БИЗДИН АЙЫЛ (Таланттуу акын, чыгаан журналист Зарлык Сулаймановду эскерип)

…“Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсеӊ бир киши” демекчи, мен өзүмдүн ардактуу айылдашым, таланттуу акын, чыгаан журналист Зарлык Сулайманов тууралуу айыл-ападан көп угуп калар элем.

Бала кезден чыгармачылыкка  жакын болгон оӊ, калем кармап, бирдемелерди гезит бетине жаза коюп жүргөндүктөн, ышкы отум тутанып кетсе экен деген аруу тилек менен эӊ биринчи кезекте, туулуп-өскөн атыр жыттуу  айылдан чыккан аттуу-баштуу асыл адамдардын атын атап, ошолордой болгуӊ келет эмеспи.

Мен да ошондой чыгармачылыкка талапкер жаш жеткинчектердин катарында туруп, аймактык “Лениндик туу”, республикалык “Кыргызстан пионери”, “Ленинчил жаш” газеталарына “бешиктен белим чыкпай жатып” дегендей, 6-класстан тартып кат-кабар жөнөтө  баштадым.

Ошондо биздин айылдан Сүйүнбай Эралиев, Касым Каимов, Жакып Медетов, Зарлык Сулайманов, Медетбек Сейталиев өӊдүү жакшы чыгарма жараткан, чыгармачылыгы гүлдөп турган инсандардын атын угуп, “мен да алардын жолун жолдосом экен, атым элге угулса экен” деген чырымтал, темир канат тилек менен өзүмчө эле көкүрөгүм жалындап турар эле.

“Жаштын тилегин берет” деп, мен да тилегиме жетип 8 китептин автору болдум.

Ооба, “илим издөө – ийне менен кудук казгандай” болсо, чыгармачылык дагы ийне менен кудук казганга барабар. Айтайын дегеним, менин чыгармачылыгыма жогорудагы аты аталган айылдаш акын-жазуучулардын ичинен жаӊыдан телчигип келе жаткан жаш канатка (мага) акын Зарлык Сулаймановдун газета беттерине жарыялана калган ырлары чоӊ таасир берди (Акындын ырлары көзүөткөндөн кийин, белдүү чыккан балдарынын демилгеси менен жарык көрдү). Себеп дегенде, ал убакта “Ак мөөр” поэмасы аркылуу кыргыз элине кеӊири таанылып, “ак ырдын офицери” атка конуп калган С.Эралиевдин поэтикалык татаал, зор дүйнөсүнө караганда, акын Зарлык Сулаймановдун жөнөкөй, жатык тил менен мен өзүм көрүп-билип жүргөн айыл-апаны, тааныш жерлерди жазганы поэзия тилин (рифмасын, сүрөттөө ритмин ж.б.) тез өздөштүрүүгө, ыр жазууга кыйналбай-чайналбай, тартынбай эрте аралашып, эшигин какканга көмөк берди.

Мисалы, Кичи-Айрык, Терек, Балдыркан (мунун баары Терек деген чоӊөзөндүн ичинде) аттуу жаратылышы өтө кооз ажайып жерге бала кезде далай жолу классташтарым – Майрамбек, Бакберген, Наскул, Эсенкул, Такен, Чүкүй (Мырзабек) болуп сарымсак тергени жаз алды менен жөнөп калар элек.

Мен муну айтып жатканым, акын – зарлык Сулайманов өзүнүн (“Артыбызда издер калсын”, Бишкек, 2016-жыл), “Терек” (туулган жерге арзуу) деген ырында мындай дейт:

Жүрөгүмдөй кымбатсыӊ мага Терек,

Өзүӊдө киндик каным калса керек.

Мынчалык сүйгөнүмө кандай себеп,

Энемдей алдыӊ беле мени төрөп.

 

Чоӊойтуп бешигиӊе мени бөлөп,

Ажырап кете албаймын сенден бөлөк.

Өзүӊдү дайым эстеп согуп жүрөк,

Алыста жүрсөм дагы сен деп жүрөт.(60-бет).

Мына, бир кезде бут жоорутуп баскан, акыркы коӊгуроого коргошун гүл тергени барган, бир карасаӊ жупуну, бир карасаӊ аскасы асман тиреген сан тоолор, бир карасаӊ карапайым көрүнгөн менин ыйык Мекенимдин бир бурчу – Терек өзөнү! Ырасында, Терек аска-зоолуу, дары чөптөргө бай,  кайыӊ-талдуу, карагай-арчалуу, чер-токойлуу асыл жер. Бала кезде арстан, илбирс, карышкыр, күрөӊ аю баштаган толгон-токой жан-жаныбар бар деп угаар элек. Орозбак, Рахмадилде, Кудайберген, Макалай сыяктуу мергенчилер мергенчилик кылып, аӊ уулап келди дегенди кулагыбыз чалып калчу.

Мына ушундай керемет жерде көз жарып, ушундай ажайып кооз жайда туулганына акын ырында аябай ыраазы болот. Айылдан алыс кетсе, туулган жердин көзгө сүртөөр дарыдай касиеттүү элеси жүрөгүнүн тереӊинде жүрөрүн сыймыктануу менен эки куплет ырында таасын айта алган.

Анын үстүнө акындын уруусу жетиген болуп, анын ичинен жаӊы тууган деп аталып, жаӊы туугандар сары моюндар менен Терек өзөнүндө короолош, табакташ жашаган. Кайсы бир заманда Чыныке бий бул уруунун элин Кытайдан көчүрүп келип (тууганга таарынып көчүп кеткен дешет), ошол Терекке жайгаштырган экен.

Жаӊы туугандын улуу муундагы аксакалдары – Осмонбек, Сыдыкбек, Бейшенаалы молдо, Абаскан,  Молдоысак, Ибраимов Маалымбек, Осмонбеков Орозкан, Сыдыкбеков Молдокалый, Бегалиев Өзүбек, Бейшебаев Асанбек, Жусупбеков Майрамбек (ж.б.) сыяктуу адамкерчилиги күчтүү, карапайым, иштерман, асыл адамдар менен ар качан сыймыктанам.

Таланттуу акын, чыгаан журналист мына ушул инсандар менен насиптеш болуп бирге чоӊоюп, акыл-кеӊешин угуп, үзөнгүлөш чоӊойгон. “Аккан арыктан суу агат” деп кийин, чыгармачылык идиреги бар Зарлык Сулайманов  кыргыз элине кеӊири таанымал акын болуп чыга келди.

Бирин атасаӊ, бирин атабай коюга мүмкүн болбогон Арал  айылында бир канча таанымал, белгилүү инсандар бар. Алардын катарында Зарлык Сулайманов да турат. Зарлык Сулайманов Арал айылынын сыймыгы!

Азыр жаӊы туугандын кийинки жаштары эстүү чыгып, билимдүү, аракетчил, иш билги, элдин алды болушту. Айылдагысы-айылда, шаардагысы-шаарда оокат кылып, күн кечирип келишет.

Акындын балалыгы суктанып бүтпөгөн табияттын кучагында өтүп, кулун-тайга минишип, жарышып ойноп, мектепти Талды-Булактын оозундагы (илгерки Биринчи май колхозу) ал убактагы жаӊы мектептен аяктаган, Жаӊы-Турмуштан келген кезек сарынын, Талды-Булактан келген Төлөбай, Чокойдун балдары менен бирге аяктады.

Сөз кезеги келгенде айта кетчү нерсе, эжебиз Молдомуратова Наске акын агабыз Зарлык Сулаймановго бармактай кезден кошулуп, турмуштун арабасын өмүрдүн өрүн көздөй  бирге тартып келген кайраттуу, салабаттуу, урматтуу адам!

Арал айылынын тескей бетинде жайгашкан Сары-Булак  (Зулпукордун үстү) деген сары алтындай жер бар. Бала кезде  ал жерде далай жолу кой жайдык. Мал-келге байыстуу, жашоого ыӊгайлуу, жайыты кенен жер. Ошол жерде Наске эженин балалыгы өткөн. Молдомурат, Баймурат, Султанмурат, Кожомурат деген дыйкан, чарбакер, сөзүөтүмдүү, берекелүү бир туугандардын алдында эркелеп, батасын алып чоӊойгон. Бул аты аталган инсандардан билимдүү балдар чыгышты. Асанкан Султанмуратов энергетика жаатында Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Апыш Кожомуратов – мектептин директору, Асылбек Баймуртов – “Коммунизм” колхозунун башкы бухгалтери, Абаскан Султанмуратов – “Манас” колхозунун башкармасы болгон. Ал эми “Мураттарды” чарбакер дегеним – төөнү, жылкы баласын бапестеп баккан, дыйкан дегеним – тескейдин кайракы жерлерине эгин эккен, эмгекчил асыл адамдардан болушкан.

Наске эже менен биздин (куда-кудагый катары) жек-жаатчылык жайыбыз бар. Себеби, Баймурат жезде Рысбек кызы Кадырбүгө баш кошуп, андан Асылбек, Батын (кызы), Касымбек, Басылбек аттуу уул-кыз көрүшүп, тайке-жээн катары аралашып калдык. Наске эже Баймурат кызы Батын менен чогуу чоӊоюп калды. Наске эженин сиӊдиси – Нурипа ошол эле Арал  айылына Эсеналиев Шайлообек агайга турмушка чыккан. Агай убагында бизди тарых жана коом таануу сабагынан окутуп калды. Токой жээктеп, Аракенин айылында үй салышып, элдин арты болбой, жоон ортолоп жашоо кечирип, бала-чакалуу болушту. Агайдан жакшы таалим-тарбия алдык.

…Эми кайрадан сөзүбүздүн нугуна кайрылалы. Чындыгында, ар бир улуу адам эӊ биринчи кезекте өзүнүн (жогорудагы Зарлык Сулаймановго окшоп) Мекенин улуу, ыйык сезгени менен даражасы менен зоболосу бийик болот эмеспи.

Кезегинде, Ч.Айтматовдун философияга жык толгон, ары жөнөкөй “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” деген бир кеби эпиграфка айланып кетти. Көрсө, мындай Мекенге болгон арзуу ар бир акын-жазуучунун көкүрөгүндө кайнар булактай оргуп турат экен.

Табиятынан мекенчил акын жогоруда аталган китебинде мекен, жер-суу, жаратылыш темасына арбын кайрылган.

Көрсөм да сонун жерлерди,

Көӊүлгө таасир бербеди.

Көрсө бир сенде турбайбы,

Көкүрөк сүйүүм мендеги, – деп эл-жерге болгон тунук  сүйүүсүн бир куплет менен эле таасирдүү жеткиргенге жетишкен. Ырасында эле, биринчи коӊгуроонун, биринчи класстын босогосун аттоо, биринчи сүйүүнүн элеси эстен эч качан кетпейт эмеспи.

Акын Зарлык Сулайманов сатирик-акындар менен көбүрөөк аралашып жүрүп калгандыктан, ырларында жумшак юмор, элпек сатира көп кездешет. Айталы, “Досум” “Чалкан” (42-бет), “Мидин сөзү” (18-бет), “Бир жолдошко” (62-бет), “Ветврач” (70-бет), “Досума кеӊеш” (48-бет), “Кызматымды сурады” (49-бет), “Бир башкарма” (97-бет) ж.б.

Акын Зарлык Сулайманов жалаӊ эле сатира жаатында же эл-жер темасы менен чектелбестен, лирика багытында жакшы ырларды жазууга үлгүргөн. “Сен эмнеге?” (77-бет), “Сездиӊби, сезбей калдыӊбы?” (84-бет), “Асылы белеӊ аялдын” (111-бет), “Сен болчудай менин бак-таалайым” (100-бет), “Жамалыӊ гүлбү жайылган” (87-бет) ж.б.

Акын кайрылган тематика өтө эле ар кыл. Айталы, “Жолдоштук азил”, “Жоктоо ырлары”, “Арноолор” – мунун өзү акындын кандай гана кырдаал болбосун, ар кандай темада жаза ала тургандыгын далилдеп турат. Акын мындан тышкары, котормо менен да алектенген. Орус классиктеринен тартып, араб жазуучуларынын чыгармаларын ийине жеткире которгон.

Арноо ырларында кайнатасына, апасына, залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовго, Алыкулга жана ар бир уул-кызына, неберелерине бирден ыр арнап жазып, алардын кыял-жоруктарын, мүнөздөрүн даана ачып берип, өзүн поэзияда такшалган акын экенин көрсөтө алган.

Бир сөз менен айтканда, акын, журналист Зарлык Сулайманов аз жашап, саз жазууга жетишкен калеми курч акындардын катарына кирет. Акындын “Артыбызда издер калсын” (Бишкек, 2016-жыл) деген китеби окурмандардын купулуна толот. Себеби, китептеги ырлар жөнөкөй, жатык тил менен жазылганы башкалардан айырмаланып турат, ар бир ыр  көркөм жана чебер иштелгендиктен, окурмандарга өтө жакын. Автордун күйөрмандарынын колуна тийген “Артыбызда издер калсын” китебинин экинчи чыгарылышы жалпы окурмандарды кайдигер калтырбайт. Ар бир эпитет, ар бир сюжет даана поэзиянын көркөмдүгүнө сугартылган.

…Китептин баш сөзүн Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев жазган. Анда: “Кыргыз элинде “атанын уулу” илгертеден айтылып келе жаткан кеп бар. “Атанын баласы”, “Элдин уулу” деген атакка татыктуу болгон эр-азаматтар “эл четинде, жоо бетинде” болуп, Ата Журту үчүн кызмат кылып келишкен”, – деп автор тууралуу аксакалдык жылуу пикирин  айткан.

Сөздүн чыны – акындын уулу Эрнис Зарлыков китепти эки жолу басып чыгарган жана китептке демөөрчү болгон.

Чындыгында эле, акын, журналист Зарлык Сулаймановдун “атадан артык уулдары” – Болотбек (маркум), Деӊиз (КРнын суу траспорту жана транспорт мамлекеттик агентствосунун мүдүрү), Мелис (“Кутбилим” газетасынын башкы редакторунун орун басары), Нурпаис (жеке ишкер), Эрнис (Бишкек шаарынын вице-мэри) сыяктуу “атанын балдары” жеке жана мамлекеттик кызматты аркалап, эл жүгүн көтөрүп келишет. Биздин каарманыбыз балдарынын мындай эр жеткенин көрсө, анда иш башка эле! Акын беш уул, беш кыз көрүп (кыздары: Осипа, Нуриса, Афиса, Аиза, Аниса), аларга татыктуу тарбия берип жатып, 51 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ырасында эле, залкарлар элүүнүн (мисалы, Султан Ибраимов, Рыспай Абдыкадыров, Жолон Мамытов ж.б.) кырына чыгып кетет окшойт…

Сөзүбүздүн акырында, жогорудагыдай “артында өчпөс из калтырган” авторго, атанын эмгегин талаага таштабай жаӊыртып чыгарган, экинчи өмүрүн улаган “атанын уулуна” – Эрнис Зарлыковго, жакшылык каалайм.

Болотбек Бөкөлөев,

жазуучу

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*