ПРОФЕССОР РАХАТ АЧЫЛОВА АТЫНДАГЫ ИЛИМИЙ СЫЙЛЫК ӨЗ ЭЭЛЕРИН ТАПТЫ

Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын илим жана билимине эмгек сиңирген ишмер, 1995-2000-жылдардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты, философия илиминин доктору, профессор Рахат Ачылованы эскерүү кечеси жана профессор Рахат Ачылова атындагы илимий сыйлыкты  салтанаттуу ыйгаруу  аземи Эл аралык «Ататүрк-Алатоо» университетинде өткөрүлдү.

Эскерүү кечесин медицина илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык «Ататүрк Алатоо» университетинин ректору Осман Гөкальп, Кыргыз Эл Баатыры, Эл жазуучусу Бексултан Жакиев,  Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова,  Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Чынара Адамкуловалар ачып, өз эскерүүлөрүндө профессор Рахат Ачылова илимпоз, эне катары да жогорку интелектуалдуу, өзүнөн кийин да мыкты окумуштууларды тарбиялаган,   жаштарды илимге-билимге сугарган, адамкерчиликтин, маданияттын  туу чокусунда жүргөн чыгаан инсан болгондугун белгилеп айтышты.

Профессор Рахат Ачылова атындагы илимий сыйлык Кыргыз Республикасынын жаш, таланттуу илим  изилөөчүлөрдү колдоо жана алардын профессионалдык өнүгүүсүнө салым кошуу жолу  аркылуу илимди өнүктүрүү максатында философия илимдеринин доктору,   профессор Рахат Ачылованын балдарынын демилгеси менен Эл аралык «Ататүрк-Алатоо» университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен 2016- жылдын башында  “Silk Road” изилдөө борборунда негизделген.

Илимий сыйлык  акыркы беш жылда жарык көргөн илимдин өнүгүшүнө салым кошкон жана проблемаларга оригиналдуу чечимдерди сунуштай алган  35 жашка чейинки  жаш изилдөөчүлөр тарабынан жазылган илимий  макалалар, китептер үчүн жарыяланган жана төмөнкүдөй  тематикалык багыттары белгиленген:

• Үй-бүлө кыргыз коомун  өнүктүрүүдөгү жана бекемдөөдөгү  негизги фактор;

• Кыргыз элинин каада-салты жана баалуулуктары улуттук биримдиктин негизги булагы;

• Үй-бүлөдө жана коомдо кыргыз аялдардын ролу;

  • Рахат Ачылованын илимий эмгектерин библиографиялык изилдөөлөр;

• Билим берүүнүн сапатын жакшыртуунун  натыйжалуу ыкмалары;

• Билим берүүдө маданий көп түрдүүлүк;

• Манас таануу жана Этнопедагогика.

Илимий сыйлыктын сынагына  өлкөбүздун борбор шаарындагы жана региондук жогорку окуу жайларында  эмгектенген жаш илимий изилдөөчүлөрдөн көптөгөн илимий макалалар, китептер, окуу куралдар кабыл алынды.

Илимий эмгектерди тогуз адамдан турган төмөнкү эксперттик комиссия баалап татыктууларын илимий сыйлыкка сунуш кылышты.

Роза Айтматова – коомдук ишмер, Эл агартуунун эмгек сиңирген ишмери;

Абдыкерим Муратов – педагогика илимдеринин доктору, профессор;

Мариям Эдилова – философия илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык «Ататүрк – Алатоо» университетинин ректорунун кеңешчиси;

Жамиля Жээнбаева – социология илимдеринин доктору, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун координатору;

Назик Бейшеналы  – экономика илимдеринин доктору, CAACD изилдөө борборунун директору, Кыргызстандын Кооперативдер союзунун президенти;

Эмил Джураев –  саясат таануу илимдеринин доктору, Борбордук Азиядагы Америка университетинин  «Эл аралык мамилелер» кафедрасынын доценти;

Талантаалы Бакчиев  – филолигия  илимдеринин кандидаты, доцент, «Саякбай манасчы» Эл аралык бирикмесинин  изилдөө башчысынын орун басары,Эл аралык Манасты изилдөө ассоциациясынын президенти, билим берүүнүн отличниги;

Ибрахим Конжак – саясат таануу илимдеринин кандидаты, «Silk Road»изилдөө борборунун директору;

Кундуз Жузупбекова – филология илимдеринин кандидаты, Эл аралык «Ататүрк-  Алатоо» университетинин окумуштуулар кеңешинин катчысы.

Сунуш кылынган  төмөнкү жаш изилдөөчүлөр Эл аралык «Ататүрк-Алатоо» университетинин окумуштуулар кеңешинин токтомунун чечими  «Лауреат»  жана «Дипломант» наамдарына ээ болушту.

I даражадагы лауреат  Молдокулова Динара Төрөкелдиевна – И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде доценттин милдетин аткаруучу, тарых илимдеринин кандидаты.

 «Кыргыздардын салттык жүрүм-турум маданияты (XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башы)”.

II даражадагы лауреат Тегизбекова Жылдыз Чынарбековна – Эл аралык «Ататүрк- Алатоо» университетинин  Юридикалык бөлүмүнүн  доценти, юридикалык илимдердин кандидаты.

“Обычное право кыргызов: брак и семья” – Бишкек, 2016.

III даражадагы лауреат Бийгелдиева Нуржан Абдыгуловна – С.Нааматов атындагыНарын мамлекеттик университетинин доценти, «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты.

«Байланыштуу кепти окутуунун методикалык окуу куралы», Бишкек, 2014.

Дипломанттар:

Кошбакова Батмакан Муктаровна-Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы  коомдук байкоочу башкармалыгынын төрагасынын орун басары, социология илимдеринин кандидаты.

“Семейно-бытовые традиции и обычаи кыргызского народа в современных  условиях”.

Журнал «Вестник КНУ им. Ж. Баласагына». Часть 2. – Бишкек, – 2013.

 Гусейнова Мавлюда Джабировна–Эл аралык «Ататүрк-Алатоо» университетинин  Эл аралык мамилелер бөлүмүндө  доценттин милдетин аткаруучу, культурология илимдеринин кандидаты.

«Нравы и духовные ценности в системе этнической культуры турок-месхетинцев в Кыргызской Республике».  Вестник “AlatooAcademicStudies”№ 3,2015.

 Калдыбаева Элнура Тобокеловна  –Эл аралык «Ататүрк-Алатоо» университетинин  “Тил үйрөтүү координаторлугунда” методист.

«Рахат Ачылованын «аял», «улут», «улуттар аралык мамилелер» жана «үй-бүлө» темасында жазылган илимий изилдөө иштери». «Бишкек Гуманитардык Университетинин жарчысы», №2 (36), 2016.

Гыязов Айдарбек Токторович– Баткен мамлекеттик университетинин Экономика –технология институтунда директор, экономика илимдеринин кандидаты.

«Проблемы и перспективы взаимодействия среднего и высшего профессионального

Образования».«Материалы III международной научно-практической конференции». Актуальные проблемы развития вертикальной интеграции системы образования, науки и бизнеса, г. Воронеж, 2015.

Илимий сыйлыктын лауреаттарына  статуэтка, диплом, гүл жана

I даража үчүн  30000 сом

II даража үчүн  20000 сом

III даража үчүн 10000 сом өлчөмүндөгү сыйлыктар ыйгырылды.

Профессор Рахат Ачылова атындагы илимий  сыйлыктын статуэткасы, айнектен жасалган кристалга профессор Рахат Ачылованын сүрөтү түшүрүлүп, 30 миллион жыл болгон, Кыргызстандын «Урчук таш» аттуу токойдун тоо тектеринен алынып келген  опал менен халцедон ташына айланып калган жыгачка жана Баткенден алынган оникс баалуу ташына  орнотулду.  Таштардын  түркүн-түстүү чийиндеринин айкалышы, дарактын көп жылдык шакекчелерин чагылдырып китептин барактарындай болуп түбөлүккө эстеликке сакталат.

Илимий сыйлыктын лауреаттарына  сыйлыктарды профессор Рахат Ачылованын кызы Назик Бейшеналы – экономика илимдеринин доктору, CAACD изилдөө борборунун директору, Кыргызстандын Кооперативдер союзунун президенти жана уулу Адам Бейшеналы,  КРдин экс вице-премьер министри Мира Джангарачева, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Чыңгыз  Айтматовдун кеңешчиси Болот Утуров тапшырышты.

Ал эми дипломанттарына эксперттик комиссиясынын мүчөлөрү коомдук ишмер, Эл агартуунун эмгек сиңирген ишмери Роза Айтматова, философия илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык «Ататүрк-Алатоо» университетинин ректорунун кеңешчиси Мариям Эдилова, социология илимдеринин доктору, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун координатору Жамиля Жээнбаева жана Кыргыз Республикасынын экс мамлекеттик катчысы, 1996–1999-жж. Кыргыз Республикасынын Индиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси, мамлекеттик жана коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовдор  тапшырышты.

Илимий сыйлыктын дипломанттарына статуэтка, белектер, гүл жана 5000 сом өлчөмүндөгү сыйлыктар ыйгырылды.

Кечеге көптөгөн коомдук ишмерлер, жогорку окуу жайлардын ректорлору, профессор Рахат Ачылованын докторанттары, аспиранттары, коллегалары, тууган-туушкандары катышып, Рахат Ачылованын жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталарын айтышты.

Рахат Ачылова баштаган ишин  бүгүнкү күнгө чейин  балдары, окуучулары жана кесиптештери улантууда «Өтүп кетсе өмүрүң, эл эмгектен эскерет» демекчи, профессор Рахат Ачылованын  кыргыз элине кылган эмгеги өмүр бою сакталат.

Иш-чаранын демөөрчүлөрү: профессор Рахат Ачылованын үй-бүлөсү  жана уул-кыздары: Самаргүл Адамкулова, Адам Бейшеналы, Назик Бейшеналы.

Иш-чараны уюштуруучулар: Эл аралык «Ататүрк-Алатоо» университетинин “Silk Road” изилдөө борбору.

Топчугүл Шайдуллаева, «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун пресс-катчысы

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*