CAPSA ЭЛ АРАЛЫК ИЗИЛДӨӨСҮ: ИЛИМИЙ НЕГИЗДЕЛГЕН ЫКМА

Билим берүү жана илим министрлиги, GIZдин “Борбордук Азияда билим берүү системасын реформалоо” регионалдык программасы Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептеринин 4-классынын окуучуларынын математика, окуу жана түшүнүү боюнча билим жетишкендиктеринин баалоонун (CAPSA) жыйынтыктарын максаттуу топ  менен бирдикте талкуулап, сунуштарды иштеп чыгышты.

Кереге кеңешке катышкан билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Эсенкулов, Германия элчилигинин өнүгүү максатында кызматташуу маселелери боюнча референти П.Хиппманн аталган изилдөө тууралуу сөз сүйлөп, иш-чараны ачып беришти. Андан соң GIZдин “Борбордук Азияда билим берүү системасын реформалоо” программасынын Кыргызстан боюнча улуттук координатору И.Мамытова “Борбордук Азиянын билим берүүнүн сапаты тармагындагы аймактык диалог” багытынын иштери тууралуу”, Берлиндеги Гумбольд университетинин профессору Райнер Леманн “Борбордук Азиянын адистери менен билим берүү сапаты тармагы боюнча иш тажрыйбасы”, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти А.Мамытов “CAPSA эл аралык изилдөөсү: илимий негизделген ыкма”, Тестирлөө борборунун мүдүрү А.Бакиров “УТБ башталгыч мектептеги педагогикалык өлчөп-ченөө системасында”  деген темада презентациялары менен топту тааныштырып, суроолорго жооп беришти.

CAPSA изилдөөлөрү эл аралык деңгээлде GIZдин “Борбордук Азияда билим берүү системасын реформалоо” программасынын алкагында “Борбордук Азиядагы аймактык диалог” компоненти менен координацияланып, ошондой эле педагогикалык өлчөөлөр тармагындагы беделдүү адис, Берлиндеги Гумбольд университетинин профессору, доктор Райнер Леманндын жетекчилиги алдында туруктуу негизде иш алып барган чакан улуттук командалар аркылуу аткарылган. Мындан сырткары Борбордук Азиядагы жумушчу тобун окутуу жана техникалык коштоо үчүн психометрика боюнча интеграциялашкан адис Юлия Левин ишке тартылган.

—          Ишти мындай уюштуруу окуучулар, мугалимдер жана мектептер боюнча маалыматтарды камтыган эл аралык база боюнча өлкөлөр аралык кейстердин салыштырмалуулугун камсыз кылат, ошондой эле башталгыч билим берүү боюнча улуттук баалоо системин түзүү жана эл аралык салыштырмалуу изилдөөлөргө негизин түптөйт. Изилдөөнүн максаты – өлкөдө иштеп жаткан билим берүү стандарттарына шайкештикте окуучулар кандай билимге жана көндүмдөргө ээ экендиги, жана кайсы факторлор билим берүү натыйжаларына олуттуу таасир тийгизери тууралуу объективдүү жана илимий негизделген маалыматтарды алууну көздөйт. Кеңири масштабдуу изилдөөлөр Борбордук Азия өлкөлөрүндө (Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан) 4-класстарда 2015-жылдын апрелинде өткөрүлдү.

CAPSA куралдары болуп математика жана окуу боюнча стандартташтырылган тесттер, ошондой эле окуучулар, мектеп жетекчилери жана мугалимдер үчүн анкеталар болуп эсептелет. Изилдөөлөр учурунда билим берүү тармагындагы жаңы методикалык ыкмаларды жана технологияларды колдонууда илимий жана технологиялык сапат сакталды, — дейт Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов.

Бардык Борбордук Азия өлкөлөрүндө мектептерди тандап алуу берилген мектептеги изилденип жаткан параллель класстардын окуучуларынын санын эске алуу менен болжолдоп тандап алуу ыкмасы аркылуу жүргүзүлгөн. Кыргызстанда изилдөөгө катышуу үчүн мектептерди тандап алуу аймактар боюнча ишке ашырылды. Бул ыкма стратташтырылган тандап алуу деп аталат. Бардык аймактарда ал аймакта жайгашкан мектептердин толук тизмеси түзүлүп, керектүү маалыматтар камтылды.

Абакир Мамытовдун айтымында, изилдөө стандартташтырылган тесттер жана сурамжылоо аркылуу жүргүзүлдү. Маселен, математика боюнча тест 24 суроодон турса, окуу жана түшүнүү боюнча тест 20 суроодон турду. Ал эми окуучу үчүн берилген анкетада 19 суроо, мугалим үчүн 15 суроо жана жетекчи үчүн 27 суроо берилген.

—          Изилдөөгө 162 мектептин 4-классынын 4027 окуучусу катышты. Репрезентативдүү тандоо болду, камтуу индекси 87% түздү. Негизги изилдөөгө чейин эки жолу пилоттук изилдөө өткөн 2014- жана 2015-жылдары, — дейт А.Мамытов.

Республиканын мектептеринин 4-классынын окуучуларынын математика, окуу жана түшүнүү боюнча билим жетишкендиктерин баалоонун натыйжаларын талдап көрүп, төмөнкүдөй тыянак чыгарылды.

Окуучулардын 25,5% математика боюнча жогорку деңгээлдеги жетишкендиктерди көрсөтүштү, ал эми 18,5% окуучулар базалык деңгээлге жеткен эмес. Математика боюнча начар көрсөткүчтөр “геометриялык мисалдар”, “чоңдуктар”, “алгебралык мисалдар” бөлүмдөрүнөн аныкталган: стандарттан тыш кырдаалдарда кесиндинин узундугун өлчөй алуу билгичтиги (27% окуучулар аткара алган); кыймылга арналган, б.а. убакыт-мезгилин табуу керек болгон тапшырмаларды аткара алуу билгичтиги (35% окуучу аткарган). Окуучулардын 12,5% окуу жана түшүнүү боюнча жогорку деңгээлдеги жетишкендиктерди көрсөтүшсө, ал эми 31% окуучулар базалык деңгээлге жеткен эмес. Окуу жана түшүнүү боюнча окуучулар маалымат менен иштей алуу көндүмүнөн начар көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн: тест боюнча андагы окуя-көрүнүштөрдү болуп жаткан иш-аракеттер менен дал келтирип, шайкештигин таба алуу билгичтиги; тексттин жанрдык өзгөчөлүгүн аныктай алуу билгичтиги; тексттеги башкы ойду экинчи даражадагы ойдон бөлүп аныктай алуу билгичтиги; алган маалыматын системага келтире алуу билгичтиги жана алган маалыматтан тыянак чыгара алуу билгичтиги текшерилген.

Республиканын мектептеринин башталгыч класстарынын окуучулары тест менен иштөө көндүмдөрүнө ээ эмес жана стандарттуу эмес тапшырмаларды чече алышпаары белгилүү болду. Алар үчүн төмөнкүдөй форматтагы тапшырмаларды аткаруу кыйынчылык жаратты: шайкештигин аныктоо; ырааттуулугун аныктоо; кыскача жооп берүүнү талап кылган ачык типтеги тапшырмалар.

CAPSA изилдөөлөрүнүн натыйжалары окуучулардын математика, окуу жана түшүнүү боюнча ар түрдүү деңгээлин көрсөтүштү, ошондой эле окуучулардын жетишкендиктери төмөнкү негизги факторлорго байланыштуу экенин аныкталды: үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына; мектептин билим берүү ресурстарына жана анда түзүлгөн шарттарга; сабактарды окутуу методикасына. Ошентип, кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү органдарга сунуштар айтылды. Мисалы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын деңгээлинде (социалдык жардам көрсөтүү бөлүмдөрү, ОПСД) калктын аярлуу катмарларына социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө төмөнкүдөй жардам көрсөтүү: аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүү; республиканын жарандарынын ички жана тышкы миграциясына байланыштуу мектеп жашындагы балдары бар үй-бүлөлөрдүн эсебин алуу, колдоо көрсөтүү, балдарды коргоо жана кам көрүү, ошондой эле CAPSA жана башка изилдөөлөрдүн натыйжаларын башталгыч мектеп окуучуларынын билим сапатын жогорулатуу үчүн төмөнкүлөрдү иштеп чыгууда пайдалануу: билим берүү стандарттарын; окуу мерчемдерин жана программаларын; окуу китептерин жана мугалимдер үчүн окуу-методикалык колдонмолорду жана текшерүү, өлчөө, баалоо материалдарын. Баса, окутуунун заманбап технологияларын колдонуу менен студенттерди даярдоо сапатын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү; акыр аягында жетишиле турган натыйжага багыт алуу педагогикалык адистерди даярдоонун максаты болуп калышы керек деген ж.б.у.с. сунуштар айтылды.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*