Алтынбек ЖАПАРОВ: “БИЗДИН ЛИЦЕЙ КЫРГЫЗ ЭЛИТАСЫН ДАЯРДАП ЖАТАТ”

Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинин директору Алтынбек Жапаров  жетекчиликке келгенине алты жылдын жүзү болду. Ага чейин лицейди КРнын эмгек сиӊирген мугалими Аскар Байсеркеев жана Эл мугалими Жибек Өзүбекова башкарып келишкен. Эл мугалими, билим саяпкери, чыгармачылыктын устаты Ж.Өзүбекова таланттуу, жоопкерчиликтүү Алтынбек Жапаровду күлүк таптагандай таптап, кынаптап, билим берүүнүн күӊгөйү менен тескейин түшүндүрүп отуруп, акыры ал ишеничке татыганда гана лицейди өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Ошондон бери Алтынбек мырза Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинин аброюн түшүрбөстөн, тескерисинче, күн сайын жамааты менен изденип иштеп, окуу жайды өнүктүрүүнүн үстүндө келатат. Кайсы мамлекетке барбасын тажрыйбаларды топтоп келип, лицейде ишке ашырат.

— Алтынбек Дүйшеевич, Эл мугалиминин колунан лицейди өткөрүп алган оӊойго турдубу? Айтайын дегеним, бул лицей бир эле Караколдо эмес, бүт республикага таанымал, биринчиден. Экинчиден, баары даяр. Күчтүү педагогикалык жамаат, материалдык-техникалык база дегендей…

— Албетте, оӊойго турган жок. Байсеркеев Аскар агай, Эл мугалими Өзүбекова Жибек эжейдин колунан билим алган окуучуларды башкаруу, күчтүү педагогикалык жамаат менен иштөө чоӊ жоопкерчиликти талап кылып, намысты мойнума жүктөдү. Мага чейин лицей облустагы мектептердин эӊ алдыӊкы катарында турган. Ошондуктан биринчи эле оюм, лицейди артка жылдырып албасам экен дедим. Лицей деген статусун көтөрүп кетүү дагы мага оор болду. Күнү-түнү, саат сайын ушулар жөнүндө ойлончумун жана азыркыга чейин ойлоном.

— Алты жылдын ичинде кандай өзгөрүү болду?

— 15 миллионго жакын каражатты инфраструктураны жакшыртууга жумшадым. Мектептин ашканасы, жатаканасы, ичи-сырты жасалды. Андан кийинки иштеримди карап көрсөм: 2012-жылы билим берүүнүн экс-министри К.Садыковдун колунан республикалык олимпиадада эӊ мыкты көрсөткүчтөр үчүн сертификат, сыйлык алдык. Бул дагы мага ийгиликтүү иштеп кеткениме чоӊ түрткү болду. Азыр биз дүйнөлүк олимпиадага чыгууну көздөп, аны өнүгүү стратегиялык планыбызга да киргизгенбиз. Буюрса, бир-эки жылдын ичинде биздин балдарыбыз дүйнөлүк олимпиадага чыгат. Эки таланттуу окуучубузга үмүтүбүз чоӊ.

Инновациялык мектеп статусун алган соӊ, Билим берүү жана илим министрлиги 14 компьютер, үч интерактивдүү доска менен камсыздашты. Биздин лицейде окуучу да өзүн-өзүөнүктүрүп турат. Беш мугалимибиз чет өлкөгө барып, иштеп, тажрыйба топтоп келишти. Республикалык деӊгээлдеги конференцияларга активдүү катышып жатышат. Бул дагы мугалимдин өнүгүүсүнүн бир жолу. Изденген мугалимдин сабагы да кызыктуу болот. Балдарыбыз келечекте жашоодо аксап калбаш үчүн окуучулардын моделин иштеп чыктык. Аны инсандык жана ишмердүүлүк сапат деп экиге бөлдүк. Мисалы, инсандык сапатка адамгерчиликтүүлүк, “улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо” ж.б.у.с. бар. Ишмердүүлүккө лидерлик сапат, т.а. рынок экономикасына ылайыкташтырып окутуу зарыл. Карап көрсөк, биздин бүтүрүүчүлөр турмушта өз ордун таап кетишиптир. Жөнөкөй эле окуучунун дагы өзүнүн бизнеси бар. Ал балдарын жакшы кийинтип, жакшы тамак менен камсыз кылып жатыптыр, бул да биздин жетишкендик.

— Бүтүрүүчүлөр боюнча мониторинг жүргүзүп турасыздарбы?

— Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн  99% жогорку окуу жайга өтөт экен, болгондо дагы ЖРТнын жыйынтыгы менен. Биз үчүн 150 балл төмөнүрөөк. Бирок өткөн жылдарга карасак, 150 балл менен Кыргыз-Түрк “Манас”, Кыргыз-Орус Славян, БААУ  университеттерине өтүп кетишкен. Россия, Түркия, Европанын алдыӊкы университеттерин багынткан бүтүрүүчүлөрүбүз дагы бар. Алар кышкы каникулга келгенде сөзсүз чакырып, 11-класс менен жолугуштурабыз. Кайсы окуу жайларга өтүшпөсүн, биздин бүтүрүүчүлөрдүн баарысы ошол жерде лидер болгондорун айтышат. Демек, биздин эмгек текке кетпейт. Мейли кызыл аттестат болсун, мейли ЖРТ болсун, мейли республикалык деӊгээлдеги олимпиада болсун биздин окуучулар Бишкек шаарынын окуучуларынан кем калбайт. Эӊ негизгиси, биздин балдар адептүү, ыймандуу, мекенчил. Бүтүрүүчүлөрүбүз жаӊы эле жерден боорун көтөрүп жатышат,  эми жыл сайын чогулуп отурсак чоӊ шаар болот экенбиз. Мен чын эле сиз айткандай, бактылуумун. Баары даяр.  Бүтүрүүчү десем бүтүрүүчү бар. Күчтүү кадрларым бар.

— Байкашымча, лицейде көбүнчө пенсиядагы жана пенсия курактагы мугалимдер экен. Пенсияга чыккандар жаштарга орун бошотуп беришчүдөйбү?

— Кээ бир директорлор пенсиядагы мугалимдерди кетирип, жаш мугалим келсе дешет. Мен, тескерисинче, улуу мугалимдердин ден соолугун, өмүрүн тилеймин. Агай-эжейлер иштеп турганда бүтүрүүчүлөрүбүз ушулардын колунан билим алып калса экен дейм. Айрыкча бүтүрүүчү класстарга тажрыйбалуу мугалимдерди коём.  Бизде иштеген уникалдуу мугалимдерди эч жерден табалбайсыз. Муундан муунга улап кете тургандай классик мугалимдер менен сыймыктанам. Ар бир улуу мугалимди жаш мугалимге бекитип коебуз, т.а. устат-шакирт долбоору иштейт.  Менин устатым Жибек эжей мени кандай тарбиялады? Азыркыга чейин угам, ал киши бардык иштерге киришет, мен аны туура көрөм. Билбегенимди айтат, билгенимди өркүндөтөт.

Лицей жандуу организм, анда биздин келечек муундар билим, тарбия алып жатышат.

— Чет өлкөлөргө чыкканда кандай тажрыйбаларды лицейге алып келип, ишке киргиздиӊиз?

— Америкага, Кытайга, Индияга барганда ал жактын билим берүү системасы менен таанышып келдим. Мектеп, бала бакча, университеттерин көрдүм.  Салыштырып көрсөм, чын эле мугалимдик кесип — ардактуу кесип экен. Ал жакта мугалимдин айлыгы да, статусу да бир топ жогору. Бирок Кыргызстанда мугалимдин өзүнүн орду бар. Азыр программалоо курстарын, онлайн сабактарын ачсамбы деп турам. Дүйнө бизден эмнени сурап жатат? Биринчи кезекте тилди, экинчи —  компьютерди билишибиз керек. Сабактан тышкаркы ийримдерди уюштурганда дагы ушул экөөнө басым жасайын деп жатам.

— “Электрондук мугалим” проектиси качан башталган. Жыйынтыгы кандай?

— 2013-жылдан баштап биздин мугалимдер видеосабактарды жаздырышты. “Сорос” фондусу тарабынан каржыланды. Кийин бизди билген адамдар, проектинин башчылары менен иштегенге аракет кылышууда. Себеби биздин жамаат жаӊы ыкмаларды, жаӊы усулдук колдонмолорду бат илип алып, бат аткарабыз. Өзүӊүзгө белгилүү болгондой, “Роза Отунбаева демилгесинин” эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен биздин лицейге Чоӊ-Алай районунун 15 мектебинин директорлору келип, “Электрондук мугалим” тууралуу семинарга катышып кетишти. Бул дагы биз үчүн сыймык. Лицейде жаӊы, инновациялык ыкмалар бар үчүн биз менен кызматташып жатышат, бизден келип окуп, үйрөнүп кетишүүдө. Бул менин алты жылдык жетекчилик тажрыйбамдын бир үзүндүсү. Эӊ негизги максаттарымдын бири — биздин бүтүрүүчүлөрүбүз Кыргызстандын патриоту болуп, кыргызды башкарып, кыргызды жетектесе  өлкөбүз өнүгүп өсөт.

— Ата-энелер менен байланыш кандай? Же ата-энелер жатак-мектепке өткөрүп берип коюп эле, балдары менен иши жокпу?

— Кыргызстандагы эӊ чоӊ маселелердин бири билим сапатынын төмөндүгү. Бул ата-энеге байланыштуу деп ойлойм.  Советтер Союзу учурунда ата-энелер мектепке чоӊ күч болуп берген. Алар мугалимдерден коркчу эмес, сыйлачу. Азыркы мезгилде ата-энелер өз милдеттерин билбей, бирок укуктарын жакшы билишет. Бардык нерсени мектепке, мугалимге жүктөп коюшкан. Окуучу менен үйдө же базарда кырсык болсо деле мектеп менен мугалим күнөөлүү болуп чыгат.  Ошондуктан мугалим жана ата-эне дайыма чогуу жүрүшү керек. Мисалы, бизде ата-энеси  дайыма жанында жүрүп, биз менен тыгыз кызматташып, баласынын сабактарына катышып, ахывалын сураган окуучунун билими жогору.  Ошол бала мыкты окуйт.  Билимдүү окуучу турмушта өз ордун табат экен. Биз окуучуларга, ата-энелерге дайыма айтабыз: ”Акчаӊарга ишенбегиле. Ата-эненин байлыгы балага байлык болуп бербейт. Байлык деген – билим” дейбиз. Бир мисал, бир үй-бүлөнүн алты баласы теӊ биздин лицейден билим алышты. Кечээ жакында ошол бүтүрүүчүлөрдүн ата-энеси келип, “Түркияга барып эс алып келдик” дешти.  Мурдагы жылы алар Дубайга барып эс алып келишкен. Балдарынын баары чет өлкөдө иштеп жатышат. Ошондуктан биздин лицейди ичинен жакшы билген гана окуучу түшүнөт.

— Окуучулар кандай шартта кабыл алынат? Мугалимдерчи?

— Биз мугалимдерди да, окуучуларды дагы конкурстук негизде кабыл алабыз. Мен мугалимдерге айтам: ”Биз окуучуну кабыл алдыкпы, демек аны билимдүү кылышыбыз керек. Бул — биздин чоӊ милдетибиз”. Биздин балдар таланттуу, ошолордун талантын ачканга аракет кылабыз.

— Кайсы предметтер тереӊдетилип окутулат?

— Былтыртан баштап Билим берүү жана илим министрлиги лицейлер эстетикалык жана математикалык багытында болсун, ал эми гимназиялар гуманитардык багытында болсун деген чечим чыккан. Буга чейин биздин лицей төрт профиль менен иштеп келген. 2015-2016-окуу жылында физика, математика, химия, биология сабактары  тереӊдетилип берилүүдө. Чет тилдер профили менен кыргыз тили, журналистика профилдери жоюлуп калды. Мурда так илимдерден корккон балдар гуманитардык багытты тандап алышчу. Мисалы, журналистика багытында окуган 1-радионун директору Кайрат Иманалиев, КТРК журналисттери Кыял Шаршеева, Алмаз Касмалиев жана Аида Касмалиевалар биздин лицейдин кыргыз журналистика профилин бүткөндөр.  Негизинен лицей төрт багыт менен ачылганы туура болуптур.

— Заманбап директор кандай болушу керек?

— Мен чет өлкөгө чыкканда бир топ директорлорду көрдүм. Директордун мектепти жалтыратып, материалдык-техникалык базасын чыӊдап койгону милдет эмес экен,  алар окуучулары менен мактанат. “Мен кечээ ушул окуучу менен сүйлөшсөм, ал мага ыраазы болду” деп айтат. “Агай, сиздин сабагыӊыздан муну үйрөндүм” десе, ал ошого кубанат. Биз жансыз нерселерди жасап коюп, мактана бербешибиз керек экен.  Биз баланын түбөлүгүн, мамлекеттин келечегин түптөп жатабыз. Ошондуктан биз туура түптөшүбүз зарыл. Азыркы балдар менен иштөөөтө оор. Заманбап директор коммуникабелдүү болушу керек. Анын ичинде көп нерсе бар: тилди, компьютерди билиши керек, чөйрөнүн алдында так жана ырааттуу сүйлөй алуусу абзел. Бардык тараптан лидер болушу зарыл. Заманбап жетекчини ушундай элестетем. Кээ бир директорлор мектепти менчикке айландырып алган. Андай эмес, мектеп баарыбыздыкы. Ата-эне, окуучу, мугалим эриш-аркак иштегенде гана биздикиндей  ийгиликтер жаралат.

— Бүтүрүүчүлөр лицейге кайрылып турушабы?

— Т. Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейи кыргыз элитасын даярдап жатат десем жаӊылышпайм. Кечээ эле Хабаровскийден Чыӊгыз деген бүтүрүүчүбүз келди. Экөөбүз баарлашып отурсак, ал айтат: “Агай, лицейден көп нерсени үйрөнүптүрмүн. Окуу жайда группанын лидеримин” дейт. Ректордун колунан ыраазычылык кат алып келиптир. “Кыргызстандын алыскы аймагындагы мектеп жогорку деӊгээлде окутабы?” деп ректору таӊ калыптыр.

Мен кыйын болуп кеттик деп айта албайм. Бизден да кыйын мектептер бар. Мен ошолорго суктанам. Мисалы, Бишкек шаарындагы айтылуу №61 мектептин бүтүрүүчүлөрү жыл сайын алтын сертификаттарды алып жатат. Алар кантип алтын сертификат алып жатканы мага аябай кызык. Ошондуктан былтыр август кеӊешмесине барганда атайын №61 мектепке бардым.  Бизге эле окшош мугалимдер экен, болгону орус тилдүү. “Тил билели.  Тил үйрөнбөсөк биз эч кимге кереги жок болуп калабыз” деп балдарга какшап айтам.

Былтыркы окуу жылынан баштап, демөөрчүбүз Миргүл Өмүрзакова лицейдин бир мыкты бүтүрүүчүсүнө 1000 долларлык стипендия бере баштады. Миргүл биздин лицейди 1995-жылы бүтүп кеткен. Ал Америкада окуп келген. Учурда Казакстанда жашайт, казак туугандар аны бизнес-айым деп аташат экен. Былтыр Орусбаев Азамат деген окуучубуз кызыл аттестат менен аяктаган, ошол бала биринчилерден болуп ушул стипендияны алган. Азыр ал Токмоктогу МУЦАда окуп жатат. Ал бүтүрүүчүбүз беш жыл бою ушул стипендияны алат. Быйыл Кубанычбекова Жылдыз деген окуучубуз алды. Экөө теӊ айылдан келген. “Кийин 10 жылдан кийин болобу, 15 жылдан кийин болобу, кыскасы, Миргүлдөй чоӊ каражат тапканда кайра ушул лицейдин бир бүтүрүүчүсүнө стипендияны кайтарым кыласыӊар”, деп айтабыз.  Ушундай демөөрчүлүк окуучуларга чоӊ стимул болот экен. Эки жыл мурда Эсбер деген окуучубуз 3000 долларлык баскетбол аянтчасын жасап берди. Орунбаев Бек деген окуучубуз да жардам берип жатат. Ал эмки жылдан баштап, эӊ мыкты 10 мугалимге 10000 сомдон стипендия бермек болду. Буюрса, Жалпы республикалык тестирлөөдө жакшы балл алган, кызыл аттестатка ээ болгон, олимпиадада алдыӊкы орундарды багындырган окуучулардын мугалимдеринин тизмесин биз беребиз, анан ал 10000 сомдук сыйлыкты өзү тапшырат. Мүмкүн беш эле мугалим кыйын чыгып калышы ыктымал, анда 20000 алышат.  Азыр бүтүрүүчүлөрүбүз менен сүйлөшүп жатабыз, банктан эсеп ачалы деп. Анткени бир бүтүрүүчүбүз 100 сом салса дагы ошол чогулуп отуруп, лицейдин өнүгүшүнө салым болот. Кыргызстанга сабак болгондой бир нерсени жасайлы деп турабыз. Ушундай демилгени  көп белгилүү инсандар колдоп жатышат. Буюрса, беш  жылдан кийин биздин лицей заманбап стилде өзгөрөт деп ойлойм. Мүмкүн таланттуу балдардын борбору болуп калат.  Учурда чет өлкөгөүч-төрт мыкты окуучуларды алып барып келгенге демөөрчүлөрдү издеп жатам.

— Негизинен лицейге ата-энелер каражат төлөйбү?

— 600 окуучуга 56 мугалим билим берет. Жылына жатаканада жашаган бала 4000 сом төлөйт. Ал анын тамак-ашына, жатаканага төлөнөт. Үйүнө барып келгендер коопсуздук кызматына гана төлөшөт. Айрым ата-энелер айтышат, “кыргыз-түрк лицейлеринен кем эмес билим бересиӊер, эмне үчүн ошолордой акча албайсыӊар?” деп. Бизде андай укук жок, себеби  лицей  мамлекеттик. Ооба, биз сыймыктануу менен айта алабыз,  түрк лицейлерине конкурентпиз деп. Конкурент болбосо өнүгүү болбойт. Биз дагы окуучуларды 6-класстан баштап алабыз. Быйыл министрликке кайрылып, 1-класстан кабыл алууну баштасак деп турам.

Өзүӊ тууралуу айтып кетсеӊ.

— Билим берүү жана илим министрлигинин “Жаш мугалимдин депозити” деген  долбоорго катышып, үч жылдан соӊ 72 миӊ сом алып, ага машина сатып алган элем.  Ушулардын таасири го жоопкерчиликтин бийиктиги. Депозит жаш адистерди мектепке тартканга чоӊ стимул берчү, тилекке каршы, ал жоюлуп кетти. Үй-бүлөлүүмүн. Үч балам бар. Атам 1-класс кезимде каза болуп калган. Энем совхоздо иштечү, он бир тууганбыз.  Атамдын агасы мени мугалимдикке багыт берген. Энем басса-турса эле “Жакшы адам болгун. Улуу адамга сөзүӊдүөткөрбө, кичүү жагыӊа жаман жагыӊды көрсөтпө, бир туугандарыӊа жакын болгун” деп айтып жүрүп өмүрүөттү. Жубайым менен ушул лицейде таанышып, баш кошконбуз. Ушул жактан ийгиликке жетишип, агарып- көгөрүп жатам.

 

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”,

Эркинай Ысманалиева

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*