“ЖАЙЛООДОГУ ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУНУН” УЮШТУРУУЧУЛАРЫ ЖАНА ТАРБИЯЧЫЛАРЫ ҮЧҮН ТРЕНИНГ

 “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Ысык-Көл  облусундагы «Жайлоодогу өнүгүү борборлору – 2016” долбооруна катышкан уюштуруучулар жана тарбиячылар үчүн тренинг өткөрөт. Тренинг 2016-жылы 14-июнда  Каракол шаарында уюштурулууда. Тренинге областтын  райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын социалдык маселелер боюнча орун басарлары, айыл округдардын башчылары, бала бакча башчылары, жайыт комитеттеринин, билим берүү бөлүмдөрүнүн, балдардын чыгармачылык борборлорунун өкүлдөрү катышышат.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдукфондунун пресс-катчысы Топчугүл Шайдуллаеванын берген маалыматына караганда, 2016-жылдын жай айларында Кыргызстандын бардык областтарынын тоолуу аймактарында 110 жайлоо өнүгүү борборлорун ачуу пландалууда. Жайлоодогу өнүгүү борборлору тоолуу аймактарда жашаган мекендештерибиздин балдары жай айларында  күнүгө үч сааттан окуп, бири-бири менен эриш-аркак иштеп, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат.

–          Көк шиберден орун алган өнүктүрүү борборлорунда 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар келишип, ар күнү 3 саат билгичтиктерин жана көндүмдөрүн өрчүтүшөт. Ар кыл курактагы балдарга арналган атайын программа иштелип чыккан. Бул борборлорго бекитилген педагогдордон тышкары, сүрөтчүлөр, шахматисттер, окумуштуулар, инженерлер, тренерлер, искусство чеберлери, белгилүү адамдар, чет өлкөлүк өнөктөштөр келип, мастер-класстарды мезгил-мезгили менен көрсөтүп турушат. Балдарга өнөр үйрөтүшөт. Андан тышкары ата-энелер, жайыт колдонуучулар үчүн балдарды туура тарбиялоо, курактык психология, үй-бүлөлүк тарбияда атанын орду сыяктуу тренингдер, мастер-класстар болот, – дейт Т.Шайдуллаева.

Жайлоо бала бакчаларын ачуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Жайыт департаменти, жогорку окуу жайлар, Балдар чыгармачыл борборлору, райондук билим берүү мекемелери менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашат.  «Жайлоо өнүгүү борборлору» модели мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жагынан айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 66 03 82, (0556) 54 91 54  телефондоруна кайрылсаңыздар (Арстанбек Сагынтай уулу) болот.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*