КАНТСИН ЭЛ!.. (Поэтикалык тилде жазылган пьеса)

 

Катышуучулар:

1) ИСАНЫН үй бүлөсү: ИСА – Үркүндүн катышуучусу;

   Мырзайым – Исанын энеси (ашууда көз жумат);

   РАЗИКАН – Исанын келинчеги;

   Медер – Исанын кичинекей чүрпөсү (ашууда чарчап калат);

   Карлыгач – Исанын кызы, 11-12 жашта.

ИСА менен РАЗИКАН – Үркүндүн жүрүшүн башынан аягына чейин баяндап берген жаш үй-бүлө.

2) Узактын үй бүлөсү, ага-туугандары:

Узак – Үркүндүн катышуучусу (орто жаштагы адам);

   Жекшен – Узактын атасы;

   Сүйүнбүбү – Узактын энеси;

   Калыйча – Узактын аялы;

   Кылыч – Узактын уулу (11-12 жашта; Какшаалдагы уйгурлардын бирине малайлыкка берилет);

   Орозбакты – Узактын бир тууган агасы (ашууда көз жумат);

   Сейдана – Орозбактынын аялы, Узактын жеӊеси (ашууда көз жумат).

  Бурма   Сүйүнбүбүнүн сиӊдиси, Узактын таежеси (ашууда көз жумат)

3) Токтокенин үй-бүлөсү: Токтоке – Үркүндүн катышуучусу (орто жаштагы адам);

   Канайым – Токтокенин аялы (Канайым жүрөк оорусунан Какшаалда көз жумат; Канайымдын бир тууган эжеси ашууда каза болот);

   Жазылкан – Токтокенин кызы (14-15 жашта, Какшаалдагы уйгурлар

Жазылканды  ата-энесинин колунан тартып алып кетет).

4) Түлөкабыл – Үркүндүн катышуучусу;

   Жунуш карыя – Түлөкабылдын атасы (ашууда көз жумат).

5) Эрназар – Үркүндүн катышуучусу; Бактыгул   Эрназардын иниси (7-8 жашта; ашууда көз жумат).

6) Байымбет карыя – Үркүндүн катышуучусу (Кыргыз-Кытай чек арасында каза болот).

7) Жээнбек карыя – Байымбет карыянын досу (ашууда көз жумат).

8) Эсенкул – Үркүндүн катышуучусу; (Кичинесинен томолой жетим өскөн жигит; Кыргыз жергесинде орустардын огунан, капысынан, тирүү калат;

 Какшаалдан кыргыз жерине кайтып келе жатканда оорудан каза болот.)

 Жаӊырык үн (Автор)

 Үркүн убагындагы орус аскерлери:

Антон;

Алексей;

 Владимир;

 Иван;

 Сергей;

 Богдан.

Үркүн убагындагы Кытай чек

арачылары: 1-аскер; 2-аскер.

Үркүн убагында Какшаалда

жашаган уйгурлар:

Абдулла;

Максуд;

Али;

Сайфулла;

Садир.

(Жогоруда аты аталган  каармандардан  тышкары, бул спектаклге Үркүндөгү калыӊ элдин образын чагылдырган көптөгөн адамдар катышышы ыктымал.)

 

(1-көрүнүш)

 (Сахна «ӨМҮР ЫРЫ» унисону менен ачылат. Сахнада Үркүнгө катышкан адамдар өткөн доордо катып калгансып, ар түрдүү абалда кыймылсыз турушат. Ошол учурда Жаӊырык үн угулат.)

Жаӊырык үн (Автор):

Өмүр ырынан» үзүндү)

О-оо, ӨМҮР, улуу көчтө кылкылдаган,

ООРУ, АЖАЛ, ЖОКЧУЛУККА жыртылбаган…

Жол тоскон ЖОГОТУУГА моюн бербей,

тереӊден колун сунуп жылтылдаган…

…Кармашып кылымдап өч душман менен, жан – сактап, жоголууга жол бербеген –

элимден калган ӨМҮР – кандай кымбат, жазылган таалайына – КЫРГЫЗ – деген!

 (Жаӊырык үн токтогондо, катып турган адамдардын улам бирине жан кирип, сүйлөй баштайт.)

Узак (орто жаштагы адам):

Тик туруп Ак падышанын

огуна көкүрөк тоскон

кыргызым!.. Кыргында калып,

кыйналып, кошогун кошкон…

Калыйча (Узактын аялы):

Заман бар 100 жыл илгери

эрксизден боздогон элим…

Падыша ырайым кылбай,

кан жууган кыргыздын жерин. өзүн айтып бүтөрү менен, турган ордунда катып калат. Узак менен Калыйчанын ортосунда уулу – Кылыч бар.)

Жекшен карыя (Узактын атасы):

Найзанын учунда ыргып,

чыркырап наристе өлгөн…

Кемпир-чал, аялдар калбай,

чара жок… ажалга көнгөн! өзүн айтып бүтөрү менен, турган ордунда катып калат. Жекшендин жанында кемпири – Сүйүнбүбү, улуу баласы – Орозбакты жана анын аялы – Сейдана бар.)

Сүйүнбүбү эне (Узактын энеси):

Заман бар кылымдап баккан –

кыргыздын тарыхын каткан…

Ал тарых жүздөгөн жылдар

айтылбай сөөккө баткан!.. өзүн айтып бүтөрү менен, турган ордунда катып калат.)

Токтоке (орто жаштагы адам):

Заман бар миӊдеген адам

тирүүлөй өрттөлүп кеткен…

Ал кезде – Ак падышанын

буйругу – түбүнө жеткен. өзүн айтып бүтөрү менен, турган ордунда катып калат. Токтокенин жанында аялы – Канайым, кызы – Жазылкан бар.)

Мырзайым (Исанын энеси):

Заман бар эркиндик үчүн

күрөшүп элибиз чыккан…

Жеӊилип куралдуу күчкө

Ак падышанын бийлиги уткан… өзүн айтып бүтөрү менен, турган ордунда катып калат.)

РАЗИКАН (Исанын келинчеги; Колунда көтөргөн чүрпөсү – Медер; жанында 11-12 жаштагы кызы – Карлыгач бар):

Салмактап – өткөн доорду,

тарыхты – тана албайбыз…

Кыргыздын баскан жолун

өчүрүп сала албайбыз…

Карлыгач (Исанын кызы):

Таарыныч жок – ортодо –

жашайбыз – достук менен…

Кантели, кылымдарга –

өзгөрбөйт – тарых – деген!

Андыктан, жолугалы –

биз бүгүн – тарых менен! өзүн айтып бүтөрү менен, турган ордунда катып калат.)

ИСА:

Мезгилдин бир жак учун

мүнөткө артка кайрып…

Кайталы, кыргыз баскан

Үркүнгө сереп салып!.. (ИСА: «Кеттик!» – деп белги бергенде, сахнада катып турган Үркүндүн катышуучулары – үч үй-бүлө улам бирден сахнанын артына кирип кетет.)

(2-көрүнүш)

 КЫРГЫН…

 (Жашыруун түрдө чогулуш өткөрүп жаткан эл сахнадан көрүнөт.)

 Узак (Уулу – Кылыч, атасы – Жекшен карыя жанында турат): Ак падышанын буйругу менен айдоого жарактуу жерибизден айрылдык!.. Суунун башын Ак падышанын эли ээлеп, сууга жетпей!.. Айдоо жер тургай, казаныбыз какшып, катуу «кайгырдык»!.. Жашаган жерибизди таштап, аргасыз, тоонун боорун баш калкалар жай кылдык!..

Түлөкабыл (атасы – Жунуш карыя жанында турат): Биринчи дүйнөлүк согушка жардам кылалы деп кийим-кече, акча, жылкыларды жөнөттүк!.. Ошентсек да, бизди киши катары көрбөгөн Ак падышанын жан-жөкөрлөрүн жергебизде көбөйттүк!..

Байымбет карыя: Түтүнгө салынчу салыктын өлчөмү 4 сомдон 8 сомго өстү!..

Жекшен карыя: Ой, ал аз келгенсип, 1 сом 84 тыйындан аскер салыгын кошуп төлөмөйгөөттүк!..

ИСА: Падышанын жан-жөкөрлөрү согушту шылтоолоп, жергиликтүү калктан ат-төөлөрдү, кийим кече, боз үйлөрдү ашыкча жыйнап алып жатат!..

Жаманкул: Аскерге кеткен орус дыйкандарынын чарбасына алып барып, кыргыздарды ишке салып жатышат!..

Токтоке: Ак падыша Түркстандын элинен аскердик курактагы – 18 жаштан 45 жашка чейинки эркектерди согушка алуу жөнүндө буйрук кабыл алыптыр!..

Ак падышанын буйругу менен Сырдарыя облусу   60 миӊ, Самарканд облусу – 32 миӊ, Фергана облусу 51 миӊ, Жетисуу облусу – 43 миӊ кишини аскерге жөнөтүүгө милдеттүү болуп калыптыр!..

Орозбакты: Айдоо жерибиз жок, эгиндин түшүмү 2 эсеге азайды!.. Базар баасы өстү!.. Элдин жашоосу кыйындады!… Биринчи Дүйнөлүк согушка жардам кылабыз деп жатып, жергебизде малдын саны кыскарды!.. Кыскасы, Ак падышага каршы көтөрүлүп чыга турган гана иш калды!..

Эрназар (иниси – Бактыгул жанында турат): Аскерге киши бербейбиз!..

Эсенкул: Суунун башын өзүбүз жердейбиз!..

Жунуш карыя: Салык төлөбөйбүз!..

Доскул: Айдоо жерибизди өзүбүзгө кайтарып алабыз!.. Тоо-ташта корголоп жүрө бербейбиз!..

Жээнбек карыя: Ак падышанын сураганын сурагандай эле, бере бербейбиз!..

Узак: Ак падышага каршы чыгабыз!.. Өз элибиздин эркиндиги үчүн күрөшөбүз!..

Мергенбай: Көтөрүлүшкө даярдангыла жигиттер!…

Жигиттердин үнү жаӊырат: Эркиндик үчүн!.. Боштондук үчүн!..

(Сахнада согуштук кагылышуу чагылат. Пулемёттун, мылтыктын огунан кырылган элдин элеси көрүнөт.)

* * *

(Сахнада орус аскерлери калат.)

Антон (мылтыгын кезеп):

Аткыла!.. Аткыла!.. Генерал буйрук берди:

«Калтырбай кыргын!.. – деген.

Ак падышага баш ийбегени үчүн,

тукум курут кылгын!..» – деген.

Алексей (пулемётун сүйрөп):

Кыргыла!.. Кыргыла!..

Жер менен жексен кылгыла!..

Аскерге жигит бербөө кандай экенин,

эси-көөнүнөн кеткис кылгыла!..

Владимир (кылычын жаркылдатып ары-бери шилтеп):

Аябагыла!.. Аябагыла!..

Аялдардын ичин жарып, баласын алгыла!..

Жаш балдарын отко ыргытып,

эки аяктап басып жүргөндөрдүөлтүрүп салгыла!..

Качкандардын артынан сая түшүп,

бирин калтырбай кырып салгыла!..

Баш көтөргөн кыргыздын

жашоосуна бүлүк салгыла!..

Иван (жыгачтын учунда жалындаган отту көтөрүп алып):

Өрттөгүлө!.. Өрттөгүлө!..

Калтырбай – үйүн – өрттөгүлө!..

Уй байлар жибин өрттөгүлө!..

Тирүүлөй – элин – өрттөгүлө!..

Жашаган – жерин – өрттөгүлө!..

Сергей (Колуна айры көтөрүп алган):

Канын суудай агызгыла!..

Көзүнөн кан тамызгыла!..

«Аа-аа, мына сага!.. Мына сага!..»,

«Өлтүр тигини!.. Карасаӊ качып баратканын!..»,

«Өлгүсү келбей жан талашканын!.. – Ха-ха-ха-ха!..».

Богдан (Кылычын жаркылдатып ары-бери шилтеп):

Жолукканын жолдон өлтүргүлө!..

Уктаганын уктаган бойдон өлтүргүлө!..

Укканын ийге келтиргиле!..

Кандай кылсаӊар да, кырылган кыргыздын жерин кыӊк эттирбей,

 Ак падышага бердиргиле!..

(Тынымсыз атылып, чуулдаган октун үнү угулат. Эл кыйналат… Бири кулап, бири туруп, бири качат…)

* * *

(Орус аскерлери чыгып кетип, сахнада кыйналган эл калат.)

Ок тийип кулап жаткандардын арасынан өз айылдашы үстүнөн баса жыгылганы үчүн, анын алдында калып ок жаӊылбай тирүү калган Эсенкул орус аскерлеринин үнү угулбай калганда, каза болгон айылдашынын алдынан эптеп-септеп суурулуп чыгып: «Оо, элим, кайдасыӊ?..

    Оо, элим, кандай күнгө туш болдук?..

    Мынчалык кыргынга учурагандай,

    Теӊир алдында кандай күнөөлүү иш кылдык?!

    Айтчы, Кудай, кайсы күнөөбүз үчүн мынчалык кыргынга учурадык?!»   деп боздоп ыйлайт…

Кайрадан мылтыктын үнү жаӊырганда, ал тура калып, үрккөн элдин артынан качып жөнөйт…

* * *

ИСА:

Кантсин эл?.. Кантсин эл?..

Кыйрады кыйган талдай,

жер баскан адам калбай…

Ажалдан элим кутулбады!..

Арачы болор – жанга –

калканыч тутулбады…

Кылыч… мылтыктын огу…

жан аябаган мыкаачылардын колунан

кыргызым, кыргынга учурады!..

РАЗИКАН:

Кантсин эл?.. Кантсин эл?..

Айласы кетип турду…

Элимдин зар какшаган үнү

Кудайга жетип турду…

Өлгөндөн калган – ЭЛ – жөө-жалаӊдап,

кара жанын сактоо үчүн

үч багытка бөлүнүп

Кытайды көздөй кетип турду…

Токтоке (Жанында аялы – Канайым, кызы – Жазылкан бар): Кемин, Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын бир бөлүгү, Ысык-Көлдөгү, Борбордук Теӊир-Тоодогу кыргыздар ак кар, көк муз каптаган бийик ашууларды ашып, Чыгыш Түркстандын Үч-Турпан жана Ак-Суу райондорун көздөй бет алышты.

Узак (Жанында уулу Кылыч ж.б. үй-бүлөсү бар): Нарындык кыргыздар өздөрүнө чектеш жайгашкан Какшаалды көздөй көчө качты.

Эрназар (Жанында ээрчиткен кичинекей иниси бар): Ысык-Көлдүн башындагы кыргыздар Каркыра аркылуу Кулжага качып жөнөштү.

Түлөкабыл (Атасы – Жунушту жетелеп, жанында алып жүрөт): 500 түтүн кыргыз Текести көздөй үрктү.

РАЗИКАН:

Кантсин эл?.. Кантсин эл?..

Кара таман жолго батпай,

качкандардын саны жүз миӊге,

эки жүз миӊге, үч жүз миӊге жетти!..

Өз Мекенинен тынч жашоо таппай,

карайлаган эл – жанына калканч издеп кетти!..

ИСА:

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Качкандардын артынан куугун түштү!..

Ок-дарыны кенен алган падышанын аскерлери –

мылтык менен пулемёттон – чыгарды күчтү!..

Ажалдан калкаланар жер таба албай – курган ЭЛ –

 же алдыга кача албай, же артка кача албай – бүлүк түштү!..

Тоо таянып кеткендери качып кутулуп,

артта калгандары – ошол –  жеткен жеринде – бүк түштү-ү-ү!..

Кайран эл!.. Кайран эл!..

Кайран элдин – маӊдайында жанып турган – күнү түштү-ү-ү!..

(3-көрүнүш)

АШУУДА

 ӨМҮР ЫРЫ» унисону жаӊырат да, Ашуудан ашып баратканда кыйналган элдин элеси сахнадан көрүнөт.)

 ИСА:

Үрпөйүп жан арга таппай,

үркүптүр Үркүндө элим…

Падыша өкүмү менен

тарттырып жашаган жерин…

РАЗИКАН:

Сандалып жан соога издеп,

Кытайга бет алган элим…

Ажалы жетпегендери

ашуудан өтө алган элим…

* * *

Орозбакты (Узактын бир тууган агасы):

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Ок атып, кылыч шилтеп элди кырган

душмандан өтүп кетти мөӊгүлүү зоо!..

Борошо…, көгүлтүр муз – канжар урбай – элимдин өмүрүнө кетирди доо!..

Сейдана (Орозбактынын аялы):

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Арбашты муз тиштеген ажал менен,

үмүттүүзбөйт, чиркин, адам деген!..

Бири өлүп, бири калып – ашуу ашты,

жарышып колу-бутсуз шамал менен!..

Орозбакты менен Сейдана бири-бирине жардам беребиз деп жатып, ашуудан тайгаланып учуп кетишет… Жекшен карыя, Сүйүнбүбү эне, Узак, Калыйчалар катуу кайгырышат…

Узак: «Бек карма!.. Муздан тайып кетериӊ эп!..»,

Түлөкабыл: «Чыда, ата, алдыда элге жетели!..» – деп;

Эрназар: «Катыгүн!.. Апа-аа!..» – деген үн жаӊырат!..

Да бирөө: «Маӊдайына жазылган!..» – деп…

Жунуш карыя:

Куюлуп жүктүү көлүк жардан кулайт…

Тирилик бир Кудайдан өмүр сурайт!..

Болгондой жарык дүйнө астын-үстүн,

Ак-Өгүз (Сөөк ашуу, Бедел ж.б.) – кыл көпүрө – жанды сурайт!..

Жекшен карыя:

Көк жалтаӊ муздан тайып өлмөк белек,

тоӊголок муздан кордук көрмөк белек?!

Мындайда жаныбызга мал аралжы,

ар түтүн бирден малын сойсун, демек!..

Байымбет карыя:

Сойгула! Кара жандан мал айлансын!

Терисин музга каптап, жолго жайсын!

Баш аман болсо, акыры, мал табылат,

ашуудан ашкыча – элим – аман калсын!..

Түлөкабыл:

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Көк жалтаӊ музга каптап чылгый тери,

жол салды ашуу бойлой кыргыз эли…

Антсе да, тайып учкан жан көбөйдү,

кептелди кандай күнгө – элим – деги?!

Эсенкул:

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Кыйналып, өлүп-талып – туу чокуга

жеткенде… Бир чапкандай дал – чокуга-а-а!..

Эрназар:

Көк жалтаӊ муз төгүлүп ылдый түштү,

теӊди издеп – өзү менен – кошо түшчү!..

Жээнбек карыя (Байымбет карыянын досу):

Кантебиз?.. Малдын баарын кырган менен,

күн турат – эсептешчү – карын менен!..

Эсенкул:

Кийизди жая салып түшпөйлүбү?..

Кантели, эсептешсин – ЭЛ – багы менен!..

Калыйча (Узактын аялы):

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Жылмышып төмөн карай… Өлүп!.. Кулап!..

Адамдын жашоосунан албай сурак –

ТОЗОКТУН ОТУ болду – тоонун боору!..

Эл түштү-ү-ү!.. Түшпөй музда кантип тура-а-а-т?!

Канайым (Токтокенин аялы):

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Боору бүтүн, башы эсен адам калбай!..

Жакынынан айрылып!.. Жарым жандай,

көкүрөгүн зил басып алга жылат, кайран элим,

Үркүндүн агымынан бөлүнө албай!..

Сүйүнбүбү эне:

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Жетпестир ал кыргынды айтууга кеп!..

Мөӊгүлөр Ала-Тоого курулган чеп,

заӊкайып улуу көчкө көз салууда

адамзат тилсиз жоону жеӊеби деп!..

Токтоке:

Кантсин эл!.. Айрылды – ЭЛ – балдарынан!..

Кан жутту эл!.. айрылып – артык көргөн жандарынан!..

Мөӊгүнүн суугун – балдар – көтөрө албады-ы-ы!..

Кантсин эл!.. Чыдады эл – кача албай –

тагдыр башка салганынан!..

* * *

ИСА:

Үркүндүн улуу жолун токтотпогон –

элим ай, мөгдөп, өксүп, жок-жоктогон!..

Борошону коштогон муӊуӊ калды,

же өӊүӊө, же түшкө окшошпогон!..

РАЗИКАН:

Элдин ыйын, элдин муӊун – уӊулдаган,

оозунан – шамал жулуп – угулбаган…

Тоо-таш, сай, кокту-колот айтып калды –

жел менен – желе жортуп – шыбыраган…

ЭЛДИН ЫЙЫ

РАЗИКАН:

КАРАЛДЫМ АЙ!.. Кантейин, жаным бөлөк,

өйдөдөөбөк, ылдыйда мага жөлөк

болот деген БАЛАМДЫ алдыӊ, Кудай!..

Мени алсаӊчы, боздотпой, андан көрөк!.. (Исанын чүрпөсү Медер чарчап калат.)

ИСА: АПАКЕБАЙ!.. Жете албайм, ашуу бийик!..

Жолдош болоор – сөөгүӊө – мөӊгү…, кийик!.. (Энеси – Мырзайым каза болот.)

РАЗИКАН: Бул дүйнөнү тополоӊ тозго айлантты,

гүлдөп турган жашообузга душман тийип!..

Эрназар:

Балтыр бешик бала элеӊ, ИНИМ, кантем,

корумдадык, айла жок… чоӊ таш менен!

Чуу чыгарып, өкүрүк чыгартпаган

заман болду… муунтуп жанды жеген!.. (Дайыма жанында ээрчитип жүргөн  иниси – Бактыгулдан айрылат.)

Түлөкабыл:

АТАКЕБАЙ!.. кастарлап көмө албадым,

капыс келген ажалдан бөлө албадым!..

Сөөгүӊдү ит-кушка жем кылдырдым,

бул ашуудан – жакшылык көрө албадым!.. үлөкабылдын атасы көз жумат.)

Сүйүнбүбү:

Көзү тунуп, ирмелбей калды СИӉДИМ…

тополоӊсуз жашоонун баркын билдим!..

Көч нугунан бөлүнүп чыга албай,

көп күнөөнү, кантейин, мойнума илдим!.. (Узактын таежеси – Бурма көз жумат.)

Узак:

Суукка тоӊуп, томпоюп… калды: ТАЕЖЕМ, ЖЕӉЕМ, АГАМ,

заман болду топурак салдырбаган!..

Көк жалтаӊ муз кылычсыз кырды баарын,

жологонду жонунан алдырбаган!.. (Агасы – Орозбактыны, жеӊеси – Сейдананы, таежеси Бурманы жоктойт…)

Канайым:

Көмүлбөстөн ашууда калды ЭЖЕМ,

бирге тоӊуп өмүрлүк жары менен!..

Түшкө киргис жашоого туш болдук го,

жүздөшүп – биз – тирүүлөй «тозок» менен!.. (Токтокенин кайнежеси көз жумат.)

Байымбет:

Кош!.. кантейин, көмө албайм, жандай ДОСУМ!..

Жылыш керек бул көчтөн калбай, досум!…

Ажал аӊдып аркамдан тооруп турат,

ачкалыктан ал-кубат калбай, досум!.. (Жээнбек карыя көз жумат.)

Эсенкул:

Томолонуп… тоо-түздө калдыӊ – ЭЛИМ!

жай боло албай – бейиштей туулган жериӊ!

Кууратты го – Теӊирим – тетир карап,

алдан тайып, алсырай түштүӊ – элим!..

Токтоке:

Кара курсак курулдап, жанды кыйнап,

ЧОӉДОР чыдайт, ачкадан БАЛДАР ыйлап!..

Кара жандын айласын таба албай,

эл кыйналды!.. Оӊойбу, жанды кыймак?!

ИСА, РАЗИКАН, Токтоке, Жекшен, Байымбет, Эрназар, , Сүйүнбүбү ж.б.лар:

Кантсин эл!.. Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Баш ийип – бир Кудайдын жазганына!..

Сүйүнүп – бир ажалдан калганына!..

Тырмышып андан ары жол улайт – ЭЛ,

муюшуп тагдыр башка салганына!..

«Тарт!..», «Карма!..», «Жардам бер!..», «Токтобо!..»,

«Артка барууга болбойт!..», «Алдыга бас!..» ж.б.

Жаӊырык үн (Автор):

Үн катып – борошого – боздойт АСКА:

«КЫРГЫЗ! – деп, – артка кайтпас – башка чапса!..

Аттиӊ ай, замананын күүсү менен –

үрктү – ЭЛ – жол таба албай – мындан башка!..»

Уӊулдап – эл ыйласа – сыздайт ТООЛОР:

«ЭЛИМ! – деп, – тоолоруна кубат болор!..

Кантейин, күбө болдум – чоӊ кыргынга –

түбөлүк – АСКА-ЗООГО – сурак болор!..

Бириккен асман-жердин чок ортосу –

АК-ӨГҮЗ (СӨӨК АШУУ, БЕДЕЛ ж.б.) – акыр заманга окшоду!..

Жылтырап – КӨЗҮ ТИРҮҮ – калган үчүн –

ЖАРЫК КҮН – О ДҮЙНӨГӨ окшошподу!..»

(ИСА менен РАЗИКАН обон созуп, «Өмүр ырын» муӊдуу ырдайт. Аркасында тынымсыз чубап көчүп бара жаткан элдин көрүнүшү чагылып турат.)

ӨМҮР ЫРЫ

(обондуу ыр)

ИСА:

Оо-о, ӨМҮР, улуу көчтө кылкылдаган,

ООРУ, АЖАЛ, ЖОКЧУЛУККА жыртылбаган…

Жол тоскон ЖОГОТУУГА моюн бербей,

тереӊден колун сунуп жылтылдаган.

Оо-о, ӨМҮР, аккан суудай шашып турган,

мүрөктүн тамчысындай ташып турган…

Арбашып АЖАЛ деген душман менен,

алдырса… өз ызасын басып турган!

РАЗИКАН:

О-оо, ӨМҮР, бөксөрсө да – мертинбеген,

АЖАЛГА көөдөн тосуп – серпилбеген.

Өзөктө кубат берип ойноп турган –

күү сымал – бул дүйнөдө чертилбеген.

Оо-о, ӨМҮР, жашоо деген нурдан бүткөн,

жетип же, жетпей – тилек, ойго – күткөн…

Айланып каректеги мөлтүр жашка,

баттыӊ ээ – бет арчыга – чарчы бүктөм…

ИСА, РАЗИКАН (бирге):

Алышып кар-тозоӊдуу суук менен

оо-о, ӨМҮР, тириликте – жеӊилбеген!

Жоготуу канча болсо, ошончолук

эл жашайт каныбызда дирилдеген!

Кармашып кылымдап өч душман менен,

жан – сактап, жоголууга жол бербеген –

элимден калган ӨМҮР – кандай кымбат,

жазылган таалайына – КЫРГЫЗ – деген!

 

(4-көрүнүш)

ЧЕК АРАДА

(Кыргыз жеринен Кытайды көздөй өтүү)

(Сахнада кытай музыкасы жаӊырат да, Кыргыз-Кытай чек арасында кыйналган элдин элеси көрүнөт.)

ИСА:

Дагы эле бүтпөй турду көр турмуштун

кыйноосу – адамзаттын – жанын жеген!..

Кантсин эл!.. Артка жол жок!.. Каршылашты,

Кытайдын чек арачылары менен!..

РАЗИКАН:

Чек ара… Кыргыз-кытай чегин бөлгөн –

тарапка – каптап кирген элди көргөн –

аскерлер – атып жатты!.. Жолун бөгөп!..

Кокустан ок жаӊылып чек арада,

элим ай!.. максатына жетпей өлгөн!..

Кытай чек арачысы (1-аскер):

«Артка кайт!.. Бул Кытайдын чек арасы!..».

Жекшен карыя:

«Тынч эмес – Мекен ичи, эл арасы!..

Баш маана – издеп келдик – биз Кытайга!..

Кол салба!.. Айланайын, элди аячы!..».

Кытай чек арачысы (2-аскер):

«Артка кайт!.. Берилбейт – ЖЕР – Мекенимден!..

Шегим бар – душман эмес – экениӊден!..

Өз эли-жериӊерге кеткиле тез!..

Калкыӊды кырып алба бекеринен!..»

(Тынымсыз атылган октун үнү угулат. Кыргыз-Кытай чек арасында эл кырылат…)

Байымбет карыя:

Элим, ук!.. Окту тиктеп турбагыла!..

Ажалы жетпегениӊ чуркагыла!..

Антпесеӊ – бул жерде эч ким – тирүү калбайт!..

Аскердин токтотконун укпагыла!..

Тынымсыз атылган октун үнү угулат. Астыда бараткан эл кырылат… Байымбет карыя да ушул жерде окко учат…

Кытай чек арачылары каптап кирген элди токтото албай калат…

ИСА:

Элим ай!.. Жолдо катар кордук көргөн!..

Жашоо үчүн – ажал тапчу – жолго көнгөн!..

Тынч жашоо – Кытайда деп – издеп келип,

кытайлар – таамай аткан – октон өлгөн!..

РАЗИКАН:

Элим ай!.. аркы-терки сулап жаткан!..

Кытайга – бакты-таалай – издеп шашкан!..

Түгөнүп ичер суусу – ай талаада –

артынан – издөөрү жок – ажал тапкан!..

ИСА:

Элим ай!.. жан элеӊ го – нурдан бүткөн!..

Не жазык, жарым жолдон ажал күткөн!..

Кырылды – калыӊ элим – айтчы неге,

көп – тилек-максатына – жетпей күткөн?!

РАЗИКАН:

Элим ай!.. арстандай – арылдаган,

кыргынга – мынчалык – эч кабылбаган!..

Кантсин эл!.. Моюн сунуп, баш ийди го-о-о,

АЖАЛГА – таалайына жазылбаган!..

Жаӊырык үн (Автор):

Айрылып – дал-далынан – ЖЕРДИН БЕТИ –

ыйлады!.. ЭЛ – ажал таап, ооруса эти:

«ЭЛИМ! – деп, – жети кабат жер үстүнөн,

кыргызга – энчиленген бир жак чети!..

Кыргынды көтөрө албай – ТАЛАА – белим,

бөлө албай турдум Кыргыз-Кытай чегин!..

ЖЕРүчүн – дини, тили, чеги – болбойт,

дүйнөдө болгон – ЭЛ – бүт – менин элим!..»

 Көз жашы – КӨК АСМАНДЫН – салаа-салаа,

эзилди ал көз жаштан даркан талаа!..

«Элим! – деп, – жер жетпесе – КӨК сеники, –

«Багынт!..» – деп, Теӊир – акыл – берген сага!..

Кыргынды көтөрө албай – АСМАН – денем,

кырылган кыргызымды жоктойт белем?!

Кырбасаӊ бири-бириӊди – жибийт элем!..

Кыйырсыз кеӊ дүйнөгө – жетпейт – ченем!..»

(5-көрүнүш)

 

КАКШААЛДА

 

(Сахнада кытай музыкасы жаӊырат да, Какшаалда кыйналган элдин элеси көрүнөт.)

ИСА:

Каржалып көз жашын төгүп,

жылаӊач үшүгөн элим…

Жокчулук өзөгүн өрттөп,

ачкадан шишиген элим…

РАЗИКАН:

Какшаалдын карандай суугун

камыкпай көтөргөн элим…

Төшөксүз сыз жерге түнөп,

күрсүлдөп жөтөлгөн элим…

ИСА:

Жалданып жан багуу үчүн

бөтөнгө кул болгон элим…

Бааланып кара жан эрксиз,

тамактык – пул – болгон элим…

 

* * *

(Кыргыздарды жалдап иштетип жаткан кытайлык уйгурлар сахнада өз ара сүйлөшүшөт.)

Абдулла:

Сагалап жанды койбоду го булар!..

Отун, талкан, ун, туз, нан… сурайт!..

Булардын ою жок: «Жетет, болду!..» – деп тынар!

Суукта баш калкаласын деп,

жаман тамымды бердим, тентиген иттер!..

Дагы эмнеси калды экен, алакан жайып сура-а-ар?!.

Жөн тентибей, бизди кошо жүдөтүп бүтүштү!..

Кырылган кыргыздын түрү жок,

деги эле «Жок!..» дегенди уга-а-ар!.. (Этегин кагынып жини келет.)

Максуд:

И-ии!.. (Кекээрлей сүйлөйт)

Тентиген томаяктар бутка чалынып,

жерибизге батпай кетти!

Ары карасаӊ деле кыргыз,

бери карасаӊ деле кыргыз!..

Бир жагынан жакшы болду,

аялдарыбыз кир жуубай, тамак жасабай…

кыргыздарды жумшай турган болду!.. – Хи-хи-хи-хи! (Мыскылдап күлөт.)

Али:

Малды бакканга, отту жакканга,

кээде ортомчу боло коюп,

кыргыздын уул-кыздарын

алдап-соолап – акчалууларга – сатканга

мүмкүнчүлүк түзүлүп,

корообузга малайлар толду!.. – Ха-ха-ха-ха! (Кыргызды күӊ, малай кылганына корстон болот.)

Сайфулла:

Ии, Мекенин таштап тентиген иттер!..

Менин үйүмдү сагалабай,

өз жериӊерге кайтпайсыӊарбы!..

Жээрге тамак, киерге кийим,

жашаарга жан керек болсо,

алдагы кызыӊарды

ала турган кишиге сатпайсыӊарбы?!.. – Ха-ха-ха-ха! (Жекирип, шылдыӊдап күлөт.)

Садир:

Болбосо, бергиле эркек балаӊарды!..

Байкап көрүп… бага ала турган чамаӊарды!..

Тынч отургузбай мен аны ишке салайын,

өзөртпөй курсагын тойгузуп,

тооруп турган ажалдан коруп калайын!..

 

* * *

Эрназар:

Ал-кубат тайып ачкадан,

жан багар жолду таппадык.

Бир чөйчөк талкан, нан үчүн

балдарды сата баштадык!..

Узак уулу Кылычты ачарчылыктан аман калсын деген ниетте Максудга малайлыкка берет.

Узак:

Айлайын, Максуд! Жалгыз баламды сага алып келдим,

багып алгын кем көрбөй балдарыӊдан!..

Тилеп  тапкан  дүйнөдө  жалгызымды,

куткарып кал ачкалык зардабынан!..

Баласын Максудга калтырып жаткан Узак менен Калыйча кылчактап артын карап жатып араӊ кетет… Максуд баланын колуна таяк карматып, уруп-согуп мал кайтарганга жөнөтөт…

Узак (өзүнчө):

Курган жаны  аман  калсын деп,

малайга бердим уулумду!..

Кантейин, Теӊир – кечирбес,

акырет кетсем мунумду!..

Кылычтын чоӊ ата, чоӊ энеси, ата-энеси мөгдүрөп отуруп калат…

Эли-жеринен ажырап Кытайда калган өспүрүм – Кылыч обон созуп, муӊдуу ырдайт.

КЫТАЙДА КАЛГАН ӨСПҮРҮМ БАЛАНЫН ЫРЫ

(обондуу ыр)

 

Карасам – бирге – асманым,

карасаӊ тагдыр жазганын…

Адашып эли-журтумдан

кызматын кылам башканын.

Ыйладым, элге жетпедим,

сыздадым эстен кетпедиӊ.

Ала-Тоо – жетпей – койнуӊа,

элимден эрксиз четтедим.

Таманда баскан жерибиз

бир!.. Бирок – бөлөк – элибиз…

Кыргыздын жерин сагынып

өтөрбүз – мында – эми биз.

«Кош!» – дегим келбейт элиме,

барармын туулган жериме.

Жазыксыз элден бөлүнгөн –

себебим – айтчы – деги не?

Ырдап жаткан баланын аркасында кыргыздардын кыйналганы: таягын көтөрүп алып уйгурдун малын багып жүргөнү, аялдар кир жууп, от жагып жатса, уйгурлардын кол көтөргөнүүнсүз эпизоддор аркылуу чагылдырылат…

 

* * *

Иса менен Разикан 11-12 жаштагы кызы Карлыгачтын жүзүнө көө сүйкөп, күндүзү дубалга жөлөнүп турган түндүктүн артына жашырып отургузуп коюп, түнү түндүктүн артынан чыгарып тамак-ашын берип, уйгурларга көрсөтпөй багып жүрүшөт. Себеби уйгурлар көрүп калса, Карлыгачты тартып алып кетиши мүмкүн эле…

Күндөрдүн биринде Али менен Сайфулла жыла басып Иса жашаган үйгө келип, эки жакты байкап, мурдуна илинер эч нерсе таба албай, андан ары Токтоке жашаган үйгө барышат…

Токтокенин 15ке жаӊы караган Жазылкан аттуу кызын көрүп калып, ай-буйга келбей, күчкө салып тартып алып кетишет. Токтокенин колуна бир кап жүгөрү ун ташташат… Канайым ыйлап-сыктап кызы менен коштошот…

 

Канайым (зар какшап ыйлайт):

Көлөкө жерге бакканмын, кантем,

үстүӊө шайы жапканмын, кантем!..

Үлпүлдөк жибек кийгизгем, кантем,

үкүлүү топу кийгизгем, кантем!..

Көк ала мончок тага албай калдым!

Заманыӊ түшкүр!.. Кургурум, кантем!..

Көкүлүӊ сылап бага албай калдым!..

Кантейин, кызым!.. Жазылкан, кантем,

уйгурдун колунан алып кала албай калдым!..

Токтоке (өзүнчө сүйлөнүп, ыйлап отуруп калат):

Эркиндик жок колумда,

эрксизден кызымды бердим!..

Кантейин, башка аргам жок,

башы аман калсынчы дедим!..

Жан соога издеп кара жан,

кызымды берээр күн келди!..

Айла кетип, эли-журтум,

башыбызга кара түн келди!..

Али менен Сайфулла Жазылканды жулкулдатып жетелеп барып өздөрүнүн тааныш-билишине карматып, андан зер (акча) алып өтө катуу кубанышат…

Эли-жеринен ажырап Кытайда калган өспүрүм кыз – Жазылкан обон созуп, муӊдуу ырдайт.

 

КЫТАЙДА КАЛГАН КЫРГЫЗ КЫЗЫНЫН ЫРЫ

(обондуу ыр)

 

Табалбайм  айла  эми  мен,

бөлүндүм кыргыз элимден.

Шамалга айтып муӊумду,

кат-кабар күтөм жеримден.

Ала-Тоо деген жер кайда,

ак калпак кыргыз эл кайда?

Агымын таппай турмуштун

адашып жүрөм – мен кайда?

Кантейин, башка амал жок,

каршылык кылар чамам жок!..

Адашып калдым элимден,

аркамдан кабар алар жок!..

Жазылканды уйгурлар алып кеткенден кийин Канайым жүрөк оорусунан каза болот… (Токтоке какшаалдыктардан Канайымдын сөөгүн коюуга жер ала албай өтө кыйналат… Кыргыздар ынтымакташып акча чогултуп, сөөк коюуга жер сатып алышат…)

 

* * *

ИСА:

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Кызматын кылып, кирин жууп,

уйгурдун отун жакты го…

Тапканы жетпей… кор болуп,

замандын кээрин тартты го!..

РАЗИКАН:

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Өзөрүп жанын бага албай,

уйгурга малай болду го…

Жегенге тамак таба албай,

нечени эрте соолуду го!..

ИСА:

Кантсин эл!.. Кантсин эл!..

Ажалы жеткендин – сөөгүн –

кыйналды – ЭЛ – жерге бере албай!..

Алакандай жер кымба-а-а-т!..

кордукту көргөн – ким – андай!..

 

* * *

Какшаалга баргандан кийин Эрназар, Түлөкабыл, Эсенкул – үчөө бири-бирине караан болуп, бир үйдө жашап калышат. Эсенкулдун оорусу күчөп, аны Эрназар менен Түлөкабыл багып калат…

Бир күнү кечинде үчөөөз эли-жери жөнүндө сүйлөшүп отуруп, «Мекенди сагынуу» аттуу ырды обон созуп, муӊдуу ырдашат:

МЕКЕНДИ САГЫНУУ

(обондуу ыр)

 

Эрназар:

Мекеним, койнуӊ – жылуу, кучагыӊ – кеӊ,

таппадым – жер кыдырып – өзүӊө теӊ.

Шумкардай кенен учуп-коно албай,

Ала-Тоом – сага жетпей – кусамын мен.

Береке төгүлгөн жерим,

кеӊ пейил, боорукер – элим.

Бейиштин төрүндөй ыйык,

мисир – бул – Мекеним – чебим.

Түлөкабыл:

Жергемде – таткан өмүр, баскан кадам,

ырыскы – Теӊир жазган – таттуу маган.

Уядан жерге түшкөн балапандай –

адашуу – өз элиӊден – кандай жаман.

Эрназар, Түлөкабыл, Эсенкул (бирге):

Жонума артып алып Ала-Тоону,

теӊешким келип турат бейиш менен!

Жерибей кулундарын – калкалачу –

Мекендин топурагы – бейиш деген!

Жаӊырык үн (Автор):

Букулдап – ачуу жашка муунуп – ШАМАЛ,

бир уруп – тулку боюн – ойго-түзгө…

Чара издеп – КЫРГЫЗ ЭЛИН – коргоп калар,

артынып ый-муӊ, кайгы-зарын мүлдө –

аттанды – Ала-Тоого!.. Кыргыздарга –

дегенсип: «Мекениӊден үмүт үзбө!..»

 

Канча ирет – ШАМАЛ боюн – урса жерге,

ошончо айланып – ал – ЖЕЛАРГЫГА.

ЖЕЛАРГЫ кыргызымдын сагыныч, оюн

Ала-Тоо, Ысык-Көлгө таратты да!..

Мекенге, Мекенинин – өз элине

сүйүүсү – тартылууну жаратты да-а-а!..

«Кайтышсын өз жерине!..» деген кабар,

ШАМАЛДЫН боюн түзөп баратты да-а-а!..

Эл күткөн – эркиндиктин – жылуу илеби

каптады – улуу Кытай – тарапты да!..

 

* * *

ИСА:

Кыйырсыз Кытайга батпай,

журтуна зар болгон элим!..

Заманга каргышын айтып,

алсырап кар болгон элим!..

РАЗИКАН:

Көрсөтпөй көз жашын сүртүп,

мекенин сагынган элим!..

Куласа – Падыша – тактан,

Кудайга жалынган элим!..

 

(6-көрүнүш)

 

МЕКЕНГЕ КАЙТУУ

 

Бир жылдан кийин, 1917-жылы октябрь айында Улуу Октябрь революциясы болуп, Ак падыша тактан кулайт.

Какшаалда эптеп-септеп күн көрүп, үрпөйүп отурган элге эки жигит сүйүнчү айтып кирип келет.

 

 

Түлөкабыл:

Сүйүнчү, элим, сүйүнчү!

Падыша тактан кулаптыр!..

Советтик доордон элибиз –

АЗАТТЫК, ТЕӉДИК – сураптыр!

Эрназар:

Сүйүнчү, элим, сүйүнчү!

Жаӊыча заман башталып,

элибиз үлүш жер алып;

бай-манап деген жоюлуп,

укукту – баары – теӊ алып,

жаӊы доордо элибиз –

жашайт дейт – эркин дем алып!..

 

Эл бака-шака болуп бири-бирин кучактап, кубанычтан айрымдары жашып, айрымдары ары-бери чуркап, эмне кыларын билбей калышат…

Эсенкул ооруп төшөктө жаткан эле, башын көтөрүп сүйүнүп, дубалга жөлөнүп отурат…

Сүйүнбүбү эне:

Оозуӊа май, айланайын, оозуӊа май!..

Жекшен:

Ак сарбашыл!.. Айланайын, ак сарбашыл!..

Кан чыгарып, Кудайга жалыналы!..

Теӊирим жол берсе Мекенибизге кайтып,

өз журтубуздун жер-суусуна тайыналы!..

Токтоке:

Айланайын элим! Кандай кылсак дагы,

эртерээк өз жерибизге кеткенге камыналы!..

 

Бир койду мааратып ортого чыгарып, эл бата кылып, курмандык чалынат. Аксакал кишилер: «Эли-жерибизге аман-эсен жетели!..» – деп бата кылышат.

 

ИСА:

Мекени көзүнөн учуп,

кайтууга камынган – элим…

Шаӊшыган бүркүттөй – эркин –

жашоосун – сагынган элим…

РАЗИКАН:

Майышып бар-жокко чыдап,

бөксөрүп, төгүлгөн – элим…

Айыкса – Мекени – дарттан,

бактыга чөмүлгөн – элим!..

 

* * *

Узак атасы Жекшен менен бирге Максудга барып, уулу Кылычты кайрадан өзүнө кайтарып алууга аракет кылат, бирок анысынан эч майнап чыкпайт, Максуд баланы бербей коёт…

Токтоке кызы  Жазылканды издеп таппай калат… Али менен Сайфулла кызды кимге бергенин Токтокеге айтпай коёт…

ЧЕК АРАДА

(Кытайдын чек арасынан кайра кыргыз жерине өтүү)

 

Кытай чек арачылары кыргыздарды өз Мекенине жөн өткөрбөй кыйнайт. Колунда кармаган оӊураак буюм-тайымдарын тартып алат. Көзүнө жакшы көрүнгөн кыз-келиндерди өткөрбөй, Кытай жеринде алып калат… Муну көргөн ИСА менен РАЗИКАН жалгыз кызы Карлыгачты чек арадан аман-эсен алып өтүүнүн жолун табат…

 

РАЗИКАН:

Кел бери, Карлыгач! Кызым,

жылдыздуу мөлтүр жүзүӊө

Кытайдын баткак-ылайын

аянбай туруп шыбайын!..

Кытайдын чек арачылары – сени – көргөндө,

жийиркенип качсын, ылайым!..

ИСА:

Кыйналбай өтүп кетсек экен,

көз кырын салып, Кудайым!..

Силер бул жерде тура тургула!

Мен чек арачылардын чоо-жайын,

акырын, байкап чыгайын!..

 

Иса менен Разикан кызы Карлыгачтын жүзүнө көө шыбап, баткак шыбап кургатып ботала кылып, чачын уйпалап саксайтып, үстүндө кийген чапанын аӊтарып тетири кийгизип алып, колунан жетелеп чек арадан өтүп кетишет. Карлыгач дудук өӊдөнүп, ооз ачпайт…

Ата Журтка кайтып келе жаткандардын ичинен Эсенкулдун оорусу күчөйт… Ашуудан ашып өтө албасына көзү жеткен Эсенкул керээзин айтат:

 

Эсенкул:

Атадан жалгыз бала элем,

аркамда туяк калган жок!..

Ата Журтка жеткидей, менде

ал-кубат, дарман калган жок!..

 

Жаныма баткан оорудан

кыйналдым элге жете албай!..

Кыйналбагыла, сөөгүмдү

ашуудан алып өтө албай!..

 

Арманым жок!.. Ала-Тоону

жазданган бойдон уктайын!..

Көздөн учкан Мекенимдин –

караанын – эш тутайын!.. (Эсенкул керээзин айтып, көз жумат. Калган эл Эсенкул менен коштошуп, аны Ала-Тоонун этегине коёт…)

 

* * *

ИСА:

«Көрөр күн, ичер суу» тилеп,

Кудайга жалынган – элим!

Сандалып ашуу-бел ашып,

жерине тайынган – элим!

РАЗИКАН:

Ысык-Көл, Ала-Тоо жерин –

көргөндө кубанган – элим!

Журтунун өмүрүн тилеп,

Кудайдан суранган – элим!

 

АТА ЖУРТ МЕНЕН КӨРҮШҮҮ

 

(Кыргындан калган кыргыз эли өз Мекенине кайтып келип, кубанычы койнуна батпай, эли-жери менен учурашат.)

 

Жекшен:

Ала-Тоом, амансыӊбы, кучак жайган,

ак кардан чокусуна сайма сайган!

Чеп болуп – Мекениме – чексиз жылдар…

көз арткан – душмандарга – торду жайган!..

Сүйүнбүбү:

Ысык-Көл, амансыӊбы, чалкып жаткан,

койнуна – ырыс-кешик, таалай – каткан!

Бешиктей терметсин деп бул дүйнөнү,

кыргызым, бактысына сени тапкан!

Узак:

Кубансам – Мекенимде – кубанайын,

кайгырсам – журт ичинде – бел байлайын!..

Ата Журт – сага – Теӊир – өмүр берсин,

көк жыттуу турпагыӊдан айланайын!..

Бар болгун, Ата Журтум! Бар бол!.. ӊкейип чекесин тийгизип, жерди өбөт.)

Калыйча:

Оорусам – Мекенимде – айыгайын,

жыл сүрүп – төрт мезгилиӊ – сагынайын!..

Ата Журт, амандыгыӊ тилеп сенин,

мойнума тумар чийип тагынайын!..

Аман бол, Ата Журтум! Аман бол!.. (Сыӊар тизелей отуруп, жерди сылайт.)

Токтоке:

Маӊдайга жазган – ичер суум – белен,

бут тайса бул дүйнөдөн – койнуӊ кенен!..

Мекеним – өзүӊ менен биз – кишибиз,

үнүбүз бийик чыгат – сени менен!..

 

Түлөкабыл:

Мекеним, сенде – туулгам, сенде – өлөм!

Жыргалын бул жашоонун – сенден – көрөм!

Койнуӊда – тартсам – турмуш арабасын,

бак конуп, көк асманга жетет төбөм!..

 

РАЗИКАН: Суусайын – Мекенимдин – булагына!..

ИСА (Разиканды кучактай кармап):

Жарашып – өз жеримде – ынагыма!..

ИСА, РАЗИКАН (экөө бирге):

Мекеним, биз даярбыз, өзүӊүчүн –

турмуштун башка салган сынагына!.. (ИСА менен РАЗИКАН кызы Карлыгачты жандарына ээрчитип алып, ыракаттанып булактан суу ичет.)

Эрназар:

ТОО, ТАШ, СУУ, ЖЕР, ТОКОЮ – элдин энчи,

күнүнө тамчылатып өмүр берчү!

Көктө – КҮН, нур жүздүү АЙ, ЖЫЛДЫЗ – күбө,

ЖУРТУМДА – эркиндик бар – элим сезчү!..

 

ӨМҮР ЫРЫ» унисону жаӊырат да, Мекенине кайтып келген аз сандагы эл (алдыда), жалпы Үркүнгө катышкан эл (артта) сахнага чогулуп, оюн башталар алдындагыдай, ар түрдүү көрүнүштө катып калышат… Элден бөлүнүп астыга чыккан адамдар жыйынтыктоочу сөздү айтат.)

 

Жекшен:

Заман бар кылымдап баккан

кыргыздын тарыхын каткан!..

Ал тарых жүздөгөн жылдар

айтылбай катылып жаткан!.. өзүн айтып бүтүп, эски доорго кайтып кеткенсип катып калат.)

 

Сүйүнбүбү:

«Үркүн» деп айтуудан коркуп,

үрпөйүп үрөйү учкан;

заман бар эркине көнүп,

ал кездин мыйзамын туткан!.. өзүн айтып бүтүп, эски доорго кайтып кеткенсип катып калат.)

 

Узак:

Элимди көөдөнгө муштап,

эсине келтирет Үркүн!..

Эркиндик желеги сымал

желбирейт – тарыхта – Үркүн!.. өзүн айтып бүтүп, эски доорго кайтып кеткенсип катып калат.)

(Кыргыз Республикасынын желеги желбирейт)

ИСА: Кыргындуу Үркүнгө чыдап,

көч башын улаган элим!..

РАЗИКАН: Азса да – урпакка сактап,

бералган – Манастын – жерин!..

ИСА, РАЗИКАН (бирге):

Ийилип – таазим кылабыз,

жашаган өмүрүбүз үчүн!..

МЕКЕНИМ, КЫРГЫЗЫМ   билгин,

сеники – гүл өмүр – бүтүн!..

өшөгө жабылат)

Элмира Төлөкова,

 акын, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар бирлигинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кыргыз тили координатору

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*