КЫРГЫЗ АЛФАВИТИН РЕФОРМАЛООНУН ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ БАРБЫ?..

 Дүйнө жүзүндө бардык элдерде алфавитти реформа кылуу үч багытта жүрүп келген:

Биринчиси жана негизгиси – тилин жана элин сактап калуу багыты. Экинчиси, бийлик жана байлык элитасы өз элин маӊкурт кылуу багыты (албетте, мындай учурларда сырткы күчтөрдүн таасири чоӊ болгон). Үчүнчүсү, метрополиянын колониялдык элге өз алфавитин, жазмасын, керек болсо тилин таӊуулоо максатында жүргүзүп келген багыты.

Алфавитти реформа кылуу дүйнөлүк тил илиминде кеӊири орун алган прогрессивдүү же регрессивдүү көрүнүш болгон. Мисалга алсак, орустар мындан миӊ жыл мурун (Киевская Русь) кириллицага өткөндө регрессивдүү көрүнүш болгон, анткени ага чейинки рун тамгасы менен жазылган 6 миӊ жылдык тарыхы жок кылынган. Россия XVIII кылымда гана прогрессивдүү жолго түшө баштаган (М. В. Ломоносов, Российская грамматика, 1755 г.).

Кыргыз эли да миӊ жылдай мурун, Карахан доорунда, ушундай эле окуяга дуушар болгон. Айырмасы: орустарга латын тамгаларынын негизинде Библияны окутуу үчүн кириллица таӊууланган болсо, кыргыздарды ислам дининин алкагында кармап туруу үчүн араб тамгасы таӊууланган. Экөөнүн теӊ максаты бирдей: улуттун тарыхый эс-тутумун жоготуп, өздөрүнө баш ийдирип алуу. Бүгүн да бул көрүнүш кеӊири жайылып бара жатат.

1924–жылы араб алфавити белгилүүөлчөмдө кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайыкташтыруу менен кайрадан иштелип чыккан. Бул реформанын негизинде туӊгуч улуттук газетабыз “Эркин Тоо” жарык көргөн жана жазма адабий тилибиздин калыптанышына биринчи кадам ташталган. Бирок араб алфавити кыргыз тилинин тыбыштык түзүлүшүн толук чагылдыра алган эмес, айрыкча, кыска үндүүлөр менен созулма үндүүлөрдүн айырмасын араб тамгалары менен берүү кыйла кыйынчылыктарды жараткан.

Коммунисттик партия ошол кезде эле СССРдин аймагында жашаган бардык элдерди “формасы боюнча улуттук, мазмуну боюнча социалисттик” аттуу утопиялык коомду курууга бириктирүү максатында иш жүргүзө баштаган. Россия падышачылыгынын мурунку колониялары автономиялык же социалисттик республика болуп жарыяланып, көпчүлүгүнүн өз жазмасы болбогондугуна байланыштуу кириллицага өткөзүү демилгеси колдоого алынган. Бул талкуу Кара-Кыргыз автономиялык областында 1925-жылы башталган. Бирок түрк тилдүү элдердин басымдуу көпчүлүгү латын тамгасын колдонууну ылайык көрүшкөн. Бул чечим 1926-жылы Баку шаарында өткөн конференцияда кабыл алынган.

Ошентип, 1928-жылы латын графикасына өтүү прогрессивдүү көрүнүш болгон. Элдин сабатсыздыгы жоюлган, окуу китептери жазылган, жазма адабиятыбыз калыптанган. Латын тамгалары кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө дээрлик жооп берген. Тилекке каршы, саясый окуяларга байланыштуу латын жазмасын сактап кала албадык.

Большевиктердин дүйнөлүк революция жана коммунизмди куруу идеясын ишке ашырууга бөгөт болууда деген шылтоо менен дин жолунда жүргөндөр (ал кезде бүгүнкүдөй ашкере динчилдер деле жок эле – А.С.) же жөн эле күнүмдүк турмушунда араб тамгаларын колдонгондор “панисламисттер” деп аталып, латын графикасы менен жазып, түрк элдери биримдикте бололу деген идеяны жактагандар “пантүркисттер” деп караланып, куугунтукка алына баштаган. Аягы 1937-1938–жылдары “эл душмандары” деген жалган жалаа жабылып, кандуу репрессия менен бүткөндүгү элдин жүрөгүндө кетпес так болуп кала берди.

1939-1940-жылдары узак талкуудан кийин Кыргыз тили менен жазуусун илимий изилдөө институту тарабынан (1936-жылы негизделген) И.А. Батманов, А. Токомбаев, Ж. Шүкүров, К.К. Юдахин сыяктуу окумуштуулардын, жазуучулардын, коомдук ишмерлердин түздөн-түз катышуусу аркылуу даярдалган кыргыз жазуусун орус графикасына (же кириллицага) өткөзүү жөнүндөгү долбоор Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетине сунушталган. 1941–жылы январь айында долбоор Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 4-сессиясында талкууланып, кыргыз жазуусун жаӊы алфавитке өткөзүү жөнүндө Закон кабыл алынган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму 1941–жылы 12-сентябрда жаӊы алфавиттин эрежелер жыйнагын, 1953–жылы 30–майда жазуу эрежелеринин такталган жаӊы текстин атайын Указ менен бекиткен.

Анда орус алфавитинин бардык тамгалары пайдаланылсын жана мурунчул  ӊ  менен эринчил  ө, ү  тыбыштары орус тилинде жок болгондуктан кошумча тамга катары киргизилсин деген чечим кабыл алынган.

Кыргыздар айтмакчы, ээрге отурганда эле кыйшык отурганбыз. Талдап көрөлү. Эмне үчүн жогоруда аталган тыбыштардай эле орус тилинде жок, бирок өз алдынча фонемалык касиети бар  К к  жана  Г г  тамгалары алфавиттин курамына кирбей калган?

К.К. Юдахин, К. Карасаев өӊдүү авторлор кыргыздар үндөштүк законуна ылайык ансыз деле жоон үндүүлөр (а, о, у, ы) келген сөздөрдө к тыбышын кыйналбай эле айтышат, ошон үчүн алфавитке ашка жүк, башка жүк кылбай, бир эле тамганы (к) калтыралы деген сунушун таӊуулашкан. Бул пикир бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет. Башка түрк элдери, мисалы, казактар, өзбектер, азербайжандар, балгарлар, карачайлар айтылган тамганы өз алфавитинде сактап калышкан.

Алфавиттин долбоорун даярдагандар тарабынан кыргыздын түпчүл  К,  Г жана К, Г тыбыштары эки башкача жасалары, бөлөк үнсүздөрдө мындай касиет жок экендиги, тилдин сингармонизм (үндөштүк) законун так ушул аталган үнсүздөр кармап турары, оозеки чыгармачылыкта кеӊири кездешкен  тыбыш экендиги (айрыкча, “Манас” эпосун айтууда), түпкүрдөн бери келе жаткан сөздөрүбүздүн айтылуу эрежесин сактап калуу керек экендиги сыяктуу жүйөлүү себептер эске алынган эмес. Анын үстүнө жазуу эрежеси сөзсүз түрдө айтылуу эрежесине таасирин тийгизери анык эмеспи.

Орус алфавитинин кээ бир тамгалары, мисалы,  в, ъ, ю, ь, щ, ф, ц кабыл алынган сөздөрдү жазууда пайдаланылат деген эреже киргизилет дагы, я, ё, е, ю тамгаларынын статусу такталбай кыргыз тилинин төл сөздөрүн жазууда колдонууга жол берилет.

Жазууда  а, о, у, э  үндүү тыбыштары  й  тыбышанан кийин келсе, я, ё, ю, е (М.: аяк, туюк, киет, коён ж.б), созулма  оо, уу  үндүүлөрү  й  тыбышынан кийин келсе,  ёо, юу  түрүндө жазылат (М.: боёо, баюу ж.б.) деген эреже киргизилет.

Жыйынтыгында, морфологиялык принцип бузулуп, көп сөздөрүбүздү уӊгу-мүчөгө ажырата албай калдык. Мисалы, эреже боюнча: таята, туурасы: тайата – бул сөз эки уӊгудан турары балага деле түшүнүктүү болуп турат. Ошондой эле, баюу-байуу, тоюу, тойуна, тойума, киет-кийет, (салыштыр: кийим, кийем, кийесиӊ, байыймым, байыйсыӊ, байыйт ж.б). Бул эрежени киргизүүдө авторлор араб, фарси, татар тилдерин билгендиги жана ошол тилдердин эрежелерин пайдалангандыгы байкалып турат.

Орус тилинде аталган тамгалар  j (йот)тыбышы аркылуу айтылып, үнсүздөрдүн жана үндүүлөрдүн жумшарып кетүүсүн шарттайт. Мисалы: дядя, тетя [транскрипцияда: [д`aдъ], [т`оть]. Ошол үчүн бул тыбыш өзүнчө тамга катары орус алфавитине киргизилген эмес.

Ал эми кыргыздар жасалуу орду боюнча эки башка фонеманы, тактап айтканда,  j  тыбышы менен  й  тыбышын жаӊылыш алмаштырып алышкандыктан “йоттошкон тамгалар” жөнүндө талаш бүгүнкү күнгө чейин уланып келет.

Орустар жумшак үнсүздөрдү туура жазуу жана айтуу үчүн  ь  (ичкертүү) жана  ъ  (ажыратуу) белгилерин алфавитке кошумча тамга катары киргизишкен. М.: мать, подъезд, беречь, съезд ж.б.

Кыргыз тилинин жазуу эрежесин түзүүдө орус тилинин мындай өзгөчөлүгүн “билбей калуу” да таасирин тийгизген. Анткени биз жумшак үнсүз деп ”звонкий” (б, в, г, д, з) үнсүздөрдү түшүнүп алганбыз.

Орус тилинде дагы бир эреже бар: сөздүн башында  Э  жазылат, башка жерлеринде  е  колдонулат деген. Бул эрежени да кыргыз тилине түздөн-түз которуп алганбыз. Айрыкча,  е  тамгасы же кыска үндүүлөрдүн санында жок, же созулма үндүүлөрдүн санында жок, бирок, ичке үндүүлөрдүн катарында кеӊири колдонулууда.

ХХ кылымдын 50-70-жылдарында мектептерибиз, институттарыбыз көбөйүп, Илимдер академиясы ачылып, дүйнөгө таанылып, кириллица кыргыз эли үчүн прогрессивдүү ролду ойной баштады. Кыргыз тилине мүнөздүү эмес, кээ бир тыбыштарды (в, ф, я, ю, ё) өздөштүрө алдык. Бул биздин байлыгыбыз. Бирок шашылыш кабыл алынган алфавитте кемчиликтер да калды. Бүгүнкү күнгө чейин талаш маселелерди туудуруп келе жаткан көрүнүштүн тамыры 1941-жылы сентябрь айында кабыл  алынган жазуу эрежесинде.

Жогоруда айтылган кемчиликтерди жоюу биздин ыйык милдетибиз. Демек, кыргыз алфавитин реформа кылуу зарыл деп эсептейбиз.

Реформанын максаты: XIX–ХХ кылымдарда сүйлөгөн тилибизди элибиздин эс-тутумунда сактап калуу жана адабий тилибизди мындан ары жаӊы баскычка көтөрүү жана өнүктүрүү.

Биринчиден, кыргыз тилинин колорити, өзгөчөлүгү сакталып калат.

Экинчиден, жазуу эрежесинин (орфографиянын) фонемалык, морфологиялык, тарыхый (же салттуу) принциптери толугу менен ордуна келет.

Үчүнчүдөн, көөнө кыргыз тилинин сөздөрү бузулуп жазылууга жана айтылууга дуушар болбойт.

Төртүнчүдөн, бирден-бир байлыгыбыз “Манас” эпосу баш болгон элдик оозеки чыгармаларыбыз, акын-жазуучуларыбыздын, окумуштууларыбыздын эмгектери оригиналда кандай болсо, так ошондой айтылып, окулуп, жазылып, транскрипцияланып дүйнөгө таанылып турат.

Бешинчиден, 150 жылдан бери кириллица менен жазылып жыйналган миллиондогон тонна байлыгыбыз, келечек муун үчүн ошол бойдон сакталып калат.

Ой толгоо. Экономикалык жактан алып караганда мамлекеттик бюджетке чоӊ жүк болбойт.

Убакыт жагынан алып караганда процесс 15-20 жылдын ичинде аяктайт.

Саясий жагынан алганда элибиз башка өлкөлөрдүн, өзгөчө түрк тилдүүөлкөлөрдүн (Түркия, Өзбекстан, Казакстан) таасиринде калбайт жана сиӊип кетпейт (мисалы, Армения жана Грузия өз алфавитин сактап калуу менен бирге улуттук иденттүүлүгүн да сактап кала алышты). Орус тили тарабынан таӊуулоо же сиӊирип кетүү коркунучу жок.

Идеологиялык жактан алганда элди эл катары кармап турууга чоӊ мүмкүнчүлүк түзүлөт, мамлекеттин кызыкчылыгына доо кетпейт. Андан тышкары, келечек  муундарга эч качан колдонуудагы тамгаларыбызды бөтөн элдердин тамгаларына (мисалы: латын, араб ж.б) алмаштырбагыла деген мурас калтырышыбыз керек.

2.Кыргыз тилиндеги К к (кы) жана Г г (гы) тыбыштары өзүнчө тамга менен белгиленген эмес. Бул тамгаларды сөзсүз түрдө алфавитке киргизүү керек.                 

Сунуш:

 1. Кыргыз тилинин алфавитин эки топко бөлүү сунушу киргизилет:

1-топ – кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө толук жооп бере турган  тамгалар:

Аа, Бб, Гг, Гг (гы), Дд, Жж (дж), Зз, Ии, Йй, Кк, Кк (кы), Лл, Мм, Нн, ӊ, Оо, Өө, Пп, Рр, Сс, Тт, Уу, Үү, Хх, Чч, Шш, Ыы, Ээ – баары 28 тамга.

2-топ – Вв, Ее, Ёё, Жж, Фф, Цц, Щщ, ъ, ь, Юю, Яя – баары 11 тамгадан турат да чет тилдерден кирген, бирок кыргыз тилинде кеӊири колдонулуп жүргөн сөздөрдү жазууда пайдаланылат. Мисалы: вагон, телевизор, жюри, фабрика, цемент, борщ, съезд, тюль, юрист, химия, Владимир, Яковлев, Москва, Ярославль, ж.б.

Эскертүү: кыргыз тилинин төл сөздөрүн жазууда колдонулбайт.

3. 1-топтун тамгалары жазуу эрежелери менен такталат.

2-топтун тамгалары орус тилинин эрежесине ылайык колдонулат.

Эскертүү: 2 топ теӊ алфавиттин корунда калат, бирок эки башка саналат жана окутулат.

Анарбай Сыдыков,

филология илимдеринин доктору, К.Карасаев атындагы БГУнун профессору.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*