СИН Кёнг Хи: «КЫРГЫЗСТАНДАЙ КЕРЕМЕТ ЖЕРДЕН КЕТПЕЙМ»

 Кейин институту келечекте Кыргызстандын жарандарын жана алыс-жуук чет өлкөлөрдөн каалоочуларды бизнес менеджменти, компьютердик технологиялар жана лингвистика боюнча уникалдуу программалардын негизинде окутууну максат кылууда. Аталган окуу жайдын бүгүнкү ишмердиги жана келечек пландары жөнүндө колледждин жетекчиси Син Кёнг Хи “Кутбилимге” айтып берди.

— Мистер Син, азыркы заманда кайсы бир тармакка инвестиция салуудан мурда андан кандай пайда табарын эсептөө бизнестин иши эмеспи. Анын сыӊары, эрте жана көбүрөөк пайда берген соода-сатык же тоо кен өнөржайы эмес, билим берүүгө инвестиция салганыӊызды кантип түшүндүрөсүз?

— Мунун себеби, менин атам мектептин деректири, агам мугалим болгон. Анан өзүм дагы окуп, доктор деген даражага жетиштим. Ошондуктан билим берүүнү тандап алганым мен үчүн кадимки эле көрүнүш. Жылдар өтүп, жаш курагым жогорулаганда мен ушуну түшүндүм – билим бул адамдардын жолун, ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын өзгөрткөн жаркын жол. Ошон үчүн мен билим жолун тандап алганыма эч качан өкүнбөйм.

— Борбор Азияда башка дагы өлкөлөр бар эмеспи. Эмне үчүн ошолордун арасынан Кыргызстанды тандадыӊыз?

— Кыргызстанга келгенимдин эртеси күнү эле мени тосуп алган үй-бүлө Ала-Арчага алып барышты. Ал жердеги жаратылыштын кооздугуна оозумду ачып таӊгалып, арбалып турдум. Ошондо мен өзүмө ушундай кереметтүү жерден кетпейм, Кыргызстанда жашаймын деп убада бергем.

Ал эми олуттуу себебин айтсам, Кыргызстандын эки жагына чыгып көрүп, билим берүүгө муктаждыгы бар экенин байкадым. Анан дагы бул жактын каада салты, маданияты жакты. Дагы бир жакшы жери кыргыздарга окшош экенмин. Эшикке чыксам мени кээ бирөөлөр кыргыз деп ойлошот.

Менин дагы байкаганым, бул жер 60-жылдардын аягындагы так эле мага тааныш Кореянын жашоосун эске салат. Ошол убакта Түштүк Корея дүйнөдөгү эӊ артта калган өлкөлөрдүн катарында болуучу. Андан кийин кыска эле убакыттын ичинде экономикалык чоӊ секирик жасады. Анын себебин сурашканда көп адамдар билим берүүгө байланыштуу деп эсептешкен. Анткени корейлер тамагы жок, ачка олтурушса дагы балдарын мектептерге жиберишкен. 2005-жылы мен келген учурда Кыргызстандын жагдайы 60-жылдардагы Түштүк Кореянын жагдайына өтө окшош болчу.

Анткен менен Кыргызстандагы улан-кыздардын өтө акылдуу, зирек экендигин байкадым. Ошондуктан жетишпей жаткан мектеп, университет ачсак көптөгөн жаштар билим алышып, өлкөнүн өнүгүшүнө чоӊ салым кошорубузга ишенип, Орто Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстанды тандадым.

— Бизде окуу жайлардын баары эле адатта Бишкекте же облустук борборлордо  жайгашкан. Сиз жетектеген Кейин институту болсо борбордон же чоӊ шаардан алыс жайгашканын кантип түшүндүрөсүз?

— Айыл жергесин тандап алганыбыздын эӊ биринчи себеби, бизге чоӊ имарат эле эмес, чоӊ аянттагы жер да керек болгон. Анткени алдыдагы кеӊ максаттын бири —  студенттик чоӊ шаарча курабыз деген ниетибиз бар. Келечекте университет статусун алсак, анда сөзсүз айыл чарба факультети ачылат жана тажрыйба жасоочу жер да керек болот. Студенттер төрт дубалга камалып билим албай, студенттик шаарчадагы ар кандай иш-чараларга катышып, ар тараптуу өсүшү керек.

Ошол убакта Бишкекте баары кымбат болчу. Биздин окуу жайдын ушул жерде болгонун айланабыздагы айылдын элдери көбүрөөк жактырат.

Ошондуктан Бишкектеги көп окуу жайлардын катарындагы бирөөсү болгончо, ушул чөлкөмдөгү эл жактырган эӊ мыкты окуу жайы болгонубуз оӊ. Анан калса, бул жердеги айыл өкмөттөрүнүн башчылары, райондун акими биздин ийгиликтүү болушубузга көп үмүт артышат. Мындан тышкары биздин окуу жайыбыздан жергиликтүү адамдарга жумуш бердик жана өнүгүп баштаганда дагы көптөгөн адамдарды иш менен камсыз кылабыз. Айыл жергесиндеги мектептерде жетишсиз болуп жаткан сабактарды келечекте биз толуктап, жардам беребиз.

— Кейиндин окуу программасы башка окуу жайлардан эмнеси менен айырмаланат?

— Алгачкы жолу келгенимде баардык сабактарды англис тилинде өтүү керек деген        менин чоӊ кыялым бар болчу. Азыр да ошол идея менен жүрөм. Себеби, англис тилинин дүйнөдө орду чоӊ жана глобалдашуунун шарданы да ушул тилдин негизинде жүрүп жатат. Кыргызстандын жарандары, өзгөчө айыл жериндеги жаштардын англис тилине муктаждыгы чоӊ. Ошондуктан колледжде жалаӊ англис тилинде сабак өтүлөт. Биздин бир өзгөчөлүгүбүз мына ушунда. Дагы бир өзгөчөлүгүбүз, мамлекет эӊ муктаж болгон адистерди даярдоо боюнча гана окуу программаларды киргизебиз деген ойдомун.

Менин түпкү тегим кореялык, бирок кийин америкалык болуп кеткем.  Ошондуктан  эки өлкөнү теӊ жакшы билем жана эки өлкөнүн өкүлү катары жүрөм. Кыргызстанга биохимия, менеджмент же болбосо бул өлкөдө жок, бирок  керектүү программалар болсо, мен Америкадан, Кореядан дагы ошол адистерди алып келе алам. Мисалы, медицина бүгүнкү күндө бизде негизги предмет болбосо дагы келечекте жаштарга ошол боюнча жардам бере турган программаларды ачуу боюнча ой бар.

Дагы бир нерсе, Кореяда, Америкада дагы көптөгөн профессорлор 60-65 жашка чыкканда эле пенсияга чыгып кетишет. Чынында, пенсияга чыккысы келбесе деле мажбурлап чыгарып жиберишет. Себеби, профессорлордун, университеттерде иштеген мугалимдердин айлыгы жогору, жашоосу да жакшы. Ошондуктан атаандаштык абдан күчтүү. Маселен, мен Америкада жашы улгайган мугалим болсом, жаштар сөзсүз алып таштаганга аракет кылышат. Пенсия курагына жакындаган, бирок мүмкүнчүлүгү чоӊ профессорлорду келечекте бул жакка чакырып иштетейин деген оюм бар. Тажрыйбасы бай профессорлор бул жерге келип студенттерге сабак өтүшсө, ал жакта гольф ойногонго караганда жашоосу маӊыздуу болот деп ишенем. Алар бул жакка келе турган болсо, өнүккөн өлкөлөрдөгү заманбап билим берүү, тажрыйбасын гана алып келбестен,  өздөрүнүн ошол тармактагы бардык тааныштары, байланышын кошо алып келишет. Азыр Кыргызстандан башка өлкөлөргө жумуш издеп жаштар кетип атышат. Эгер карыган, акылга толуп турган кишилер келип жаштарга жардам берсе, алардын башка өлкөлөрдөгү жаӊы жашоосунун жакшы болуусуна өбөлгө түзүлмөк.

   Маектешкен  А. Нурдинов

Колледж төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:

 — Mенеджмент (тармактар боюнча)

— Tуризм

— Компьютердик программалар

Колледжди бүткөндө атайын орто билим тууралуу мамлекеттик диплом жана чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларга жолдомо берилет.

 Дареги: Чүй облусу,  Ивановка станциясы. Тел: 312-616882,558-880628,555-277311,550-201203.   www.keiin.kg

КЕЙИН ИНСТИТУТУНА КОШ КЕЛИӊИЗ!

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*