ЫСЫК ТАМАК — БАЛДАРДЫН АҢ-СЕЗИМИН ӨСТҮРӨТ

 

 

Билим берүү жана илим министрлиги, «Р.Отунбаеванын  демилгеси» коомдук фонду  БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы  Ак-Талаа жана Нарын райондорундагы мектептерде окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуудагы иш-аракеттер менен тааныштыруу максатында журналисттер үчүн пресс-тур уюштурушту. Россия Федерациясынын колдоосу менен ишке ашырылып келген БУУ ДАП жана КРнын «Мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу» долбоорунун алкагындагы пилоттук мектептерде он беш сомдук ысык тамак берилет. Анда эмесе сөз башынан болсун.

 

Биринчи күн

Биринчи күнү программа боюнча Кочкор айылына токтоп, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү жумуш менен камсыз кылуу долбоорунун иш-аракеттери менен тааныштырышты. Кочкор айылындагы 20 жылдан бери иштеп келаткан «Алтын Көл» аялдар ассоциациясы жакырчылыкты жеңүү боюнча айылдагы начар жашаган 60 аялды кол өнөрчүлүккө үйрөтүп, жасаган буюмдарын дүкөнгө сатыкка коюшат. Долбоорго катышкан  60 аял кийиз жасаганды, кийизден ар кандай сувенирлерди, кийимдерди жасаганды үйрөнүп жатышат.

— Долбоорго кирүүнүн максаты — жергиликтүү калктын турмуш-тиричилигин көтөрүүнү, жашоосун өркүндөтүүнү, ассоциациянын мүчөлөрүн көбөйтүүнү көздөйт.  Ассоциациянын уюшулганына 20 жыл болду. Дүкөн ачып, дүйнөлүк рынокко чыктык. Турмуш-тиричилиги начар үй-бүлөлөрдү долбоорго тартып, аларды окутуп, каражат тапканга үйрөтүп жатабыз. Ассоциация окутат, ал эми ДАП окуп жаткан аялдарды азык-түлүк менен камсыздайт, т.а. май, ун беришет. Айына иштегенине жараша  20-30 миңге чейин каражат табууга мүмкүнчүлүк болот. ДАП 12,5 миң долларлык жүндү тыткан техниканы коюп бергени жатат, — дейт «Алтын Көл» ассоциациясынын жетекчиси Саадагүл Садыкова.

Биз бул долбоор менен таанышып жаткан учурда  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелери  боюнча орун басары Жаркын Ибраева, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Эльмира Садыкова бизди кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелери  боюнча орун басары Жаркын Ибраеванын айтымында, ашар жолу менен 1926-жылы салынган,  такыр окуганга болбой калган мектептерде балдар окуп жатышат.

— Бул абдан көйгөйлүү маселелердин бири. Мындай мектептер ар бир райондо бар. Билим берүүдөгү кемчиликтердин бири — ата-энелер менен тыгыз иштелбей калган. Билим-тарбиянын баарын мектепке жүктөп коюп, балдардын билим алуусуна ата-энелер катышпай калышкан. Республикалык олимпиадада Нарын облусу 3-орунга чыкты. Бул деген, биринчиден, ар бир окуучу менен мугалимдер жекеме жеке иштеп жатышат. Экинчиден, жергиликтүү бийлик тарабынан таланттуу балдар менен иштешкен мугалимдерге, окуучулардын ата-энелерине  сыйлыктарды тапшырып жатабыз. Чындыгында элдер билимге өзгөчө көңүл бөлө башташты. Бирок мугалимдердин чыгармачылык менен иштешкенине мүмкүнчүлүк берилбейт, текшерүүлөр абдан көп. Нарын облусу боюнча балдарга ысык тамак берүүдө 45 пилоттук мектеп бар. Кочкор районунда 16 мектеп долбоорго кирген. Анын ичинен  эки мектептин өздүк көмөк чарбасы бар. Бири коен, экинчиси тоок, эчки фермаларын ачып, анын негизинде ысык тамак уюштуруп жатышат. Бир бала 15 сомго тамак ичет. Он сом мамлекеттен бөлүнгөн,  беш сомду ата-энелер беришет, мындан сырткары ДАП азык-түлүк менен камсыз кылат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтуу керек, социалдык маселелер көп, бирок чечүүгө келгенде колубуз байлалуу. Мисалы, мас болуп жүргөн мугалимди жергиликтүү бийлик бошото албайт, т.а. Билим берүү жана илим министрлигинин чечими жок жумуштан бошото албайбыз,  — дейт Ж.Ибраева

Ал эми Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Эльмира  Садыкованын айтканына караганда,  Кочкор районунда мектептерге көмөкчү чарба уюштурууда суу баскан, пайда түшүрө турган жерлер  бөлүштүрүлүп берилүүдө.

— Ар бир мектепте ашпозчунун штаты ачылган. 21 мектепте Мерсико тарабынан тамак уюштурулууда, ата-энелер жардам берген мектептер жумасына эки жолу ысык тамак беришет. Бул долбоорго ата-энелердин кызыгуусу арбын. Алар “балдарга болгону 5 сом беребиз, бирок балдар сабактан калышпайт” дешет. 1-4-класстын балдарынын сабакка катышуусу абдан жакшы. Сабактан жетишүүсүндө дагы жылыштар бар. Биринчиден, балдардын ден соолугу чың болуп жатат, экинчиден, сабакка кызыгуусу артып жатат.  Берилген каражат канчалык деңгээлде балдарга жетип жатканын ар бир жумада ата-энелерден түзүлгөн комиссия келип текшерип турушат, — дейт  Эльмира Садыкова.

 

Экинчи күн

Таң эрте Ак-Талаа районуна сапарыбызды уладык. Ш.Бейшеналиев атындагы мектепке келгенде, ДАПтын кызматкери Елизавета Залкинд  долбоор тууралуу чакан маек куруп берди.

«2006-жылдан тарта Кыргызстанда башталгыч класстардын окуучуларын бекер тамак менен камсыз кылуу мыйзамы ишке кирген. Көп жылдар бою окуучуларга болгону чай жана булочка берилип келсе,

2013-жылдан баштап Кыргыз Өкмөтү БУУ ДАПка  кайрылып, мектеп окуучуларына мамлекеттен бөлүнүп жаткан жети сомго ысык тамак менен камсыз кылууну оптималдаштырып берүүнү өтүнгөн» — дейт Елизавета
Залкинд.

— Эмне үчүн Кыргыз Өкмөтү БУУ ДАПка кайрылды?

— Анткени БУУ ДАП ысык тамак менен камсыз кылуу программасы боюнча ар кандай мамлекеттерде 50 жылдан бери  иштеп келатат. Ошондуктан 2013-жылдан бери КРнын Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо министрликтери менен бирдикте «Мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу» программасын ишке ашырып жатабыз.

— Мааниси эмнеде?

— Биз өкмөт менен бирдикте мектеп тамактандыруусун өнүктүрүү боюнча программа иштеп чыгышыбыз керек. Бул деген “Мектеп тамактандыруусунун стандартын”  өзгөртүү керек, ошондой эле азык-түлүктү сатып алууну дагы өзгөртүү зарыл. Тамак жасаган ашпозчуларды, мектеп администрациясын дагы окутуу биринчи  компонентке кирет.

Экинчи компонент — мектеп тамактандыруусунун моделин иштеп чыгуу. Ал деген оптималдуу болуш керек, т.а. өкмөт өлкөдөгү бардык мектептерди (1-4-кл.) ысык тамак менен камсыздай алгандай  болот. Ошондуктан бул долбоорду биз пилоттук мектептердин базасында өткөрүп жатабыз. Мындай мектептерден республика боюнча 261. Алар ар кандай: типтүү, типтүү эмес, чоң же кичик мектептер. Бизде дагы каражат чектелүү. Ошондуктан биз Россия Федерациясынын колдоосу менен бул ишти ишке ашырып жатабыз. Алар «Мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу» программасын 100% каржылап жатышат. Ал эми айрым райондордо «Райондук мектеп тамактандыруусу» боюнча райондук программа иштелип жатат. Маселен, Ак-Талаа райондук администрация бул жагынан активдүү иш алып барып жатышат. Биздин тажрыйбабыздын негизинде жергиликтүү бийлик Ак-Талаа районундагы бардык мектептерди ысык тамак менен камсыз кылуу ишин колго алган. Мындай мектептер 18. Ак-Талаадагы Ш.Бейшеналиев атындагы мектеп пилоттук эмес, бирок бул мектеп жергиликтүү бийликтин жардамы менен башталгыч класстын балдарын ысык тамак менен камсыздап жатат. Бул мектептин жетекчилиги пилоттук мектептерге барып, тажрыйба алышты. Бул мектепке биз болгону консультация бердик. Биздин кызматкерлер ысык тамакты уюштурууда кандай шарттар болуш керек экенин түшүндүрүшөт. Т.а. балдарга тамак берүүдөн мурда канализация, суу, санитария, ашпозчуларды окутуу, окуучулардын колун жуу ж.б.у.с. маселелерди чечүү зарыл.

— «Р.Отунбаева демилгеси» коомдук фондунун ысык тамакка тиешеси кандай?

«Р.Отунбаева демилгеси» коомдук фонду биздин өнөктөшүбүз. Бул долбоорду бирге ишке ашырып жатабыз. Роза Исаковна укуктук базаны иштеп чыгууда жардам берип жатат. Бул райондо беш пилоттук мектеп бар. Бардык мектептер жергиликтүү бийликтин, ата-энелердин жардамы менен суу киргизишти.

 

Чолпон Рыспаева, Ш. Бейшеналиев  атындагы мектептин директору:

— Биздин мектепте 861 окуучу окуйт, 97 мугалим эмгектенет. 1-4-класста окуган 373 балага  республикалык бюджеттен бөлүнгөн он сомдук ысык тамак берилет. Жуманын үч күнүндө салат жешет, эки күнү ысык тамак ичишет, башка  күндөрү нан, булочка, сүт чай, компот  берилет. 373 балага ысык тамак берүүдө  ашпозчунун эки штаты ачылган. Бирок төрт жолу 90 баладан кирип тамак ичкенде эки ашпозчу  жетишпей калышат экен. Анткени идиш жууш керек, кайра тамак жасаш, салат жасаш керек дегендей. Штаттык бирдикти алтыга чейин жеткирсек жакшы болот эле. Райондук билим берүү тарабынан тамактын калькуляциясы, менюсу  түзүлөт. Он сомго ылайыктап күнүнкүсүнө эсептеп беришет. 7-8 жыл мурда бир эле булочка менен чай берилчү. Күнүгө эле бала бир эле тамакты жей берсе, ал  тажайт. Ошондуктан жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, он сомдун эсебинен тамак берип жатабыз. Бир күнү салат берсек, экинчи күнү ысык тамак дегендей. Ата-энелер тамак-ашка жардам бере элек. Бирок 373 баланы тамак менен камсыз кылууда идиш-аяктар жетишсиз болот экен. Ошол жагынан жардам берип жатышат. Колунда барлар 5 миңдик бочок, 6-7 миңдик сүт куйган идиштерди сатып беришүүдө. Ден соолук болсо билим болот. Организмге эмне витамин керек болсо ошол жер-жемиштерди беребиз. Типтүү мектеп болгондуктан илгерки калган жабдыктары менен гана иштеп жатабыз. АРИСке миллионго долбоор  жазгам,  эгерде ал ишке ашса анда ашканабызды заманбап жабдыктар менен жабдып алуу мүмкүнчүлүгү болот. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен мектепке таза суу киргизилди.

 

Динара Исамамбетова, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси:

— Мектептер арасында менюну түзүү боюнча конкурс жарыяланган. Менюну Үгүт айылынын мектеп жамааты түзүп чыгышкан. Ал райондун бардык мектептерине жайылтылган. Балдар жумасына эки жолу ысык тамак менен камсыз болуп калышты.

 

Айдана Кеңешбекова, 4-класстын окуучусу:

— Компот менен нан жейбиз. Картошка, сабиз кошулган шорпо ичебиз. Корей салатын жейбиз.  Курсагым ток.

 

Салтанат Абдраева, Муса Баетов атындагы орто мектептин директору:

— 130 окуучуга ыңгайлашкан мектеп, бирок учурда 178 окуучу билим алып жатат. 74 окуучу ысык тамак ичишет. Он үч сомдун айланасында тамактанышат.  Бул долбоорго 2014-жылдын апрель айынан кирдик. Анткени 2014-жылы жерден суу чыгарттык, долбоордун талабы боюнча муздак, ысык суу чыгаруу керек экен. Апрелдин  биринен тарта ысык тамак бере баштадык. ДАП программасы ашкана жабдыктар менен камсыз кылышты. Идиш-аяк коюучу стеллаж, муздаткыч, нан бышыруучу меш, газ плита, электр плита  ж.б.у.с. менен жабдып беришти. Тамактарды бышыруучу атайын мескейлерди, бочоктордуберишти. Ысык тамак берүүдө ата-энелердин жардамы чоң, алар  тамакка кошчу этти алып беришет.  Мисалы,  балдар суп же плов, эт менен макарон басылган тамактарды жешет. ДАП программасы балдарга тамак жасап берүүнүн технологиялык картасын беришкен. Анда балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша,  балдардын өсүшүнө карата кошумча татымдар, кантип тамак жасап бериштин технологиясы менен камсыз болгонбуз. Ашпозчулар тамакты кантип жасоо керек, эмнелерди кошуу керек ж.б.у.с. окушту.  ДАПта стандарттуу калькуляция бар экен. Ундан кандай азыктарды жасаш керек, өсүмдүктөрдү кошкондоэт менен кандай тамактарды жасаш керек деген бар. Кандай өлчөмдө бериш керек деп таразасынан бери алып келишкен. Нан жасаганда таразага камырларды тартып туруп,  жасашат. Мамлекеттен он сом каралат, 5 сом ата-энелерден, ун, май ДАПтан берилет. Былтыртан бери  биз мындай кылдык, салат берилбей калган күнү көмөкчү чарбадан алынган  жашылчадан, т.а. мектептин эсебинен бир күндүк салатты бере баштадык. 2014-жылдын сентябрь айында долбоор жазып, быйыл каржыланып, көмөкчү чарбаны уюштурдук.  Бул дагы ДАПтын бир бөлүгү. Проектинин туруктуулугун сактап калыш үчүн ушундай кадамга бардык. Көмөкчү чарбабызда кызылча менен сабизге басым жасайбыз. Жабдууларды беришти, тамчылатып сугарабыз. Мындан сырткары, көмөкчү чарбада келечекте мал кармасак деп айыл өкмөтүнөн 2 га. жер алдык. Былтыр арпа айдап, актабай калды. Мектеп «Жаш айыл» деген программасына кирген. Мектепке мурда 80 литрлик суу жылыткыч болсо, азыр ПРООН тарабынан 200 литрлик бочок коюлганы жатат. Ал электр энергиясы менен эмес, күн батарейкасы менен иштейт. Күн көп тийген бетке орноштурулду. Россия Федерациясынын колдоосу менен ишке ашырылып келген БУУ ДАП жана КР «Мектеп тамактандыруусун оптималдаштыруу» долбоорунун пилоттук мектеби болуп эсептелебиз.

 

Чынара Акималиева, көзөмөлдөө комиссиясынын башчысы:

— Проектиге киргенден бери балдар тамак жегиси келип калды. Ата-энелер менен сүйлөшкөндө алар айтышат, “үйдө балдардын тамакка табити жок. Мектептен азыктарды ичип, жакшы маанайда үйгө келишет” дешүүдө. Балдардын сабакка болгон катышуусу жакшырды. Балдардын өсүүсү, өнүгүүсү, логикасы баары биз берген тамак-ашка байланыштуу, келечекте көп үмүттөр бар. Толук кандуу балдар өсүп чыгат деп ойлойм. Курсагы ток бала сөзсүз ийгиликке жетишет. Имаратыбыз тар болгон үчүн үч жолу бөлүп киргизип, тамактантабыз.

 

Камчы Кудайбергенов, Чет-Нура айыл аймагынын башчысы:

— Жергиликтүү аз камсыз болгон үйлөрдүн жашоо-шартын оңдоодо каналдарды оңдон-түздөп алганга чоң колдоо болуп жатканын айтып кетүү керек. Биз дагы четте калбай аз болсо дагы каражат бөлүп берип атабыз. АРИС, ПРООН эл аралык уюмдар менен иштешебиз. Таза сууну Ага хан уюму менен чыгарып жатабыз.

Чет Нурада төрт мектеп бар. ДАП тарабынан Ийри-Суу айылындагы мектеп каржыланып жатат, ага жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом каражат бөлүп берип, программанын талабына ылайыкталып ашкананы жасаттык. Суу чыгарып, өрткө каршы эрежелерин сактоо үчүн иштерди жасап бердик. Былтыр ДАП бардык жабдыктар менен камсыз кылды. Ал эми Бекжанов мектеби ПРООНдун эсебинде турат, бул мектепте да ысык тамак берилүүдө. Ак-Кыядагы Бекмуратов атындагы мектепте дагы ысык тамак берилүүдө. Бул мектепке дагы суу чыгарып, ремонтун жасап бергенбиз. Бекжанов мектебине мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат, жетпей калганын Мерсико тарабынан кошумчаланат. Жергиликтүү бийлик акчалай бере албайбыз, бирок көмөкчү чарбасын уюштуруп бергенге 2 га. жерди ФПСтин эсебинен мектептин балансына берип жатабыз.

 

Жаныбек Назарбаев, Муса Байдөөлөтөв атындагы орто мектептин директорунун орун басары:

— Биздин мектепте жабдыктар 15 миңге бааланган. 83 бала тамак ичишет. Ар бир балага он сом бөлүгөн. Ата-энелер айына 100 сом беришет. Эт менен тамак берилет. Тамак жегенден кийин балдардын катышуусу жакшырды. Эгерде мурда балдардын сабак калтыруусу көп болсо, азыр азайып калды. Бир айда сабак калтырган баланын саны 16, мурда 70-80 болуп кетчү.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*