АКЫРКЫ КОҢГУРОО: КУБАНЫЧЫ ЖАНА КАЙГЫСЫ

Мектепти аяктап, учкан уясы менен коштошкон 62 миңден ашык бүтүрүүчү үчүн кагылган акыркы коңгуроо салтанаты кубаныч менен бирге эле кайгылуу окуялар менен коштолду.  

Кыргызстандагы 2218 мектепте колдоруна жетилүү аттестатын алуу алдында турушкан келечек ээлеринин чоң турмушка аттануу салтанатында өлкө боюнча жарыяланган күчөтүлгөн тартип эрежесине карабай ар түрдүү кырсыктар катталгандыгы маалым болду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Басма сөз кызматынан маалымдашкандай, шаардык Коомдук коопсуздук башкармалыгынын, кадрлар бөлүмүнүн, өздүк коопсуздук бөлүмүнүн жана басма сөз кызматынын өкүлдөрүнүн курамында төрт топ түзүлүп, текшерүү жүргүзүшкөн. Бул салтанаттуу иш-чараны өткөрүүнү уюштуруу боюнча Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн Коомдук көзөмөл бөлүмү Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте ушул жылдын 20-майында № 71 орто мектебинде Бишкек шаарынын бардык мектептеринин жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрүп, анда ар бир мамлекеттик органдардын аткара турган милдеттери такталып, иш-мерчемдер түзүлгөн эле. Коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого Бишкек шаардык ИИОнын 487 кызматкери тартылган.

Оперативдүү маалыматтарга ылайык, 27-майда түнкү саат ондор чамасында Панфилов паркында Аламүдүн районунун Восток айылындагы №3 орто мектебинин 13 бүтүрүүчүсү эрежеден тышкары эне-атасынын кароосу жок жүргөндүгү үчүн кармалган. Арасындагы үч окуучу мас абалында болгон. Алар: 1999-жылы туулган Дарья Манулова, 1998-жылкы Айдана Омушева, Кымбат Байболова, ушул эле жылкы Айдана Токтоматова, Виктория Дараганова, Чыңгыз Рыспеков ж.б.

Бүтүрүүчүлөрдү ташып жүргөн автоунаалар да коомдук тартипти бузуп кармалгандыгын ИИМдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов билдирди:

–          27-майдын түнү мектеп бүтүрүүчүлөрү катышкан 470 тартип бузуулар болгон. Негизинен алар ата-энелери жок жүрүшкөн. Арасында мас абалындагы уландар да бар. Натыйжада 37 баланын ата-энелерине 500 сомдон 2000 сомго чейин айып пул салынды. Мындан тышкары, сегиз бала мас абалында ооруканага жеткирилген. Алардын жарымы спирт ичимдигинен ууланышкандыгын бейтапканадан билдиришти. Ал эми жарымын мас абалында көчөдө калган жеринен милиция кызматкерлери ооруканага жеткирип беришкен.

Ушул күнү жыл сайын өспүрүмдөр ата-энесинин уруксааты жок автоунааларын айдап чыгышып, коомдук тартипти бузушат. Быйыл да мындай окуядан куру калган жокпуз. 50 бала ата-энесинин автоунаасын уруксааты жок айдап жүргөн жеринен кармалган, – дейт Азамат Абдрахманов.

Бүтүрүүчүлөр бүтүрүү кечелерин өзгөчө шаң менен өткөргүлөрү келишип, кымбат баадагы “Лимузин” автоунааларынын коштоосунда шапар тебишээри маалым. Бишкек шаардык Кайгуул-күзөт башкармалыгынын оперативдүү маалыматы боюнча 27-майда мектеп бүтүрүүчүлөрүн ташып бара жаткан төрт лимузин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын токтотуучу жайына коюлган. Алар жолдо жүрүү эрежелерин бузганы үчүн ушундай айыпка жыгылган.

Сар-санаага салган салт кайдан чыкты?

Мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн бүтүрүү кечелери ашыкча чыгым, ашыкча шаан-шөкөт менен өткөрүлүп, жылдан-жылга бири-бирине атаандаштык таризде күч алып баратканы коомчулукту ойго салууда. Бишкек шаарынын тургуну Гүланда Мукамбаева булардын баары аша чапкандык деген пикирде.

–          Ар нерсенин өзүнүн чеги болушу керек. Кийинки кездерде байкасам, ата-энелер балдарынан ашып атаандаштык жолуна түшүп алышкандай. Балдарына өтө кымбат баадагы кийимдерди алып беришкени, өтө престиждүү ресторандарга барууга далалаттангандары тап-такыр туура эмес деп ойлойм. Той сыяктуу кафе-ресторандарда өткөрүүнүн да кажети жок. Ата-энелер тескерисинче руханий дүйнөсүн байытуу жагын эртерээк колго алышса туура болоор эле. Бул багытта окуу жылы ичинде мугалимдер ата-энелер комитети менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. 25-майга чейин эле мектептерде ушул теманын айланасында балдардын жүрөгүндө калгандай илимий-практикалык конференцияларды уюштурушса сонун болбойбу, – деп ой бөлүштү.

Бүтүрүү кечелерин өткөрүүнүн ушундай салты кайдан келген деген суроо туулбай койбойт. КМШ курамындагы башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстанга бул адат СССРден калган мурас десек болоор. Россия, Казакстанда деле ушундай. Кай бир региондордо фонтандарга барышып, сууга түшүүнү жаңы салт катары киргизишип, өзгөчөлөнүшөт. Ал эми таң тосуу жөрөлгөсү көпчүлүк мамлекеттерде өзгөрүлбөй сакталып келатат.

Өзгөчөлөнгөндөрдүн катарына Украинаны кошсо болот. Алар жыл сайын 27-майда белгилешет, ага чейин тестирлөөдөн өтүшүп, милдеттүү экзамендерин аякташат да, андан соң өз каалоосуна жараша иш-чара өткөрүшөт. Бири кайрымдуулук, бири Флеш-моб өткөрүшсө, айрымдары чиркөөгө барып сыйынуу ритуалдарын жасашат. Ал эми ресторандарга барып тойлоо Украинада да жоюла элек.

Акыркы коңгуроону дүйнө жүзүндө кандай белгилешет? 

Окуучулук күндөргө чекит койгон бул күнү америкалыктар жарашыктуу кийинип алышып, белгилүү жылдыздардай кызыл килемден басып өтүшүп салтанаттуу түрдө мектеп менен коштошуу үчүн келишет. Ал жерлерде ичимдик ичүүгө тап-такыр тыюу салынат. Англияда да АКШга окшоп абдан шаңдуу белгилешет. Алардын да канчадан бери калыптанып калган өз каадалары бар. Ал эми Франция, Шотландия сыяктуу өлкөлөргө баам салсак, аларда мындай салттар жок. Буларда акыркы коңгуроо актуалдуу эмес.

Эң кызыгы жана эң пайдалуусу Германияда өтөт десек жарашчудай. Алар бул күнү атайын даярданып келишип мектеби, мекени, классы, окуучулук күндөрү жөнүндө Гимн жазышат, андан тышкары сөзсүз мектеп үчүн пайдалуу иш аткарышат. Мисалы, гүл, бак тигишет, айтор мектебине пайдалуу эсте калаарлык белек тартуулашат. Аягында атайын арналып уюштурулган балга барышып, ал жерде да өздөрүнүн шык-жөндөмдөрүн даңазалашып сүрөт, көркөм окуу, ырдоо боюнча мазмундуу, интеллектуалдуу чыгармачылык мелдештерди өткөрүшөт.

Ал эми эң узакка созулган коштошуу аземи Польшада өтөт. Поляктар бүтүрүү кечелерине 100 күн калганга чейин эле белгилей башташат. Мындай салтанаттарда сөзсүз түрдө Огинскийдин Полонесин бийлешип, бий таймаштарын уюштурушат.

Узактыгы боюнча поляктардан кийинки орунда Норвегия турат. Аларда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанат 17 күн бою белгиленет. 17-май – Норвегиянын Конституциясынын күнүндө мектеп бүтүрүүчүлөрү болочокто ала турган кесибине жараша кийинип алышып, майрамга шаң кошушат.

Окуучулук күндөр менен биротоло коштошууну каалагандар – бул кытайлар. Анткени алар мектепти аяктап жатканда окууну, деги эле мектепти эске сала турган калем сап, дептерден баштап, кийген кийимине чейин көчөгө ыргытышып, оор жүктөн кутулгандай сүйүнүшөт. Бирок бир жаман жери эртеси көчөдөгү ыргытылган буюмдарды убара болуп тазалоого туура келет.

Бул күнү өзгөчөлөнгүсү келгендердин парадын Австралиядан байкоого болот. Бүтүрүү кечелеринин катышуучулары мектептин алдына башкалардан айырмаланган транспорт каражаты менен келиши керек. Маселен, өрт өчүрүүчү машина, же комбайн, же болбосо трактор, айтор, башкаларды таң калтыргандай эсте каларлык болушу шарт.

Күн чыгыш өлкөсүнүн өкүлү болгон жапондор турпаты айтып тургандай эле ашкере сезимге алдырбай, өтө токтоо, интеллектуалдуу жүрүм-турумунан жазбай, мектепке салабаттуу келишип өздөрүнүн сый-урматын көргөзүүгө аракеттенишет.

Аты айтып тургандай эле, бүтүрүү кечеси адамдын белгилүү бир мезгил өлчөмүндө мектептен алган билимин жыйынтыктоо, тагыраак айтканда, анын интеллектуалдык деңгээлинин бир этаптан экинчи этапка өткөндөгүсү. Бизде болсо ошол билим деңгээлин аныктоочу, жыйынтыктоочу иш-чара болбой эле, сырткы кийиминин көркөмдүүлүгүн көрсөтүү, даңазалоого айланып, түпкү максатынан тап-такыр четтеп кеткендей.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*