МОНТЕССОРИ – БӨБӨК ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН АТАЙЫН ЧӨЙРӨ

“Бала өзүнүн өнүгүүсүндө негизги ролду өзү ойнойт. Ал өнүгүү муктаждыгы менен төрөлөт”, – дейт Монтессори педагогу Чынара Термечикова.

Чынара Термечикова Бишкек шаарындагы “Семь и Я” Монтессори бала бакчасында иштейт. Белгилүү педагог Мария Монтессори педагогикасы боюнча кичинекей бөбөктөр менен иш алып баруу өтө кызыктуу экендигин белгилеген ал, тилекке каршы, көпчүлүк ата-энелер балдарды эркин койбой, алардын дүйнө таанымын мокотуп жатышкандыгын аӊдап-биле беришпесин айтат.

 – Монтессори усулунун негизги идеясы – баланын жетилүүсүнө атайын даярдалган чөйрө аркылуу дем берүү. “Чоӊдор балага жардам беришпейт, себеби алар өзүлөрү баланын ичинде эмне кайнап жатканын билишпейт.  Ошондуктан бала өзүн-өзү жаратып жаткан сыйкырдуу күчтү чоӊдор байкашпайт”- деп М.Монтессори “Балдар башкача болот” деген китебинде айткан. Эгерде балага жардам берилбесе, ага атайын чөйрө камсыз кылбаса, баланын рухий дүйнөсү коркунучта болот. Тагдырдын түрдүү кырдаалында калган бала чыныгы турмуштан четтеп калат. Андыктан педагогдун иши: баланын бул чөйрөдө ишмердигин өзү каалаган жолу менен жүргүзүшүнө, ички чыгармачыл дареметин ачышына жардам берүү, – дейт Ч.Термечикова.

“Семь и Я” дегенибиз – үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдегенибиз”

 Бишкек шаарындагы “Семь и Я” Монтессори бала бакчасында учурда 40тан ашык бала тарбияланат. Бала бакчанын директору Айгерим Жусупбековна Кирекечованын айтымында, бул бала бакча адегенде үй-бүлөлүк типте, бир туугандардын балдары үчүн ачылган. Акырындап отуруп толук бала бакчага айланып, учурда шаар тургундарынын арасында өзгөчө методикасы бар бакча катары кеӊири таанымал.

– Бакчабызда адегенде 15 бала бар болчу. Азыркы учурдагы балдардын саны 40тан ашып калды. Жалпысынан 50 бөбөктү батыра алат. Былтыр Монтессори педагогикасы менен тарбияланган алгачкы бүтүрүүчүлөрүбүздү мектепке жөнөткөнбүз. Ал балдар өздөрүнүн жөндөмдүүлүгү боюнча курбалдаштарынан айырмаланып турушарын айтышат. Чындыгында ата-энелерге биздин методика жөнүндө толук маалымат жетишсиз болуп жатат деп ойлойм. Ал эми угуп-билгендер адегенде бир баласын алып келишсе, кийинки бала бакча курагына жеткен балдарын да алып келишүүдө. Эки баласын алып келген эне-аталарга 10 пайыз жеӊилдик беребиз. Кай бир ата-энелер балдарын жарым күнгө болсо да алып келгенге аракеттенишет, – дейт бала бакчанын башчысы Айгерим Жусупбековна.

“Семь и Я” бала бакчасы сыяктуу жеке методика менен иш алып барган жеке менчик бала бакчалар борбор шаарыбызда көбөйүп баратканы кубанычтуу көрүнүш. Себеп дегенде, мамлекеттик бала бакчалар каалоочулардын баарын батыра алышпагандыктан, көпчүлүк кичинекей бөбөктөр бала бакчага баруу бактысынан алыс калып калышууда. Акчасы кымбатыраак болсо да жеке менчик бала бакчалардын ачылып жатканы жакшы. Анын үстүнө орунга жетпей калган балдардан тышкары, бала бакчага барышса да, балдардын санынын көптүгүнөн ага жеткиликтүү көӊүл бурулбай, эч нерсе үйрөнүп билбей бакчадан узап кеткендер көп эле.

Тарбиячылар ата-энелерге эмне үчүн “таарынышат”?

 Кичинекей бөбөктөрдүн акыл-эси сиӊирип алуу жөндөмдүүлүгүөөрчүп келаткан мезгилде алардын энергиясын туура пайдаланып, аларга туура багыт берүүнүн мааниси чоӊ экендигин айткан Монтессори педагогу Чынара Термечикова, кичинекейлер бала бакчадан үйрөнгөн нерселерди ата-энелери үйдөн да бекемдеп турганда, тарбия максаттуу болорун белгилейт.

– Монтессори бала бакчаларында жана мектепте атайын даярдалган чөйрө болот. Үч жаштан алты жашка чейинки балдар үчүн түзүлгөн Монтессори чөйрөсү дифференцияланган материалдардын системасынан турат. Алар: күнүмдүк турмуштагы көнүгүүлөр, сенсориканы өнүктүрүү чөйрөсү, математика зонасы, тилди өнүктүрүү зонасы жана айлана-чөйрө менен таанышуу, б.а. “Космос” зонасы деп бөлүнөт. Бардык материалдар баланын бою жеткен такталарда ачык турат. Ар бир материал  бирден. Эгерде эки бала бир материалды алып иштейбиз деп калса, бирөө күтө турат, же экөө сүйлөшүп алып чогуу иштешет. Мындан бала эмнени үйрөнөт? Бала өзүн коомдо туура алып жүргөндү, мамиле курганды  үйрөнөт, башка бирөөгө жардам бергенди үйрөнөт.

Мен ушул жерден ата-энелерге өзгөчө кайрылып кетким келет. Ата-энелер көбүнчө баланын өзүн-өзү тейлеп, оокат-тиричиликке аралашканын каалашпайт.  Маселен, камыр жайып жаткан энесинен кичинекей кызы мен да камыр жаям деп талашса, адатта биздин энелер кызын колго чаап урушат. Бул тап-такыр туура эмес. Каалаганына жетпеген бала ыйлап чатак чыгара баштайт. Анткени  анын реалдуу турмуш менен машыгууга болгон муктаждыгы ишке ашпай калды. Демек баланын интеллектуалдык муктаждыктары да ишке ашпай калып жатат. Баланын чатагы бул анын жеке жан байлыгын өнүктүрүүгө багытталган   күрөшү деп белгилеген М.Монтессори.

Ошол эле учурда ата-энелер  баласы тамгаларды эрте  таанып, санап, окуганды тезирээк үйрөнсө деп ашыгышат. Ал эми баланын өзү топчуланып, кийинип чечингенин, идиш жууп, чаӊ сүрткөнүнө такыр эле каршы болушат. Азырынча кичине, учуру келгенде оокат кылганга жетишет деп коюшат. Төгүп-чачып, сындырып, жыгылып кетет деп да чочулашат. Кээ бир ашкере кам көргүч энелер жана чоӊ энелер, бала кыла ала турган ишти өзүлөрү кыла койгонду туура көрүшөт. Муну менен  баланын психикалык  жана социалдык өнүгүүсүнө балта чабылып жатканын ойлонушпайт. Себеби балдар дайыма шашып жаткан учурларда кийинип чечинишет, бул учурда балага топчуланганды үйрөтүү максаттуу эмес. Ал эми бала шашпай турганда столдун үстүнө горизонталдуу жайгашкан  рамадагы топчулар менен машыкса, колу көнгөндөн кийин өзү кийип турган кийимди оной топчулай баштайт. Мындай көнүгүүлөрдүн жардамы менен   бир жаштан төрт жашка чейинки баланын майда жана ири моторикасы такталат, – дейт ал.

Тарбиячылардын, педагогдордун ата-энелерге “таарынычы” да жөндүүдөй. Бакчада тарбиячылардын айткан-дегенинен чыкпаган бала адатта, үйүнө барганда тап-такыр башкача болуп өзгөрөт. Андыктан кичинекейлерди өтө эркелеткиси келген чоӊ эне, чоӊ аталарын да кошо “тарбиялаш” керек дешет тарбиячылар.

Бишкек шаарынын тургуну Аира Абыкенованын эки кызы ушул бала бакчага келет. Айлун жана Айшам деген өзгөчө ысымдары бар кыздардын энеси ушул бакчаны таап алганына өзгөчө кубанычта.

– Ушул бакчаны биринчи өзүм жактырып тандагам. Улуу кызымдын жашы алтыда,  кичүүсү төрттө. Мурда алар катардагы эле бакчаларга барышчу. Экөөнүн айырмасы жакшы эле болот экен. Кыздарыбыз тыӊыраак болуп, өз алдынча болуп калышты. Баланы 2-3 жашынан берген туура экен деп ойлоп калдым. Анткени бала чоӊойгон сайын аларга бирдеме үйрөтүү, айрыкча, кол жуумай, ойноп бүткөндө оюнчуктарыӊды жыйнап кой деген сыяктуу адаттарга көндүрүү кыйындап каларын байкадым. Мисалы, менин кыздарым бул жерден тарбиячылардын айткандарын өтө дилгир угушуп, так аткарышарын айтышат. Ал эми үйгө барганда чоӊ энелерине эркелешеби, айтор, аларга бирдеме деш кыйын, – дейт Аира.

Балага кол жууганды эки жашынан баштап үйрөтүү керек

 Монтессори педагогдору белгилешкендей, кичинекей балдарга кол жууган адатты эки жашынан үйрөтүү туура. Бул курактан өтүп кеткен балага башкасын кой, кол жууган адатты “жармаштырыш” өтө кыйынга турат. Көпчүлүк ата-энелер балдарынын жүрүм-турумуна нааразы болушканы менен, өз көз алдында өсүп келаткан балдарына ырааттуу тарбия бере албай, убакыттан уттуруп жиберишкенин моюндарына ала беришпейт. Бирок бул кейиштүү чындык. Алар балдарына жагымдуу адаттарды бала бакчалар, жакшы окууну мектептеги мугалимдер үйрөтүшү керек деген стереотиптен арыла албай келишет. Тилекке жараша, жогоруда аталган бала бакчага балдарын алып келген ата-энелер балдарынын өзгөчө методика менен тарбияланып жатышкандыктарына кубанып гана тим болушпастан, өздөрү да көп нерселерди үйрөнүп жатышканын жашырышпайт.

– Монтессори педагогикасында эркиндик деген түшүнүк жакшы коюлган. Баланын өзүнө тандоо эркиндигин бериш керек. Бала 5-6 жашка чейин көргөнүн, укканын, сезгенин сиӊирип алат. Үч жашынан “мен өзүм” деген кризис башталат. Ошол кезде тыйып койгондо, анын өнүгүүсү токтоп калат деп үйрөтөт  Монтессори педагогикасы. Маселен, төрт жаштан баштап келген бала дароо бул ыкмага дароо көнүп кетпейт. Менин жеке пикиримде, бала канчалык эрте барса, ага ошончолук жеӊил. Менин тайпамдагы балдардын жаш курагы бир жарым жаштан  үч жашка чейинки бөбөктөр. Адатта, бул жаштагы бөбөктөр эмнени билет дейсиӊ деп ойлошот. Бирок тап-такыр андай эмес. Бакчадагы башчылар – так ушул менин эӊ кенже тайпамдагы бөбөктөр десем болот, – дейт тамашалап, тарбиячы Элиза Муратбекова.

Элизанын кесиби – тарбиячы. Бул жерде иштеп жатканына үч жылга жакындап калды. Келгенден бери ушул эӊ кичинекейлер менен иштейт. Андыктан бул жердеги эӊ жооптуу милдет – Элизаныкы десек жаӊылышпайбыз.

Бакча жашындагы балдарды Монтессори педагогикасы менен тарбиялоону Кыргызстанда жайылтууга экс-президент Роза Отунбаеванын салымы чоӊ. 2012-жылдын ноябрында «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду Кыргызстанда Монтессори-педагогикасы боюнча тренингдердин алгачкы курсун өткөрүү менен Кыргызстанда Монтессори-педагогикасын системалык киргизүү боюнча кадамдарды баштаган. Курстун машыктыруучусу – Надежда Николаевна Смирнова, Монтессори-педагогика эл аралык институтунун (Москва шаары) директору.  2014–жылы Кыргызстандын алгачкы сертификатталган Монтессори-педагогдору  даярдалган.

Учурда ал педагогдор Бишкекте, Жалал-Абадда Монтессори педагогикасы менен иштеген бала бакчаларда, балдарды өнүктүрүү борборлорунда иштеп жатышат.

Азыркы кезде дүйнө боюнча Монтессори тутуму менен иштеген бала бакчалар, Монтессори мектептери кеӊири жайылууда. АКШда, Европада атайын Монтессори дидактикалык материалдарын чыгаруучу фабрикалар иштейт.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

6 Комментарии

  1. Озумо да жумуш издеп жаткам балдарым барган бакчадан орун болсо. Кесибим менеджер по туризм. Билимим Жогорку. Музыка жаатына да кызыгуум болгон комуз билчим азыр таштап койдум. Музыкалык мектебин бутком. Азыркы учурда педогог жагын окуп алсам деп окуном. Анткени аз да болсо Жалал-Абад облусуна караштуу Ташкомур шаарындагы К. Кузомбаев атындагы орто мектепте англис тил сабагынан убактылуу 6 ай иштедим. Мага балдар менее иштеген абдан жакты.

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*