БИЛИМ БЕРҮҮДӨ КОЛДОНУЛУУЧУ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ИНТЕРНЕТ БУЛАКТАРЫ

Аннотация

 Бул макалада кыргыз тилинде орто жана жогорку окуу жайларында мугалимге окуучуга билим берүүдө жана билим алууда жардамчы боло турган кыргыз тилиндеги интернет булактарды, тагыраак айтканда, веб баракчаларын изилдеп чыгабыз.

Билим берүүдө бул маалыматтардын канчалык деӊгээлде жардамчы болорун карап жыйынтык алабыз.

Ачкыч сөздөр

 Интернет, сайт, веб баракча, kyrnet – кырнет, хост, домен, окуучу, интернет булак, электрондук сөздүк, электрондук китепкана, ачык билим берүү ресурс, тестирлөө систем.

 Кириш сөз

 Билим берүүдө болобу же башка тармакта болобу интернет булактары биздин жашообузда белгилүү бир орунду ээледи. Албетте интернет тармагы биздин тоолуу мамлекетибиздин бардык аймактарында толугу менен ишке киргизиле элек. Бирок бул убакытка гана байланыштуу маселеге айланып калды окшойт.

Дүйнөлүк банктын 2013-жылкы статистикасына караганда, Кыргызстандын калкынын 23.4% интернет колдонууга мүмкүнчүлүгү бар [http://data.worldbank.org/country/kyrgyz-republic]. Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2015-жылдын январь айында берген маалыматы боюнча, биздин өлкөдө интернет колдонуучулардын саны  4 млн 173,7 миӊге жеткен [www.stat.kg].

KyrNET – Кыргызстандын интернет тармагы

 1. Дүйнөлүк интернет желесинде Кыргыз Республикасынын официалдуу 1-баскычтагы домен аты «kg» эсептелинет. Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (CIA) тарабынан 2012-жылы жүргүзүлгөн изилдөө боюнча мамлекетибизде 115 573 хост (хост – белгилүү бир веб сайт үчүн атайын берилген орун) катталган [https://www.cia.gov/library/publications/the-world-factbook/rankorder/2184rank.html]. Алардын арасынан Кыргызстан веб баракчаларына статистика жүргүзүп туруучу http://net.kg сайтына 1518 веб баракча катталса, алардын ичинен “Илим жана билим берүү” категориясында 91 гана веб баракча бар. тилекке каршы, бул веб баракчалардын көбү кыргыз тилинде эмес, кыргыз тилинде болгон веб баракчасы болсо дагы маалыматтар толук эмес. Башка тарабынан карасак, бул веб баракчалардын олуттуу басымы билим берүү тармагында иш алып барган бала бакчалар, билим берүү борборлору, мектеп, университет, колледж же болбосо жогоруда айтылган мекемелер жөнүндө жалпы маалымат берүүчү гана веб баракчалар болуп эсептелинет. Алардын арасынан окуучу, студент жана мугалимдер үчүн окуу куралы же кызыктуу, стандарттуу эмес окутуучу модулдарды камтыган веб баракчаларды изилдеп чыгып, 50гө чукул сайтты бөлүп алдык.

Билим берүүчү интернет булактар

Электрондук сөздүктөр

 Кыргыз тилинен башка тилдерге которуучу электрондук сөздүктөрдүн басымдуу бөлүгүн орус тилине же орус тилинен которгон сөздүктөр түзөт. Бул сөздүктөрдүн арасынан эӊ көп колдонулгандары:

1. https://translate.google.com/ Google компаниясынын дүйнө жүзүндө көп колдонулган, арбын ар түрдүү тилдерди камтыган онлайн электрондук сөздүгү. Азыркы учурда 103 тилди камтыйт. Алардын ичине кыргыз тили үстүбүздөгү жылдын 18-февраль күнү киргизилген.

2. http://el-sozduk.kg “Биздин Мурас” коомдук фонду тарабынан иштелип чыгып, азыркыга чейин оӊдолуп түзөлтүлүп, жаӊы сөздөр жана сөздүктөр кошулуп келе жаткан электрондук сөздүк. Азыркы учурда система 36 сөздүктү жана бардыгы болуп 382 503 сөздү камтыйт. Өзгөчөлүгү болуп сөздөргө орфографиялык жана морфологиялык талдоо жүргүзүп берет. Андан сырткары эӊ көп колдонулган сөздөрдүн тизмеси, сөздөрдүн айтылышы, диалогдор бар.

3. https://translate.yandex.ru/translate “Яндекс” компаниясы тарабынан даярдалган сөздүк. Бул сөздүк кыргыз тилиндеги тексттерди жана сайттарды дагы которо алат.

4. http://tili.kg/dict/  “Сорос-Кыргызстан” фонду тарабынан каржыланып ишке киргизилген электрондук сөздүк. 9 сөздүктү камтыйт. Башка электрондук сөздүктөрдөн артыкчылыгы жана айырмасы болуп “Глоссарий” категориясынын болушу. Бул категорияда сөз ага кандайдыр бир тиешеси бар жана ал сөздү түшүндүрчү сүрөтү менен чогуу жана кыскача сөздүн аныктамасы менен бирге көрсөтүлгөн. Баракчадан кыргыз тили боюнча электрондук китептердин, аудио китептердин түрмөгүн да табасыз. Орусча сүйлөгөндөр үчүн кыргызча алгачкы 200 сөз аттуу категория жасалган. Өзүнө аудио, сүрөт жана кызыктуу анимацияларды камтыйт.

Электрондук китепканалар

 Кыргыз тилинде жарык көргөн китептердин электрондук варианттарын төмөнкү электрондук китепканалардан табууга болот:

1. http://lib.kg “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасы тарабынан каржыланып түзүлгөн. Проекттин үстүндө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана, ачык китепканалар ассоциациясы жана “Сорос-Кыргызстан” фонду биргеликте иштешкен. Бул китепканадан мектеп окуу куралдарын, китепканалардын архивинен сейрек кездешүүчү китептерди, диссертацияларды таап жана ал материалдардын электрондук түрүн жүктөп алууга болот.

2. http://literatura.kg/ “Кыргызстандын жаӊы адабияты” интернет ресурсунун автору жана координатору Олег Бондаренко. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки жаӊы авторлордун калеминен жаралган чыгармалардын топтомун камтыйт. Жалпысынан 519 автордун 2124 чыгармасы жарыяланган.

  1. http://www.bizdin.kg/ky/ “Биздин Мурас” коомдук фонду тарабынан 2009-жылдын сентябрь айында иштелип чыккан. Белгилүү чыгармаларды электрондук түргөөткөрүү иштерин жүргүзүү менен биргеликте ал китептерди баракчасына жайгаштырып келет. Кыргыз элине кашкадай таандык акын жазуучуларыбыздын чыгармаларын жана эпосторду окууга мүмкүнчүлүк берет.

4. https://ky.wikipedia.org/ “Кыргыз Уикипедиясы” – интернет колдонуучулар тарабынан толтурулуп, оӊдолуп келе жаткан ачык коддуу систем. Азыркы учурда бул жакта кыргыз тилинде 55312 макала тарых, маданият жана өнөр, философия жана дин, илим, технология, уюмдар, спорт жана география сыяктуу негизги категорияларга бөлүнгөн.

Ачык билим берүү ресурстары

 Буларга заманбап методдорду колдонуу менен веб баракчасы аркылуу мектеп окуучуларга же студенттерге билим берүүчү ресурстар кирет. Жаӊы методдор бул аудио китептер, видео материалдар, ар-кыл түрдөгү тесттер, практикалык сабактар болушу мүмкүн.

1. http://www.bilimkeni.kg/ 2010-2012-жылдары АКШ мамлекеттик департаментинин тапшырыгы боюнча АЙРЕКС уюму тарабынан түзүлгөн. 2012-жылдын ноябрь айынан баштап “Steps to Success” бейөкмөт уюмуна таандык. Билимкени Академиясында кыргыз тилиндеги 700дөн ашык видеосабак жана башка ресурстар камтылган. Мектеп программасынын 12 предмети боюнча даярдалган видео сабактарды камтыйт. Алар: алгебра, геометрия, химия, биология,  физика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, астрономия, тарых, география жана экономика предметтери.

2. http://kyrgyztil.taalimforum.kg «Таалим-Форум» коомдук фонду 2006-жылдын май айында, мугалимдердин демилгеси менен түзүлгөн. Фонд билим берүүдөгү новатордук методдорду чет элдик жана аймактык мекемелер менен биргеликте семинарларды, форумдарды, тегерек столдорду, жолугушууларды, көргөзмөлөрдүөткөрүү аркылуу жайылтууну ишке ашырат. Чет элдик жарандар, мектеп окуучулары (1-класстан 8-класска чейин), деги эле кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер үчүн абдан ыӊгайлуу сайт. Ар бир класс үчүн өзүнчө китеп жана ал китепте категориялар, категорияда темалар камтылган. Темалар интерактивдүү диалог, сүрөттөр, видеолор, тексттер, тесттер, боштуктарды толтуруу, туура/ката табуу, кроссворд, уӊгу мүчөлөрдү ордуна коюу сыяктуу модулдарды камтыйт. Окулган китептер темалар боюнча статистика жүргүзүлөт.

3. https://www.codecademy.com/ky-KG/  “Дүйнө жүзүнө код жазууну үйрөтүү” – аттуу ураан алдында иштеген бул билим берүү компаниясы Нью-Йорк шаарында жайгашкан. Алар өзүлөрү жөнүндө төмөндөгүлөрдү жазышат: “Биз эӊ мыкты үйрөнүү тажрыйбасын куруу менен алектенип, Codecademy’ни биздин тайпабыз үчүн эӊ жакшы үйрөнүү жана үйрөтүү жайына айландырып, келечектин онлайн үйрөнүү тажрыйбасын түзүүгө умтулабыз”. Билим берүүдө тармагы – программалоо тилдери болуп эсептелинет. Мектеп окуучулары, студенттер жана профессионалдар үчүн деги эле код жазууну үйрөнгүсү келген ар-бир адам үчүн ыӊгайлуу систем, программалоодо колдонулуучу HTML жана CSS, JavaScript, jQuery, PHP, Python, Ruby тилдери жөнүндө кыргыз тилинде кенен материалдарга бай курстарды камтыйт. Курстар кичине теория тапшырма жана ал тапшырманы аткара турган интерактивдүү терезелери менен окуп жаткан адамды зериктирбейт жана колдонууда абдан ыӊгайлуу. Билим берүүдө практикасын көп жана кызыктуу кылуу менен өзгөчө методдорду колдонот.

Тестирлөө системдери

 Ар кандай билим берүү мекемелерине кирүү, жумушка орношуу, билимдин ар кыл тармагында билим деӊгээлин билиш, деги эле өзүн сынаш үчүн ар түрдүү тесттерди тапшырабыз. Кыргыз тилинде тестирлөө системдеринен мисалдарды көрөлү.

1. http://www.testing.kg/kg/ Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагына даярдануу үчүн же болбосо өз билимибизди текшерүүүчүн жасалган интернет булак. АКШнын эл аралык өнүгүү агентствосу (USAID) тарабынан каржыланып даярдалган бул систем ЖРТда берилүүчү 9 категория 360 тестти ичине камтыйт. Ар бир категорияга тиешелүү тест топтому жана ал тесттерди тапшырууга кеткен убакыт берилген. Мисал катары, “Окуу жана түшүнүү” категориясында 30 тапшырма берилген, чектелген убактысы болсо 60 минута. Тестти тапшыргандан соӊ туура жана туура эмес белгиленген тапшырмалардын тизмеси менен тааныша аласыз.

2. http://pdd.kg/online-test/ Сизди жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча сынакка ала турган веб сайт. Тестти  орус тилинде же кыргыз тилинде тапшырууга мүмкүн. 10 тест тапшырасыз, жыйынтыгында кайсы тесттерди туура же туура эмес аткаргандыгыӊыз жөнүндө маалымат ала аласыз.

Билим берүүгө тиешелүү башка системдер жөнүндө кыскача маалымат

 1. http://oel.bik.org.kg/ “Афтореферат жана диссертациялардын корпоративдик  жайы (репозиторий)” (КРАД) аттуу проекттин веб баракчасы. Бул жакта орус жана кыргыз тилинде 328 автореферат, 7 диссертация, 13 монография жана 17 статья жайгаштырылган жана базасы толукталууда.

2. https://online.toktom.kg/ – порталынан мамлекетибиздин мыйзамдарын окусак болот. Системдин базасы күндөн күнгө толукталып турат. Ыӊгайлуу издөө, филтрлөө модулдары менен камтылган.

3. https://ky.wikibooks.org – бул жактан кыргыз тилинде жарыяланган 45 макаланы таба аласыздар.

4. http://rarebooks.net.kg 2008-жылдын сентябрь айында “Кыргызстандын китепкана-маалымат консорциуму” мамлекеттик 4 башкы китепкананы (Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасы, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Илимий китепканасы жана В. Ленин атындагы Ысык-Көл облустук китепканасы) бириктирип, “Кыргызстандын китеп мурастары – сактоо жана элге жайылтуу” проектин ишке киргизген. Проекттин негизинде 50 миӊден ашык китеп тандалып алынган, алардын арасынан уникалдуу, баалуу, раритет 120 китептин электрондук варианты жасалып, веб баракчага жайгаштырылган.

5.http://www.ted.com/talks?language=ky Кыргыз тилине которулган TED (Technology Entertainment Design; Технология, оюн-зоок, дизайн) презентацияларынын видео версиялары.

6. http://stellarium.org/ky/ Stellarium – акысыз, коду ачык компьютердик планетарий. Бул куралданбаган көз, дүрбү же телескоп менен көргөн сыяктуу, чындыкка негизделген 3D асманды көрсөтөт. Өзгөчөлүктөрү болуп: 600 миӊден ашык жылдызды камтыган стандарттуу каталог, 210 миллион жылдызды камтыган кошумча каталогдор, жылдыздык топтолуштар жана топ жылдыздардын сүрөттөрү, тумандуулуктардын сүрөттөрү (Мессьенин толук каталогу), чындыкка негизделген Саманчынын Жолу, чындыкка негизделген атмосфера, күн батуу жана күн чыгуу, планеталар жана алардын жандоочулары эсептелинет.

7. http://kmb3.hostenko.com/ Сайт кыргыз жаштарынын жана агартуу кызматкерлеринин электрондук баарлашуу аянтчасы болуп, кыргыз тилинде окуган мектеп окуучуларынын жана окуу жайлардын студенттеринин эне тилинде сапаттуу билим алуу, татыктуу кесип тандоо сыяктуу муктаждыктарын канааттандыруу максатын көздөйт.

8. http://www.kyrgyz-audio.com/ Сайтта кыргыз тилиндеги жомоктор, аӊгемелер, макал-лакаптар, акылмандардын ой толгоолору менен аудио жана текст форматында таанышууга болот. Кыргыз эл жомокторунун эӊ жакшы жыйнагы экендигин да айта кетелик.

Билим берүүгө тиешеси бар башка веб баракчалардын тизмеси

 1. http://www.bilim-kg.narod.ru – методикалык сунуштар

2. http://faqs.kg/ – суроо-жооп сервиси

3. http://kyrlibnet.kg/ – Кыргызстан китепканалар тармагы

4. http://mamtil.kg/ – Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы

5. http://akunova25.narod.ru/ – жогорку окуу жайларында кыргыз тилин окутуучуларга жана студенттерге арналган веб баракча

6. http://www.ibekboev.narod.ru/ – Бекбоев Исак Бекбоевичтин усулканасы

7. http://kyrgyzinfo.ru/ – кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар

8. http://students.com.kg – студенттик портал

9. http://bilim.journalist.kg/ – журналисттер үчүн пайдалуу блог

10. http://ca-mediators.net/ – тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби

11. https://kgchem.wordpress.com/ – химиялык блог

12. http://www.cawater-info.net/ca/index.php?option=com_content&view=section&id=3&Itemid=2 – CAWATER info, Борбордук азиядагы суу ресурстары жана экология боюнча маалыматтар дайджести

13. http://manasordo.com/ – кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплекси

14. http://www.kyrgyz-audio.com/ – кыргыз эл жомокторунун эӊ жакшы жыйнагы

15. http://www.azattyk.kg/section/kids_fairytales/3241.html – аудио жомоктор

16. http://www.turkcekirgizca.com – Түркчө-Kыргызча сабактар

17. http://kyrgyz-kaiwa.com/ – жапондор үчүн кыргызча үйрөнүү булагы

18. http://okuma.kg/ – сайт кыргыз жаштарынын жана агартуу кызматкерлеринин электрондук баарлашуу аянтчасы болуп, кыргыз тилинде окуган мектеп окуучуларынын жана окуу жайлардын студенттеринин эне тилинде сапаттуу билим алуу, татыктуу кесип тандоо сыяктуу муктаждыктарын канааттандыруу максатын көздөйт.

Авторлор: т.и.кандидаты Жумабаева Чынара, Барыктабасов Касым, Майтыков Тилек, Турдакунов Кылычбек, Болушбек уулу Аким,  проф. Бримкулов Улан Нургазиевич (илимий жетекчи)

 

4 Комментарии

    • “Система” сөзү кыргызча сөз эмес, бул англисче “System” деген сөздөн орусчага “Система” деп кирген сөз. Сырт жактан сөз алып жатканда сөздүн ээси болгон тилден алган туура себеби ортодогу тилдердин мүчөлөрү кошулуп кетет. Бул учурда “а” тамгасы. Ошондуктан англисчеден эле түздөн түз алсак “Систем” гана жазуу туура болуп эсептелинет.

  1. Made айтып атат, “кыргыз тилинде” деп, мен буга кошулат элем. Чынында дээрлик бир кылым биз окуп, колдонуп келген сөз да. Экинчиден “Сырт жактан сөз алып жаткан” учур да ошол бир кылым мурунку учурга туура келет. Илимпоз ата бабаларыбыз колдонуп келген, бизге канча жыл мектепте сиңип калган сөздү бурмалабасак жакшы болмок. Түрктөрдө мисалы “algoritma” деген сөз бар ал дагы англисче “algoritm” деген сөз го. Аларга ыңгайлуу, аларга сиңип калган. Университетте “network”,(горизонталдык жана вертикалдык сызыктардын кесилиши) орусча “сеть” деген сөздү кыргызча “тармак” деп которулганын окуп жүрдүк, буга мен кошулмак эмесмин. Тармак деген орусча “отрасль” да. Бир багытты көздөгөн ишмердүүлүк бул – тармак деп түшүнөм кыргызчада. Дагы деле студенттерге ошентип окутулуп атса керек. Кыргызстандагы Мобилдик операторлор “вне сети”, “в сети” деген сөздөрдү “түйүн ичинде”, “түйүн сыртында” деп айтып атышат, бул да туура эмес. Түйүн – узел – unit.

Добавить комментарий для Кылычбек Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*