ЖАҢЫЧЫЛ МЕКТЕПТИН ИШ-ТАЖРЫЙБАСЫ

Билим берүү системасында реформа жүрүп жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Бүл мыйзамченемдүү көрүнүш. Анткени “ Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы”, – демекчи , “мугалимдин айтканы туура, ал айтканды жаз, үйрөткөндү айт” деген сыяктуу калыпка салынган окутуунун формасы аркылуу бүгүнкү жаштардын дүйнө таанымын өстүрүүгө мүмкүн болбой калгандыгы жашыруун эмес.

Окуучунун позициясынан түзүлгөн максаттуу план аркылуу алардын ой чабытына эркиндик берип, оюн билдирүү жөндөмдүүлүгүн өстүрүү үчүн мугалимдер түрдүү инновациялык ыкмаларды колдонуунун аракетинде.

Ушул багытта жакында Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 лицей-мектебинде “Инновациялык технологияларды колдонуу менен инсанга багытталган окуу усулдарын жакшыртуу” деген темада областтык деңгээлде семинар болуп өттү.   Аталган лицей-мектеп 2013-жылы республика боюнча “Инновациялык мектеп” наамын жеңип алган. Демек, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы”, тажырыйбалуу педагог К.Абдыкеримова жетектеген лицей-мектептин мугалимдер жамаатынын окуучулардын таанып-билүүсүнө жана жекече билим алуусуна, муктаждыктарына ылайык келген билим менен камсыз кылуу жолдору боюнча иш тажырыйбалары бай.

Андыктан семинардын планы да инновациялык, интерактивдүү ыкмаларды кеңири колдонуу боюнча түзүлгөн. Семинарда көрсөтүлгөн сабактар боюнча катышуучулар өзгөчө жакшы пикирде болушту.

А.Асанбекованын “Кыргызстандын маданияты” деген темадагы тарых сабагында (10-класс) “Тарых жана маданият” жылындагы жаңылыктар менен байыркы кыргыз маданиятын мугалим чеберчилик менен байланыштыра алды. Ошондой эле сабакта окуучулар жуп болуп иштөө менен изилдөө ыкмасында кызыктуу маалыматтарды кептеринде чагылдырышты.

Ал эми жооптору үчүн оюуларды алып, сабактын акырында ал оюулар кадимки кыргыз шырдагын түзө алган. Н.Акунованын “Тил байлыгы математикада” аттуу сабагы (8-класс) окуучулардын билимин баалоодо улуттук маданиятты геометрия илимине байланыштыруу жөндөмдүүлүктөрүнүн артыкчылыктарын ачып берди.

Салиева Рыскүл даярдоо классындагы балдарды чакан топтордо иштөө көндүмдөрүн калыптандыргандыгы менен өзгөчөлөндү. Кичинекей наристелер өз ойлорун кеңири, көркөм түшүндүрө алгандыгы адамды кубантат.

“Карышкыр менен түлкү” жомогун адабий окуу сабагында окуучулардын жандуу катышуусун уюштуруп, бир эле сабакта баалоонун бир нече түрүн жогорку деңгээлде колдонуу менен жаш мугалим Саякбаева Перизат семинардын катышуучуларынын алкоосуна арзыды.

Азыркы учурда коомубуздун көйгөйлүү маселелеринин бири – суидцидден, жаштарды сактоонун жолдорун иликтеген “Жашоо жыргал, өмүр керемет” аттуу Акматова Мейкиндин тарбиялык сааты (9-класс) окуучулардын тапшырмаларды биргелешип аткаруусу аркылуу көйгөйдүн жаралуу себептерин жана аны чечүүнүн жолдорун табуу үчүн ой жүгүртүү, талдоо жөндөмдүүлүктөрүн активдештире алды.

Турдиева Берметтин “Диний экстремизм” темасындагы тарбиялык саатындагы (7-класс) пикирлерди салыштыруу ыкмасы окуучулардын учурдун көйгөйүн түшүнүүсүнө зор өбөлгө түздү.

Ар кыл жаш өзгөчөлүктөгү окуучуларга өтүлгөн стандарттык эмес формадагы сабактарда инновациялык ыкмаларды пайдалануу жаңыча көрсөтмөлүүлүгү менен айырмаланды. Мугалимдердин ТСОнун орундуу колдонушу – билим берүүдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн чексиз экендигинин далили.

Педагогикалык устакана мугалимдин кесиптик өнүгүүсүнүн үзгүлтүксүз формасы экендиги жөнүндө жана ушул багытта мектепте жургүзүлүп жаткан иштер жөнүндө директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары А.Асанбекова слайд аркылуу меймандарды семинардын 2-бөлүгүндө кеңири тааныштырды.

Мектепте бир нече жылдан бери иштеп жаткан “Камкорчулар кеңешинин” иштери жөнүндө директордун тарбия иштери боюнча орун басары Н.Исакованын маалыматы жандуу суроо-жооп, пикир алышуулар менен коштолду.

Лицей-мектептин иш кагаздары менен таанышып, заман менен кадамдаш иш жүргүзгөн Абдыкеримованын жетекчи катары мектепке 14000000 сом инвестиция тартканы меймандарды ыраазы кылды.

Жаңычылдыкты даңазалаган семинардын акырында областтык билим берүү институтунун Мектеп менеджменти лабораториясынын башчысы   Т.Мамырова лицей-мектебинин эмгек жамаатына изденүүчүлүк-чыгармачылык ишин баалап,  ушул жетишкендик менен токтоп калбай Кыргызстандын келечегине татыктуу жаштарга заманбап билим берүүдө “жаңы ийгилик чокуларын” багындырарына ишенерин билдирди.

             А.Асанбекова,  окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары 

1 Kомментарий

Добавить комментарий для Нуркан Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*