бир сүйлөмү, фразасы, абзацы ойлонто, аӊ сезимди толгонто койгон китепти окуп бүткөн  соӊ кайрадан артка чегинип, кээде алдыга умтулуп барактоого туура келет. Себеби күндө колдонуучу методикалык колдонмо сыӊары да кызмат өтөйт. Керектүү материалды сабактын планында колдоносуӊ. Өзгөчө “Адеп” сабагында, тарбиялык сааттарда колдонуу өз түшүмүн береринде шек жок. Мындан сырткары, ата-энелер жыйындарында, профилактикалык кеӊештерде да колго алуу зарылчылдыгы келип чыгат” (“Кутбилим”, 5-февраль, 2016).

Ал эми мектеп мугалими Таир Аширбай Билим берүү министрлигине жазган катында, республиканын мугалимдеринин арасында “Байгазиевдик окууларды” уюштурууну сунуштайт. “Советбек Байгазиев агайыбыздын макалаларын окугандан кийин мугалимдердин билимин жогорулатуу курсунан өткөндөй болобуз”, – деп жазат Кочкордон мугалим Сталбек Осмоналиев. Биз четин гана чыгарган ушул эле фактылардын өзүөз ичине бай окуу–тарбия идеяларын камтыган С. Байгазиевдин эмгектеринин билим берүү системасы үчүн актуалдуулугун жана зарылдыгын тастыктайт. Бул чындыкты жакында  №5 улуттук компьютердик гимназияда окумуштуунун 70 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн “Адабият жана этнопедагогика — муундарды социалдаштыруунун кубаттуу куралы” аттуу мугалимдердин республикалык илимий–практикалык конференциясы да ырастады. Жыл сайын “Кутбилимдин” «жылдын мыкты автору» наамын алып урматталып келе жаткан     С. Байгазиевдин ийгилиги анын илимийлүүлүк менен публицистикалуулукту айкалыштыра билген устаттыгында, педагогиканы кыргызча сүйлөтө билген тилдик – стилдик кереметинде. Анын жазгандарынын арбап алуучу күчү жөнүндө белгилүү публицист–жазуучу Баратбай Аракеевдин “Анын жазганында окурманын тартып ала турган күчү бар, бура бастырбай кандайдыр бир сыйкыр чалыш нерсеси бар. Эмгектеринин кайсынысын окуба, бутага дал тиет да, окуп жаткан адамды ошол маселеге баш оту менен батырып таштайт, ошол маселе Байгазиевдики эмес, дал сеники болуп жашап кеткенин сезбей, билбей да каласыӊ”, — деп жазганы бекеринен эмес (“Фабула” газетасы, 7.11.2014).

Конференцияда төмөндөгү мугалимдер мазмундуу докладдарды жасашты:

Акматов И., Алдаяров Т. (Бишкек шаары, №68 мектебинен), Асанова М., Асанкадырова  Г., Батыркулова А., Иманкасымова Т., Саалаев Ө., Эмилбек уулу А. (А. Молдокулов атындагы  улуттук компьютердик гимназиядан), Жарашева Г. (Бишкек шаары, №59 орто мектебинен), Ысманова Ж. (Бишкек шаары, №72 мектеп-гимназиясынан), Исаков Бектур (Талас районундагы «Арал» орто мектебинен, КР Эл мугалими), Исмайылова К. (Сокулук районундагы Д. Шопоков орто мектебинен), Осмоналиев С. (Кочкор районундагы Кайып Темиров атындагы орто мектебинен), Турдубаев Э. (Москва районундагы «Целинная» орто мектебинен) жана ошондой эле педагогика илимдеринин докторлору, профессорлор А. Муратов жана С. Рысбаевдер да доклад окушту.

Төмөндө мугалимдердин докладдарында айтылган орошон ой-пикирлерди сунуштайбыз.

Сталбек Осмоналиев:

 – Советбек Байгазиевдин “Ала-Тоодогу агартуунун тарыхынын кыскача очерки: 19-кылымдан 1917-ж. чейин” аттуу кыргыз агартуусунун тарыхындагы манаптардын патриоттук агартуучулук, уюштуруучулук ишмердиги жөнүндөгү эмгеги өзгөчө көӊүлүбүздү бурду. Өзүм аталган мектепте тарых сабагынан бергендиктен республикадагы мезгилдүү басма сөз бетиндеги, айрыкча мугалимдердин  “Кутбилим” газетасына байма-бай жарыяланган Советбек Байгазиев агайыбыздын макалалары дайыма бизди өзүнө тартып, жаӊыландырып, шыктандырып турат. Агайдын макаласын окугандан кийин, “Мугалимдердин билимин жогорулатуу курсунан” өткөндөй болобуз.

 Мына ошентип, Шабдан баатыр Кеминде, айтылуу манап Сооронбай уулу Дүр Чүй бетинде, Тынаалы уулу Чолпонкул Сокулукта, Калпа ажы Ак-Талаанын Курткасында, Мамбет уулу Касымаалы манап менен Калчаке уулу Алай болуш Нарын аймагында, Тооке уулу Байзак менен Курман манап Жумгалда, Ыбыке уулу Канат-хан  менен Өтөмбай Төрөгелдин манап Кочкордо, манап Малиев Сагаалы көлдүн Тоӊ аймагында Европача имараттарды салдыртып, алгач жолу “жаӊы метод” тибиндеги туӊгуч мектептерди ачышып, өз доору үчүн өзүнчө бир революцияга тете жаӊылыктарды жаратышкан.

 Октябрь төӊкөрүшүнө чейинки кыргыз коомундагы  агартуунун “ак жактары” айтылбай келгендиги, буга чейин жазылып келген кыргыз элинин революцияга чейинки туташ сабатсыздыгы, коммунисттик таптык идеология жазып көрсөткөн тарыхтан башкачараак экендиги, кыргыздын бай-манаптарынын патриоттук–агартуучулук ишмердүүлүгү буга чейин изилденбегендиги, бүгүнкү биздин алатоолук мугалимдер үчүн улуттук кыртыштагы орчундуу тарыхый мурас катары, дидактикалык-методикалык сабак катары даяр зор табылга болуп берип, тарыхый эс тутумубузду, тарыхый кругозорубузду, энергиябызды арттырып, курал болуп берип шыктандырып тургандыгы бул жазылган эмгектин айныгыс күбөсү.

Бектур Исаков:

 – Советбектин «Мугалими күндөй тийсе чачырап, окуучусу гүл сыяктуу бажырайып ачылат» деген сөзүөзүнчө афоризм болуп,  педагогдордун арасында айтылып келет. Чынында эле, С.Байгазиевдин  жазган эмгектери педагогикалык  идеяларга  бай. Маселен, бир эле «Авторитардык педагогикадан гумандуу педагогикага карай» деген эмгегин карап көрөлү. Бул китеп өзүнчө эле бир педагогикалык тереӊ ойлордун казынасы. Бул китепте түбөлүктүүөлбөс идеялар, классикалык педагогиканын гуманисттик тереӊдиги, улуттук коломтодогу педагогикалык нарктар, баланын дүйнөсүн ойгото турган методика, окуучуга авторитардык-акимчил мамиле жана гумандуу окутуу деген эмне экендиги жазуучулук эӊ сонун тил менен жеткиликтүү  берилген.      С.Байгазиевдин педагогикалык бай дүйнөсүнө дагы күбө болом  десеӊ, анын «Педагогикалык руханият», «Окутуунун жана тарбиялоонун  философиясы», «Этика жана этнопедагогика» аттуу томдуктарын, «Мугалимге жети кат», «Азыркы мектептеги тарбия: максаты, мазмуну, технологиясы» аттуу китептерин оку. Бул китептер педагогдорду, тарбиячыларды эӊ зарыл, эӊ керектүү, түбү түптүү идеялар, окутуунун жана тарбиялоонун стратегиясы, этносоциалдык философиясы, концептуалдуу, оригиналдуу, образдуу айтылган чоӊ ойлор менен куралдандырат.

Советбек «Манастын» рух дөөлөттөрү, патриоттук идеологиясы, этикалык философиясы жөнүндө далайлаган мыкты эмгектерди, макалаларды жаратты. Бирок ошолордун ичинен мен аалымдын «Улуу «Манас» — урпактардын патриоттук идеалы», «Каныкейдин улуу махабаты жана анын образынын рухий-адептик, патриоттук сабактары», «Бакай чыгыштын акылманы, кыргыздардын руханий жол башчысы жана улуу патриоту» аттуу китептерин маанастаануудагы мазмуну тереӊ, чабыты кенен ири эмгектерден деп эсептейм. Себеби окуган кишиге дароо көрүнөт: Окумуштуу бул китептери  аркылуу «Манастагы» Манас, Каныкей, Бакайдын образдарын чечмелөөнүөзүнүн этикалык-философиялык тереӊ жана кылдат талдоолору менен жаӊы деӊгээлге, жаӊы бийиктикке көтөрүп таштаган. Бул үч китеп Маанастаанууга кошулган чоӊ салым, педагогика үчүн табылгыс тарбия куралы,  маанастаануу сабактары үчүн омоктуу мазмундук база, орошон окуу китеби. Советбек «Иниме каттан» Бакай жөнүндөгү китепке келди. Айтмакчы, Советбек Байгазиевди — бүгүнкү кыргыз педагогикасынын Бакайы десем жаӊылбайм. Мен мындай тыянакты атайын  кандайдыр бир максатты көздөп, көбүртүп-жабыртып, көтөрө чалып айтып жаткан жерим жок. Советбектин мээнет менен жеткендери, баары алаканга салгандай, көз алдымда болуп  өттү.

Эмилбек уулу Айбек:

 — Жогоруда жазган сөздөрүбүздү жыйынтыктап, бүтүм чыгара турган болсок, Советбек Орозканович Байгазиевдин калеминен жаралган бул – “Окутуунун жана тарбиялоонун философиясы” китеби кыргыз элинин, анын ичинен өзгөчө мугалимдердин азыгы. Китеп өзүнүн оригиналдуулугу, көркөмдүгү, адабий көрсөткүчү, илимийлүүлүгү менен айырмаланып, кыргыз китеп казынасынан бараандуу орунду ээлеп турат десем аша чапкандык болбос.

Жыргал Ысманова:

 –  Менин  колума 2002-жылдары “Манас —     сенин жан дүйнөӊ” деген ураан менен жазылган  “Манас” эпосунун классикалык сюжети кара сөз менен кыска жана нуска аӊгеме баянга айландырылып, эпос боюнча зарыл маалыматтар жазылган “Айкөл Манас” деген китеп тийип калды. Окусам балдар үчүн жатык тил менен, абдан түшүнүктүү экен.

Советбек Байгазиевдин ошол китебин 4-класстарга  сөз өстүрүү сабагына, класстык сааттарга  пайдаландым. Себеби бул китепченин мазмуну  жаш муундарга патриоттук тарбия берүүнүн кашкайган үлгүсү, мекенчил насааты. Окуучуларым да жан дили менен берилип окушуп, талкууга алышып, “Манас” эпосунун каармандары жана манасчылар жөнүндө маалыматтарды алышты. Советбек Орозкановичтин максаты, тилеги  ушул эмес беле.  Демек,      Советбек Орозкановичтин максаты, тилеги  кабыл болду. Аз болсо да жаштардын  жүрөгүндө мекенчилдик учкундай сезим жылт этти деп ойлойм.

Окумуштуубуз таалим–тарбияга таяныч катары 2015-жылы “Манас менен Каныкей — мекенчилдиктин идеалы жана рухий сулуулуктун улуу өрнөгү” деген ат менен китеп чыгарды. Бул эмгегинде “Манас” эпосунан алынган айкөл Манас атанын жана калк энеси Каныкейдин Ата журтка, ак калпак кыргыз элине кылган улуу кызматы, асыл өрнөктөрү, адептик-ыймандык жана патриоттук сабактары,  тарбиялык маӊызы кеӊ масштабда каралып, бай тил, жатык стиль менен берилгендиги окурмандар үчүн  чоӊ табылга, түгөнбөс байлык, кенч болмок.

   Илимпоз  «Манас» эпосунун жаш муундардын рухун тарбиялай турган идеологиясын эпостун ичинен алып чыгып, чечмелеп, системага салып, тарбиянын кызматына чегип жатат.

  Бул эмгектин мындан ары мугалимдин колунда күчтүү курал катары бар экендиги бизди кубандырат. Ошондуктан бул китепти көп нускада чыгарып, мектептерге  таратуу керек. Ал эмес студенттин, ата-эненин колунда, кызматчынын үстөл китеби болушу  өтө зарыл деп ойлойм.

Өскөн Саалаев:

 – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2014-жылы “Мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясын” кабыл алган.

 Мындан көп өтө бербей, концепциянын таяныч материалдары катары Советбек Байгазиев агайыбыздын “Ак калпак кыргыз калкынын рухий адептик маданиятынын асыл дөөлөттөрү” аттуу китеби жарык көрдү. Советбек агай  кыргыз элинин жер–сууга болгон өзгөчө мамилесин улуу акын Жеӊижоктун “Аккан суу” аттуу атактуу ырынан көргөн. Ал аталган ырда Жеӊижоктун аккан сууга философиялык өӊүттө мамиле жасап, ага жер үстүндөгү жашоо тиричиликтин негизги булагы катары караганын баса белгилеген. Анда аккан суунун жакшыга да, жаманга да бирдей, эч нерсени жиктеп бөлбөй, дүйнөдөгү бардык жандарга өзүн курман чалып, “желип өткөн жерине  жемиш чыккан”, өзөккө кирип кан болуп жүгүрүп, жашоо отун тутантканын, бирде өзөндө мелмилдеп, бирде капчыгай ичинде күрүлдөп, бирде талаага таалай болуп төгүлүп агып жаткан кашка сууну Жеӊижок өзүнүн акындык жүрөгүнөн чыккан керемет сөздөрү менен сүрөттөгөнүнө тереӊ маани берилген.

Кыргыздын жаратылышка карата жаркын адеби, аксанат айлыгы “Эр Төштүк” эпосу жана аны толуктап турган акылман Асанкайгынын улуу этикасы аркылуу бизге чейин жеткендиги дагы кеӊири чагылдырылган.

Эсенбай Турдубаев:

 — Советбек Байгазиевдин «Жазуучунун чыгармачылык индивидуалдуулугун мектепте үйрөнүү: Мукай жана Жусуп» аттуу китеби менин адабият сабактарымдын таянычы  болуп, колумдан түшпөй келе жатат. 1993-жылы мектеп басмасынан жарык көргөн бул китеп мектеп мугалимдери үчүн методикалык колдонмо иретинде сунуш кылынган эӊ баалуу эмгектердин бири. Эч убакта актуалдуулугун жоготпой турган, ар дайым жаӊы бойдон турчу китеп деп ойлойм. Ушул убакка чейин Мукай, Жусуп жөнүндө канча  илимий макалалар жарык көргөн. Аталган эмгектин баалуулугу эмнеде? Эмгектин баалуулугу жалаӊ документалдык материалдардын, жазуучунун жан шериги, жан сыры болгон анын күндөлүк дептеринин негизинде жазылганында. С.Байгазиевдин бул китеби буга чейинки көнүмүш стереотиптерди бузгандыгы менен эсте калат. Бул китеп бизге Мукай менен Жусуптун чыгармачылык чеберчилигине, жекече индивидуалдыгына жаӊыча көз караш менен кароого, бул эки залкар тууралуу сабактардын мазмунун дагы да тереӊдетүүгө жардам берет.

Айта кете турган оюм, С.Байгазиев өзү жазып жаткан нерсенин ар дайым түпкү себептерин, тамырларын ачып берүүгө, маселени ар тарабынан  карап, объективдүү болууга умтулат. Кеп болуп жаткан китебин да ушул касиет коштогон.

Чынаркүл Султантороева:    

 – Азыркы убакта жаштардын акыл-эси, билими алдынкы техникалык прогресстин жетегинде өтө ылдамдык менен өсүш жасап жаткан мезгилде, жан дүйнөсүн прогресстик маалыматтар менен эле азыктандыра бербей,  элибиздин улуулугун даӊазалай ала турган улуу көрөӊгөнү да берүүнү унутпайлы деген асыл ойдун ээси, окумуштуу, филология илиминин доктору, профессор С.Байгазиев агабыздын турмуштун улуу философиялык акыл ойлорун, улуттук баалуу маалыматтарды камтыган «Ата мекендик жана дүйнөлүк этика» окуу китеби окуучулардын дил азыгына, жан азыгына дем бере турган  заманыбыздын талабына шайкеш келип турган окуу китеби.

Бул «Ата мекендик жана дүйнөлүк этика» окуу китебинде улуу даанышмандардын берген акыл, ой нускалары, философиялык даанышмандыктары турмуштук жөнөкөй гана сабактар  эмес, бала жан дүйнөсү толук сезе турган, жан азык кылып дилине кабылдай турган уюткулуу көрөӊгө.

Мисалы: Тоголок Молдо атабыз өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин материалдык байлык эмес, тескерисинче, бир тууган эл-жеринин тарыхый-рухий байлыктарын, санжыраларын, легендаларын, жомокторун, эпосторун, ырларын, ата-салт адептик дөөлөттөрүн чогултуп, ушулар аркылуу элди нравалык дөөлөттөргө, рухий насааттарга үгүттөгөн. Чындап эле рухий мурасты материалдык байлыктан өйдө кое алсак, анда келечегибиз ишенимдүү болмокчу.

«Мына ушул ата бабаларыбыз калтырып кеткен рухий мурастары — биздин тирегибиз. Акылман аталарыбыздын рух дайрасынын суусунан гана ичүү — ар бирибиздин адеп-ахлак жактан жаӊыланышыбыздын өбөлгөсү» деген орунттуу ойлорун ортого салган С.Байгазиев агайыбыздын акылман, даанышмандыгына башыбызды ийип, агабызга миӊ  мертебе алкышыбызды айтмакчыбыз.

   Гүлбархан Жарашева:         

 – «Байыркы  Орхон-энесай  жазууларынын  этикасы  жана  педагогикасы»  деген  темада  жазылган  Байгазиев  Советбек  Орозкановичтин  эмгегин  окуп  отуруп,  рух  жазууларындагы  мурда  байкалбаган, көзгө  көрүнбөгөн,  катылып  жаткан  сырлары  бар  экенин  жана  ошол  ачылбай  жаткан  жазуу  сырларын  Советбек  Орозканович  Кыргызстанда  алгачкы  жолу  аракет  кылып,  элге  тартуулап,  чоӊ  эмгек  жаратканын  айткым  келет.  Бул  китепте V-IX кылымдарга  таандык  Орхон-Енисей  таш  эстеликтериндеги  жазуулар  бизге,  биздин  балдарыбызга, дегеле,  кийинки  муундарыбызга  эӊ  керектүү  тарбиянын  көрөӊгөсү  экендигин  далилдеген  окумуштуу  Советбек  Орозканович  болду.

Эне  жөнүндө күндөп, түндөп мактоо  сөз айтсак   түгөнбөйт. Советбек    агайдын  «Байыркы  Орхон-Енисей  жазууларынын  этикасы  жана  педагогикасы» эмгегинин  11-12-беттерине  көз  жүгүртүп  окуп  чыксаӊыз,  энеге  болгон  бийик  нравалык  сезимиӊиз  ойгонуп,  эненин  ак  сүтүн  кантип  актайм  деген  ой  келет  жана  эненин  бийик  кудуреттүү  күчүнө  таӊ  калбай  кое  албайбыз.

Орхон-Енисей жазуулары  биз  тарбиялап жаткан  окуучуларыбыз  үчүн  табылгыс  байлык,  таалим-тарбия  болору  бышык.  Мектеп  мугалимдерине,  ата-энелерге  «Байыркы  Орхон-Енисей  жазууларынын  этикасы  жана  педагогикасы»  деп  аталган  Советбек  Орозканович  агайыбыздын  монографиялык  иликтөө  китебин,  тарбиянын  эӊ  мыкты  куралы  катары  пайдалангыла деп  сунуштап  кетет  элем.

Күлсайра Исмайылова:

 – “Кыргыздардын улуу ойчулдарынын   жана баатырларынын осуяттары – Ата журт тиреги” (алатоолук уул-кыздардын таалим-тарбиялык китеби) деген аталыштагы Советбек Орозкановичтин китеби капысынан колума тийди. Мугалимдик  кесиптик ишмердүүлүгүмдө агайды устат катары көргөндүктөн, окуп чыкканга шашылдым. Бекеринен шашылбаптырмын, китептин бетин ачкан сайын, жазылган акыл-насааттар мен үчүн жазылгандай сезилди. Чындыгында улуу муундун осуяттарын таамай-так, таасын жазып берген, агайдын чеберчилигине таӊ бердим. Окуган сайын китеп дүйнөсүнө сүӊгүп кирдим.

Бул китеп ар бир мугалим-тарбиячынын  чоӊ кеӊешчиси, акылчысы. Жазылган китеп ата-энелер үчүн   балдарын  туура  жолго  салууга   кеӊеш, акыл берген  табылгыс  кенч. Ар бир ата-эне бул китепти окуп чыгышы керек.  Ар бир бөлүм,  ар бир осуят, ар бир  багыт, мейли тарбия жагынан болсун, мейли  адам  мамилеси жагынан болсун, мейли жаратылышты коргоо жагынан болсун, тил  маселеси  тууралуу болсун,   далилдүүлүгү, конкреттүүлүгү,  мазмундуулугу  менен  өзгөчөлөнүп турат. Агайдын  бул китебин окуп чыккандан кийин адамды тарбиялоодо  биздин ата-бабабыз канчалык  деӊгээлде  бийикте турганына көзүбүз жетет.

Туратбек Алдаяров:

 – Советбек Байгазиев «Бектур Исаковдун педагогикасы» китебинде атактуу Эл мугалиминин портретин жазууда чоӊ чеберчилик жана көрөгөчтүк менен даанышман педагогдун ааламын  ачып бергендигин туюнууга болот.

Автор бул китепти жазууга бел байлаган күндөрүндө Таласка, Эл мугалими жашаган Арал айылына барып, бир топ күн  аны менен бирге жүрүп, ал баскан жолдор менен басып, ал дем алган тоонун таза абасынан дем алып, ырахаттана жаратылышына суктанып, анын үйүндөүй-бүлөсү менен болуп, айылдаштары, иштеген мектебиндеги кесиптештери менен болгон өз ара мамилелерин көрүп, сабактарына катышып, окуучулар менен баарлашып, педагогикалык портретти жазууда башта колдонбогон жаӊы боёкторду, штрихтерди тапкандыгы  тууралуу маектешүүбүздө айтып берди.

Бишкек шаарындагы өзүм жыйырма жылга жакын убакыттан бери иштеп келе жаткан №68 мектептин көп жылдардан берки директору Омурова К.Ж. жумушчу столумдагы кеп болуп жаткан китепти көрүп, ал тууралуу мындай ойлорун айтып жатпайбы: «Советбек Байгазиевдин  ушул китебин окуп чыккандан кийин мен Бектур Исаковдун чыныгы даанышман педагог экендигине ынандым, ага чейин  Эл мугалиминин  мындай жогорку деӊгээлдеги кыргызга бир жаралган,  жүрөгү элим деп соккон атуул экендигине маани бербептирмин. Эл мугалими болсо эмне экен, көп эле жүрүшпөйбү дечүмүн». Кийин анын өтүнүчү менен жаш кесиптештериме «педагогикалык портрет» тууралуу семинар өтүп бердим. Жаш кесиптешим биология мугалими Асылбеков Алмаз (педстажысы 3 жыл) жыйындан кийин дагы китепти сурап алып: «Агай, бул китепти окуп чыгып мугалим-тарбиячы болууга баштагыдан дагы кызыгып, дилгирленип калдым, мага мугалим тууралуу жаӊы бир керемет, ажайып  дүйнө ачылды, мугалим деген, Советбек Байгазиев агай жазгандай, окуучусунун жан дүйнөсүнө нурун чачкан күнү турбайбы» — деп, өтө толкундануу менен көздөрүн жайнатып айтып жатпайбы.

 «Педагогикалык портретти» семинардан кийин колдон колго өткөзүп окуп чыгышып, улуу-кичүү кесиптештерим  мугалимдик кесибине сыймыктануу сезимдерин жашыра алышкан жок.

   С. Байгазиевдин  Бектур Исаковдун педагогикалык  ааламын ички туюмунун, көрөгөчтүгүнүн даанышман адамдарга гана энчилүү касиети менен ачып берүүгө жетишкендигин белгилеп, докладымды мындай сөздөр менен аяктагым келди: «Даанышмандын даанышмандыгын даанышман адам гана көрүп айта алат».

Искендер Акматов:

 – С.Байгазиев агайыбыздын “Иниме кат” публицистикалык чыгармасын талдоого алуудан мурун ал кишинин педагогикалык ишмердүүлүгү жөнүндө азыноолак кеп кылууну туура көрдүм. Дегеним, мурун чыгармачыл адамдардын чыгармачылыгын жана чыгармаларды окуучулар менен гана талдоого алып, ага ар тараптан анализ жүргүзүүгө алганым менен агайга окшогон орошон таланттар жөнүндө коомчулук алдына оюмду бөлүшүп көрбөптүрмүн. Публицистиканы көп эле окуган элем, бирок агайдын чыгармаларын окуганда аргасыздан артка кайрылып, мен эмне жасадым, эмне жаӊылык киргизе алдым, өмүргө арзый турган бир нерсе жасай алдымбы? Ушул сыяктуу суроолор ойго салып, өткөн өмүрүмдү сындан өткөрүүгө аргасыз болом. Кайра өзүмдү сооротууга өтөм. Эӊ кур дегенде агайга окшогон залкарлардын чыгармаларын окуучуларга жеткирүүгө көмөк көрсөтүп, чыгармалардын маӊызын ачып берүүгө багыт берип, тарбия жолунда эмгектенип жатам деген таризде өзүмдү жооткотом. Кандай болгон күндө да колума калем кармап, өзүмдүн таасирленгеним тууралуу мүмкүнчүлүгүмдүн жетишинче агайдын эмгегинин бир тарабын айта кетким келди.

    Республиканын педагогикалык коомчулугуна кеӊири белгилүү педагог –тереӊ мазмундуу илимий эмгектери, билим берүүнүн, агартуунун учурдагы көйгөйлүү проблемалары тууралуу мугалимдердин турмушу, мектеп тагдыры, окуу-тарбия процессинин эӊ актуалдуу маселелерин камтыган өтө курч, тереӊ жазылган макалалары аркылуу коомчулукка таанымал агайыбыздын чыгармаларын окуган ар бир мугалим ойлонбой же беймаани калтыра албайт.

 “Иниме кат” 11–класстын окуучуларына бул теманы өтүүдө толгон-токой талаш-тартышты жаратат. Ушундан улам, демек, окуучулардын сезимдерине бүлүк сала алды деп ичиӊден бир кубанып аласыӊ. Бир жагынан алганда агайдын чыгармасы, экинчи тарабынан ал сабакты мен өтүп, окуучуларга мен жеткирип жатам деген кубаныч көкүрөктү уялаганы. Кайсы тарабынан албайлы, учурда адамды тарбиялоону жолго салуудагы эмгектерин саноонун деле кажети жок.  Бир билгеним педагогиканын адабият жаатындагы “феномени” – С.Байгазиев, чыгармачылыктын сересинде  адамдын ички сезимдерин калыптандыруу жана ойлонууга, ар нерсеге жеткилеӊ маани берип, интеллектуалдык жактан да, нравалык жактан да  калыптанышына карата даӊгыр жолду салып койгонун айта кетким келди.

Т. Иманкасымова:

 — Улуттун руханий түп тамырларын кантип сактап калуу тууралуу ой толгоосунда педагог жалпы цивилизациянын өнүгүү процессинде өсүп келе жаткан муунду мамлекеттин өзү туу туткан улуттук идеалдардын духунда тарбиялоо зарылчылыгын эске салат. Бул эмгекти окуу менен алакандай кыргыз элин түрдүү жолдор менен алтымыш тайпага бөлүп, деструктивдүү ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан диний топтордун, секталардын алдын кантип тороо керектиги тууралуу түшүнө баштайсыӊ.

Бул эмгекте Советбек Байгазиев тарбиянын максаты менен мазмунуна өзгөчө басым жасаган.

Автор кыргыз жаштарына жалаӊ гана билимдин гана керек эмес экенин, билимге канатташ бийик адамдык аруу сапаттарды, атуулдук сезимдерди, бийик ар-намыс, күжүрмөндүүлүк ж.б. асыл сапаттарга жык болгон тарбия маселесинин зарылчылыгын аба менен сууга теӊеген. Мындан билим менен тарбиянын ажырагыс нерсе экенин түшүнсөӊ болот.

Советбек Байгазиев агайыбыздын педагогикалык изилдөөлөрүн турмушка ашырсаӊ, окуу-тарбия процессинде өзгөрүүлөр болуп, коомубуз өнүкмөк. Окуткан окуучуларыбыз ыймандуу, тартиптүү, билимдүү болуп чоӊоюш үчүн сөзсүз түрдөСоветбек Байгазиев агайыбыздын идеяларын окутуу мекемелерине жайылтуу керек.

Гүлүмкан Асанкадырова:

 — Биз сыймыктануу менен сөз кылып жаткан агайыбыз Кыргызстандагы канчалаган мугалимдердин устаты, насаатчысы, жакын кеӊешчиси, анын билим берүү тажрыйбаларын байытуудагы, келечек ээлерин тарбиялоодогу орчундуу ойлору руханий дөөлөт болуп саналарын өлкөбүздөгү билим берүү системасынын соӊку чындыгы далилдөөдө.

Анын мындай жаратман дүйнөсүнүн бир көрүнүшү «Гумандуу педагогика жөнүндө сөз» аттуу эмгегинде даана байкалат. Бул китепте өлкөбүздөгү мектептердин, мугалимдердин заманбаптагы ардактуу миссиясы тууралуу, билим берүүдө, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодо орун алган, айрым кунарсыз көрүнүштөр жөнүндө, ааламдашуу шартында келечек ээлери болгон жаш жеткинчектерди, илим-билимге «сугаруу» үчүн чыгармачыл-сындык көз карашты жаӊы педагогикалык-философияны калыптандыруу, этнопедагогиканын баалуулуктарын өздөштүрүү, өспүрүмдөргө карата мамилени олуттуу түрдө гумандаштыруунун, демократиялаштыруунун иштиктүү жолдору тууралуу автордук ой-чабыттар чагылдырылган.

Жалпысынан айтканда, бүтүндөй өлкөнүн чегинде масштабдуу ой жүгүрткөн, сезгич-туюмдуу жетекчи, жоопкерчиликтүү көрөгөч, келечекке серп салган уюштуруучу жана көрүнүктүү окумуштуу-педагог Советбек Орозканович Кыргызстандын педагогикалык илиминин, билим берүүнүн өнүгүүсүнө зор салым кошкон жаратман инсан иретинде өлкөбүздүн карама-каршылыктуу социомаданий дүйнөсүнө улам сүӊгүп кирип талыкпай эмгектенип, өз элинин, илимий-педагогикалык коомчулуктун алдында байсалдуу эмгек өтөп, «нар көтөргүс» иштерди жасап жатат десек жаӊылышпайбыз.

Айгүл Батыркулова:

 – Бүгүнкү күндө узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына чейин кеӊири таанылган илимдин баба дыйканы  Советбек Байгазиевдин «Этика жана этнопедагогика» деген китеби жарык көрдү. Аты эле айтып тургандай, бул китеп окуган адамды кайдигер калтырбай, кыргыз калкынын рухий-адептик маданиятынын асыл дөөлөттөрүн, гуманисттик этикасы, ата-бабалардын Ата журтка ак кызмат кылуу салтын улаган атуулдардын өрнөктөрүн көркөм чеберчиликте чагылдырып тургандыгы, урпактарга тарбия берүүдө педагогдор үчүн табылгыс, баа жеткис китеп катары купулга толот.

 Советбек Байгазиев этнопедагогика аркылуу цивилизациялуу доордо адашпай өз жолубуз менен кетерибизди көрсөткөн. Демек, ар бир улут өзүнүн улуттук баалуулуктарын дүйнөнүн жалпы баалуулуктарына туура жуурулуштура алганда гана чыныгы таалим-тарбия жараларына бекем ишенгендигин тастыктаган.

Ар бир мугалим бул эмгекти окуп чыкса, анда өз иши үчүн көп нерселерди аларына тереӊ ишенем. Эмгек ушунусу менен баалуу.

М. Асанова:

 – “Нурмолдо–ХIХ кылымдын тунгуч агартуучусу жана даанышман педагогу” аттуу Советбек Орозкановичтин иликтөөсүн окуп чыккандан кийин, педагогиканын тарыхын кайра карап чыгуу зарылчылыгын байкадык. Эмгекте 1938-жылы Ала-Букада жарык дүйнөгө келген Нурмолдо Наркул уулунун XIX-XX кылымдардын башындагы агартуучулук-педагогикалык ишмердүүлүгү тууралуу баяндалган. Совет бийлигинин орношу менен кыргыз жеринде Нурмолдо жана ага окшогон дин аалымдарынын чыгармалары советтик идеологияга туура келбей, реакциячыл деп таанылып, алардын ысымдары, көркөм чыгармалары элдин эсинен өчүрүлүп, кыянаттык менен жок кылына баштаган. Буга Молдо Кылычтын, Арстанбектин, Калыгулдун, Жеӊижоктун жана башкалардын чыгармачылыгын да мисалга келтирсек болот. Ал эми Нурмолдонун педагогикалык ишмердүүлүгү убакыттын бүктөмүндө жашырылып кала берген. Нурмолдо алгачкылардан болуп мечит-мектепке эне тилди, “Манасты”, кыргыз элинин оозеки чыгармаларын окуу программасына киргизгендиги учурдун педагогдорун таӊ калтырат.

Бул китепченин максаттуу жазылганы учурдун педагогдорун элибиздин кенч мурастары болгон айрым унутта калтырылган инсандарынын чыгармачылык бейнесине тереӊ маани берип карап чыгуунун коӊгуроосун каккандай туюлат. Советбек Орозкановичтин педагогикалык тарыхтын белгисиз жагына атайын изилдөө салганы анын өрнөктүү педагог гана эмес, чыныгы атуул экендигинен кабар берет. Өз элиӊдин тарыхын, маданиятын билбей туруп, дүйнөлүк цивилизацияга умтулганыӊ манкурттукка тете иш эмеспи.

 Абдыкерим Муратов:

 – Адабиятты этнопедагогикалык негизде окутуу проблемасынын башында тургандардын бири – Советбек Байгазиев. Ал кыргыз педагогикасын, философиясын, адабият таануусун элдин руханий тамырына кайрылууга үндөгөн публицист жана окумуштуу.

Этнопедагог катары С.Байгазиев Орхон-Эне Сай, Талас жазууларынан тартып бүгүнкү жаш жазуучулардын чыгармаларына чейин изилдеген кезде алардын таалим-тарбиялык ойлорундагы элдик педагогикалык базага өзгөчө аяр мамиле кылып карайт. «Манас» эпосундагы элдик тарбиялык салттар С.Байгазиевдин интерпретациясында өтө кеӊири масштабда жана интеллектуалдык тереӊдикте изилденди. Анын идеяларынын чордонун байыркы мурастардагы элдик тарбиялык ойлорду азыркы учурда пайдалануунун зарылдыгын көрсөтүүдө жана алардын технологияларын иштеп чыгууда турат. Демек, ал элдик педагогикалык салттарды азыркы мектеп практикасында колдонуунун методологиясын иштеп чыккан окумуштуу катары тарыхта калат. Биз ошол методологиялык тирекке таянып, Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестинин этнопедагогикалык маӊызын азыркы окуучуларга ачып берүүнүн жолдорун жана ыкмаларын сунуштадык.

 

Конференциянын аягында резолюция кабыл алынып, анда Советбек Байгазиевдин эмгектерине мамлекеттик деӊгээлде көӊүл бурулуп, китептерин көп нускада басып чыгарып, мектептерге кеӊири жеткирүү сунушу айтылды.

Даярдаган:  Кубат Чекиров,

«Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*