БҮТҮРҮҮ КЕЧЕЛЕРИНИН БҮТПӨС КӨЙГӨЙЛӨРҮ

Бүгүн республикабыздагы 2 218 мектепте акыркы коңгуроо жаңырды. Мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн бүтүрүү кечелери коопсуздук эрежелеринин алкагында өтүшү үчүн 3,5 миң тартип сакчылары кам көрүшөт.   

Көңүл чордонунда — балдардын коопсуздугу

Бүтүрүү кечелеринин шаан-шөкөтү мектепти аяктап жаткан окуучуларды, алардын ата-энелерин гана эмес, бүтүндөй коомчулуктун көңүл чордонундагы маселе бойдон калууда. Билим берүү жана илим министрлиги (Буйрук №454/1-12.04.16-ж. ) оюн-зоок жайларында, кафе-ресторандарда жана табиятта салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тап-такыр тыюу салгандыгына карабай, бүтүрүү кечелеринин салтанаты тууралуу коомчулукта эки кайчы пикир жашап келет.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева мындай буйруктун негизги максаты — балдардын коопсуздугун сактоо деп белгилейт.

—          Ички иштер министрлигинин статистикалык маалыматы боюнча “Акыркы коңгуроо”, аттестат алуу сыяктуу мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу кечелер балдардын өмүрүнө коопсуздук жаралып, аягы өлүм менен аяктаган аянычтуу окуялар менен коштолуп келет. Айрыкча, жаратылышка чыгуу, таң тосуу, кафе-ресторандагы шаан-шөкөттөр болбой эле көзөмөлдөн чыгып кетип, натыйжада балдар түрдүү кырсыктарга кабылып жатышат. Министрликтин биринчи максаты – балдардын коопсуздугун коргоо. Мындай буйрук чыкканына беш жыл болду, ушул мезгил аралыгында мурдагы жылдарга салыштырмалуу кырсыктардын саны азайганы байкалат. Ата-энелер да муну жакшы түшүнүшү керек. Алар ошол иш-чараларга кетирген каражатын балдарынын окуусуна жумшаганы оң эмеспи деп ойлойм. Биз ата-энелердин арасында түшүндүрүү иштерин тынбай жүргүзүп келебиз. Мындай жоопкерчилик жеке эле мугалимдерде эмес, ата-энелерде да болушу керек, — дейт Токтобүбү Ашымбаева.

Мектепти бүтүрүү салтанаты тууралуу эне-аталардын пикирлери да эки жактуу болуп, кызуу талаш-тартыштарды жаратып келет. Бири 11 жыл окуп, колуна жетилүү аттестатын алган учур балдардын көңүлүндө жакшы маанай жараткан салтанат катары сакталышы керек дешсе, экинчилери министрликтин буйругун туура деп эсептешет. Алар айрыкча, ашыкча чыгымды, ашыкча шаан-шөөкөттү каалашпайт. Бул жерде каалоо менен мүмкүнчүлүк кайчы кетип жатканы байкалат.

Бүтүрүү кечесине даярдыктын баасы канча турат?

Бишкек шаарынын тургуну Динаранын кызы борбор калаабыздагы престиждүү деп эсептелген гимназияны аяктап жатат. Кызы Эльнуранын классы мындан жарым жыл мурда эле мыкты деп тандалган ресторанга барууну чечип, алдын-ала акчасын төлөп коюшкан.

—          Балаң үчүн колуңдан келгенин аябайт экенсиң. Менин кызымдын классы бүтүрүү кечесин өткөрүүнү каалаган ресторанды алдын-ала ээлеп койгон. Ал үчүн ар бир окуучунун ата-энеси 10 миң сом төлөдү. Ар бирибиз балдарыбызды коштоп барышыбыз керек. Ал үчүн да өзүнчө акча төлөйбүз. Кызымдын көйнөгүн 20 миңге алдык. Кыз баланын чыгымы ушуну менен эле токтоп калбайт экен. Макияжы, чач, кол, кирпик жасалгалары, айтор, аки-чүкүсүнүн баарын кошкондо 50 миңден ашык акча сарпадык. Анткени тейлөө кызматтарына да кезекке алдын-ала жазылып коюу керек дешти. Жалгыз кызым болгондуктан, башкалардан кем калбасын дейт экенсиң. Эгерде тап-такыр эле тыюу салынат дешсе, анда билбейм, мен деле башка ата-энелер кандай чечим кабыл алышса, ошолордун ыгы менен болом да, — дейт Динара.

Ата-энелер арасындагы пикир келишпестиктер

Бишкек шаардык билим берүү департаментинин башчысы Сауле Мейрманованын маалыматы боюнча борбор калаабызда быйыл 5 419 окуучу мектепти аяктоо алдында турат. Министрликтин буйругун тааныштыруу максатында мектеп директорлору, мугалимдер жана ата-энелер арасында профилактикалык иштерди жүргүзүп жатышканын айткан С.Мейрманова мына буларга токтолду:

—          Маселе жылдагыдай эле акча чогултуунун айланасында жаралууда. Айрыкча, бүтүрүү экзамендери, акыркы коңгуроо, аттестат алуу салтанаттарына сарпталган каражаттарды чектөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Тилекке каршы, ата-энелер арасында өз ара талаш-тартыштар жаралып жатат. Маселен, Бишкек шаарындагы №38 мектеп-гимназияны аяктап жаткан окуучулардын ата-энелеринин арасында пикир келишпестиктер болгон. Акча чогултууга каршы болуп арызданышканда, ал арыздын негизинде чогултушкан акчаларын кайра таратышкан, бирок башка бир топ ата-эне буга каршы чыгышкан.

Ырас, ата-энелер арасында бир-бирине каршы пикирлер жаралып жатканы жашыруун эмес. Анын түпкү себеби келип-келип эле акча каражатына такалып жатканы да чын. Уулумду же кызымды теңтуштарынан кем кылбайын деп, жоктон бар кылып жасантканга аракеттенген ата-энелердин абалын түшүнүп, аларды аяп, эч кандай шаан-шөкөттүн кереги жок деген кыздар да жок эмес экен.

Токтогул районунун тургуну Гүлмира Шакированын кызы Нурай быйыл Бишкек шаарындагы №5 улуттук компьютердик гимназияны аяктап жатат. Ал кызы “мен үчүн кооз көйнөк кийип, ресторанда отуруунун мааниси жок, эң биринчи ЖРТдан жакшы балл алып, өзүм көздөгөн окуу жайга өтүү маанилүү” дегенин угуп, кубанып турат.

—          Башкалары тууралуу билбейм, бирок менин кызым окуган мектеп министрликтин буйругун катуу көзөмөлгө алып жатышканын байкап, кубанып жатам. Анткени Нурай “апа, силер ашыкча чыгым болуп мен үчүн убара болбогула, мен бүтүрүү салтанатына барбайм. Курбу кыздарым менен ушундай чечимге келдик. Мугалимдердин да талабы ушундай” деди. Ошого да карабай, көңүлүм тынчыбай атайын Токтогулдан келдим. Азыр кызым экөөбүздүн негизги максатыбыз – ЖРТдан жакшы балл алып, кызым каалаган жогорку окуу жайына тапшыруу болуп турат. Ага даярданганга деле бир топ акча кетет эмеспи. Кызым биздин шартыбызды туура түшүнүп, ушундай чечимге келгенине сүйүндүм” – дейт Гүлмира.

Бүтүрүү кечелерин сөзсүз эле кафе-ресторандарда өткөрүү керекпи?

Коомчулукту кооптонтуп жаткан негизги көйгөй – бул мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бул күнү коомдук тартипти, жолдо жүрүү эрежелерин сактабай түрдүү кырсыктарга кабылып жатышканы болууда. ИИМдин оперативдүү маалыматы боюнча жаш өспүрүмдөр машинага сегиз-тогуз болуп отуруп алышып, машинанын салонунан баштарын чыгарып катуу ылдамыкта айдашып, жол эрежелерин бузушат. Колдорунда айдоо күбөлүктөрү жок балдар ата-энелеринин машиналарын уурдап чыгышкан учурлар да кездешет.

ИИМдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахмановдун расмий маалыматы боюнча 11-класстын эле эмес, 9-классты аяктап жаткан улан-кыздар Бишкек шаарындагы Лимузин автоунааларын ижарага алышкан фактылар бар. Коомдук тартип сакчысынын жеке пикиринче, бүтүрүү кечелерине байланыштуу иш-чараларды сөзсүз эле ресторан-кафелерде өткөрбөй эле белгилүү бир тарыхый же маданий жайларда өткөрүшсө, кыйла пайдалуу болмок.

—          Бүтүрүү кечелерин сөзсүз эле кафе-ресторандарда өткөрүү керекпи деген суроо жаралбай койбойт. Мындай иш-чаралар ушундай тартипте гана өтсүн деп кайсы жерде жазылган? Андан көрө, балдар топтошуп алып тарыхый-маданий жерлерге барып, гүл коюп, эстеликке сүрөткө түшүп дегендей, маданияттуу өткөрсө кыйла таасирлүү болбойбу? Ата-энелеринин каражаты да үнөмдөлөт эле. Биздеги маалыматка таянсам, так ушул күнү дайынсыз жоголуп кеткен, спирт ичимдиктерин ичип коомдук тартипти бузган, өз өмүрүн кыйган фактылар көп катталат, — дейт ал.

Серепчилер кандай иш-чара болбосун анын идеясы, багыты болуш керек, ошого жараша натыйжасы келип чыгат деп эсептешет. КУУнун доценти, психолог Бермет Наралиева балдарга кандайдыр бир ишти тыюу салуунун натыйжасы туура эмес кесепеттерге алып келээрин айтат.

—          Ырас, бала 11 жыл мектепте билим алып, колуна жетилүү аттестатын алган учур бала үчүн да, ата-эне үчүн да толкундантчу көз ирмемдердин бири. Мындай учурлар жыйынтыктоочу иш-аракеттер менен коштолгону мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, андай жыйынтыктоочу иш-чаралар тарбиялык маанини көздөгөнү туура. Башкаларга үлгү болорлук аракеттер орун алса, андан беш бетер жакшы. Маселен, мектепти аяктаган мурдагы бүтүрүүчүлөр мектепке пайдасы тийген жакшынакай саамалыктарды киргизип жатканын угуп жүрөбүз. Кечээ жакында эле дагы Нарында, Сокулукта мектепке эле эмес, өздөрү туулуп-өскөн айылына, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип жатышканын угуп, кубанып жатабыз. Мына ушундай өңүттөн алганда биз, чоңдор, бүтүрүү кечелеринин нугун пайдалуу бир иштерге бурсак, жаш өспүрүмдөр сөзсүз аларды илип кетээри бышык. Массалык маалымат беттеринен кайсы бир мамлекеттин бүтүрүүчүлөрү чогулган каражаттарын балдар үйүнө которуп беришкени тууралуу да окуганым бар. Андыктан жөн гана тыюу салуу менен чектелбей, балдарга багыт берип, керек болсо биргелешип бир идеологияны иштеп чыгуу зарыл, — деген пикирин билдирди Бермет Наралиева.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*