КУСЕИН ИСАЕВ – улутчул публицист

Мударис Кусеин Исаев өмүрүнүн 65 жылын публицистикага арнап келе жатат. Алгачкы, тырмак алды журналисттик макаласы окуучу кезде 1952-жылы “Кыргызстан пионери” гезитине жарыяланган. Кийин студент кезинен баштап “Ленинчил жаш” гезитинин туруктуу авторуна айланганын байкайбыз.

Совет заманындагы Кыргызстанда чыгып келген “Советтик Кыргызстан”, “Советская Киргизия”, “Кыргызстан маданияты” гезиттерине дагы публицистикалык макалалары байма-бай жарыяланып келген. Кусеин Исаев агайдын Кыргызстанда кайра куруу заманында (1986-1990-жылдары) жарык көргөн аналитикалык курч макалалары кыргыздын улуттук аӊ сезимин көтөрүүгө жана көз каранды эместикке умтулуусун өстүрүүгө чоӊ түрткү болгон.

Кыргызстан көз каранды эместигине жетишкен 1991-жылдан кийинки мезгил Кусеин Исаевичтин публицисттик чеберчилигинин жаӊы этабы десек болот.

Моюнга ала турган бир көрүнүш: кыргыз маданий элитасыбы, илимий элитасыбы, саясий элитасыбы алардын арасында публицистика жазган (өз колу менен!), аны күндөлүк жашоосунун бир бөлүгү катары кабыл алып келаткандары саналуу гана. Ошол саналуулардын сап башында Кусеин Исаев агай турат десем жаӊылышпайм.

Агайдын публицистикасы темасынын актуалдуулугу, мейкиндиги, тереӊдиги, эмоционалдуулугу менен айырмаланат, ошонусу менен өзгөчөлүү.  Мударистин публицистикасы коомдогу маселенин ачык айтылышы, көйгөйдүн себептеринин так көргөзүлүшү, чечмелениши, суроонун жандырмагынын берилиши менен бийик турат. Автор коомдогу болуп жаткан көрүнүштөрдү сындап эле койбой, аны чечүүнүн жолдорун айтат, келечегин, жаман жагы болсо кесепетин да ачык айтат. Агайдын публицистикасында өз улуту, кыргызды сүйгөндүгү ачык, даана көрүнүп турат. Бул жагынан мударис Кусеин Исаев – улутчул публицист.

Кусеин Исаевдин публицистикасын көп багыттуу, көп тармактуу катары  үч чоӊ топко бөлүп карасак болот.

1. Саясий публицистика: Мударис Кусеин Исаевдин бул багыттагы макалаларында мамлекеттүүлүк негизи эмнеде, демократия принциптери эмне үчүн иштебейт, мамлекеттин башкаруу формасы, мамлекеттик идеология кандай болушу керек, Кыргызстандагы көп партиялуулук көйгөйү жана келечеги, кыргыз саясий элитасынын бедели, революциялар сабагы, шайлоо шарапаты, парламентаризмдин параметрлери, эл аралык мамиле маселери ж.б. өзөктүү темалар түзөт.

 2. Социалдык публицистика: Агайдын бул багыттагы публицистикасында балдарга карата зомбулук кыргыздын дүйнө түшүнүгүнө чыккынчылык, илим – тозбогон кудук, билбеген киши дудук, мугалим – социалдык чечүүчү күч, социалдык маалымат – туура чечимге өбөлгө, рухий дөөлөт менен билимдин үстөмдүгү жетишпей жатканы ж.б. социалдык көйгөйлөр жөнүндө чоӊ сөз кылып келатканын байкайбыз.

3. Кыргыз таануу публицистикасы: Кыргыз ким болгон? Кыргыз ким болот деген суроолор  агайдын жазгандарынын өзөгүн түзөт. Автор ал суроолорго бардык макалаларында жооп табууга аракет кылат. Кыргыздар –  көчмөндөр цивилин түзгөн улуу калк.Уруулук кызыкчылыктан элдин кызыкчылыгы бийик туруш керек. Манасизм – кыргыз таануунун негизи. Улут жана улуттук кайра жаралуу. Мекенчилдик, мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук – кыргыз идеясы. Кыргыздар – көчмөндөр цивилин жогорку деӊгээлге жеткирген улуу калк. Иденттүүлүк, иденттешүү, иденттештирүү – кыргыз мамлекетин бекемдөөнүн булагы. Баарын жыйынтыктап келгенде, кыргыз мамлекетинин келечеги, кыргыздын ооматы Чыгышта экенин ж.б. көптөгөн актуалдуу маселелерди ар тараптуу ачып берүүгө, далилдөөгө аракет кылат.

Кусеин Исаев агайдын публицистикасында портреттик очерктер өзгөчө орунда десек болот. Улуу ойчулдар, даанышмандар: Аль-Фараби, Ибн-Халдун, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкаринин, Ахмед Яссавинин; Кыргыз баатыры Алыбектин, Кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан инсандары: Жусуп Абдырахманов, Султан Ибраимовдун, өз замандаштары: Чынгыз Айтматовдун, Азиз Нарынбаевдин, Ракым Усубакуновдун, Ильяс Касендиевдин, Бектемир Мурзаибраимовдун ж.б. мекендештерибиздин портреттерин чоӊ чеберчилик менен ачып берген.

Кусеин Исаев – балдарын, үй-бүлөсүн сүйгөн инсан, Бостеридеги туугандарын, бостериликтерди сүйгөн инсан, Ысык-Көлдүн ар бир тамчысын, ар бир ташын сүйгөн инсан, Кусеин Исаев – жети дубан Ала-Тоо жергеси – улуу кыргыз мамлекетин жанынан артык сүйгөн инсан. Мекенине ак кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөткөн улутчул публицист инсан.

 Бакыт Орунбеков,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн башчысы,

саясий илимдеринин кандидаты.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*