ТӨРТ ТУЯГЫН ТЕӉ ТАШТАГАН КЛАССИК…

Тарыхтын  өкүмү күч жана  оош-кыйышы  чексиз. Дегеним,  биздин  заманга  чейинки доордун  монгол  чапкынына  чейинки  мезгилдин, мейкиндиктин  тарыхый драмасында  Борбордук  Азияда  нечендеген  этностор  жана  уруулар  жашап  өтүшкөн. Тыӊдары  хан  ордосун  курушкан. Алсак, байыркы  гунндар  300 жыл, сиянблер, тобалар, түрктөр, кидандар  200 жылдан,  жужандар 150 жылдан  кылыч-найза  ойнотуп, тулпар  туяктарын  дүӊгүрөтүп,  бийликте  турушкан.

Кыргыздар  Борбордук  Азияда  сексен  жылдай  хан  тактысында   көк  асабасын  желбиретти. Ошончо  көчмөн  элдердин  ичинен  б.з.ч. доордон  бери  эӊ  узак  өмүр  сүргөн, тарыхта  изин  өчүрбөй  келе  жаткан  көөнө  калк, албетте,  кыргыздар. Андай узак  “жашоонун” керемет  күчү  эмнеде  болду  экен деген  табигый  суроо  туулат.

Көрсө,  байыркы  бабалардын  тили, алардын  тарыхы менен тарыхый эс тутуму, салт-санаасы менен  маданияты,  тутунган  тууру  менен  мекени, “Манас”  эпосунан   Ч.Айтматовго  чейинки  рухий-философиялык  акылман  аалам-космосу, көчмөндүүлүккө  ылайыкташкан  материалдык-экономикалык  этнобулактары, ошондой  эле  табият  менен  кудайдын  көмөгү,  ж.б.  баалуулуктары, акыйкатта, XXI  кылымга  жеткирди.

Ошол  улуттук  баалуулуктардын  сабында  Касым  менен  Аалынын, Мукай менен  Жоомарттын, Жусуп  менен  Алыкулдун, Касымаалы  менен  Түгөлбайдын, Райкан  менен  Мидиндин, Абдырасул  менен  Темиркулдун  көркөм–поэтикалык, эстетикалык-интеллектуалдык   асыл жана алп   дүйнөлөрүнүн улуу көчүндө төрт  туягын  төп  тыштаган  Насирдин  Байтемировдун  рухий байлыктары ак кар, көк  муздуу Ала-Тоодой  шаӊкайып  көрүнүп  турат.

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул  атындагы  мамлекеттик сыйлыктын  лауреаты, кыргыз адабиятынын  классиги Н.Байтемировдун  сүрөткердик  күлазыгы —  элдин  жашоо-турмушу, элдин жазмыш-тагдыры  болгон. Ал  элдин  турмушун  көрөгөчтүк, билермандык  менен  изилдей  алган, анын  өнүгүшүнүн өйдө-төмөнүн,  оош-кыйыштарын, негизги   агымынын, шарынын  тенденцияларын  даанышмандык менен, кеменгерлик  менен кармай  алган  жана  эл  тагдырынын  көркөм  сүрөтүн  образдуу, элестүү  тарта  алган. Акыйкатта, элдин  турмушу  гана  элге  жетет, элди  кызыктырат, элди  кумарлантат, элди ойлонтот жана элди  толгонтот. Элдин  акылмандуулугу, көсөмдүгү, ой-санаасы, кайгы-кубанычы  гана  элге  ортоктош  боло  алат. Элдин  ушул  улуу  нышан-касиеттерин ачып  бере  алган  ойчул, чебер  сүрөткер  Насирдин  Байтемиров  болгондугу  талашсыз.

Анын “Акыркы ок”, ”Азаматтар”, ”Салтанат”, ”Жаш  жүрөктөр”, ”Жылдызкан”, ”Тарых эстелиги”, ”Сонундар  дүйнөсү”, ”Санта”, ”Турмуш  элеги”, ”Жүрөк  күүсү”, ”Эриген  таш”, ”Махабат  дастаны”, ”Махабатым —  канатым”, ”Махабат  нуру” ж.б.  романдары, повесттери, поэмалары  жана  ыр  жыйнактары   кыргыз  адабиятындагы  барандуу да, сөөлөттүү да  чыгармалар  катары  даӊазалуу  мартабасын  бүгүнкү  күндө  да  бөксөртө  элек.

Өмүрүнүн  акыркы  жылдарында  ал  элдик  поэзиянын  салтын  улантып, дастан, казал түрүндөгү  чыгармалардын  оригиналдуу  топтомдорун  жараткан. «Бир  саптар» деген  ат  менен  ырдын  жаӊы  түрүн  токуган.

Ал  республикалык  театр, кино  өнөрүнүн  өсүп  өнүгүшүнө  көп  салымын  кошкон. Менимче,  “Аста  секин  колукту”  музыкалык  комедиясы  классикалык керемет  чыгарма.

Ырас, көркөм  баалуулуктун  ар  түрдүү даражасы  жана  көп  кырдуу  бийиктиктери  бар. Ар  бир  даража,  бийиктик  турмуш  чындыгын, жашоо акыйкатын, адам  адилдигин, пенде  дөөлөттүүлүгүн  ачуунун  жана  жалпылаштыруунун  деӊгээли  менен  белгиленет. Ал  кыргыз  адамын, кыргыз  турмушун, кыргыз  чындыгын    улуттук  жана жалпы  адамзаттык,    чыгыштык  жана  батыштык, салттуулук   жана жаӊычылдык  тариздүү  чыгармачылык   баамдоонун, сезүүнүн, туюунун  деӊгээли  аркылуу  шөкөттөөгө    жетишкен.

Жазуучу  жараткан  Керимбек,  Күлжан,  Жылдызкан, Уркуя, Санта, Серкебай, Саламат  ж.б.  образдар  өзүнчө  бир  эпикалык, доордук    көркөм-эстетикалык  кубулушка  айланып, автор  ал  образдар  аркылуу  жалпы  адамзаттык  чындыкты, жалпы  адамзаттык  гумандуу    идеяны  жалпылаштырган. Болгондо  да  салттуулук    менен     жаӊы  көркөм  жоболордун  негизинде,  өнөкөттүүлүк   менен   жаӊы  эстетикалык  мыйзам-ченемдүүлүктөрдүн  негизинде  ишке  ашырган.

Ар  түрдүү  жанрларда  жемиштүү  иштеген  сүрөткердин  автордук  идеяны алып  жүрүүчү  оӊ  каармандары, сөздүн  тереӊ  маанисинде,  рухий  жактан, эрктик  жактан, жарандык жактан  парасат-турпаты  күчтүү, карылуу, күрөшчүл  зор  инсандар. Мисалга, Уркуя — сыртта кызматта  жүргөндө  эл  камы  үчүн  күрөшкөн  принципиалдуу, чечкиндүү  инсан, ал эми  үй-бүлөсүндө  мээримдүү эне, жароокер  жар. Туугандыктын  да, жолдоштуктун да кадырын  билет. Бирок өзгөрүлбөс  бир нерсе бар. Ал кайсы  гана жерде  болбосун ак ниет, адилет, акыйкат, таза, калыс, пакиза адам бойдон  кала  берет. Романдын  идеялык-эстетикалык семантикасы, таалим-тарбиялык  нарк-насили дал  ошол  Уркуянын  образы  аркылуу  кемелине  келет,  ажайып  бир  көркүнө  чыгып  турат. Роман  аркылуу  Уркуя  Салиева  тарыхтын  кызуу  уйкусунан  ойгонгонсуп, кайрадан  биздин  катарыбызда  туруп, жаштарды  тарбиялоо  ишине  жигердүү  кызмат  кылып  жатат   деп  айтууга  менде  толук  негиздер бар.

Же төмөнкү кыргыздардын этно  өзгөчөлүгүн  чагылдырган  ыр  саптарын билбеген  окурмандар  аз  болсо  керек.

Кыргыздар  мейман  келсе  кубанышат,

Түшүп кет, түнөп  кет деп суранышат,

Үйүнө жылан  сойлоп  келсе дагы,

Сүт  чачып, айран чачып  чыгарышат.

Сомосунан  айтканда,  жазуучунун  бир  топ  чыгармаларынын  орто  мектептерде, колледждерде  жана  жогорку  окуу  жайларында   кыйла  жылдардан бери  окутулуп  келе  жатышы, асыресе   мыйзам-ченемдүү  көрүнүш.Ошондуктан     жазуучунун  чыгармачылыгынын  филология  илиминде гана    эмес, жалпы педагогика илиминде да, дидактика илиминде да, окутуунун жана  тарбиялоонун  теориясы менен методикасы илиминде да илимий  изилдөөнүн  предмети  болуп  келе  жатышы кокустук эмес.

Баамымда, Насирдин  Байтемировдун  жазуучулук  философиясы  адамдын   улуулугуна, жаратылыштын  түбөлүктүүлүгүнө, бийик  гуманизмге  жана  асылдык  идеясына  барып  такалат.

Анын  сүрөткердик   устаттыгынын  эӊ  башкы  сыры — көркөм-эстетикалык  ойлонуунун  ар  тараптуулугунда  жана  көп  түрдүүлүгүндө.Ошондой  эле  учу-кыйры  узак ой  чабытынын  диахрондуу да, синхрондуу да   тереӊдигинде жана  жайыктыгында.

Чыгармаларындагы    психологиялык  көркөм  талдоонун   жана  эстетикалык, философиялык  жалпылоонун  ар  кандай түспөлдөрүнүн, ыраӊдарынын, деӊгээлдеринин  орун  алгандыгында.

Жазуучу  жаӊы  менен эскинин, бар менен  жоктун, сүйүү  менен  жек  көрүүнүн, оӊ  менен  терстин, жакшылык  менен  жамандыктын, достук  менен  кастыктын, жеке  адам  менен  коллективдин, адал  менен  арамдын, өтмүш  менен  болмуштун, согуш  менен  тынчтыктын, тазалык  менен  ыпластыктын, шарапат  менен  кесепеттин, тоталитаризм  менен  азаттыктын, күнкордук  менен эркиндиктин, арзан  менен  кымбаттын,  ааламдашуу  менен  этномаданияттын  драмалуу  карама-каршылыгынын  жана  биримдигинин  көркөм  поэтикалык,  кайталангыс  ой тегирменинде  уникалдуу  чыгармаларын  жаратып,  мүлдө  кыргыз  элине   ат көтөргүс,  ошол  эле  мезгилде  көөнөргүс  мурас  калтырып  кетти.

Жазуучунун    чыгармалары, менимче, көркөм табылгаларга  жана   эстетикалык  ачылыштарга  бай, олжолуу жана  канжыгалуу, жалпылаштырып  айтканда,    фундаменталдуу  гуманизмге  негизделген. Залкар  сүрөткердин  чыгармачылыгы, сөздүн  толук  маанисинде,  улуттук  зор  баалуулук, кайталангыс  дөөлөт.

Демек, болочокто жазуучунун   көркөм  чыгармаларынын  турмушту, адамды, мүнөздү, карама-каршылыкты, чындыкты  сүрөттөөдөгү  өзгөчөлүгүн, жалпы  адабий  процесстеги   автордун  көркөм  чыгармаларынын  нарк-дөөлөтүн,  айтылуу  чыгармаларынын    структурасын,  поэтикалык  табиятын, көркөм-эстетикалык,  таалим-тарбиялык  касиет –сапатын аныктоодо  методологиялык жаӊыча  талап  кылынары шексиз. Башкача  айтканда  доор алмашты, кылым алмашты, баалуулуктар  менен асылдуулуктар  алмашты ошондуктан жазуучунун көркөм  дөөлөттөрүн тарыхый конкреттүү, ошол эле мезгилде  бүгүнкү  күндүн  көркөм-эстетикалык  баалуулуктарынын  бийиктигинде, тереӊдигинде  жана  ар  түрдүүлүгүндө талдоонун  олуттуу  жана  салмактуу  проблемалары  адабиятчылардын  алдында  турат. Демек, адабий-эстетикалык  ой жүгүртүүнүн этностук жана жалпы  адамзаттык  плюрализми, ар түрдүүлүгү  менен көп түрдүүлүгү алдыӊкы  планга  чыгары  шексиз.

 

 Н.Ишекеев,

педагогика  илимдерини доктору,

Ж.Баласагын атындагы 

КУУнун  проректору, профессор

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*